№7

Тушоо той – тушоо кесүү күнү берилген, балага арналган салтанат. Тушоо тойго атайын даярданышат: бата кылынып, мал союлат, боорсок бышырылат, кымыз, май, айран, каймак топтолот. Чуркай турган балдарга тай, торпок, майда жандык ж.б. белек-бечкек алынат. Азыркы шартка жараша оюнчуктар беришет.

Тушоо той эми гана каз-каз туруп, бир-эки кадам шилтеп калган балага арналат. Тойго баланын чоң ата-чоң энелери жана алар менен бир туугандар, ата-энеси жана алар менен бир туугандар, ата-энесинин достору, жакшы санаалаштары, анан таята-таенеси балдары менен чакырылат, аксакалдар келет. Тушоо тойго эргенчи балдар, майда балдар-кыздар көп катышат. Ар бир конок балдарын ээрчите келет.

БИРИНЧИ БӨЛҮК

Тойчуман (Тамада, же алып баруучу, анын сөзүн болжолдуу берип жатабыз, алар ар кимиси өз дараметине жараша сөз ылгап, сөз тандап сүйлөп отурушат): Арбаңыздар, азиз туугандар, кадырлуу тушоо тойдун катышуучулары! Баарыңыздар алдыдагы насиптерден ооз тийип, анын бата кылып, чуркоо үчүн чыккан балдарды карап турууга чакырабыз!

(Туроосу кесилүүчү баланы эл алдына алып келишет. Ал баланын энеси, апасы же дагы жакын туугандары оң ийрилген ак жип жана сол ийрилген кара жипти алат, аларды бириктире өрүп туруп, баланын бутун эркинирээк коюп каршы-терши байлап, тушайт.

Тушоо кесүү үчүн баланын бутун байлоого жүндөн ак жана кара (ала) жиптер эшилет да, аны баланын бутуна тушап байлаганда байлоосу сыртка келтирилет.

Баланы адеми кийинтишет. Ата-энеси жанында турат. Балдар чуркоого ылайык атайын жайык тандалат.

Чоңураак бир киши – той башкаруучу, чуркай турган балдарды алып, баладан 30-40 кадамдай ары барат да, кичирээктерин алдыраак коюп, жашына карап алдын-артын кылып баарын тизип чыгат. Чуркоого эркек балдар гана катышат.

Баланын колуна бычак берет.

Ошол баланын жанында – маарада турган кишилердин бирөө тигил чуркоого даяр ээлигип  тургандарга «Чуркагыла!» деп белги берет. Тигилер чымын-куюн болуп чуркап келет.

Биринчи келген эркек бала тигил тушоосу кесилүүчү наристенин колундагы бычакты алат да, анын бутун тушап турган жипти кесип жиберет.

Кескен бала менен туроосу кесилип аткан баланын апасы баланы «тай-тайлап», «каз-каздап» жетелей баштайт).

Чоң атасы: (бата берет):

Каз-каз, каз-каз, карагым,

Куттуу болсун кадамың.

Өмүргө аяк баса бер,

Өркөчү бийик ашуудан,

Тайгылбастан аша бер,

Оомийин!

Таятасы: (бата берет):

Тай-тай-тай балам, тай балам,

Талпына гой, баса гой,

Шилте дагы бир кадам,

Бир кадамды аша гой.

Тай-тай-тай балам, тай балам,

Тартынбагын жүрө бер!

Бешигиң калды коштошуп,

Чырпыктан атты мине бер.

Көтөрүп улам бутуңду,

Татынакай баскының,

Баскан жолуң оң болсун

Жараткан сени колдосун,

Оомийин!

Айыл аксакалы: (бата берет):

Тай-тай-тай балам,

Жыгылбастан тур, балам.

Тай, тай, тай балам

Таятаңа бар, балам.

Тору атыңды мин, балам.

Тай-тай-тай балам,

Чоң атаңа бар, балам.

Аргымагың мин, балам,

Чочубастан бек туруп,

Чуркап кеткин, тай, балам.

Оомийин!

(Баланын башына чачыла чачылат. Аны элдер ырымы кылып алышып, талап кетет. Элдин баары наристеге арнап айтылган баталарга кошулат.

Аксакалдар баланын жанына келишет).

Аксакалдар (алкоо айтышат):

«Жүгүрсөң түздөн сүрүнбө, бийикке чыксаң бүгүлбө»

«Максатыңа жете бер, кут болсун баскан кадамың»

«Кулундай оюн салып жүр»

«Жалтактабай аяк бас»

«Тайыба катуу жер бассаң, мүдүрүлбө таш бассаң, жыгылба күлүк ат чапсаң»

«Умай энең колдосун, баскан кадамың шыр болсун» ж.б.

Дагы бир Бакайдай болгон аксакал: (бата берет):

Атка минерман бол,

Эрөөлдө билерман бол.

Касыңа ок бол,

Досуңа от бол.

Үйүңө көл бол,

Жериңе сөз бол.

Душманга жут бол,

Элиңе кут бол!

Кейимиң кептүү болсун,

Элиң эптүү болсун!

Өмүрүң узун болсун,

Өрүшүң жайык болсун!

Тукумуң журттан ашып,

Тууганың канат болсун!

Бакайдай көсөм,

Жээрендей чечен,

Манастай кыраан бол,

Оомийин!

Этнопедагог: Тушоо кесүүнүн мааниси – бала мындан кийин мүдүрүлбөй шыр басып кетсин, анын бутун бастыра койбой кармап турган нерсени кесип таштадык дегендик.

Эгер кийин улам жыгыла берсе, мүдүрүлө берсе, «тушоосу кесилгенби», «тушоосу чала кесилген», «тушоосун ким кескен» дегендей сөздөргө калат.

Ак жана кара жипти бирге өрүп байлоо – баланын келечек турмушу жакшылык жана жамандыктан, ак менен карадан турат дегендик.

Баланын колуна бычак карматуу – бычактай курч болсун, бутун тушаган нерсени кесип таштасын дегендик.

(Ушундан кийин белектер таратылат. Биринчи келип баланын тушоосун кескенге ошол кескен бычагы менен кошо башкы сыйлык берилет. Бычактын ордуна камчы да берет. Баары эле сыйлыкка ээ болот. Торпок-тана, кой-козу, эчки-улак, комуз, кыяк, кийим-кече алган балдар бири-биринен өтүп сүйүнүшөт).

Көпчүлүк тамакка кирет.

Улуттук оюндар,  ыр-күүлөр уланат.

(Сценарийде элдик баталар пайдаланылды)

Конкурстун жобосу менен таанышуу>>>>>>>>>>>>>>

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.