Жаркынбай КОШБАЕВ: Буулуккан келин

АҢГЕМЕ Кече адаттагыдай эле жумага жөнөгөм. Маршрутканын алдынкы ооруну гана бош экен, артыраакта отурган ыңгайлуу да, бу алды, кирди-чыктыга уруна берген оорун, эми аргасыз отурушка туура келет деп, алдыда кетип бараттым. Баса, паспотруму унутуп калыпмын деп, айыл этегинен шоопурду кайрып, кайра үйгө келип кеттим. Шоопур тааныштарына: — Аа ушу паланча жерге эми жеттим, Жаркынбай ака паспортун унутуп калып, кайра айылга кирип-чыктым,- деп телефондо бакылдап кетип баратты. Ошентип алтыда жөнөгөн маршрут, кыйла жер жарыганда кетип баратты. Бир уктасам болот эле деп […]

Эмилбек КАПТАГАЕВ: Мамлекетти башкарар пультту көрүнгөндүн колуна карматпаш керек (2-маек)

<<<<<<<<<<<1-маек О. Шакир: Баарлашуубуздун биринчи бөлүгүндө ички саясатка жакшы токтолдуңуздар, эми экинчи бөлүгүндө сырткы саясатка да токтолсок дейм. Маселен Сооронбай Жээнбековдун Турцияга болгон иш-сапары да коомдун купулуна толгондой болду, өзгөчө Фетхуллах Гүлен негиздеген «Себат» билим берүү борборуна байланыштуу маселеге келгенде биздин президент камырдан кыл сууругандай кылдаттыгы менен, ал боюнча сөз учугу чубалганда олдоксондуктан качып, ак деп да, көк деп да койгон жок. Муну дипломатия боюнча адистер да абыдан туура позиция катары белгилешүүдө, а сиздерде кандай пикир бар? Ж. Акаев: Атамбаевдин […]