Эфиоп эл жомогу: Акылман жана келесоо

Өзүн дүйнөдөгү акылмандардын эң акылманы экенин ачык айтып, жарыялап жүргөн бир киши болуптур. Муну дайыма ал кайталай бергенден улам башкалар да буга ишенип, анын акылман экенин айтчу болуптур. Анан дагы бир ушул чөлкөмдө бул дүйнөдөгү эң келесоо адам экенин бүт эл айтып бышыктаган бирөө болуптур. Ал элдин баары айткан соң өзүнүн келесоолугуна өзү ишенип, ага арданчу да эмес экен. Бир күнү келесоо алиги акылманга келип: — Курдаш, — дейт — сенин мага кеңешиң керек. Бирок бул маселеде сендей акылы мол […]

Дилазык: Куту, таяк жана чокой

Илгери эки жин жашайт. Алардын бир кутусу, бир таягы жана бир чокою болот. Жиндер дайыма талашып-тартышып, кимиси кайсы буюмга ээ болоруна ызы-чуу боло беришет. Талаш-тартыштан бир күнү да соо өтпөйт. Бир жолу алардын ызы-чуусун бир киши угуп калып, сурап калат: — Ай, бул кутунун, бул таяктын жана бул чокойдун эмне өзгөчөлүктөрү бар эле, тимеле жаныңар жай албайт экен? – дейт. Анда жиндер: — Бул кутудан каалаган кийимиңди, тамак-ашыңды, төшөнчүңдү алып чыгасың – мунун баары жашоого керекпи? Керек. Ушул кутудан алабыз. […]

Габриэль Гарсиа МАРКЕС: Аялдар тайманбас жана чечкиндүү эркектерге гана таандык

Габриэль Гарсиа Маркес – легендарлуу колумбиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын 1982-жылдагы адабият боюнча лауреаты. “Сыйкырдуу реализм” адабий багытынын өкүлү. “Латынамерикалык пайгамбар” деген аты бар. “Жалгыздыктын жүз жылы” романы менен атагы чыккан Маркести 2014-жылдын 8-апрелинде Мехико шаарындагы госпиталдан үй-бүлөсү алып чыгып кетишет. Өпкө инфекциясына чалдыккан жана каны катып, денеси какшыган жазуучу ал жерде сегиз күн дарыланган. Маркес Мехикодо 87 жашында дүйнөдөн кайткан. Төмөндө уламышка айланган жазуучунун алтын эрежелери менен таанышып алыңыздар. Жашоо мыйзамдары Боорукер адамдарга ишен. Эч качан аткарылышы күмөн буйрукту бербе! […]

Салижан ЖИГИТОВ: Антуан де Сент-Экзюперинин өмүрү жана чыгармачылыгы

Бу ажайып китепти француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюпери жазган. Мунун татынакай сүрөттөрүн тарткан да ошол. Ал биздин жыйырманчы кылым менен жашташ: 1900-жылы 22-июнда Франциянын түштүк-чыгыш аймагындагы Лион шаарында туулган. Теги жагынан чынжырлуу ак сөөктүн (графтын) үй-бүлөсүнөн. Бала атасынан төрт жашында ажырап, апасынан таалим-тарбия алып чоңойгон. Кичинекей Антуан оюнкарак, тентек, эрке өскөн. Бирок кээде дегеле чоң кишидей олуттуу тартып, терең кыялдарга чөгүп, бир жерге кадаланып отуруп да кала турган. Ыр жазып, сүрөт тарткан, музыкага кызыгып, скрипкада ойногон. Ошондой эле техникага да […]

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ: Студенттерге Американын ЖОЖ системасы менен карым-катнаш түзүү абдан ыңгайлуу

Жалалидин Жээнбай — Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти. Ал Дубайдагы АКШ университеттеринин үлгүсүндөгү береги жогорку окуу жайда 2014-жылдан бери математика менен статистикадан сабак берет. Ага чейин жети жыл АКШнын Монтана университетинде жана Рожерс мамлекеттик университетинде (Охлакома штаты) эмгектенген. Аалым Батыш университеттеринде адистерди даярдоонун жана мектепте математика сабагын окутуунун өзгөчөлүгү жөнүндө ой бөлүштү. Амирбек Азам уулу: Жалалидин, адегенде АКШ жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берсеңиз? Жалалидин Жээнбай: АКШнын билим берүү системасы жөнүндө […]

Олжобай ШАКИР: Текебаев – саясый монстр, саясый феномен

Ыйман ноктосу үзүлүп калган АША бийлиги үчүн да, үй-бүлөлүк жана авторитардык зулум бийлик орнотуп келген А.Акаев, К.Бакиев үчүн да Өмүрбек Текебаев саясый монстр болуп келди. Кыргызстандын соңку саясый тарыхы үчүн да Текебаевдин саясый феноменин ар ким ар кандай таржымалдай турган дасмияны жая турган болсок, кеп түгөбөйт. Агер тереңден ой калчасак, анын саясый шыбагасына түрмө буюрганы да жаман болгон жок. Арийне, дүйнөлүк тарыхта улуттук лидер болор көрөсөндүн далайы тагдырдын эң катаал сыноолорун, эң таштактуу сапарын басып өткөнүн эске алсак, Текебаев үчүн […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Түркүк (шедевр)

АҢГЕМЕ Абыл айлына кеч бешимде келип жетти. Автобустан түшөөрү менен эки жакты элеңдей карап, кимдир бирөөнү издегенсиди. Эч кимди чалдыктыра алган жок. Жолдун аркы өйүзүнөн гана бирин-серин караан көрүнүп, койлордун маараганы угулат. Айлына келгенин эми гана биринчи сезгендей болду. Улутунуп алды: «Койчулар болсо керек, алар жакага түшөөр маал болуп калбадыбы». Кайрадан улутунду, жоготкон эң бир кымбат нерсесин эстегендей улутунду. Караанды ойлуу тиктеп турду да, чемоданын көтөрүп ылдый басты. «Кимдикине барсам? — деди өзүнчө күбүрөп.— Биринчи Урматтыкына барсамбы, же Асандыкынабы?» Күлүмсүрөй […]