<<<<<<<<<<<1-маек

О. Шакир: Баарлашуубуздун биринчи бөлүгүндө ички саясатка жакшы токтолдуңуздар, эми экинчи бөлүгүндө сырткы саясатка да токтолсок дейм. Маселен Сооронбай Жээнбековдун Турцияга болгон иш-сапары да коомдун купулуна толгондой болду, өзгөчө Фетхуллах Гүлен негиздеген «Себат» билим берүү борборуна байланыштуу маселеге келгенде биздин президент камырдан кыл сууругандай кылдаттыгы менен, ал боюнча сөз учугу чубалганда олдоксондуктан качып, ак деп да, көк деп да койгон жок. Муну дипломатия боюнча адистер да абыдан туура позиция катары белгилешүүдө, а сиздерде кандай пикир бар?

Ж. Акаев: Атамбаевдин айынан тышкы саясат чынында аябай жаман абалга кептелген. Биздин досторубуз дээрлик калбай калган. Казакстан менен урушту. Кетээр алдында Тажикстанга да тийишип өттү. Бул үй-бүлөңдөгү аялың менен кайым айтышчу маселе эмес. Эл атынан сүйлөгөндөн кийин ойлонуп сүйлөш керек да. Ошол эле Турция менен мамилени алсак, Турция Россиянын самолетун талкалаганда Казакстан да унчукпады, Тажикстан да унчукпады… эч ким унчуга электе эле Путинге жакшы көрүнө коёюн деп, Эрдоганды айыптап чыкты. Ушинтип атып тышкы саясатта чоң катачылыктарга жол берди. Эми аны Жээнбеков келип башынан баштап оңдоого туура келет.

Э. Каптагаев: Тышкы саясат дегенде бир нерсени так айтышыбыз керек. Бул президенттин же премьер-министрдин саясаты эмес, сырткы саясат – мамлекеттин саясаты, Кыргыз мамлекетинин сырткы саясаты. Ошол саясаттын жолу, ошол саясаттын нугуна карата иш кылып, балээ президент болсоң да ошол саясаттан чыкканга акың жок. Ошол саясатта, ошол ыргакта басышың керек, сүйлөшүң керек. Коңшу мамлекеттин президенти жагабы, жакпайбы, ага айтканга да акың жок. Сырткы саясатыбызга каршы келген мамлекеттер болсо, анын президенти сенин досуң болсо да, ага башкача мамиле кылганга акың жок. Анткени президенттин сырткы саясаты деп айтылбайт да, мамлекеттин сырткы саясаты деп айтылат. Бул жерде бир кемчилик бар: тээтиги Акаев, Бакиев заманынан бери сырткы саясат концепциясын эмгиче бир тактап, бекитпептирбиз.

Сырткы саясаттын реалдуу бир концептуалдуу нерсеси жок. Анан баары келип эле эки мамлекеттин ортосундагы мамиле эмес эле, эки президенттин ортосундагы мамилеге такалып калууда. Эгерде терең алсак, Казак мамлекети менен Кыргыз мамлекетинин ортосундагы мамиле бузулган жок. Биздин президент Казак мамлекетинин президентине жөнү жок тийишип, өз ара мамилесин бузуп алды. Түркия менен биздин мамлекеттин мамилеси бузулган жок, биздин президент Түркия президентин жөнү жок жөөлөп, мамилесин бузуп атат. Бул жерде бир өзгөчө маселе бар, Азербайжан менен мамилени мамлекеттик деңгээлде бузуп алдык. Анткени Армян-Азербайжан чатагында биз эгемендик алгандан бери Азербайжан тарапты колдоп келгенбиз. Бизден башка мамлекеттин баары колдойт. Арменияны колдогондор да бар, бирок биз мусулман өлкөлөрү – Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжанды колдоп келгенбиз. Былтыр жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле, Арменияны колдоп калдык да. Бул сырткы саясатта эң эле туура эмес көрүнүш, эң чоң катачылык. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жоопко тартылышы керек, мындай кадамдары үчүн. Сооронбай Жээнбеков президент катары мамлекет менен мамлекеттин ортосундагы мамилелер бузулуп, ары тереңдеп кете электе; президент менен президенттин ортосундагы мамилени чыңдоо менен, сырткы саясий маанай жеңилдеп, ырайы такыр башкача болуп калды. Элдин баары эркин дем алгандай болуп атат. Эми азыр Кытай анан Азербайжан калды. Жакында Кытайга барат деп атат. Эксперттердин айтуусу боюнча Кытай Эл Республикасы менен такыр нөлгө түшүп калган салкын мамиле Атамбаевдин тушунда болду. Буга чейин мындай мамиле болгон эмес деп атышат. Алар кабыл алып, күлүп койгону – ал элдин маданияты, а негизги эки мамлекеттин ортосундагы алака азыр эң пас абалда, муну да оңдошубуз керек.

Азыр канчалаган студенттерибиз баралбай атат, виза алалбай атат, ортодо көп чатактар бар, ошонун баарын иреттеш керек да. Экинчи жагынан ошол эле Huawey, ТBEA ж. б. компаниялар Кытайдагы 15-20 ири компаниялардын арасына саналат. Кытайдын мен деген чоң-чоң компаниялары келип, акча салып аткандан кийин, аларды алып келип жаманатты кылып, биздин ички коррупциялык схемага малып ийгени арты келип эки мамлекеттин ортосуна дагы чагым салчу маселе. Анткени Кытай жакта коррупцияга каршы маселе, талап абдан катуу. Алар биякка келип, коррупция кылалы, келген акчаларды уурдатып иели деп келбейт да. Бул жердегилердин талабына, маанайына, каалоо-тилегине карата бир топ нерселер болуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн бул Кытай компаниялары катышып, бизди күдүктөнткөн чоң коррупциялык иштердин кулагы көрүнүп аткан нерселер азыр ЖК тарабынан абдан дыкат иликтениши керек. Бул үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүш керек. Тергөө органдары билет: ошолор карасын эмес, булардын баары тең атайын чоң угуулардан, чоң териштирүүлөрдөн өтүшү керек, четинен бир-эки киши соттолду, ошону менен бүттү болуп калбаш керек. Механизмдери толук ачылууга тийиш. Азыр эми сырткы саясатта Кудайга шүгүр дейли, мамиле бир топ жеңилдеп калды.

Н. Айып: Бардык башка тараптардагыдай эле, тышкы саясатта да кеткен бийлик бүт ашмалтайын чыгарып, чакчелекей кылып кетти. Казакстан жөнүндө айтылды. Америка менен мамилени эмнеге бузат? Кандай негиз бар эле?

Ж. Асанбек: Путинге жагынат да.

Н. Айып: Алты жыл ичинде бир дагы расмий сапар болгон жок. Бир гана жолу ООНдун сессиясында Америка Президенти менен кыска жолугушуу болду, а чындыгында бүт мамиле үзүлдү, таптакыр. 1993-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде канча жылдан бери жардам берилип аткан. Анын баарын денонсация кылып салды. Бир жылдан кийин алар канча дипломатиялык аракет кылып, кайра анын ордуна макул, башка келишим түзөлү деп, америкалык дипломаттар бир жыл иштеп, мына жаңы келишим түзөлү, Америкага сессияга келиңиз десе, мына барам деп атып, Оштогу бир суу сактагычты ачам деп барбай койду. Бир жылдан кийин дагы барыш керек эле, орто жолдон Стамбулда кокусунан ооруп калды. Аягында кете турган президентти күчкө ээ деп Батышта эч ким эсептебейт да. “Аксак өрдөк” деп айтылгандай, ал аксап, өз эркин ишке ашыра албайт. Анткени кетип атат.  А бул ойлогон, кеткенден кийин деле мен бардыгын башкара берем деп. Эң негизгиси, бүткүл дүйнөлүк коомчулук менен мамилесин бузду, ашмалтайын чыгарды, анан бир эле Россияга жабышып калды. Кыргызстан Россиянын бир губерниясына айланып кеткендей эле болду. Ар бир квартал сайын Россия Кыргызстанга грант бөлөт, 20-30 млн доллар, Воронеж областы же Мурманск областына бөлүнгөндөй эле. Дүйнөлүк банктан же Азиялык банктан 5 млн же 10 млн келсе, аны Парламент, Өкмөт алалыбы, албайлыбы, эмне максатта пайдаланылат деп талкуулап, анан чечет. А жанагы Россиядан келип аткан 20-30 млн долларлар эч кандай талкуусу жок эле, бюджеттин тартыштыгын жоюш үчүн деп жөн эле берилет. Эми ошонусу аз келгенсип, аны менен да келишимдерди денонсация кылып атпайбы. Мисалы, Руссгидро менен келишим 37 млн Кыргызстандын мойнуна илинип калып атпайбы. Муну мамлекеттик чыккынчылык десе болот. Өзүнүн КСДПсынын, досторунун чегинен чыга алган жок, мамлекеттик деңгээлге көтөрүлө алган жок Атамбаев.

Э. Каптагаев: Ушул маселе боюнча Атамбаев да бир-эки жолу айткан. Сапар Исаков бөлүм башчы болуп, андан кийин аппарат жетекчи болуп калганда дагы кайталады 1-2 жолу. Эгемендик жылдардан бери биринчи жолу биз көз карандысыз сырткы саясатты жүргүзө баштадык дейт. Эми бул, жумшак айтканда сырткы саясатты түшүнгөн кишилерге келжирек сөз. Анткени коомдо кандай киши болбосун көз карандысыз саясат жүргүзүшү мүмкүн, эч кимдин сөзүн укпай, эч ким менен эсептешпей, көрүнгөн кишиге бир тийип, ошонусуна ал мен эч кимден көз карандысызмын деп корстон болот. Бирок андай болбойт эч качан. Коомдо кандай болсо, дүйнө коомчулугунда деле ошондой.

Ал жерде өзүнүн ыргагы бар. Эң башкысы, мамлекеттик саясат ырааттуу болуш керек. Ырааттуу болбосо, бүгүн мындай саясат, эртең андай саясат кылган мамлекеттерди эч ким сыйлабайт. Жөнөкөй кишиде деле ошондой, ырааттуу, бир калыпта жүрбөгөн кишини эч ким сыйлабайт. Жөнөкөй мисал: ырааттуу кылган кишини, туура эмес иш кылса деле эл сыйлайт. Бир айылда, макул, Асан, Үсөн деген эки киши болуптур деп коёлу. Асан көчөдөн Үсөндү көрө калса эле сабайт. Биринчи жолу сабаганда элдин баары Асанды тилдейт. Экинчи жолу сабаганда дагы тилдешет. Анан ошентип мас болуп, көчөдөн жолукса сабай берсе, аягында бүт баары Үсөндү тилдей башташат. Эй, Асандын жинди экенин билесиң да, мас болгонун уккандан кийин көчөгө чыкпай, тиги огород менен кетип калбайсыңбы дешет, туурабы? Асанды эч ким урушпайт, Үсөндү уруша башташат. Туруктуу позиция сыйланат. Эгер сырткы саясатта туруктуу позиция кармай албасак, мамлекет катары эч ким сыйлабайт. Айтат да, булар бүгүн мындай, эртең тигиндей, эске албай эле коюш керек деп.

Ж. Асанбек: Руссгидро жөнүндө сөз болуп калбадыбы. Алмамбет Насырканович, сиз муну айттыңыз эле, бөлүнгөн каражаттын 3/2си кайда кеткени белгисиз деп. Бул укмуштуудай көрсөткүч да. Өөнөшсө да кичине ченеп, жок дегенде 3/1ин өөнөшпөйбү.

Э. Каптагаев: Акылга сыйбаган нерсени айтып эле чоюп келатышат. Буюрса, азыр текшерилет. Бул коммерциялык проект, текшере албайбыз, тиги-бу дешип. Коммерциялык проект болсо эмнеге карызы мамлекеттин мойнуна илинип атат? Анда ошол коммерциялык проект жасаган кишилер төлөш керек да карызды. Логикага, акылга сыйбайт, коммерциялык проект биз текшере албайбыз дейт, кайра карызды мамлекет төлөп бериш керек дейт.

А. Шыкмаматов: Ушуга токтолуп кетейин. 37идей болгон 37 факт бар. ТBEA, жанагы Түндүк-түштүк жолу

Ж. Акаев: Датка-Кемин.

А. Шыкмаматов: Карызга алынган 2,5 миллиарддын баары ушул 37дей эле мойсолгон. Ошон үчүн азыркы келген бийлик эрктүү чечимдерге катуу турса, мисалы, башпрокурордун пульту бар, УКК пульту бар, ушул эки пульт менен эле ушуларды чын ниет менен териштирип баштаса, укмуштуулар чыгат. 2,5 млрддын үчтөн экиси желген. Бул математикалык эле эсеп менен чыгат. 37 млндо уурулук барбы? Бар. Ал кайсы территорияда болгон? Кыргызстандын территориясында болгон. Болду, биздин органдар тергеп, Нарыбаевге издөө салып, чакырып келип эле, кылмыш бул жерде болгон, алып келгиле текшеребиз деп эле тергеш керек. Эсеп палатасы текшериш керек деп атышпайбы, бул жөн эле шылтоо, эсеп палатасы текшермейин текшербеш керек деген мыйзам жок да. Прокурордун биринчи орун басарынын берген жообу ушул. Эгерде бир жерде бир уурулук болсо, эсеп палатасы жок деп эле отура береби? Тергөөчү өзү баса калып, эсеп палатасына өзү койсо болот. Мына мен кармадым, биз адис эмеспиз, экспертиза кылгыла, желгенби десе, желген дейт. Жанагы 7 миң кв метр жатакана куруучулардын нормасы боюнча 7 эсе кымбат. Темирден жасалган, 1 кв метри 250 доллар экен, төрт бурчтук кылып туруп эле, терезе, эшик коюп койгудай. Ошонун кв метри 1300дөн чыккан.

Э. Каптагаев: Элита үйлөрдүн кв метри 350 доллардан болуп атпайбы.

А. Шыкмаматов: Элиталар ачкычына чейин жасалганы 500-700 эле. Эгерде укмуштай жасасаң, тим эле жаңгак жыгачынан — 1300 болот. А тиги контейнердин кв метри 1300. Анан дагы кандай далил керек? Ушунун өзү атууга кетире тургандай берене болуп атпайбы.

Эл аралык мамилелер тууралуу мен да учкай айта кетейин. 2012-жылы Сурдюков деген ким? Ал – барин, ага көрсөтөм деп кыйкырып келген, билесиңерби? Бул политкорректность эмес, туура эмес. Бирөөнүн министри, аны өздөрү урушсун, туурабы? Экинчиси, … анын сазайын берип коём деди. Анан алар дагы кой эми, мас экен, теңелбейли дегенсип, теңелген жок. Андан кийин Кутузов кыргыз, оозуңарды баскыла деди. Тажикстандан башкасынын баарын сөктү. Кытайды сөккөндөн Кудай сактады. Лукашенкону сөктү, Каримовду сөктү, Назарбаевди жөн эле ашатты.

О. Шакир: Американы да сөккөндөй болду. Демократияны бизден үйрөнсүн деп.

А. Шыкмаматов: Ошону да айтайын деп атам. Бир резиденцияда отуруп, “Вы педофилев оправдываете, нас не учите” дегенде, ЕККУнун, Евробиримдиктин өкүлдөрү, элчилер кыдыракей отуруп, бирин бири карап, котормочуну карап, таң калып эле калышты. Ошондо мен, э кокуй, мунун аягы эми эмне болот деп ойлодум. Алар унчукпай угуп, бирок акырын жеткирип атты да, бул жак болбой калды деп. Анан менин жеке байкоомдо бул жаман саясат эле эмес, тышкы саясаттын жоктугу. Германиянын элчилигине деген жерди алып туруп мэрге, жанагы завхозуна берип койду. Эми аны “добросун” алып туруп берди да. Өзү күнүнө ошол жерден өтөт. Азыр жаңы президент өтүп атат, жаңы спикер өтөт, эртең башпрокурор ошо жерден өтөт. Биз суроо-талапты парламенттен коёбуз, өтүп атасың ошол жерден, же болбосо көзүңөрдү жумуп өткүлө мындан ары. Көрүп туруп унчукпай коюу – бул кылмышты жашыруу. Күнүгө өтүшөт, тосулуп турат, салынып атат. Анан Индияга барып бизнесмендерин сөктү. Мээңер иштебейт, силерди ким айтат бизнесмен деп. Акаев «Волга» айдап жүргөндө, мен «Мерседес» айдап жүргөм, келгиле бизге деп. Алардын эмне иши бар? Акаевиңди да билбейт алар. «Волга» деген машиненин маркасы менен алардын иши да жок…

(Баары күлүштү)

О. Шакир: Эми парламент мындан ары чыйралар бекен?

А. Шыкмаматов: Монголиянын вице-спикери бар, Олжоке. Жолдуу болуп, аны менен шашпай эки саат маңдай-тескей отуруп сүйлөшкөнбүз. Өмүр бою Англияда окуп, жашап жүрүп, анан Монголияга келген аял экен. Вице-спикер эле, азыр каякта экенин билбейм. Ошол айтат, силер абдан туура жолду тандадыңар деп. Биз силер менен тээ түпкү генибизден окшошпуз, силер парламентаризм жолунда келатасыңар, беймаза кылган кырдаалдар болот, бирок артка кайтпагыла. Ортодо саясый авантюристтер чыга баштайт. Бул болбойт экен, кайра артка кеттик, кайра президенттик башкаруу кылабыз дегендер чыгат деген. Чын эле чыгып атат. Улутчулдар чыгат деген. Силерде улуттук өксүк көбүрөк дейт. 70 жылдык орус үстөмдүгү, андан мурунтан келаткан өксүк бар. Ошону жарып чыгарып ийгиле дейт сыртка. Эгерде улутчулдарга каршы болуп, тыя берсе, алар радикалдашып кетет. Жайына койгула, коомчулук ошондон өтүш керек. Андан өткөндөн кийин демократия жакшы турбайбы деп өзү түшүнөт деди эле. Ушинтип эле жүрүп отурсаңар, буюрса, кайсалактап-кайсалактап барып түзөлөсүңөр дейт.

Ж. Асанбек: Кадр саясаты аксагандыгынын айкын далили Сапар Исаковдун аткаруу бийлигине келгени болуп турат (бул баарлашуу өкмөт алмашканга чейин болгондугун эскертебиз. – Редактор). Айтылган сөздүн аткарылышы түздөн-түз аткаруу бийлигинин кандай иштегенине көз каранды да. Азыркы учурда турмушта анын натыйжасын көрбөй атабыз. Мисалы, жолдордун көбү аң-чөнөк. Оңдоого, жабылганына бир айга чукулдап барса да, жылыштар аз. Жол жүрүүдө тыгындарды түзүп, көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып жатат. Эми дагы канчага ушундай турат, белгисиз.

Жээнбеков кадр саясатында олуттуу кадамдарды жасай баштады. Компетентсиз кадрлардын кеткенине сүйүнүп турабыз. Эми алардын ордуна ким келет, ошол маанилүү болуп турат. Демократиянын натыйжалуу өсүүсүнө, дегеле мамлекет күч-кубатка ээ болушунда сот бийлигинин мааниси зор деп айтып келатабыз. Азыркы күндө чындап бийликке же бир башка таасирдүү күчтөргө көз каранды болбой, мыйзам чегинде гана акыйкаттык менен өз алдынча иш алып кете ала турган адамдар келгени жакшы болор эле. Ошондой кадрлар барбы? Бошогон орундарга ошондой адамдар келеби?

А. Шыкмаматов: Кадрлар толтура. Көп адамдар айта берет, кадр алмаштырып койсо, жакшы иштейт деп. Мен бир да киши көрө элекмин, кызматка барбайм деген. Кызмат дегенде, тим эле тикесинен тик турат. Болгону, мындай да, Бакиевдин командасына барса, алар да булганмак, Атамбаевдин командасына барса, алар да булганмак. Эгерде журт башчысынын эрки жок болуп, мамлекеттик система жаман иштесе, кадрдын баары эле булганат. Же иштешиң керек, же кетишиң керек. Эгер мамлекет башчысы эрксиз болуп, мамлекетте мыйзамдуулук тепселенип атса, жаманатты болот. Мисалы, прокурор барып президентке жеткирет. Момундай болуп атат, эмне кылайын деп, 5-6 папкасын жайып. Президент муну минт, аны минт десе, бүттү ал, же арыз жазып кетиши керек, же булганышы керек. Анан көбү ошол булганыштын жолун тандап атышпайбы. Азыр бардыгы үчүн Сооронбай Шарипович жоопкерчиликти мойнуна алды. Мамлекеттеги туура эмес иштерди ал бирөөгө шылтай албайт. Азыр өзүнүн гана амиринде. Парламент колдоп берип атат, аткаруу бийлиги түздөн-түз кийлигише албайт. Коррупция менен ким күрөшөт? Башпрокурор менен УКК күрөшөт. Экөө тең өз кадрлары болот. Шишик коррупцияда болуп жатабы, ошондон башташ керек.

Сот системасы боюнча, ар кандай система бар. Эң чаташкан сот системасы – Францияныкы. Наполеон түзүп кетиптир, ошол бойдон келатат. Былтыр барганда ошону 10 күн аябай изилдегенбиз. Тим эле татаал, биздикине окшошуп кетет, бирок адилеттүүлүк бар. Германияга келсек, сот системасын тандоо аларда жөнөкөйлөшкөн, демократиялык жол менен тандайт. Сонун иштешет. Атургай прокурор судьяга вотсаптан “пора на обед” деп жазып койсо, тергөө кылып, экөөнү тең жумуштан алды. Процесс убагында жазышкан болбойт деп, жумуштан чыгарып салышкан. Ошондо мен ойлодум, көрсө, кеп моделде эмес экен. Коом, мамлекет башчы – баары, жалпы биригип, жетилип, жемиш бышкандай болуп бышканында экен кеп. Мурун президент шайлачу. Ал деле туура эмес кишилерди шайлап койчу. Азыр кеңеш шайлайт, ал деле туура эмес шайлап атат. Ошол эле адамдардан шайланат, аралашып жүргөн, алар асмандан келбейт.

Э. Каптагаев: Казактардай болуп Жогорку сотко чет өлкөлөрдөн судьяларды алып келиш керек экен.

А. Шыкмаматов: Билбейм, канчалык жемиш берет.

Ж. Акаев: Тартипке салса, иштеп кетет. Өкмөт 6 ай мурун командасы менен келгенде, биз технократтарбыз, реформаторлорбуз деп айткан. Жанындагы командасын азыр карап көрүңүз. Жок. Алардын 60 эмес, 70%ына кылмыш иши козголду азыр. Анча-мынчасы түрмөдө. Кечээ жакында бир вице-премьер кетти. Аларды шайлап атып, аттарын жаттаганга эл үлгүрбөй калды. Карасаңар, алып келген кадрлары бүт жарамсыз же уурулугу чыгат. Таң калдык, туруктуу программа жок. Болбосо аябай жакшы мүмкүнчүлүк берилди да Сапар Исаковго. Президенттен колдоо болду. Көчөдөгү оппозиция деле шаштысын кетирип, иштетпей койгон жок. Парламент тарап колдоп берип атты. Актанайын десе шылтоо жок. Парламентке кирип ант берип чыккандан кийин… А бизде антка өтө олуттуу маани берилбейт да, туурабы? Булар ант берет, элим үчүн, жерим үчүн иштейм, ката кетирбейм деп. Бир айдан кийин уурулугу чыгат. Ушундай болуп атпайбы. Жаштар, жаштар дейбиз. Мурдагы муунга караганда, жаштардын алкымы чоңураак болот экен. Уурдагандарын карасаңар, миллиондор!

Э. Каптагаев: Өткөндө фейсбуктан окуп калдым, бирөө туура жазды. Сапар Исаков “жаштар келиш керек, кадр алмашыш керек, жашарыш керек” деген идеяны, жаштарды коом астында дискредитация кылып кетти, жаштарга болгон ишенимди талкалап кетти деп. Ушул туура ой. Негизи ал жаш эмес. Менин оюмча 30дан өткөндөн кийин эч ким жаш эмес. «Мастыгы болбосо, жаштыгы калган жок» дешет. Кыргызда жакшы сөз бар, «отузунда орок орбогон, кыркка чыкканда кылыч чаппайт». Кеп жаштыгында эмес, кеп тажрыйбада. Атамбаев менин кадрым, менин окуучум, мен тарбиялаган бала деп жүрөт Сапар Исаковду. Мүмкүн, тарбиялады, өзүнүн кадры. Бирок ошончолук тарбиялайм десе, мына 6 жыл президент болуп отурганда ошонун 5 жылын жанында бөлүм башчы кылып алып отурбаш керек эле. 1-2 жылдан кийин өз алдынча айдаш керек болчу, ит өлгөн аймактарга жибериш керек болчу. Мисалы, Нарынга губернатор болуп иште. Элдин арасынан чайналып, кайнап чыгыш керек деп. Бул ак үйдөн чыкпай, 6-7-кабатта жүрүп караган менен, коомду, коом ичиндеги процесске байкоо салган — эки башка көрүнүш. Мен өз тажрыйбаман билем. Мен биринчи эле ак үйгө келип өкмөткө иштегенде, бөлүм башчы анан өкмөт башчынын кеңешчиси болуп иштедим, ошондон жүрүп отуруп, Ысык-Көлгө биринчи орун басар, анан Жети-Өгүзгө аким болдум. Акимдин көз карашы менен болуп жаткан саясатты, чечимдерди караган менен ак үйдө премьер-министрдин кеңешчиси болуп караган эки башка да. Ошону көрүп, тажрыйба чогултуп келиш керек болчу. Сапар балким билимдүүдүр, кандайдыр бир артыкчылыктары бардыр. Атамбаев айтып атпайбы, жөн койсоңор үйрөнөт деп. Өкмөт башынын орду окуп үйрөнчү жер эмес. Бул атайын квалификацияны жогорулатуучу курс эмес. Өкмөт башчылыгына бардык жагынан такшалган, даярдалган киши отурушу керек. 25теги жигит даярбы? Болсун премьер. 26 жашында Жусуп Абдрахманов өкмөт башы болгон. 30унда даяр болсо, 30унда келсин. 40ында, 60, 70инде даярбы, аны деле коюш керек. Эң башкысы, ошол учурдагы талапка жооп берген, мамлекет жана эл алдында турган, коомдогу маселелердин көзүн таап, чече алган киши болуш керек. А бүгүн булардын эң башкы шору – тажрыйбасы жогунда. Балким тилектери жакшы, ойлору жакшы. Кечээ беш камера менен планшетке жамынып алып, мына иштеп атам деп атпайбы. Макул, “Акылдуу шаар” дегени жакшы долбоор. Мунун ишке киришине, мындан аркы жүрүшүнө өкмөт башынын тиешеси жок. Аны адистер жасайт. Өкмөт башы видеокамераларды коюп аткан жок да. Адистер коёт. Эң башкысы, идея болду, жасала баштады. Келечеги бар иш жасалып кетет. Саясаттагы талуу жер бүгүнкү күнү – өкмөт. Өкмөт ишке реалдуу киришпесе, анда иш оңолбойт. 40 кадам деген айтылып атат, бирок журналисттер сурасаңар, 40 кадам деген даяр документ жок. Сөз бар, бекиген концепция жок, черновик эле.

Ж. Асанбек: Аны Каныбек Иманалиев эч ким укпасын, уят болот дебеди беле парламентте.

Э. Каптагаев: Мына деп алып чыкканын мен окуп чыктым. Чийки, кам. Талдап көрсөң муну жазган кишилер же мурда мамлекеттик башкарууга тиешеси болуп, кайра четтеп калган, же мамлекеттик башкарууну түшүнбөгөн кишилер жазган. Бүгүнкү күндүн реалдуулугунан, бүгүнкү күндө болуп аткан процесстерден четте турган адамдар жазган. Эми азыр 4-5 айдан бери оңдоп атышат, балким бир нерсе жазышкандыр. Бүгүнкү күндө реалдуу, колго кармай турган 40 кадам деген документ жок. Мына жакында Атамбаев Президент Жээнбековду берилген стратегияны бузгусу келип атат деп күнөөлөбөдүбү. А 20, 40 деген стратегия берилген эмес. Күзүндөгү Улуттук кеңеште эске алынсын, иштеп чыгып, январь-февралда талкууга кайра алып чыксын деп чечилген. Кадр саясаты деп, туура маселе көтөрүлүп атат. Аткаруучу адамдарды талдаганда партия, тиги анан бу деп чоюп анан ушу боло берет деп койбой, компромисстик, ылалашуу жолу менен күчтүү-күчтүү, ар бири өз отурган  ордунда камчы салдырбай тартып кетер кадрларды коюп, ушул өткөөл мезгилден өтүшүбүз керек, астыга жылыш керек.

А. Шыкмаматов: Бул жерде парламенттин да ролу бар жана парламенттин да кесепети тийип атат кадр саясатына. Өкмөт мүчөсү болуп 4 жыл иштедим. Мыктыбек Абдылдаев, Феликс Кулов, Текебаев, Курманбек Осмонов, Курмантай Абдиев – булар мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн адамдар. Ушулар бир да жолу кадр саясатына кийлигишкен эмес. Бир нерсени айтса да, абдан кылдат, аярлап айтчу. А берки дароо келип отуруп калгандар, карасаң Кудайдан жөө качкан немелер.

Коалицияны курап, премьер-министрди бекиткенден кийин, коалицияга кирген ар бир фракция сунуш бериши – бул дүйнөлүк эреже. Бирок мунуң жарабайт, мен муну менен иштешпейм деп койгонго укукту премьерге бериш керек. Бул айтты, болуш керек деген туура эмес. Ошондой чекилик бар. Саясый маданиятты өнүктүрүш керек. Аны мыйзамга жаза албайсың, мындай болбойт деп. Бул кандайдыр бир салт болуп өнүгүшү кажет. Мисалы Куловго, Текебаевге эч ким айткан эмес да.

Э. Каптагаев: 90-жылдары Германияда болдук. Мамлекеттик реформа, мамлекеттик түзүмдөр боюнча 15 күн окуу туру болду. Кыдыртып окутуп, ар бир министрлик менен тааныштырган. Ошондо өкмөт түзүмүн бизге тааныштырып атат да, карасак, социалдык тармакта үч министрлик бар экен. Үчөө окшош бири-бирине. Анан мен суроо бердим, силер бизди үйрөтүп атасыңар, мамлекеттик түзүм, мамлекеттик башкаруу дегенди айтып атасыңар, а мобу үчөөнү бир эле министрлик кылып бириктирип койсоңор болот да десем, күлүп жиберди. Анан айтты, бизде бул өкмөт коалиция боюнча түзүлөт. Көпчүлүктү алган жетектөөчү партияныкы 40 орун, Финансы министрлиги, Коргоо министрлиги, ИИМ ж. б. дейт. Булар башкы партияныкы, эч ким аны талашпайт да экен. Добуш жетпей кошуп алган фракцияларга орун жетпей калат, анан айла жок ушинтип бөлүп анан орун бергенге туура келет. Коалициялык өкмөттүн бир мүчүлүш жери ушул дегенди айткан. Биз деле ушундан өтөбүз. Коалициялык башкаруу болгон жерде мындай компромисттик, ылалашып кеткен жерлер көп эле. Мисалдар деле көп.

А. Шыкмаматов: Андай орунга да татыктуусун табуу керек.

Э. Каптагаев: Алар деле фракциясын уятка калтырбай, жакшысын коёт да. А бизде фракция жетекчиси акча карыз, шайлоого акча берген, шайлоодо колдогон, «списокто» турат деген белгилер менен кетип атпайбы. Жана сен айткан саясый маданият болсо, биринчи даражада эмне каралат? Ошол ишти тарта алабы? Партияны уят кылбайбы? Мына ушундай нерселер туруш керек. Карыздан кутулалы, мынакей бердик сага деген эмес.

А. Шыкмаматов: Ушуга кыстырма. Улан Эгизбаев Айыл чарба министринен сурап атпайбы, ЕврАзЭСтин алкагында иштеп атасыздар, айыл чарба продукциясы чыгып атабы, кайсы мамлекетке чыгып атат десе, Өзбекстанга картошканы сатып атабыз дебедиби. (Баары күлүштү) ЕврАзЭСке Өзбекстан кирбейт да. Ошол сыяктуу “косяктар” көп болуп атпайбы.

Ж. Асанбек: Эми ушуну оң жолго кантип салууга болот?

А. Шыкмаматов: Үмүт үзбөй эле аракет кыла берсек, болот.

Н. Айып: Кадр саясатында эң негизгиси кадрды туура тандап, экинчиден, ага чоң бир акылмандуулуктун деле кереги жок, президент же жетекчи бир эле талапты коюш керек, силер мыйзам боюнча, принциптер боюнча иштегиле, андан эч жакка чыкпагыла, мыйзамды кичине эле бузсаң, жумуштан алынасың деп. Ошондо мурдагынын бардыгы оңолот. Өздөрү тайып кетпейби, маселе ошондо, элдин маанайына жараша мурдагыларды алып салып, кайра эле башка ошондойлорду алып келип алышса, түсү эле башка болуп калат да, мисалы, мурда жашыл болсо, азыр сары болгонсуп.

О. Шакир: Президенттин саясатын азыр элдин көбү кубаттап колдоп турган кези, эми ушул жакшы маанайдагы жалпы атмосфераны өлкө башчыбыз кантип кармап калса болот? Эгерде президент жакын арада сиздерге окшогон акыл чөйчөгү толук, сынчыл көзкарашта ой жүгүрткөн чөйрө менен жолугушуп, тегерегиндеги вазирлеринин сөзүн уккандан көрө, жарандык коомдун пикири менен эсептешсе кандай болор эле?

Н. Айып: Жакшы болбойбу антсе…

О. Шакир: Буга мисал, Ататүрктүн тарыхын билесиздер, ал интеллигенция өкүлдөрү менен дайыма кечки тамакка бирге чогулуп (биздин президент антип кечки тамак уюштурбай эле койсун), өзү аскер адамы – полковник болгондуктан саясый-дипломатиялык, экономикалык мамиледе, кантип Европага чыгабыз, кантип деңиз каттамы менен соода жүргүзөбүз деген суроолордо акыл-кеңештерди ошол интеллигенция өкүлдөрүнөн уккан үчүн кандай жетишкендиктер болду Турцияда? Диний реформаны жасады, тилди өнүктүрдү. Ошо сыяктуу иш кылса, президент мындан да көп колдоо табат беле дейм.

Н. Айып: Андай жолугушуулар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Атамбаев акыркы кездерде эч ким менен жолукпай койбодубу. Сүйлөгөндө да эч ким жооп кайтара албаган абалда сүйлөчү, жалгыз чыгып алып, эч кимге микрофон бербеди. Мисалы, элчилер турат, алар эч нерсе деп айта албайт да, статусу боюнча. Же аянтка чыгып алат, баягы 31-августта Отунбаева басып кеткендегидей… Эч ким каяша кыла албагандай абалда сүйлөйт. Алдын ала ошондой абалды, ошондой шартты түзүп койчу, менден башка эч ким сүйлөй албайт дегендей. Ошондо Отунбаева туруп кеткенде, катарда отурган адамдардан, жок дегенде бир-эки адам кошо чыкса кандай болот эле, коомдук пикир алда-канча болмок. Отунбаева жалгыз кетти. Бирок канча адам аны менен макул болуп, бирок эч ким башын көтөрө алган жок. Туруп кошо чыгып кете албады, коомубуз ушундай да…

Э. Каптагаев: Ушуга кошумча. Тарыхта 6 жыл президент болуп отуруп, Жогорку Кеңеште бир да жолу сүйлөбөгөн, элге кайрылуу айтпаган биринчи президент – бул Атамбаев. Мамлекеттеги саясаттын багытын, учурдагы абал, кырдаал, жасалып аткан иштерди президенттер Жогорку Кеңеште, жок дегенде жылына бир жолу элге кайрылып айтып туруш керек. Бир да жолу сүйлөгөн жок. Мамлекетти башкарууда кандай концептуалдык көз карашы бар экени эч качан айтылган жок. Журналисттерди чогултуп алып эле ар кайсыны сүйлөп коё берчү болбоду беле.

Ж. Асанбек: Ушул жерде Нарын агай сиз, Алмамбет агай сиз, Эмил Саламатович, Жанар мырза тайманбай бийликти сындап турдуңуздар. Текебаевди, Чотоновду камап, силерге кылмыш ишин козгоп, аябай куугунтук жүргүзүп жатканда да жалтанган жоксуңар. Эл ыраазы болуп атты силерге. Силер ошондой кайратты кайдан алып аттыңар?

А. Шыкмаматов: Дүйшөн Чотоновду Өмүрбек Чиркешовичке көрсөтмө бер деп, катуу кысым кылышты, аябай кыйнашты. Мен дагы тергөөчүнүн кабинетинен сегиз саат сурактан чыгам, анан Дүйшөнгө киргизип койгулачы деп жалдырасам кийирбей коюшту. Бир күнү Дүйшөндүн улуу кызы атасына кат жазып берди, «Ата, биз сиз менен сыймыктанабыз, ал-бул» деп, ошол сөздөр Дүйшөнгө дем берип, күч-кубатка толду. Дүйшөн моралдык, психологиялык жактан аябай кысым көрдү. Анан ойлодум, мен деле камалам го деп, өзүмдү моралдык жактан даярдай баштадым. Интернеттен докторлордун жаза аткарууда соттолгондордун жүрүш-турушу, адаптациясы кандай болот, канча айда адам өзүнө келет деген көп темаларды окудум. Адам канында көңүлдү көтөрүп турган демофин болот экен, адам чөккөндө кортизол күчөп кетип, акылына доо кетип, баңгичил болуп кеткен учурлар ошондон экен. Келинчегим да, сынба, чөкпө деп колдоп атты. Сен өзүң эң жаман нерсеге даяр болбосоң, аягына чейин бара албайсың. Даяр эмес болсоң мактай башта же унчукпай отуруп ал. Бул өтө кыйын нерсе. Мына Эмил Саламатовичти Бакиевдердин тушунда тоо жакка алып барып сабашкан. Кайра аэропортко алып барып, көзүн таңып, пистолет такашкан, өлтүрөбүз деп. Мына ушундай кысымдардан өткөн киши. Аны билишкендиктен, андан пайда жок дешти да.

Э. Каптагаев: Бир бала чүкө ойнойт, чүкөсүн уттурат. Анан бир күнү кетип баратса үйдөн каякка барасың дейт, чүкө ойнойм дейт бала. Атасы чүкө ойноп эмне кыласың, уттурасың баары бир десе, баласы айтат дейт, силер ушинтип отурсаңар, силер ишенбесеңер мен анан кантип утам деп. Ошо сыяктуу, эң биринчи жакындарың, үйдөгүлөр колдош керек. Эгерде үйдөгүлөр кошо эмне кыласың, үйдө эле отура бербейсиңби десе, анда эч ким дух берип, кармай албайт. Үйдөгүлөрдүн, жакындарыңдын колдоосу – бул биринчи шарт. Экинчи шарт – өзүңдүн ички ишенимиң, анан эл ичиндеги аз-маз жөлөк кылган адамдар. Өзүң караган, караан кылган кишилер бар да, ошолордун колдоосу. Ошолор сенин жасап аткан ишиңди туура дегенин уксаң, ого бетер дем-күч аласың. Башаты – жаныңдагы кишилер: аялың, балдарың. Эгер алар чырылдап коркуп, болду кокуй өлдүк, болду отур деп турса, анда эч нерсе кыла албайсың.

Ж. Асанбек: Жанар мырза менен Сооронбай Жээнбеков бир нерседе окшоп кетип атышат. Экөө тең Атамбаевдин ишеничин актабай, акыйкаттан айныбай коюшту да. Жанар мырза, сизди кандайдыр бир Кадыралиевдерге байланыштырып жүрүштү эле, камап салса эмне кылам деп корккон жоксузбу?

Ж. Акаев: Андай эч нерсе деле ойлогон жокмун чынында. Аларга рахмат, менин кадырымды көтөрүп беришти. Канжар Кадыралиевдер мени жамандаса, эл мага болушабы же аларга болушабы? Ошон үчүн булардын ар бир ойлонгон жоругу өздөрүнө каршы иштей турган жоруктар. Фарид Ниязовго кирип эле рахмат дедим. Эмнеге дейт, мени баатыр кылып атасыңар дедим. Фракциядан чыгарып бир баатыр кылдыңар эле, эми Канжарга каршы чыгарып баатыр кылып атасыңар, мындайды мен атайлап, акча берип жасай албайт элем дедим. Бирок айттым, факт бар, видео бар деп атышпайбы, макул дедим, мени камайм деген ниетиңер болсо, учурашып эле койгон болсом даярмын дедим. Ушуну менен кысым кылабыз дешти да, мен ага маани берип, олуттуу деле ойлонгон жокмун.

Ж. Асанбек: Нарын байке, сиз кайратты кайдан алып аттыңыз?

Н. Айып: Коомдук пикирден колдоо көрүп аттык. Экинчиден эч бир саясатчылар менен жолукчу эмесмин. Анан мына, Олжобай сыяктуу жигиттер, “Кереге” деген фонд, Искендер Ормон уулу, Эмил Үмөталиев колдоп, “Улут абийири” деген сыйлыкты бергенден кийин артка кантип кайтасың? Ушулар чоң колдоо болду.

Баарлашууну жазып алган Жетиген АСАНБЕК

Редакциядан: «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты коомдогу олуттуу темалар туурасында ай сайын интеллектуалдардын кеңири баарлашуусуна жагымдуу шарт түзүп бергендиги үчүн «Сармерден» ресторанынын администрациясына терең ыраазычылык билдирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *