Илгери бир тас киши жашайт. Тастыгынан азап чегип, кышкысын башы үшүп, жайкысын күн өтүп жаман болот. Анысы аз келгенсип, тас башын чымын-чиркей чагып кете берет. Күнү-түнү жаны жай албай, аябай кыйналып кетет. Бир шыпаагердин дайынын угуп калат, чөптөрдөн көптөгөн дары-дармек жасайт экен. Тас шыпаагерге келип:

— Бир нерсе кыла көрүңүз, тасыма даба таппасаңыз болбой калды, — деп жалынып-жалбарып жиберет. Көрсө, шыпаагер өзү да тас экен. Ал калпагын чечип, башын көрсөтүп, мындай дейт:

— Ой, менин көргөн күнүм да курусун, бирок айла жок, жашайбыз да. Тастын дабасын билсем, өзүм айыгып албайт белем, — дейт.

Көрпенделер да ушундай. Аларды төрөлүү менен карылык ойлонтот, оору менен ажал санаага батырат, көп жашагысы же атүгүл түбөлүк жашагылары келет. Алар шрамандар (думаналар), брахмандар (акыйкатка жеткендер), чебер дарыгерлер (буддалар менен бодхисаттвалар) бар экенин угуп, булар дүйнөдөгү бардык дартты айыктырат деп ойлошот. Эл аларга агылып барып: “Суранарым бирөө эле, ушул дарттан – өмүр менен өлүмдүн айлампасынан куткарып койчу, тынчтык менен кубанычта жашаган жайга жайгаштыра көр, ал жерде түбөлүккө жашайын, улам бир жандыкка айлана бербейин”, — дешет. Ага брахмандардын жообу: “Туруктуу нерсе жок, андан биз да азап чегебиз – төрөлүү, карылык, оору, өлүм – биз дагы түбөлүк жайды издеп келебиз, бирок жетпей келебиз. Эгерде биз азыр сага ошондой жер тапканга жарай алсак, анда  биринчи өзүбүз ошол жайдан жай алып, анан сөзсүз сага жардам кылмакпыз. Бул жанагыл тас кишинин азабы сыяктуу, аракети, баары бир айыга албайт.

Кичинекей бала жана чоң ташбака

Бир кичинекей бала суу жээгинде ойноп жатып, чоң ташбака кармап алат. Аны өлтүргүсү келип, бирок кантиш керектигин билбейт, чоңдордон сурайт:

— Кантип өлтүрсөм болот?

Бир киши:

— Сууга ыргытып жиберсең эле өлүп калат, — дейт.

Бала анын сөзүнө ишенип, ташбаканы сууга ыргытат. Ташбака дароо сүзүп кетип калат.

Адамдар да ушундай. Алар өздөрүнүн алты булагын (алты сезимин) коргоп калууга, ийгиликке жетишүүгө умтулат. Анан эмне кыларын билбей, ар кимден: “Дүйнө тушамынан куткарган тандырды кантип жаратса болот?” – деп сураштырат. Жалган динчил, Босюнь асманынын шайтаны (киши өлтүргөн шайтан), жамандык билимине каныгып алып: “Силер дайыма дүйнө чаңынын алты түрү жөнүндө гана ойлогула, өрт сезимиңерге, беш каалооңорго эрк бергиле. Биздин кеңешти аткарсаңар, дүйнө тушамынан сөзсүз кутуласыңар” дейт. Кемакылдар маңызын түшүнбөй, ойлонуп да койбой, алардын айткандарын аткара беришет. Денеси бузулуп, өмүрү аяктап, үч жамандыктын жолуна келишет. Алар жанагыл ташбаканы сууга ыргыткан бала сыяктуу.

Бал шире

Бир жолу бир кемчонтой бал ширесин кайнатып жаткан болот. Мейманга бир бай келип калат. Кемчонтой “Бул байга балдын ширесинен ооз тийгизбесем болбойт” дейт. Кумшекерге суудан куюп, отко коет да, шире тез муздасын деп, желдеткичи менен желпип кирет. Аны көргөн жанындагы киши:

— Отту өчүрмөйүнчө, канчалык желпибе, шире муздамак беле?! – дейт. Тегерегиндегилер шылдыңдап күлө башташат.

Бул жалган динчилге окшош. Ал көкүрөгүндөгү башаламандыктын, алабармандыктын отун өчүрбөстөн, жаштайынан аскетизмге берилгени: чычырканактын тикенегине жатып уктап, денесин  беш ыкма менен күйгүзүп, тазалануу жолундамын деп ойлойт. Бирок бардыгы бекер: ал өз максатына жете албайт, болгону акылмандардын шылдыңына калат. Ал учур чакта азаптан башы чыкпай, келечекте жаны жай албай жүрө берет.

Бир мүшөк алтын тыйын

Бир жолу бир кембагал жолдо баратып бир мүшөк алтын тыйын таап алат. Кубанычы койнуна батпай, так секирип сүйүнүп, анан тыйындарды санап кирет. Санап олтурса, жанына алтын тыйындардын ээси басып келет. Кембагал айла жок бардык тыйындарды ээсине кайтарат. Ошентип кембагал тыйындарды алып качып кетпегенине өкүнүп калат. Аябай жаман болуп, алтын тыйындар оюнан кетпей, азап чеге баштайт.

Будданын Мыйзамына туш болгондор да ушундай. Алар үч баалуулукка (Будда, анын окуусу жана кечилдердин жамааты) жетишсе да, аны пайдаланганды билишпейт. Акыры түшүнүп, мына туура жолго түшөйүн деп жатканда, өмүрү соңуна чыгып, карасанатайлыктын үч жолуна туш келишет. Алар жанагыл колундагы алтынды ээсине берип, өзү басып кеткен кембагалдай болушат.

Аялы өлгөндө

Бир келесоонун айчырайлуу аялы болот. Аялын абдан жакшы көрөт, бирок ал эси жок, этеги ачык аял болот. Бир күнү аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салат. Аял дене кумардын азгырыгынан чыгалбай, күйөөсүн таштап, ойношуна кетмей болот. Анан малайы болгон кемпирге жашыруун өтүнүч менен кайрылат:

— Бир өлгөн аялдын сөөгүн таап кел да, үйгө киргизип, менин ордума жаткызып, күйөөмө мени өлүп калды деп кой, — дейт.

Кемпир тигил күйөө сөрөй үйдө жок экенинде, үйгө бейтааныш аялдын сөөгүн алып келет да, кожоюн келгенде:

— Аялыңыз өлүп калды, — дейт.

Эркектана дароо сөөктү карап, аялы экенине ишенип калат. Ыйлап-сыктап кайгырып, сөөккө май чачып, куурай менен курчап, өрт коёт, дене күйүп бүткөндөн кийин сөөктөрүн мүшөккө салып, күнү-түнү жанынан чыгарбайт.

Канча өткөнүн ким билсин, аялы ойношунан тажап, үйүнө кайтып келет. Анан эрине:

— Мына мен – сенин аялыңмын, — дейт.

Анда күйөөсү:

— Менин аялым каза болгон. Аялыңмын деп менин башымды айлантпа! – дейт.

Аялы кайра-кайра айта берет, бирок күйөөсү такыр ишенбейт.

Жалган динчил да ушундай: ал жалган окууну угуп калып, ичинен шектенсе да, болбой эле чыныгы окуу катары кабыл алат, андан тайбай калат. Ал эми чыныгы окуу жөнүндө укканда ишинбей коет да, аны кабыл албайт.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.