Корей эл жомогу: Эки бир тууган жана желмогуз

Бар экен жок экен, көп балалуу бир жакыр үй-бүлө болгон экен. Бир күнү балдарын кантип тойгузарды билбей дайыма кыйналган эне алардын эң улуу үчөөсүн дарыяга салып жиберип кутулмак болот. Ошентип ал ойлогон жаман оюн ишке ашырып, үч уулун алдап ээрчитип барып дарыяга түртүп жиберип келе берет. Бирок эки улуусу сүзгөндү билгендиктен наркы жээкке аман-эсен чыгып, алардын эң кичүүсү гана сууга чөгүп кетет. Анткен менен балдар сүзүп чыккан жээктен нары желмогуздардын өлкөсү болгондуктан, кайрадан эле өмүрлөрүнө коркунуч туулат. Улуу бала кичүүсүнө […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Курманжан датка Токтогулду бошотуп алганбы?

Токтогул Сатылганов менен Курманжан датканын байланышы да бир катар адабияттарда, көркөм чыгармаларда чагылдырылып келет. Алардын орчундуусу жана кыйла талаштуусу Т.Касымбековдун «Келкел» романы. Албетте, ал көркөм чыгарма деңизчи. Бирок анын кандайдыр бир даражада болсо да тарыхый негизи болушу да керек. Ошол чыгармада Токтогул досу Төрө менен адегенде Миң-Дөбөгө (Мадали эшендин резиденциясы) барып, анан Алайга Курманжан даткага өтөт. Датка алардын эшен менен байланышына каршы болот. Анан мындай насаат сөзүн айтат: «Бул адам (сөз Мадали эшен тууралуу баратат – М.А.) мусулмандарды орус акимиятына […]

Асан ЖАКШЫЛЫК: Сейдикерим

АҢГЕМЕ Бел-күч кетип бараткансыйт. Аялы Зейнеп ары элге алымдуу, ары үй оокатка бышык, күйөөнү да кадырлай билген эстүү жан. Билинбей эле алмончоктой болгон беш кызы биринен сала бири минтип, бой көтөрүп калды. Элге алымдуу, турмушу кудая шүгүр, чоң болушту өзү анча каалабайт, бирок майда активдик андан алыстап кете элек. Ушинтип, эл арасында турмушу өтүп жатат, бир гана көңүл өйүгөн санаасы, тигинтип туягы — кыздары болгону менен, тукуму жок — кудайым эркек тана бере элек. Кыясы, аялы да төрөттөн калгансыды, буга […]

Алп балбандар Кожомкул менен Бөлтүрүк кармаша турган болгондо…

Тарыхчы Чорчоев кыргыздын улуу адамдарын, залкарларын көргөн, алар менен баарлашкан. Биз тарыхчы ата менен көпчүлүккө белгисиз Бөлтүрүк балбан тууралуу маек курдук. Ооба, кыргыздын Кожомкул балбанындай дагы бир балбаны жашап өткөн экен. Бирок ал киши туш келген заманы да, аны тегеректеген адамы да жайсыз болгонбу, айтор баркталбай, тапталбай жүрүп көзү өтүп кеткен. Ошол кездеги өзүбектердин мафиясына туш келгендиги, аларды чалгы чапкандай эле туш тарапка ыргытып, качып чыкканы, кадимки казак эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго жолуккандыгы, ал киши бир канча ирет аны түрмөдөн […]

Сапалкан АРИПОВ: Үзүлгөн кисти, каткан боёк…

(Кыргыздын чыгаан сүрөтчүсү Мэлис Акынбековдун жаркын элесине) Күндүн көзү ачылбай жааганына мына бүгүн эки күн болду. ГАЗ-53 машинаң жол арбытбайт тура. Эртең  менен эле чыгышкан. Жеткен жери Боом капчыгайы. Анын үстүнө айдоочу да камаарабаган адам болуп чыкты. Маматсабыр өзү эч нерсени кенебеген, шашпай жүргөн жан. Табиятынан ошондой. Бу шоопурду карап туруп Макендин кыжыры кайнады. Өзү менен иши жок. Туй-ата, мунуң менден өткөн кыбыр го? Ичинен ачуусу келгени менен сыртына чыгарбай бушайман. Нервин бир аз басандатайын дейт. Айла жок. Арак ичпейт. […]