О ЖАРЫКТЫК ЖЕРГЕ ЧАЧЫП ЖАЗ КУТУН

…Чаң,

Чаң чыгарып

чар тарапка

Тай кулун!..

Таң атканда

Тулпар салат ай нурун,

Нурдан ууртап

Шумкар сызат ак кушум!

О,   жарыктык!

Жерге чачып жаз кутун,

Уртап,

Жуттум

Жаз өмүрдүн май,   тузун!

 

Толкуп,

Ташып

Көл бийлетип аккуусун…

Желбиретип жетигенге ак туусун,

Ой,   карачы табиятка адамзат!

Ыр

ырдашып тал-теректер ал турсун.

Ала-Тоомдун этегинен

Бал суздум…

Балкып барып,

Балкып барып бир жуттум!

 

Пир тутум!

Мен өмүрдү,

Өмүр мени учурсун…

Тагып берсин

Таажы кылып шурусун!

Алып келсин

Аппак жерин булуттун,

Ай,   чиркин-ай!

Өмүр өзүң улуксуң!

Кыял берип

Кыялымда сулуусуң.

Жанга жарык

Жакутум о,   өмүрүм!

Өзүң менен

Өзгөчө мен тунукмун…

23.03.18

 

ӨП АСМАНДЫ

…Өп Асманды

Көк асманды өпкүлө!..

Төк жамгырым,

Жер тазартып өткүлө.

Дүбүрт салып тирүүлүктүн туягы,

Кара жерди чыгарчудай көркүнө.

 

Көрк кошулуп,

Деңиз туйлайт өзүнчө.

Ала-Тоонун ак чокусу көзүнчө,

Ак тулпарым,

Көк шумкарым өмүрдө!

Бирдей сызып,

Бирдей учуп көргүлө.

 

Көр тирликтин көмүлбөйлү өртүнө,

Көл дайрадай дайымкыдай мөлтүрө.

Гүл өстүрөм жүрөгүмдүн төрүнө,

Бал,  каймактап өмүр сүтү төгүлсө.

Чыгып кетсин асман дагы көркүнө,

 

Өп Асманды

Көк асманды өпкүлө!..

 

*  *  *

…Мен,

Мен – мейкиндик,

Мен – чексиздик!..

Суудай тунук,

Күндөй жарык, жылуумун!

Асман,

Жермин –

«Периштемин» сулуумун!

Аппак кармын,

Көпкөк көлмүн тунукмун!

Көздү ачсам,

Көздү жумсам –

Аруу таңдын нурумун…

Нур дүйнөмө кош келдиң!..

Эй, өмүрүм улугум!

Мен сен үчүн кулпурдум…

 

…Кулпурдум и-и-ий!

Бийиктерге умтулдум.

Улуу Кыргыз,

Улуу Казак журтумдун!..

Шумкарын да тулпарын да

учурдум,

Казак – оң кол,

Кыргыз – сол кол,

Мен экөөнүн кутумун.

Кундузумун,

Жылдызымын,

Туусумун!..

— Ооба,   ырас!

Эрке кызы тунумун,

Ушул эки элимдей мен улукмун!

Атка элдин үмүтүн э-э-эй кулунум!..

 

…Мен,

Мен – мейкиндик,

Мен – чексиздик!..

Кээде кармын,

Кара жердин музумун.

Тирүүлүктүн тузумун,

Туйлап барат,

Ташып барат,

Толкуп барат жүрөгүм!..

Мен өмүрдүн бал,  каймагын сузупмун,

Батып барат жанарыма баарысы.

Мен бактылуу адамзаттын уулумун!..

Бир КУДАЙДЫН кулумун!

 

ӨМҮРДҮ СҮЙ, КАЙМАГЫНА МАЙЛАНЫП

…Өмүр,

Өмүр!..

Туп-тунук ай жапжарык,

Тап-таза булактан —

Сүт, май агып.

Алаканга асманымдан бал тамып,

Таманыман жылдыз учат жарк жанып.

Кирпигиме периштелер жазданып,

Жалт-жалт күлөт шыбырашып каш кагып.

Жакшылык көп!..

Өмүрдү өп жаш жарык!!!

 

…Жарык бийлеп асман менен чайпалып,

Чексиздикте чимирилет ай калкып.

Кара жаным кара жерде жай балкып,

Өмүр өзү өпкүлөйт о-о-ой айланып…

 

…Өмүр,

Өмүр!..

Өрүм чачы байланып.

Өзүм калдым өмүргө хан шайланып,

Акыл,

Билим алтын баштан байкалып.

Өмүр – сулуу!..

Өмүр – улуу айталык.

Өмүрдү сүй каймагына майланып!..

 

*  *  *

…Кыт-кыт күлүп күлмүңдөп

күзүм шат-шат!..

Асман булут,

төгүлүп нөшөр

бат-бат,

Көктө куштар тизилип

учат сап-сап.

Сап-сары жердин түсү

Түгөл бак-шак…

 

…Ала-Тоонун чокусу

алтын,  аппак,

Төбөсүнөн төгүлүп булут

кат-кат.

Кирпигине муз тоңуп

Үшүп калт-калт,

Жерден айга чагылып

Чиркин жалт-жалт…

 

…Кыт-кыт күлүп,

күлмүңдөп

күзүм шат-шат!..

Асман бийлеп бийиктен

Колун жаңсап,

Жарыктыгым жазындай

жайнап жарк-жарк.

Жакшылык көп!..

Жакшылыкты изде!

Тап!

Тап!..

О,   адамзат өмүрүңдү

Өзүң барктап!

 

ЖАН ДҮЙНӨНҮН РУХУН ТАП

…Бармын,

Жокмун!..

Отмун,

Чокмун

Жанып турам лапылдап!

Мага,

Сага

Күн күлмүңдөйт жаркылдап!

Жамандыкты

Жакшылык

Жаап турсун кымтылап.

Өмүр,

Өлүм

Бири-бирин чымчылап!

Чындык!

Чындык!..

Чыгыштан чын чыңырат!

Короодо ит

Коркот,

Коркот кыңшылап!

Ит тирлик ай,

Турмуш жүрөт тызылдап…

Акча!..

Акча!..

Акыл сатат ызылдап.

Койдуң беле

Жанга тигип кызыл бак?

Убакыт – куш,

Ырдап алгын ыңылдап!..

Бүгүн кыш да,

Аяз турат чыкылдап.

Кишилерди

Жалган жарык сызгырат!..

Кулак түпкө бирөө жарым

Кыйкырат…

Тоб-о-о-о,   шумдук!

Бул неси?!

Жан дүйнөнүн рухун

Тап?..

 

ТОО ЧОКУДА

Кайнап –

Муздап,

Күйүп,   –

Бышып

Боркулдап

Жүрөк!..Жүрөк!..

Согуп,

Сокпой коркутат!..

Толкуп,

Ташып

Дене боюм солкулдап,

Сел менен сел,

Жер агызып оргушат!

О-о-о тоолор ай,

Тоолор мени тосушат!..

 

Туйлап,

Тебип

Өпкө,

Боорду койгулап!..

Токтоп,

Жүрүп

Тоодой эле толкундап.

Ай,  жаным ай!..

Жан жоголду болгун тап!!!

Жерди чапчып,

Жер түбүндө кол булгап…

 

Кайнап –

Муздап,

Күйүп,   –

Бышып

Боркулдап!..

Өмүр!..Өмүр!..

Өзү карап отурат…

О,  Жарыктык!

Чача көрбө топурак!..

Тоо чокуда отурамын

Ой чулгап…

 

*  *  *

…И-и-ий,

Үмүтүмө үкү тагып

Үлпүлдөп!..

Сүттөй деңиз

Сөз салганда гүл сүйлөп…

Кара жерим кирпик кагып

Үлгүрөп,

Көк асманым аңтарылат

Миң күндөп,

Бул өмүрүм

Сүйүү!..

Сүйүү,

Сүйү-ү-ү-лөп…

Сүй,

Өмүрдү!

Сүйүнчүлөп,

күлмүңдөп.

Э-эй,   жарыктык!

КУДУРЕТТИН куту көп!

Көк асманды,

Кара жерди

Жети ӨП!

О,  Теңир ай,

Ичим – жалын,

Тышым – өрт…

Качан келет?

Качан келет жазым көк?!

 

*  *  *

Ай-ай,

…Айланайын!

Ак Падышам,

Хан Төрөм!

Өзүң барда –

Миң төрөлүп,

миң өлөм…

Мендик сезим

Асманда буу,

Суу өзөн…

…ду-у,

Эттирип

Баштан ылдый

Гүл төгөм…

 

…Хан Султан ай,

Увазирим

Хан Төрөм!..

Көккө жетсин жүрөгүң да

Нур төбөң,

Көкөлөткөн

Махабатты о, өлөң!..

Жылдыз агат,

Нурун чачат

Сүйүүдө мас бүт көчөм…

 

…Айланайын!

Ак Падышам,

Хан Төрөм!

Өзүң үчүн

Бирде жанып,

Бир өчөм.

Мен «Периште»,

Сен «шайтансың»

Ой,   тобо!

Ой ичинде сүйүү сүзөт

Жок өлчөм…

О-о дүнүйө апак сүйүү

Сүт төгөм!

Кереметсиң өмүр чиркин,

Сен көркөм!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *