Маектешибиз Бурул Калчабаева 1979-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, 1989–1991-жылдары М.Горький атындагы адабият институтунун драматургия бөлүмүн аяктаган. Театр күйөрмандары анын «Толкундар тереңге кетет», «Мен сүйгөн обон», «Кыз күйөө», «Аянанат», «Арман, Таштабай тентек» ж.б. пьесалары менен тааныш…

Арыбаңыз, жеңе. Тоо жүрөк Анатай авабыз экөөңүздөр менен көптөн бери маңдай-тескей маек куруунун ыңгайын издеп жүрдүм эле. Бирок убактым тар болгондуктан сиздер менен кенен отура албай келем. Бул мерте өзүңүз менен аңгеме дүкөн куруунун удулу келип туру. Себеби коомчулукта азыр саясый кырдаалдагы кара булут сүрүлүп жок болгон маанай жаралып, өлкөдө акыркы мезгилдеги көп окуялардын учугун чубай турган кезең келди көрүнөт. Көңүлү бук болуп келген интеллигенция ичинен Анатай ава экөөңүздөр абыдан активдүү болдуңуздар дээр элем, ошондон улам сизди кепке тартуунун ыңгайы келдиби дейм… Андыктан маегибизди саясый темадан баштаганыбыз туура го дейм. Андан соң сиздин жеке чыгармачылыгыңыз – драматургия жана театр турмушуна өтөлү, кандай дейсиз?

– Мейли. Суроого жараша сөз өз нугу менен болсун.

Анатай аваны жамы журт мыкты акын жана позициясы бекем интеллигенция өкүлү катары жакшы билгени менен ал кишинин адабияттагы котормочулук чеберчилиги адабият адистеринин баамына урунбай келаткандыгы өкүндүрөт. Өзгөчө проза жанрында Нодар Думбадзе, Булат Окуджава, Валентин Осипов ж.б… жазуучулардын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирүүдөгү чеберчилиги «РухЭш» окурмандары тарабынан абыдан кызыгуу менен окулуп келет. Сиз ал киши менен бир чамгарактын алдында бирге өмүр сүргөн адам катары ал кишинин чыгармачылык лабораториясы туурасында эл билбеген тарабын ачып берсеңиз сонун болор эле. Дегеле соңку жылдары Анатай авабыз эмне менен көбүрөк алек?

– Анатай аваң котормо жанрына өзгөчө аяр мамиле кылган калемгер. Котормо өнүкпөй, кыргыз адабияты өнүкпөйт деп кан какшап айтып келатат. Жогорку окуу жайларга котормочулук боюнча жок дегенде кафедра ачуу керек деген оюн бардык жерде айтып жүрөт. Нодар Думбадзе, Булат Окуджава ж.б. деги эле Анатай аваң чыгармаларын которгон авторлор менин баамымда турмуштук позициясы, коомго болгон мамилеси менен Анакенин жан дүйнөсүнө жакын. Агымга каршы жүргөн, ойлогон оюн тартынбай айткан, бунтар адамдар.  Бардык котормолорунда алардын чеберчилик менен жазылган чыгармаларын өзүндөй берүүгө, кыргызча сүйлөтүүгө аракет кылган.

Прозадан тышкары армян акындарынын которулган ырлары да бар. Жарык көрө элек.

Акыркы 3 жылды айтсам… жаңы ырлар жыйнагы басмаканада дапдаяр турат. Жарым акчасы да төлөнгөн. Бирок аны четке жылдырып коюп, согушка барып келген, келбей калган кыргыздын залкар акындарынын согуш учурунда жазган ырлары, көзү өткөн акындардын чыгармаларынын тагдырына, аларга болгон мамилеге жүрөгү ооруп, архивден түп нускаларын таап чыгып салыштырып, көлөмдүү макала жазып бүтүп калды. Райкан Шүкүрбеков тууралуу көпчүлүк билип-билбеген окуяларды топтоп жазып чыкты.

Экөөңүздөр тең өнөр адамы катары бири-бириңиздер менен чыгармачылык алакаңыздар кандай болду экен? Кызыл чеке болуп тартышып-талашуу болобу ортодо?

– Талкуу болот. Кызыл чеке болгонго жетпейбиз. Ал менин биринчи сынчым. Мен анын. Ушундай. Өткөндө бирөө суроо берди эле: «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» – деп. Башты (ойду) казанга салбай эле эки столго отуруп алып кайнатып жатабыз.

Учурда өзүңүздүн иш үстөлүңүздө эмне жатат? Драматургия жанры өтө солгундап кеткен мезгилдер болду, бүгүн ал кандай абалда?

– Драматургияга таптакыр эле көңүл бөлүнбөй калган учур болду. Театрлар болсо оңой акча табуунун жолуна өтүп алды, ким акчасы менен келсе ошону коюп. Ошонун натыйжасында плакатный спектаклдер, театралдык очерктер сахнада жашап калды. Плакатный спектаклдер дегеним – сырткы кийимге, гримге, декорацияга гана көңүл бөлүнүп, каармандын жан-дүйнөсү бош, кулк-мүнөзү ачылбаган, аттары эле башка болбосо бири-бирине окшош, утурумдук спектаклдер. Натыйжада, жылга жетпей эле репертуардан түшүп калып жатат. Бул тууралуу айтылып эле жатат. Бирок бош отурганча кое берели деген ой жетелейби…

Драматургия бүгүнкү күндө деле жанданып, өз ордуна келди деп айта албайм. Бирок Үркүндүн 100 жылдыгына, «Тарых жана маданият жылына» Президент каражат бөлүп драматургдар сүйүнүп иштедик. Ошондо да Үркүн боюнча конкурстан жеңген пьесалардан менин гана «Бөрү заман же Үркүн эки өспүрүмдүн көзү менен» деген драмам Чүй облустук драма театрында коюлду аты болду. Коюлду аты болду дегеним, өзүнүн имараты жок болгондуктан орус драма театрынын кичи залына 3 күн ойнолду. Менин ичим чыкпаганы – бүт Үркүндүн кепинин илип алгансып, 100 метр кездемени илип алып…  Алты жолу жөндөп премьера ойной албагандан кийин 600 миңге спектакль коюп эмне кылам?! Менин жаным кашайтканы ушу болду.

Башка драматургдардыкы коюлган жок. «Тарых жана маданият жылына» арналган конкурста дагы азыркы күндү чагылдырган бир пьесам өткөн. Коебуз деп көтөрүп кетишкен. Кое элек. Ушундай драматургдардын тагдыры. Акчасы болсо отура калып өздөрү оңдоп жиберип кое берген заман. Кызыкчылык.

– Жаңы келген маданият министрибизден кандай аракеттер бар?

– Кышында жаңы министрибиз драматургдарды чогултуп сүйлөшкөн. Театрды кантип көтөрбүз, кантип элди апкелебиз? — деген суроо коюлган. Ал жерде ар кимибиз оюбузду айтканбыз. Биринчи кезекте репертуар маселесин жөнгө салуу керек. Кыргыз театрлары акыркы 25 жылда өз көрүүчүсүн жоготуп алды. Көрүүчүн тээ бала-бакчадан баштап тарбиялоо керек. Ал үчүн биринчи кезекте балдар драматургиясын өнүктүрүү, колдоо зарыл. Ошондой эле азыркы күндүн темасы курч турат.

Өткөндө министрлик жаңы пьесаларга конкурс жарыялады. Буюрса, ушул конкурска катышуунун үстүндө иштеп жатам. Андан тышкары, драмалар жыйнагымды чыгарсам деген аракеттемин. Ошондой эле театрда иштеп жүргөн кезде иш дептердин ар кайсы барагына жазылган ырлар бар экен. 30 жылдай өмүрдү камтыган. Ошолорду чогултуп «Жетим ырлар» деген ат менен (ички монолог дейбизби, ой толгоо дейбизби), айтор, ырлар жыйнакты топтоп койдум. Эми мунун баарын барып-келип эле акчага такалат.

Көптөгөн театр артисттери менен ийиндеш иштеп калдыңыз окшойт, арийне, бизде көптөгөн таланттар өз учурунда баасын албай кете беришти. Ошол таланттар туурасында да кенен сөзгө токтолуп өтсөңүз… Мүмкүн кай бирлерин эскерип же алар менен болгон чыгармачылык турмушуңуздагы кызыктуу окуяларды…

– Олжобай, мен 21 жашымда аралаштым адабий чөйрөгө. Мен деген залкарлар менен иштешип калдым. Алар ар бирине өзүнчө токтолсо да аздык кылат. Себеби ар биринин театр тарыхында кайталангыс орду бар адамдар. Менин биринчи пьесамды окуган, кеңешин айткан, көзү өтүп кеткен Токтоболот Абдумомунов, Аманкул Куттубаев эмне деген адамдар эле?! Бүгүн эстеген киши барбы буларды? Токтоболот Абдумомунов агайдын чыгармачыл адамдарга болгон аяр мамилесин көп эстейм.

«Кыргыз театралдык коому» деген чоң, бай уюмду жетектечү. Мен да агай менен иштешип калдым. Кандайдыр бир себептер менен иштен кеткен артисттерди издеп таап, чакыртып жумушка ала берчү. Бир жыл, жарым жыл иштеп кайра эле театрга иштеп кете турган. «Агай кызык, жөн эле жумушка ала берет» деп ойлочумун. Азыр ойлосом жөн эмес экен. «Сынбасын, өзүн жоготуп албасын, чыгармачылык чөйрөдөн алыстабасын» дечү экен көрсө. Азыр ушул мамиле жоголду. Өлүүсүңбү, тирүүсүңбү, эч кимдин иши жок. Театрдагы жаңылыктар, коюлуп жаткан спектаклдер, премьералар, деги койчу баарынан Театралдык коом кабардар болуп, ооруп калгандарга, муктаждарга материалдык-моралдык жардам көрсөтүп турчу.

Мен иштешкен адамдардын ичинен билими, интеллекти, уюштургучтугу жагынан алдына эч кимди салбаган Шеримбек Шаршеев агабыз өз баасын албай кетти. Ысык-Көл театрына директор, андан кийин Кыргыз циркине, Кыргыз драма театрына директор, «Манас-1000» дирекциясында иштеди. Эмгеги бааланган жок. Мен бул адамдан көптү үйрөндүм. Театрдын ички кухнясын өздөштүргөндү, документтер менен иштөөнү, ал тургай меймандарды чакырганда кимди кайсы жерге отургузушту, расмий меймандарды тосуп алууну, ММКлар жана коомчулук менен кантип иштешүүнү майдалап, эринбей түшүндүрүп берчү. Биринчи котормону алып келип которткон да ушу киши.

Азыр Искендер Шаршеев аттуу анын уулу жакшы чыгып келатат. Анын атын уккан сайын Шеримбек байкени эстеп коем.

Мен сыйлаган экинчи бир адам Бообек Ибраев. Эми оюбаган адам эле да. Өжөр. Кежир. Баштаган ишин көжөлүп отуруп, майын чыгарып аягына чыккан режиссер. Азыр адабият бөлүмүнү башчысынын функциясы башкача болуп калды. Катчынын деңгээлинде. Бообек байке менен Шеримбек байке: «Сен театрдын жүзүсүң. Мобул ишти момундай аткарышың керек!» — деп тарбиялаган. Оо-у, ал кездеги талкуу 3-4 саатка созулчу кызыл чеке болуп. Талашып-тартышып урушканга чейин барчубуз. Бирок ал «уруш» ары жагы таза, иштин кызыкчылыгы үчүн болгон уруш болчу. Жоолашпай эле кимибиз катуу  кетип калсак алдына барчубуз.

Бир окуяны айтып берейин. Мындан 20 жыл мурун Чыңгыз Айтматов агабыздын 70 жылдык мааракесине даярданып жүрөбүз. Сценарийин Бексултан Жакиев агабыз жазыптыр. Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларына келген жеринде «Элес» деп коюптур. Ал элести сахнага алып чыгыш керек да эми. Бообек байке мени чакырып алып 3-4 мүнөттүк кылып иштеп чык деп суранды. Ал үчүн кайра башынан ал чыгармаларды окуп чыгып, ойду бир жерге топтоп, бүтүндөй бир чыгарманы 3 мүнөткө батырып, өзөгүн бериш керек эле. Макул болуп жасап бердим. Коллектив иштеп жатат. Андан башка афиша, программаны түзүш, басмаканадан чыгарыш менин мойнумда. Маараке жакындап калды. Аскар Акаев келип черновой прогонду көрүп, ыраазычылыгын билдирип кетти.

Анан төлөнө турган акча тууралуу сөз жүрө баштады. Карасам мен ала турган гонарар деле, кечээ келип тийди-качты болуп жүргөн бирөөлөрдүкү деле окшош.

– Бообек байке, бул туура эмес. 2 айдан бери жүргөн мен деле окшош, кечээ келген булардыкы деле окшош.

– Болот. Туура эле, — деп койду сөз укпай.

– Бообек байке, калыстык кайда? Канча эпизодду иштеп чыктым…

Отургандар менин айтканымды туура көрүп, «Бурулдун эмгеги чоң» – деп жатса укпайт байкем. Жиним келип карап турдум да:

– Жети-Өгүздө жети эле өгүз бар экен десе… сегиз өгүз бар экен… — дедим.

– Ай, Бурул… айланайын. Бетке чабар экенсиң. Биз Бокеме унчукпайбыз, – деп чырылдап жиберди. Бообек байке бир азга унчукпай турду да, анан мени карап:

– Ыя? Сегиз өгүз бар бекен? — деп былкылдап күлө баштады. Мен чыгып кеттим. Кабинет дуу эле болуп калды.

Бир аздан кийин башбагат.

– Жети-Өгүздө жети эмес… сегиз өгүз бар бекен? — деп.

Көзүнөн жаш чыкканча күлүптүр. Кабинетибиз катар эле. Кайра эле чогуу отуруп чай ичтик. Эмнеге антип айта салганымды да билбейм. Байкенин кежирдигине ачуум келсе керек.

Мына. Ушундай айкөл, кенен адамдар менин тарбиячым болду. Өмүрүнүн акыркы учурунда көңүлүн сындырып койдук. Барктап-баалай алган жокпуз. Мына ушул өкүнүчтүү.

Дагы бир турмуштук окуя. 1985-86-жылдар болсо керек. Шеримбек Шаршеев Орто Азия боюнча режиссерлордун чыгармачылык лабораториясын уюштуруп, коңшу өлкөлөрдүн театрларынан бирден режиссер келди. Аларды кетерге чукул Көк-Жайыкка алпарып коноктодук. Акылбек Абдыкалыков да буга күбө. Кыздар-балдар тамак-ашты түшүрүп, дасторконду жайып даярдап жиберди. Биз коноктор менен бирге басып, тигилер Көк-Жайыкты көрүп суктанып бүтө албай жатты. Анан дасторкондун четине келдик. Ош театрынын директору раматылык Надыр Шамурзаев, режиссеру Токтобек байке, Чүй театрынын режиссеру Бектен Абдылдаев, Акылбек мен болуп катар туруп калыптырбыз. Бообек байке менен Шеримбек байке экөө тең дөөлөс. Мен жөн турбай: «Көрөсүңөр го. Азыр экөө биринчи отурат» – дедим. Айтканча болбой, тиги эки агам: «Давайте, садитесь» – деп эле дасторкондун башына биринчи отуруп алса болобу?! Баягы жерден менин жанымда тургандар дуу каткырды. Тажик, казак, өзбек эч нерсеге түшүнгөн жок. Кимиси айтты билбейм, бирөө күлкүсүн тыя албай «Дөөлөс төрүн бербейт…» – деген чын тура деди. Чай үстүндө Шеримбек байке конокторго макалдын маанисин түшүндүрүп чечмелеп берди.

Бул бир жакшы күндөн калган бир элес болуп эсимде калды.

(Уландысы бар)

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.