Сулайман РЫСБАЕВ: Кара таштагы сыйкырдуу жазуу

ЖОМОК Кайсы өлкөдө, же кайсы элде экени белгисиз, бир канча жыл катары менен катаал болуп, эгин чыкпай, же чыкса бышпай, ачарчылык өкүм сүрүптүр. Ошол жылдары адамдардын ниети бузулуп, пейли качып, ыйман акчага алмашылат, колунан келгендер көр оокатка туйтунуп, алсыздар кор тутулат. Элде кайырчылар көбөйүп, ачкадан карылар менен балдар кырылат. Ата-энелери өз кара жандарын калкалап, балдарын чака тыйынга, жигиттер ар-намысын, кыздар абийирин сындырым нанга алмашат… Муну көрүп-билип туруп, адилет падыша элин эпке салалбайт, түз жолго баштай албайт, оор турмушту оңой албайт. […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Эхжыргал менен Өхөлдүктүн айтышы

— Эй ким айтты эле «Кыргыздын төрөлгөнү да той, өлгөнү да той, а ошол экөөнүн ортосундагысы болсо кызылдай кыйноо же трагикомедиялуу кино» деп? Кайсы бир тапанбы же эмгекчил жапанбы? Эх ким айтса да ошол Кудайдын оозунан уурдап албаган болсо экен. Болбосо… — Хе, эмне болбосо? Баягы пессимизмиңди кайра баштадыңбы? Эй ойлонсоң, бир эле киши өлүп атат, калгандар түгөл бойдон тойлоп атат. Бирөө эле төрөлсө канчалаган той бизде? — Кеп ошондо болуп атпайбы. Тиги экөө эч нерсе билбей уктап жата беришет, […]

Оморбай НАРБЕКОВ: Чыкебиз жарык дүйнөдөн армандуу болуп кетти

1-маек Генийлер асмандан түшөт. Дени Дидро – Оморбай агай, сиз ыраматылык Чыңгыз Айтматов менен ишенген жана сырдаш иниси катары узак убакыт жакын мамиледе жүрдүңүз. Эл дарылаган иш бөлмөңүзгө илинген экөөңүздүн түстүү боёк менен тартылган сүрөттү көргөндө биринчи кезекте ушул ойго түшөт. Эми бул жолу сизден өтүнүч: улуу жазуучубуздун өмүр соңундагы элге анча белгисиз турмуштук окуяларынан жана көңүл түпкүрүндө сакталган жеке байкоолоруңуздан аңгемелеп берсеңиз? – Чыкем менен 30 жылдан ашык чогуу жүрдүк. Кийинки окуяларынан айтсам, Европадан келсе, тосуп алып, кетсе, жөнөтүп […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Он

АҢГЕМЕ Ал он сом таап алды… Эртең менен дүкөнгө барган. Кире бериште кызыл акча жатат. Таңданды. Коркуп да кетти. Эки жакты элеңдей карады. Өзүнө тааныш кишилер жүрөт. Баары — аялдар, көбү — кемпир. «Бир да эркек жок экен»,— деп ойлоп койду ал. Акча жатат. Эч ким албайт. Баары — бейкапар. Ал акчаны көздөй басты. Алып туруп: «Кимдин акчасы!» — деп кыйкыргысы келди. Бирок анын жанына келгенде, эмнегедир алгысы келбей калды. Эмне үчүн минткенин өзү да билген жок. Акчаны көзүнүн кыйыгы […]

Касым КАИМОВ: Жүрөк гүлү

(Тамсил-аңгеме) Суусар укмуштуу гүл өстүрдү. Анын жүрөккө окшош татынакай тажысы, көз тайгылткан кооздугу көргөндөрдү суктандыра баштады. Тоодо көркү жана жыпардай жыттуулугу жагынан ага теңдеш гүл болбоду. Бул гүлдү Жүрөк гүлү деп аташты. Аны катуу жамгыр түгүл, мөндүр да көркүнөн ажырата албады. Назиктик менен бекемдик биригип, бир затка бүтсө, ким таң калбасын! Анын сапатын, сыпатын билгенден кийин айылдаштарынын баары Суусардын үйүн көбүрөк имерчиктей турган болушту. Аны баарыдан да, Суур жадатып жиберди. Бирок жүрөк гүлүн өзүнө тарта албады. Ошондуктан ал ишти Суусардын […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогулдун динге мамилеси же акынды кантип атеист кылышкан?

Токтогул тууралуу советтик идеологиянын дагы бир ойлоп тапканы аны атеист кылып көрсөтүү. Токтогулдун атеизми окуу китептерине чейин кирип, мектеп окуучуларынын кулагына кумдай куюлуп, анын «Үч кожо», «Эшендерге карата», «Эшен-калпа», «Токтогул менен Эшмамбеттин эшенге ырдаганы», «Чакырбай сүткор», «Үйчүлүк эшен», «Муратбек», «Папы калпа» ж.б. бир катар ырлары акындын ислам динине каршы турганын тастыктайт деген идея менен талданган. Чынында бул ырлардын бир тобу ойлоп табылган, же болбосо Токтогулдуку болгон күндө да аларда антидиний көз караш жок, аларда динге жамынып жаман жоруктарын көрсөткөн дин […]