Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Практикант агай

АҢГЕМЕ Көп сүйлөбөйт. Күлбөйт. Беш-алты досу бар. Ошолор менен мектепке келет, кетет. Быйыл жетинчи класска өттү. Бою узарды, чачы узарды. Көбүрөк да күлүп калды эмнегедир. Өзүнүн жакшы көргөн сабагы башталды. Эми жакшы көрүп калды. Кара каш, кара көз, бети апаппак мугалим сүйлөп атты доскада. Оозун кара, кыздардын оозундай жука. Кирпигин кара, упузун болуп кайрылып. Кыз андан көзүн албайт. Тегереги тоолор, токой менен курчалган бул эски мектепке ал шаардан практикага келгенине эки айдын жүзү болду. Эки айдан бери кыздын тынчтыгы бузулду. […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (8-макала)

Чынында, кеп ырдын “Беш каман” же “Беш жаман” деп аталышында эмес, ырга киргизилген оңдоо-түзөтүүлөрдө жана ырга берилген тарыхый мүнөздөмөдө. Акын Токтогулду го оболотушту, адам Токтогулду ойлогон бирөө болдубу? Адам Токтогулду ашкере саясатташтырылганына кейиген адабиятчы А.Муратов анын чыныгы адамдык жана акындык жүзүн ачып берүү үчүн аябай аракет жасаган: “Биз окуган Токтогулдун ыры мындай: Жети атанын таш бараң, Таш бараңга батпаган, Чаап, талап, жеп жүрүп Букарадан айрылган – Рыскулбектин беш жаман. Ал эми «Баскан жол» деп аталган мемуарында болсо К.Акиев мындай саптарды […]

Конкурска: Тушоо той үчүн сценарий

№7 Тушоо той – тушоо кесүү күнү берилген, балага арналган салтанат. Тушоо тойго атайын даярданышат: бата кылынып, мал союлат, боорсок бышырылат, кымыз, май, айран, каймак топтолот. Чуркай турган балдарга тай, торпок, майда жандык ж.б. белек-бечкек алынат. Азыркы шартка жараша оюнчуктар беришет. Тушоо той эми гана каз-каз туруп, бир-эки кадам шилтеп калган балага арналат. Тойго баланын чоң ата-чоң энелери жана алар менен бир туугандар, ата-энеси жана алар менен бир туугандар, ата-энесинин достору, жакшы санаалаштары, анан таята-таенеси балдары менен чакырылат, аксакалдар келет. […]

Сократ жөнүндө баян

АДАШКАН ЖОЛДО Жада калса Афинанын эң акылмандары да, эч нерсе билбестигин айтышат.  “Мен эч нерсе билбестигимди билем”.  Бул философ Сократтын эң жакшы көрүп кайталаган сөзү. Ал жөнүндө анын окуучуларынын айткандарын угалычы. Сократты биринчи көргөн адам, ушул көөнөргөн эски плащчан жылаңаяк абышка атактуу философ экенине ишениши кыйын. Бир караганда курсактуу, башы таз, ийри тумшук Силенге окшошуп кетет. Мындай кудай момун адамды ар бир үйдөн эле жолуктурса болот. Сократ эмнени окутат?   Кайсы илимге үйрөтөт? Ал өзү эч кимди, эч нерсеге үйрөтпөгөнүн айтат. […]

Иосиф БРОДСКИЙ: Мен окуп, акын болот деп ойлогон эмесмин

Иосиф Бродский — адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты. 1987-жылы 22-октябрда Нобель сыйлыгы ыйгарылганын эшиткенде, акын «сыйлык орус акыны, Америка жаранына берилди» деп айткан. Иосиф Бродский 1972-жылы 4-июлда мурдагы СССРден кеткенден тартып, анын ырларына жана ысымына өлкөдө табу жарыяланган. Ошон үчүн советтик басма сөз Бродскийге Нобель сыйлыгы берилгенин эки жумадан кийин гана жазган. Ал учурдагы эң либералдуу эсептелген “Московские новости” жумалыгынын кабарчысы Чыңгыз Айтматовдон “Нобель сыйлыгын жазуучу Бродскийге ыйгаруу боюнча чечимди кандай баалайсыз?” деп сураганда, кыргыз совет жазуучусу мындай жооп берген: […]

Касым КАИМОВ: Бутылкадагы киши

АҢГЕМЕ Окуя Дербиштин түшүндө башталат да, өңүндө улантылат. …Ал өмүрү өткөнчө соруп жатса да, бөксөрбөй тургандай берекелүү шишеге туш болот. Дербиш өңүндө да, түшүндө да мынчалык жыргаган эмес жана мындай бактыга туш болору оюна да келбеген. Ушундай сонун шишени кокусунан колдон чыгарып жибербөө үчүн аны бооруна бек кысат, оозунан бошоткусу келбей бүлкүлдөтө сорот. «Жаман айтпай, жакшы жок» дегендей, балким күндөрдүн биринде бутылка какшып калар. Дербиш өз кадигин иш жүзүндө ылгоо үчүн, бутылканы бет алдына кармап, көзү талыганча карайт. Идиш минута […]

Кас-кас, кас-кас… кырк кадам

“Өсүштү карапайым калк жон териси менен сезиши керек”, – деди Алмамбет Шыкмаматов 17-апрелде парламенттеги өкмөттүн отчетун угууда. Мигрант уул-кыздарынын эмгеги менен эле эл турмушу оңолуп атканы болбосо, өкмөттүн ишинен эч кимдин чекеси жылый элек. Башкасын айтпаганда да, шаардын айрым көчөлөрү борбор калааны эмес эле, согуштан кийинки бомбанын издери калган бир эски шаарды элестетет. Жабылганына үч жуманын жүзү болгон көчөлөрдөгү жумуштун кыймылы таш баканын жүрүшүндөй. Иштеген жердеги ийгилик, илгерилөө кандай болорун Өзбекстанда Шавкат Мирзиеев көрсөтүп койду. Көчө тургай, бир айылды 45 […]