Кыргыз эл жомогу: Асыл таш

Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын ээлеп жанаша жашаган эки байдын толгон малы бар экен. Байлар бирин бири жакшы көрбөй: «Ушунун малын мен ээлеп калсам» деп, экөө тең өз ичинен ойлоп жүрдү. Арадан көп жыл өтүп, эки байдын бирөө өлдү. Анын артынан зайбы да өлдү. Алардын жалгыз уулу он эки жашка чыкканда тоголок жетим калды. Жанаша турган экинчи бай ушундан пайдаланып, жетимдин малы менен мүлкүн бүт бойдон алмак болуп, жетимге: —  Сен, балам, жарык дүйнөдө жалгыз […]

Бийлик – бул шилиден алып тургузмайын эч бири ордунан козголбогондордун жайылган дасторкону

Томас ЖЕФФЕРСОН (1743-1826), АКШнын 3-президенти Эркиндиктин тамырын өз мезгилинде патриоттор менен зулумдардын каны сугарып турууга тийиш. Бул анын табигый жерсемирткичи. * * * Эр көкүрөктөргө караганда суужүрөктөр талаш-тартыш болгон жерге мурун тыга коёт. * * * Эгер жиниң келип турса, онго чейин сана, ага болбой жаның кашайып баратса, санагыңды жүзгө жеткир. * * * Насаатыбызды сөз эмес, өз турмушубуздан көрсөткөнүбүз ийги. * * * Башкалар менин жыргалчылыгым үчүн эмес, мен башкалардын жыргалчылыгы үчүн жасаган эмгектерим менен эл эсинде калгым келет. […]

Султан ЖУМАГУЛОВ: Борбордук нерв системасынан репортаж (шедевр)

АҢГЕМЕ Катышуучулар: Борбордук нерв системасы (БНС) Жүрөк Көз Өпкө Ашказан Боор Кулак Мурун  БНС: Э-эй ашыналар, ойгонгула, таң атты. Иштер кандай, айланайындар, түндөн аман-соо чыктыңарбы? Жүрөк: Лак-лак-лак, кандай-кандай? Эми кыргыз да жаман демек белек, өлбөстүн күнүн көрүп атырбыз да. БНС: Тэ-эк, бүгүн күнгө жекшемби, эңеле оор күн экенин менден жакшы билесиңер. Ошон үчүн шалдырабай, булчуңдарды бекем жыйрып дегендей, чымырканып тургула, садагаң кетейин ашыналар! Көз, эки жакты карачы, не движениелер бар? Көз: Таңга маал гана чырм эттим эле да, ойготосуңар да турасыңар. Бу муздак суу […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Жадаткырдын жеңеси

АҢГЕМЕ – Каке, базарда уй беденин уругун сатылып жатабы? – Билбейм жеңе,  сатылып жатса керек? – Баасы кандай болду экен? – Базарга күздөн бери каттай элекмин,  билбейт экенмин. – Ошону билип бербейсиңби? – Мейли жеңе,  сураштырып көрөйүн. Аңгыча ар жакта жер сайып аткан кошуна кайниси басып келди: – Ай жеңе,  баягүнү эле өзүң уй беденин уругун алдым деп жатпадың беле? – Ооба, алгам. – Канчадан алдың эле? – Килограммын 65 сомдон алдым. – Анан эмне Какемдин мээсин жеп атасың? – […]

Дилазык: Тас киши

Илгери бир тас киши жашайт. Тастыгынан азап чегип, кышкысын башы үшүп, жайкысын күн өтүп жаман болот. Анысы аз келгенсип, тас башын чымын-чиркей чагып кете берет. Күнү-түнү жаны жай албай, аябай кыйналып кетет. Бир шыпаагердин дайынын угуп калат, чөптөрдөн көптөгөн дары-дармек жасайт экен. Тас шыпаагерге келип: — Бир нерсе кыла көрүңүз, тасыма даба таппасаңыз болбой калды, — деп жалынып-жалбарып жиберет. Көрсө, шыпаагер өзү да тас экен. Ал калпагын чечип, башын көрсөтүп, мындай дейт: — Ой, менин көргөн күнүм да курусун, бирок […]

Эмилбек КАПТАГАЕВ: Пульт (аңгеме-икая)

Дастаркон үстүндө отурабыз, адаттагыдай эле сөз өңүтү айланып-тегеренип отуруп саясатка бурулду, кеп Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдун тегерегинде. Мен: — Акаев, Бакиев, Атамбаев үчөө оп-окшош, чулусунан алганда айырма деле жок, Отунбаева гана өзгөчөлөнүп турат алардан – деп калдым. Баары мага кулак түрүп калышты. Ортодо Телтай кудам: — Бир тапан: “бирөө качып кетти, бирөө атып кетти, дагы бирөө чычып кетти”, – деп жазганын айтканы жатасыз го ээ, – деп күлүп калды. — Жок, ал окшоштук эмес, тетирисинче — айырмачылык. Биринчи окшоштук […]