Чили акыны Габриэла Мистраль 1889-жылы төрөлүп, 1957-жылы көз жумган. 1914-жылы ошол кезде аты-жөнү эч кимге белгисиз болуп, кичинекей Лос Андес шаарында мектепте мугалим болуп иштеген Габриэла Мистраль борбор шаардагы “Гүл оюндары” аталган адабий сынакка “Өлүм сонеттери” деген чыгармаларын жиберет. Башында атактуу Чили акыны Манэль Магаляненос Моуре турган абройлуу конкурстун калыстар тобу (сынакка төрт жүздөн ашуун чыгарма келип түшкөн) Габриэлага башбайгени ыйгарып, ага орхидея гүлүн, алтын медаль жана лавр гүлчамбары менен диплом берилет.

Сыйлык тапшыруу аземинде белгисиз бойдон калууну чечкен Габриэла калыстар тобунун мүчөсүнө ырларынан окуп берүүнү тапшырып, аны залда олтуруп угат. Бул кайгылуу сонеттер (алар кийин латынамерикалык поэзиядагы тандалма чыгармалардан болуп калган) жаш акынга эң абройлуу саналган адабий журналдардын эшигин ачып, ага укмуштуудай атак-даңк алып келген.

Чили акыны, агартуучу, дипломат, аялдардын укугу үчүн күрөшүүчү, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты. Пабло Неруда, Висенте Уидобро жана Пабло де Рока менен бир катарда Габриэла Мистралдын ысымы да чили поэзиясынын Чоң төртилтигине кирген.

БАЛЛАДА
Башка менен басып өттү,
мени көрбөйт окшоду.
Жымжырт, ээн жолуң дагы,
шамал жүрбөй токтоду.
Өттү ал болсо башка менен,
мени көрбөйт окшоду!

Башка жанды сүйөт аным,
жер толтура гүл чыгып.
Наристе ырлар тыптынч өлөт,
көкүрөктө тумчугуп.
Башка жанды сүйөт аным,
жер толтура гүл чыгып!

Ал башканы кучактады,
эркеледи толкундар.
Толкун үстү жылгаяк тээп,
ай апакай кулпунган.
Мени ыргытат ал деңиздин,
тереңдиги булкунган!

Башка менен ачам дейби,
түбөлүктү, түпсүздү.
Асман дагы жымжырт болор,
(кудай сүйөт үнсүздү)
Башка менен ачсам дейт ко,
түбөлүктүү түпсүздү!

БЕШИК ЫРЫ
Алдейлейт деңиз толкунун,
Укмуштуу сонун үн менен.
Деңиздин тыңшап үндөрүн,
Баламды мен да терметем.

Дубана-шамал буудайды,
Түн бою ыргап терметет.
Мен сүйгөн тыңшап шамалды,
Баламды мен да терметем.

Алдейлейт Кудай дүйнөнүн,
Атадай тиктеп бешигин.

Колунан түшөт көлөкө,
Баламды мен да терметтим.
Кайрадан аны көрүү
Мындан ары эч качан, жылдыз толгон
түндөрү, таң сүргөндө кызарып,
кечки иңирде чарчаган илеп менен муңайым?

Чыйыр жолдо, токойдо, талааларда чалкыган,
ай жарыгы балык жон,
жээгинде булактын агып жаткан шылдырап?

Токойлордо өрүмү чачылышкан иретсиз,
ошол кымбат жерлерде сени күткөн, чакырган;
үңкүрлөрдө жаңырык мага жообум кайтарган?

О, жок! Кайдан болсо да жолугушум керек мен,
булуңунда асмандын, чагылгандар чартылдап,
жарыгында бул айдын, тунмасында көз жаштын!

Жазда-кышта бир болуп, болсун колдор
абадай жеңил жана напназик
моюнуңа чыңалып алты айланып оролгон!

КРЕДО
Жүрөгүмө ишенем, жыты аңкыган бул бутак,
кудай ага дем салып, көлөкөсүн эш кылат,
cүйүү илебин толтурат жашоо ага, ошентип
күндөр дагы кулпурат.

Жүрөгүмө сыйынам, сурабаган эчтемке,
кыялдануу бул демек жетип баруу асманга,
кучагына батырат ай-ааламдын баарысын,
кыялкеч бул асманда.

Жүрөгүмө ишенем, тереңине өзүнүн,
жарааттарын жашырат, ырга айлантып кайрыгын
ал ымыркай сыяктуу ыйык сууга киринген,
чыгат андан сезүү үчүн нур илебин бакыттын.

Жүрөгүмө ишенем, үлбүрөгөн дирилдек, —
деңиздерди толкуткан күчтүн Өзү ырдатып
жашайт демек байыркы обон менен жаратып,
толкундардын бузулбас күчтүү, албуут ыргагын.

Жүрөгүмө ишенем, ырайым билбес кол менен,
тамчылатам болмуштун сүрөт түшөр бетине,
айлансын деп мен аны кан түсүнө боёлгон
оттуу жалын кийимге.

Жүрөгүмө ишенем, махабаттын үрөнү,
уч-кыйырсыз аңызга үрөн болуп жайнаган.
жүрөгүмө ишенем: дайым ташып турса да,
бош болуп эч калбаган.

Жүрөгүмө ишенем, жукарта албас көп кайрап,
ач көз куртуң, коркпос ал ошол жексур өлүмдөн.
жүрөгүмө ишенем, жашырбаган эч нерсе,
жүрөгүмө, Кудайдын төшүнө баш жөлөгөн…

ЧОҢОЙБОСУН
Чоңойбосун уулум эми,
чоңойбосун дембе-дем,
көкүрөгүм сүтүн эмди,
чоңойсун деп антпегем!

Эмен эмес балакай,
дарагы эмес сейбанын,
теректериң, чөптөрүң
жана башка көктөрүң
өсө берсин, бир гана
менин балам өспөсүн.

Анда баары бар чыгар,
карек, күлкү, каштары
баары бардай, ашыкча,
дагы өсүп бой тартканы.

Эгер өсө баштаса,
баары аны байкашар,
эркелетип аялдар
уулума чап жабышар.

Көчөдө көп уландар,
шылкылдашып басышкан,
уулум аны көрбөсүн,
жакын түгүл алыстан.

Беш жаз көрдү наристем,
көбүнүн жок кереги,
сен карачы уулумдун
бийлегенин береги!

Майрамдарды манжада,
кыйын эмес санаган, —
Пасха жана билгени –
пайгамбардын майрамы.

Кокуйлаба, эссиздер!
түшүнгүлө, аялдар,
жаралганы дүйнөгө,
күн жана да таштарың,
өспөйт экен, себеби
түбөлүктүү аларың.

Бутактагы жемиштер,
койлоруң бул жайнаган.
Өсөт экен ар качан,
өлүш үчүн кайрадан.

Жаратканым, суранам:
сакта өлүмдөн уулумду.
Капшабынан тагдырдын
суранарым сен аны
ушул бойдон калтыргын!

БУЛУТТАРГА
Үлбүрөгөн булуттар,
жеңил учкан асманда,
жан дүйнөмдү көгүлжүм,
алып кетчи асманга,
алып мени кеткиле,
үйдөн тарткан кайгы-муң,
жакындаткан өлүмгө,
дубалдардан кайгылуу.

Балким барам деңизге,
угуш үчүн жанынан,
силер менен ыр ырдап
шарпылдагын деңиздин
ырымда атап сиңди деп,
толкундарды шыбыргак.

Колдору гүл чеберлер,
жасап мага бергиле,
чырайды ошол мезгилиң,
отко кактап эриткен.
ансыз жүрөк улгайар,
ойгоо, уктаган кезинде.

Аалам кезген булуттар,
тагдырымда калтыргын,
нымдуу майин абасын,
изин салкын деңиздин.
өткөн күндөр чаңкоосу,
кургатты го эринди!

ШҮҮДҮРҮМ
Болгон экен роза гүл,
Шүүдүрүмдү жамынган.
Ал сыяктуу жүрөктө,
Уулум дайым жанымда.

Жашынсын деп шүүдүрүм,
роза турат ийилип,
шамал төгөр деп дайым,
калкалайбы бүлүнүп.

Келет, келет шүүдүрүм,
өзөгүнөн дүйнөнүн,
сүйүү болсо жаратат,
анын назик илебин.

Бакыттын бул күчүнөн,
роза сырдуу каттыбы?
розалардын ичинен
жоктур андан бактылуу.

Болгон экен бир роза,
шүүдүрүмдү катынган.
ал сыяктуу уулум да
бүткөн ысык канымдан…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.