АҢГЕМЕ

Кече адаттагыдай эле жумага жөнөгөм. Маршрутканын алдынкы ооруну гана бош экен, артыраакта отурган ыңгайлуу да, бу алды, кирди-чыктыга уруна берген оорун, эми аргасыз отурушка туура келет деп, алдыда кетип бараттым. Баса, паспотруму унутуп калыпмын деп, айыл этегинен шоопурду кайрып, кайра үйгө келип кеттим. Шоопур тааныштарына:

— Аа ушу паланча жерге эми жеттим, Жаркынбай ака паспортун унутуп калып, кайра айылга кирип-чыктым,- деп телефондо бакылдап кетип баратты.

Ошентип алтыда жөнөгөн маршрут, кыйла жер жарыганда кетип баратты. Бир уктасам болот эле деп ойлонуп же телефондон ФБны чукуласамбы дейм.

Бир маалда, маршрутка бир айылдан өтүп, ээн эле жерге токтоп, шоопур айнектен башын чыгарып артты карап калды. Бу эмне болду, бир нерсе көрдүбү деп ойлонгончо:

— Бол ээ тез, шашылышмын,- деп шоопур бирөөгө сүйлөдү.

Көрсө, артынан жете келген жеңил машина бирөөнү салганы токтоткон экен. Эшик ачылып эле кара тору, арык чырай, бирок үйүндөгү кийимдери менен бир пакана бойлуу келин маршруткага чыкты, артта отурмак тургай турганга оорун жогунан, менин тушума туруп калды. Бу эмне жасанбай чыккан деп абдан карадым. Үйгө кийген кемзир, жөнөкөй көйнөк, бутунда мааси, бирок бозоргон үйгө сүйрөгөн калаш эле. Өңүнө карадым. Эриндери титиреп, өпкөсү көөп, көздөрү жашка толуп турганын байкадым. Жумушка бышып бүткөн арык колдору титирейт бечаранын. Бир нерсе болгон экен деп койдум.

Аңгыча:

— Кимде билайн бар, атама звонок кылып алайынчы?!- деп ыйламсырап, үнү титиреп, бизге кайрылды.

Жакын турган келин телефонун бере койду. Титиреген арык манжалары менен телефондон сандарды терип, звонок таштады. Мага аябай жакын турганынан, терген номурунан бери көрүп турдум. Звонок кете баштаганда:

— Айтпаган сөзү калбады,- деп көздөрүнөн жаш агып, илаптари титиреп, өпкөсү көөп, кичине ыйлап алды. Маршрут ичи болбогондо бакырып-өкүрүп ыйлайт беле, ким билет.

Аңгыча телефондү атасы алды окшойт:

— Ата! Мен кетип баратам, акам жолго чыгып күтүп…- дегенде телефондон байланыш үзүлдү…

— Бу жерден телефон тартбайт,- деп койдум.

Себеби, телефон тартпаган аймакка жетип калган элек. Анан жанагы келин телфонду ээсине кайрып берип, көз жашын буурчак-буурчак кылып, тике турган боюнча жанымда кетип баратты. Туруп оорун берейин десем, баары бир менден места талашып отурмак эмес. Көңүл жубатарлык сөз айтайын десем, тааныш эмесмин. Эмне кыларымды билбей кетип бараттым. Кайсы жерден телефон тартарын, кайсы жерден тарпаарын билем да, эмки таркан жерде сүйлөшсүн деп телефонуму сумкаман алып даярдап баштадым. Байланыш антенасы чыкканда, келинге телефонуму сундум. Мени жалт карап, титиреген колдору менен телефонуму алды да, кайрадан баягы номерди терди.

— Алоо, — ыйлаганча айтты, — Алоо, мени күтүп алгыла, жолго чыгып турсунчу акам, баягы киши 100 эле сом берип койду, 20 сом ала чыксынчы, жол киреге жетпейт?- деп өчүрдү.

Күйөөсүнө таарынган бечара, 20 сом жетпей калса шоопурдан сөз угамбы деген намысы мени таң калтырды. Келин акырын сүлкүлдөп ыйлап баратты…

Мага бүт аалам ыйлап жаткандай туюлду. Ушунча ыйды бу аалам кантип көтөрүп жатат, Кудайым баарыбыздын кайгы-капабызды, кубанычыбызды кантип көтөрүп турат деп ойлондум. Көзүмө жаш толуп чыкты, кийинки кезде мен да жашык болуп баратам негедир…

Анан төш чөнтөгүмдөн акча салган кошелогумду алып чыктым да, акчаларымдан кайсынысын берсем экен деп ойлондум. Жыйырма сомдуктан жүрүптүр, бирок жыйырма сом берип, жаш баланы алдагансыбай түзүк эле берейин деп, 200 сомдукту сууруп чыгып келинге бердим.

— Жок-жок, кереги жок! — колумду колу менен кагып, албай койду.

— Ал-ал, акчанын кереги бар?- деп кайра сунсам, анан алды. Колундагы жүз сомго кошуп ороп колуна уучтап алды. Жүзүн караштан тартындым. Ыйлап жатабы же токтодубу биле албай, заманам кууруп кетип бараттым. Бир маалда, туруп-туруп буттары талыдыбы, же кайгыра берип мууну калбадыбы, маршруттун ортосуна эле жерге отуруп, чөгөлөп отуруп уктаганга аракет кыла баштады. Аңгыча бир айылга жете барып, маршруттан бир топ адам түшүп калды. Келин бечара артымдагы оорунга жайгашып отурду.

Мен ойлонуп эле бараттым. Турмуштун ушундай жаман-жакшы күндөрү болот тура деп ойлондум. Ушундай жаш келинчектер бактылуу болсо не… Бир күнү балким Кудайым бу келинди да бактылуу кылар, жаркырап чыгар деп бараттым. Анан акырын бурулуп карасам, баягы келин бир жагына кыйшайып уйкуга кетиптир…

Ошентип баратып жанагы келин айткан айылга жетип бардык. Шоопур токтотуп, жанагы келин маршруттан түшүп калды. Ким күтүп чыкты экен деп айнектен эки жакты карадым. Бир маалда ошол эле келиндин копиясы, дагы бир арык келин басып келип, ойлуу, таң калган, боор ачыган көздөрү менен эжесине учурашты… Эже-сиңдиңин учурашканын карап көзүмдөн жаш тегеренди… Алсыз басып келишкендери, алсыз көз караштар…

А биз болсо Ошко карай кетип калдык…

Мени урушпагыла, кичине акча берип мактанды деп, мен мындай азыраак акчаны берип деле жүрөм, кээде досторумдан алып деле жүрөм. Албетте, алар жол кире кылып кетиң деп сый катары беришет. Мен бай деле эмесмин, болгону ошо келиндин көңүлүн кичине болсо да көтөрөйүн дедим. Башка эч нерсе колумдан келбейт эле…

Кээде 200 сом эч нерсе чече албайт, кээде 200 сом да колдо жок болуп калат… Жума күнү бирөөгө жакшылык кылгандын сообу өтө чоң делинген, балким жума намазым кабыл болор. Мага окшогон күнөөкөр пендесин Аллахым кечирер. Балким, бу жазганым менен кимдир бирөөлөр, бирөөгө жакшылык кылуусуна себепкер болормун, иши кылып мактанган жокмун. Бурия деп чыкбагыла диндеш чала сабат достор? Жакшылыкты кээде жашырып, кээде ачык берген, айткан деле жакшы. Мен эмне кылсам өзүм билем…

Раматылык аялым жанымда болгондо:

— Дегеле аялга жакынсың да, сразу 200 сом бере салат, — деп урушмак деп ойлонуп койдум…

Вот и всё…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.