Бу ажайып китепти француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюпери жазган. Мунун татынакай сүрөттөрүн тарткан да ошол. Ал биздин жыйырманчы кылым менен жашташ: 1900-жылы 22-июнда Франциянын түштүк-чыгыш аймагындагы Лион шаарында туулган. Теги жагынан чынжырлуу ак сөөктүн (графтын) үй-бүлөсүнөн. Бала атасынан төрт жашында ажырап, апасынан таалим-тарбия алып чоңойгон.

Кичинекей Антуан оюнкарак, тентек, эрке өскөн. Бирок кээде дегеле чоң кишидей олуттуу тартып, терең кыялдарга чөгүп, бир жерге кадаланып отуруп да кала турган. Ыр жазып, сүрөт тарткан, музыкага кызыгып, скрипкада ойногон. Ошондой эле техникага да ашкере кунт коюп, темир-тезек менен көп алышкан.

Антуан тогуз жашка чыкканда апасы бүт үй-бүлөсү менен Ле-Ман шаарына көчүп барат. Болочок жазуучу ошол шаардагы коллежге кирип окуй баштайт. 1914-жылы биринчи дүйнөлүк уруш чыгып, Франция Германияга каршы согушат. Антуандын апасы медицина сестрасы болуп аскер ооруканасына ишке кирет да, эки уулун — Антуан менен анын инисин согушка катышпаган Швейцария мамлекетине жиберип окутат. 1917-жылы Антуан Парижге кайтып келип, аердеги коллежден орто билиминин үдөөсүнө чыгат. 1919-жылы ал Аскер-деңиз окуу жайына кирем деп, бирок экзаменден кулап калат, андан кийин Париж сүрөт академиясынын архитектура бөлүмүнө өтөт. Архитектура өнөрү анча кызыктырбаган соң ал өзүнүн тынчы жок тентек табиятына шайкеш келген, жан-дилин бүт бойдон тартып ала турган жандуу кесип тапсам деп талпынат. 1921-жылы окуусун таштап, өз ыктыяры менен аскердик авиация полкуна жазылат. Адегенде граждандык учкучтун, артынан аскер учкучунун окуусун, ошондой эле запастагы офицерлер курсун бүтүрөт. 1922-жылдан Парижге жакын жайгашкан авиациялык полкто кызмат кылат.

Тек бир жыл өтпөй ава кырсыгына кабылып, катуу жарадар болот. 1923-жылы аскер кызматынан биротоло азат кылынат. Албетте, Антуан де Сент-Экзюпери ынтызарланып үйрөнгөн өнөрүнөн ажыраганга кыйла эле кынжылып кайгырат. Бирок ал оюндагысындай кесип тапканын, эмки тагдыры авиация менен байлалуу болорун жакшы билет. Ал аргасыздан эки-үч жылдай черепица жана автомобиль заводдорунда жөнөкөй кызматкер катары иштеп жүрөт. Анткен менен анын ою-дарты асманда, самолетто, учкучтукта. Учсам дегенде ак эткенден так этип, граждандык авиациясынын пилоту болсом деп далалаттанат.

Антуан табиятынан акын жандуу жаралып, кичинесинен көркөм адабият десе жантыгынан жата калат. Көп окуп, өз алдынча жазганга да демилге жасайт. Анын акылы тунук, жаратылышы тынчы жок тентек келип, баамына урунган нерселердин баарын тескеп-териштиргенге, «жиликтеп» талдаганга, жалпылаштырганга жашынан көнүгөт. Өз өмүрүнөн, көргөн-билгенинен, окуган китептеринен сабак алып, турмуштан өз жолун тапсам деп умсунат, жашоонун мазмун-маңызы эмнеде экенин издеп баш катырат. Ушулардын натыйжасында ал өз бетинче ой жүгүртүү, ар кандай нерсеге сын көз менен кароо, өз ой-пикирин ташка тамга баскандай таамай туюндуруу өнөрүнө эртелеп жетишет.

Ал солкулдаган жигит курагын Париждин ак сөөктөр чөйрөсүндө өткөрөт. Бирок акыл-эс, билим, өз алдынчалык жагынан кемелине эртелеп келген себептүү Антуан өз чөйрөсүндөгү жаш кишилердин чындап өмүр сүргөнгө, чындап эмгек кылганга, ишкеби же бирөөгөбү чындап жан-дилин бергенге жарамсыз экенин, алардын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү, өз ара мамилелери, жасаган жумуштары бүт бойдон жасалма, арамбөөш, анткор экенин айгине аңдап билет. Ал тирүүлүктүн мындай формасын жерип, жөнөкөй эмгек адамдарына назар бурат, алардын жасаган иштерине жана өмүр сүргөнүнө ызат менен карай баштайт.

«Мен турмуш менен бекем байланышкан, тамак табыш жана бала багыш зарылчылыгына башы байланган, бир айлыктан экинчи айлыкка араң-араң жеткен кишилерди жакшы көрөм»,— дейт ал. Ошол карапайым адамдар кара күчү, акыл эмгеги, карандай мээнети менен коомдун дөөлөтүн курап, ак сөөктөр жааматынын кыйналбай күн көрүшүн, кысыр өмүр өткөрүшүн, турмуштагы эң олуттуу иштерди бүт бойдон оюнга айландырышын камсыз кыларын да Сент-Экзюпери ачык-айкын ажыратат. Ал өмүр менен турмуштун да, жумуш менен мээримдин да тазасын, нукурасын, бийигин күсөп кусаланат; өз өмүрүм адамдын накта аты менен затына арзыгыдай өтсө деп, ички дүйнөм менен тышкы жүргөн-турганым бири бирине шайкеш келгендей болсо деп тилейт: анан, чыныгы өмүр сүргөн, чындап олуттуу жана мазмундуу жашаган кишилерди көрсөм, алар менен бирге иштесем, кошо жүрсөм деп дегдейт.

Самолет айдасам деп аябай эңсеген Сент-Экзюпери 1927-жылдын майында мүдөөсүнө жетип, Франция капиталистп жана авиаконструктору Латекоэр негиздеген граждандык авиация компаниясына ишке кирет. Ал адегенде Тулуза — Касабланка, анан Касабланка — Дакар линиясында самолет менен почта ташыйт. 1927-жылдын күзүндө Сахара аймагында жайгашкан аэропорттор аралык станцияга — Кап-Жуби станциясына начальник болот. 1929-жылдын октябрында Франциянын «Аэропосталь» компаниясынын Түштүк Америкадагы бөлүмүнүн директорлугуна дайындалып, Аргентинага кетет. 1930-жылы Франция өкмөтү тарабынан граждандык авиацияга сарп кылган мээнети үчүн ардактуу орден менен сыйланат. 1931-жылы «Аэропосталь» компаниясы акча-каражат жагынан сызга отуруп, акыры жабылып калат. Ушундан улам Сент-Экзюпери Аргентинадан өз өлкөсүнө жанып келип, Франция — Түштүк Америка линиясында жөнөкөй учкуч кызматын аткарат. Андан кийин ал сыноочу учкуч, «Эр Франс» улуттук авиакомпаниясынын атайын тапшырмалар боюнча кызматкери, француз газеталарынын чет мамлекеттердеги кабарчысы болот. Париж — Сайгон, Нью-Йорк — Оттуу жер багыттарында самолетчон рейд жасайм деп эки сапар кырсыкка учурайт. Фашисттик Германия Францияга жапырып киргенде Сент-Экзюпери өз ыктыяры менен аскер катарына кошулуп, аба чалгындоолоруна катышат.

Франциянын согушта жеңилип калганын өзүнүн жекече кайгысы катары кабыл алып, кабырга кайыштырып күйүп-бышат. Гитлерчил аскерлер Францияны басып алганда алгач Мароккодо, андан кийин АКШда жүрөт. Өз элинин баскынчыларга каршы салгылашына катыша албай жатканына кейип-кепчип, кан майданга барууга умтулат. 1943-жылы Алжирге келип, аерде фашизмгө каршы согушка учкуч катары катышсам деп ниеттенет. Мароккодогу француз эскадрильясынын базасынан бир нече ирет Францияга чалгындап учуп барат. 1944-жылы мартта орточо бомбалоочу самолеттор эскадрильясынын командирине орун басар болуп Сардинияга келет. Ошол эле жылы 31-июлда Франциянын үстүнө чалгындап учуп барып, ошол сапарынан кайра кайтпай калат…

Сент-Экзюперинин кызыктуу жана мазмундуу өмүрү почта ташый турган авиация линиясында иштегенден башталган. А кезде авиациянын али жармач чагы болчу, самолеттор азыркыдан алда канча чабал келип, алыс жол арыта алчу эмес. Анда уч-кыйырсыз океандын үстүнөн эч жерге конбой шыдыр өтүш мындай турсун, Жер Ортолук деңиздин бир кашатынан экинчисине эсен-аман жетиш кадимкидей кыйын маселе эле. Мына ушундай жагдайда учкучтардын алыс-жакын сапарларга үзгүлтүксүз учуп турганы кадыресе чоң эрдикке тете келген. Анын үстүнө, оңбогондой оор, опурталдуу, оош-кыйыштуу жумушу учкучтардан ынтымакташып баш кошуу, өз ара көмөктөшүү, бирин бири жаманчылыкка кыйбоо зарылчылыгын талап кылган.

Бир чети асман-жердин албуут күчтөрү менен таймашуу, адамдарга керек жөнөкөй жумушту ойдогудай аткарыш үчүн күрөшүү, дайыма карама-каршылыктарга карай беттеп жүрүү учкучтарга толукшуган чыныгы өмүрдүн даамын татуу, тирүүлүктүн түпкү маңызын айра таануу, өзүн өзү аңдай билүү жагынан мүмкүнчүлүк берген. «Жер өзүбүздү өзүбүз тааный билишибизге көмөк берет. Мындай көмөктү китептердин бири да жер сыяктуу бере албайт. Анткени жер бизге каршылык көрсөтөт. Адам болсо тоскоолдор менен алпурушуп жатып өзүн өзү билип алат,— деп жазган Антуан «Адамдар планетасы» китебинде. — Бирок ушундай күрөш үчүн адамга курал керек. Жыгач сүргүч (ранда) же соко зарыл. Дыйкан өз аңызында иштеп жүрүп табияттын кээ бир сырларын тартат да, көпчүлүккө тиешелүү акыйкатты таап чыгат. Самолет да ошондой эле курал. Ал аба жолдорун салып, адамды түбөлүк өлбөй турган маселелерге ортоктош кылат».

Граждандык авиацияда көп жылдар кызмат кылганы Сент-Экзюперинин өмүрлүк жана чыгармачылык тагдыры үчүн өтө зор мааниге ээ болот. Ал күндөлүк оор жумуштардын убарасында жүрүп, өмүрүнүн кирген суудай күрпүлдөп өтүп жатканын айкын сезет; көңүлүн өйкөп келген көп татаал суроолордун жообун таап, көп маселелердин көмүскө сырларын таасын баамдайт; тирүүлүктүн ашкан олуттуу акыйкаттарын, бийик маани-маңызын, кайталанбас сулуулугун жан-дили менен терең тааныйт; кызматташ адамдар арасында жасалмасыз ынтымак, ак пейил мамиле, өз ара арка-бел болуу, бири биринин кадырына жете билүү өкүм сүргөнүн өз көзү менен көрөт; өз кесибин ойдогудай мыкты билген, өз милдетин аткаруу үчүн баарына кайыл болгон, ар качан иши менен сөзүнүн табийгыйлыгын сактап кала алган кишилер менен катар иштеп, коюн-колтукташ жүрүп, алардын арасынан жан кыйышпас мыкты достор табат. Айтор, авиация кызматында өткөн түйшүктүү өмүрү Сент-Экзюперинин оригиналдуу адам жана сүрөткер катары калыптанышына мүмкүндүк берет. Чынында да ал дал ошол мезгилде дүйнөгө көз карашын биротоло аныктайт, турмушка карата активдүү мамилесин иштеп чыгат, жазуучулук жана ойчулдук жөндөмүн бар көркү менен жадыратып ачып, тунук акыл менен кайнар сезимдин ширөөсүнөн бүткөн чыгармаларын жаратат.

Антуан де Сент-Экзюпери аракетим менен оюмду, кылган кызматым менен чыгармачылыгымды эриш-аркак айкалыштырып жашасам деп тилеген. Ал чыны менен жашаганындай жазганга, жазганындай жашаганга зор далалаттар жасаган. Акыйкатта да анын кыска өмүрү куду өзү каалагандай шайкешчилик менен өткөн. Ал жалаң кыял менен адабий таасирлерге таянган чыгармачылыктан жаа бою качып, көбүнчө өз өмүрүнүн, кесибинин, кызматынын туюмдуу тажрыйбасынан кайталанбас оригиналдуу образдар, идеялар, ой-пикирлер сууруп чыга алган. Ошол себептен ар бир китебинин мазмунуна анын керт башынан кечирген жана өз көзү менен көргөн окуялардын, кесиптештеринин ар кыл жагдайлардагы жүрүм-турумун жана иш-аракетин кылдат байкоолордун, адам менен жашоонун түпкү маани-маңызы тууралу чымырканган ойлонуулардын таамай тамгасы басылган.

Сент-Экзюпери «Түштүк почточусу» (1924), «Түндөп учуу» (1931), «Адамдар планетасы» (1939), «Согуш учкучу» жана «Кичинекей ханзада» (1943) деген көркөм китептерин, бир канча публицистикалык макалаларын жана очерктерин жарыялаган. Көп жылдар бою чымырканып жазган «Цитадель» аттуу китебин аягына чыгара албай калган. Анын биринчи эле жарык көргөн чыгармасы («Түштүк почточусу») мазмунунун жана формасынын жаңылыгы менен адабият билермандарын таңыркатып, Франциядагы ардактуу адабий сыйлыктардын бирине арзыган. Ал эми «Адамдар планетасы» Француз академиясынын Чоң сыйлыгын алган.

Сент-Экзюперинин бардык чыгармалары адамдын урматына айтылган, кишилер достугун даңазалаган, жакшылык менен жарыктын кудуретин салтанаттаган шаңдуу ыр сыңарындай. Алардын арасында «Кичинекей ханзада» жомогу өзгөчө мааниге ээ, анткени, анда жазуучунун элестүү формада айтылган керээзи, өмүрлүк философиясынын калпып алынган каймагы, чыгармачылык тажрыйбасынын сыгып алынган ширеси бар.

«Кичинекей ханзада» жомогу — көркөм адабияттын өзүнчө бир керемети. Көгүлтүр асманда бүркүттүн шаңшыганындай, май айынын таңында булбулдун таңшыганындай бир керемет. Анда тунук акылдын айдыңы, ысык мээримдин илеби, тирүүлүк түйшүгүнүн муңу бар.

Жомоктун кызыгы да кадыресе күчтүү: окуп жаткан адамдын ыкыласын магниттей өзүнө тартып, кыялын алып учат, көңүлүн өрөпкүтүп, сезимдерине бүлүк салат. Окуп бүткөндө анын таасиринен жан дүйнөң жамгыр жуугандай тазара түшкөнсүйт, көр оокаттын ыбыр-сыбырына басылган качанкы бир гүлгүн ой-сезимдериң чукуранып ойгонгонсуйт.

Ал жомок жазуучу өмүрүнүн эң кыйын, эң кейиштүү учурунда жазылгак. А кезде жер жүзүн согуш өртү каптап, Франция немец фашисттеринин баскынында калып, Сент-Экзюпери болсо АКШда мусапырчылык тартып жүргөн. Баарынан да ата журтунун кордукка түшкөнү анын каңырыгын катуу түтөткөн. Антуан мекендештерим баскынчыларга каршы түп көтөрө аттанса деп, өзүм да ошолордун арасында жоо менен чабышсам деп самаган. Бирок туткунда калган өлкөнү бошотуу кыймылын жетектеген «чоңдор» өз ара араандашып, чырдашып, бири бирине жолтоо кылып туруп алышкан. Ошонусу менен алар кысталыш мезгилде керексиз саясий атаандашууга азгырылып, жалпы элдин ыйык күрөшүнө обу жок кыянат жасашкан. Буга жаны ачышкан Сент-Зкзюпери тигиндей осол жетекчилердин саясий бетин басма сөз жүзүнө ачыктан ачык ашкерелеп чыккан. Тиги жетекчилердин бир даары атактуу жазуучунун бетке айткан адилет сынына теригип, аны фашизмге каршы жалпы элдик күрөшкө кашайып эле катыштырбай коюшкан. Ал эми Антуан чоң күрөштөн четте калганын, калк башына каран күн түшкөндө алыста бекер жатканын жеке керт башынын оор кайгы-дарты катары кабыл алып, жаны кашайган. Экинчи жактан, ал согуш убагында жан кыйышпас досторунан ажырап, жеке турмушу да оңунан чыкпай кыйгачтап, дос-душмандын көбүнөн көңүлү калып, катуу кусага малынган. Ошондо анын кусалуу кыялы мунарыктап алыста калган бала чагын карай канат каккак.

Анан, анын бүткүл кусалыгы, ачуу-таттуу ойлору, көксөгөн тилектери каймана маани алып, бийик жомок даражасына көкөлөп, кооз жана тунук, үмүттүү жана кайгылуу, элестүү жана таасирдүү бир баян иретинде жүрөгүнөн атылып чыккан.

Бала чак адам өмүрүнүн кайталанбас бир бактылуу учуру экени бештен белгилүү. Баланын бактысы анын бейгам өмүр сүргөнүндө гана эмес. Жок, баланын өмүрү — толукшуган мазмундуу өмүр, өз алдынча машакаттуу өмүр. Баланын бактысы анын ой-сезиминин наристелигинде, ниетинин кирсиз тазалыгында, жашоого жайдары караганында, жүрүм-турумунун табигыйлыгында, дүйнөгө мамилесинин да жасалма эместигинде, ар кандай нерсенин дал өзөгүн айныбай көрө билгенинде. Ошон үчүн балада нукура адамдык зат, чыныгы кишилик касиет бар. Ошон үчүн баланын дүйнөгө көз карашында баёолук да, акылмандык да бар.

«Кичинекей ханзада» баяны адамдын айыпсыз бала чагынын асылдыгын ырастайт, адамдар арасындагы туугандык жана достук байланыштардын зарылдыгын тастыктайт, бир кезде чоң кишилердин баарында бар болгон пейил тазалыгын, көңүл марттыгын, мээрим ысыктыгын, ишеним күчүн даңазалайт.

Самолету абада кырсыктап, айласыз эрме чөлгө конгон учкучтун башка планетадан келген кичинекей балага жолугушу терең кайманалуу мааниге ээ. Бул — жазуучунун өзү кусаланып сагынган бала чагы менен, баарыбыз дүйнөгө балача жайдары карасак деген таттуу кыялы менен жолугушуусу. Ханзаданын кыйын шартта жарк этип чыга калышы да өзүнчө бир шарттуу көркөм тетик. Ал тетиктин болжолдуу чечмелениши мындай; жан дүйнөсү жалгызсырап жүргөн чоң кишинин арт жагында татынакай бир мекени бар, ал мекен — анын кайран балалык учуру, ошол учурдан табарик калган таттуу эскермелери. Жазуучунун ою боюнча, чоң адамдын наристе курагын дайыма эстей жүргөнү абзел, ошо курагынан өмүр сүрүү өнөрү жагынан таалим алганы абзел.

Бирок балалыгын эстеп жүргөндүн жөнү бир башка, чоңойгондо да бала кыялын жоготпой кошо ала жүргөндүн жөнү бир башка. Тилекке каршы, балапан чагындагы асыл касиеттерин чоң кишилердин көбү төкпөй-чачпай сактап кала албайт. Мунун өзү — чоң кишинин өмүрүндөгү кайра толбос өксүк, эң чоң рухий кырсык, кадыресе трагедия. Жомокто Кичинекей ханзаданын капыстан кайып болушу адам тирүүлүгүнүн ушул оор трагедиясын каңкуулайт.

Демек, бул жомок мүнөз баянда бала чактын баа жетпес асылдыгына жетине албай маашырканган сезимдер менен балалыктан айрылгандын ачуу арманы айкалышып кетиши өйдөкүдөй себептерден агып чыгат. Албетте, «Кичинекей ханзаданын» идеялык мазмуну ушул жондотуп чечмелөө менен гана бүтүп калбайт, анда көп сандаган кошумча пикирлер, кармалбас назик ойлор, сезимди тыз эттирген саптар арбын. Алардын баарын жомокту кунт коюп окуп чыга турган кишиге кайталап айтып бергендин кажаты деле жоктур.

«Кичинекей ханзаданы» кантип которгонумду өйдө жакта учкай сөз кылып бербедимби (С.Жигитов, «Китепкөйгө каратма сөз«). Арийне, эгер чыгармачылыкка олуттуу карасаң, бир убакта жазганыңды көп жылдан соң кайра окуп алып, аныңдан толгон токой өксүктөр табарың бышык. Ошол жазганыңдын баарын болбосо да, көп жерин баса калып оңдогуң келери да турган кеп. Мен дагы «Кичинекей ханзаданын» ушу котормосун көп жылдан кийин окуп көрүп, анда бир топ майда-чоң мүчүлүштөр бар экенин айкын баамдадым. Канткен менен кыргыз котормо өнөрүндө тамырлаган сөзмө-сөз которуу салттары мага да аздыр-көптүр таасирин тийгизген экен, ошо туткактап жабышкан салттардан биротоло куйрук үзүп кете албапмын. Сыягы, өз ичимде жалпайып отурган көрүнбөс «редактордон» да, басма үйүндө кокоюп отурган чыныгы редактордон да күн мурунтан сестенип жалтактагамын го. Эми которсом, балким, таптакыр башкача чыгарар белем? Тек, анткенге чоло жок…

Бирок мен бул котормомду кайра окуп, анча деле уялганым жок. Баягыда жан-дилим менен чымырканып иштеп, жалпы тексттин кадыресе кыргызча угулушуна жетишкен окшобоюмбу. Деген менен кажынып аракет кылганымын акыбети дурус эле кайткан сыяктанат. Бул айтканым — көкүрөк керип курулай мактанганым эмес, жөн гана бир кезде жасаган мээнетимин адалдыгына ыраазы болгонум.

Ырас, котормону бир сыйра учкай редакциялап да чыктым: азыр анча келишпегендей көрүнгөн сүйлөмдөрү менен сөздөрүн жаңыладым, ката басылган жерлерин оңдодум, басуу процессинде түшүп калган абзацтарын кайра калыбына келтирдим. Тек, китептин стилдик ыргагына гана кол тийгизгеним жок.

«Кичинекей ханзаданын» кыргызча экинчи жолу басылып жатканы, албетте, мени, кубандырбай койбойт. Мен эң оболу муну дагы көп китепкөй окуй турганын ойлоп кубанам, ал эми бу чыгарма менен биринчи жолу тааныша турган жаш балдардын бактысына кадимкидей көз артып суктанам.

1981-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.