Ыйман ноктосу үзүлүп калган АША бийлиги үчүн да, үй-бүлөлүк жана авторитардык зулум бийлик орнотуп келген А.Акаев, К.Бакиев үчүн да Өмүрбек Текебаев саясый монстр болуп келди. Кыргызстандын соңку саясый тарыхы үчүн да Текебаевдин саясый феноменин ар ким ар кандай таржымалдай турган дасмияны жая турган болсок, кеп түгөбөйт. Агер тереңден ой калчасак, анын саясый шыбагасына түрмө буюрганы да жаман болгон жок. Арийне, дүйнөлүк тарыхта улуттук лидер болор көрөсөндүн далайы тагдырдын эң катаал сыноолорун, эң таштактуу сапарын басып өткөнүн эске алсак, Текебаев үчүн темир тордун аркасындагы турмуш ага чыныгы устат болду дээр элем. Түрмө ага турмуштук да, саясый да сабакты итбекер үйрөткөн мугалим болуп берди.

Мен муну Текебаевдин тагдырына суктануу менен айта алам. Себеби ал жалган жалаа менен гана адилетсиз соттун курмандыгы болгонун акыл чөйчөгү толук адамдар дадил түшүнүп туру. Эпаада эркиндикте жүргөн адамга караганда абакта отурган адамдын эркин-эмин ой калчоого мүмкүнчүлүгү кенен экенин адам табиятын аныктаган акылмандар эбак түшүнгөн. Төрт тарабың кыбыла боштукта болгону менен оюңду тушаган көртирлик эч качан эркин ойлонууга мүмкүндүк бербейт.

Аныгында: пенде дегениң чыныгы эркиндиктин бааркы-баасын эркиндикте жүргөндө сезмеги кайдан. Тескерисинче, эркиндиктеги адамдын оюна караганда, түрмөдөгү адамдын ой-санаасы эркиндикте, боштукта экенин кулпенделер аңдабайбыз. Шарапатын сезбейбиз. Эркиндик – мээбизге да жетпейт. Тулку боюбуз азаттыкта болгону менен оюбузду торго камаган күнүмдүк турмуштун ыбыр-сыбыры канча. Түрмөдөгүдөй эркиндиктин баасын билген бар, билбеген бар. Темир тор артындагы ой эркиндигине жетүү ар адамдын колунан келбеген. Түрмө мүмкүн – кемпайлар үчүн азап-шор чыгар, а кеменгер адам үчүн – улуу мектеп.

Адамзат тарыхында Заратустра сыяктуу пайгамбар, календерлер (отшельник) гана ой эркиндигине жетиш үчүн коомдон оолак качып, тоо-таш кезип, үңкүрдү уялаган эмеспи. Себеби адам баласы өзүн өзү коомдон бөлүп таштаган кезеңде гана ой эркиндигине жеткенин Заратустра сыяктуу даанышмандар түшүнгөн. Албетте, өзүн таанып билүү үчүн, өз кемчиликтерин аңдоо үчүн Заратустрадай тоо-ташка тентип кетүүгө Текебаевдин эрки жетпейт эле. Бирок тагдыр буйругу ага түрмөнү шыпаа кылды. Саясаттын кумарлуу оюнунан чейрек кылым бою чыгалбай келген Текебаевге түрмөнүн бир жылдык мөөнөтү – бир өмүргө тете сабак эмей эмине. Бул үчүн ал эски досу Атамбаевге алкыш айта турган жерде. Ооба, эски досуна ыраазычылыгын билдирер жерде…

Түрмө – кеменгер адамдын кеменгерлигин гана арттырбаса, кемпай кылып чыгарбайт. Агер биз ушул нокоттон карасак, Текебаев бир жылдан бери бекерпоз болуп жатпагандыр… Канткен менен саясый майданда дайыма билегин түрүнүп, эң активдүү аракеттеги Текебаевдин көзү эми ачылды десек болот. Түрмө анын эркин сындыра алган жок, тескерисинче, кайратын кылыч мизиндей бүлөп, курчутуп, кайрап койгонсуйт…

Бул ирет ал темир тор артында ойдүрмөтүн терең калчоого, өзүнүн буга чейинки саясый ишмердигиндеги жеке кемчиликтерин жеткиликтүү анализдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындай мүмкүнчүлүктү ага акылы чолок АША ыйгарды!

Буга чейин жаздым кетирген жеке эле өз кемчиликтерин тургай, Кыргызстандын мамлекеттик түзүмүндөгү кемчиликтерди, бийликтин үч бутагындагы катачылыктарды терең анализге алууда темир тор ага улуу устат болуп бере алса – мындан бир гана Текебаев утпайт. Чыныгы улуттук лидерге ээ болгон баарыбыз утабыз! Сөздүн толук маанисиндеги улуттук лидерди жаратар түрмө сабагы – Текебаевге да, мамлекетке да сабагын бербей койбойт. Текебаев акыры түрмөдөн чыкпай койбойт.

Арийне ал мындан ары жөн гана саясатчы эмес, ириде ал чыныгы мамлекеттик ишмер, атүгүл терең ойчул болуп чыгып келеринен эч шегим жок. Түрмө аны ак-караны айкын тааныган саясатчы гана эмес, философ катары тарбиялап, мамлекеттик көрөсөн ишмердик касиетин ойготконунан күмөн саноого болбойт. Эми ал түбөлүгү түз, чыныгы Конституцияны жазууга бышып жетилген саясатчы, нукура улуттук саясый моделди түптөгөн мамлекеттик ишмер болуп бошонуп келеринен кенедей күмөнүм жок. Конституцияда мурда чийки беренелерди эми бышырып, эми Конституциянын түбөлүктүү атасы болуп калар мүмкүнчүлүгү колунда туру. Эми ал көчүрмөлүү Башмыйзамды эмес, түпнускалуу Башмыйзамдын автору болуп калышы толук ыктымал!

Эми ал түрмөдөн бошонуп келген күндөн тарта саясый ишмердигин улай турган болсо, мамлекеттик кылмышкерлер менен жемкорлор үчүн анык саясый монстрга айланары бештен белгилүү…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.