Токтогул Сатылганов менен Курманжан датканын байланышы да бир катар адабияттарда, көркөм чыгармаларда чагылдырылып келет. Алардын орчундуусу жана кыйла талаштуусу Т.Касымбековдун «Келкел» романы. Албетте, ал көркөм чыгарма деңизчи. Бирок анын кандайдыр бир даражада болсо да тарыхый негизи болушу да керек. Ошол чыгармада Токтогул досу Төрө менен адегенде Миң-Дөбөгө (Мадали эшендин резиденциясы) барып, анан Алайга Курманжан даткага өтөт. Датка алардын эшен менен байланышына каршы болот. Анан мындай насаат сөзүн айтат: «Бул адам (сөз Мадали эшен тууралуу баратат – М.А.) мусулмандарды орус акимиятына көз көрүнөө каршы үгүттөп жүрөт. Мындан бир коога чыкпай койбойт. Кан төгүлөт. Өзү, мейли, эшен деп эле коёлу, бир жактан ооп келген келгин. Кимди аяйт?!

Баягы бир «мусулман заманы» дегенге азгырып, элди чапкынга айдап, максатына жетсе «калыйфа» болуп кеткиси келип жүргөн селсаяк»[1]. Мына ушул насаат жазуучунун ою боюнча баарын муютуп, Токтогул менен Төрөнү эшен жолунан кайтууга түрткү болгондой пикир калтырат. Ырас, датканын айтканы туура, акылдуу сөз. Баарын түшүнгөн адамдын сөзү. Бирок ал сөздү токсон жылдан кийинки Төлөгөн Касымбековдун оозу менен айтып жаткансыйт. Тарыхый маалыматтарда миң-дөбөлүк Мадали эшен Курманжан датканын балдарына да козголоңго чыгууга үндөгөн таклиб-катын жиберет. Бирок алайлык кыргыздар бул көтөрүлүштө өздөрүн көрсөтпөйт. Айрым маалыматтарда бул көтөрүлүш тууралуу датканын уруктарынан бири Оштогу орус аскерлерине кабар жеткизип коюп, аны үчүн сыйлык алат.

Мына ушуларга карап Курманжан датка Анжиан көтөрүлүшүн колдогон эмес деп айтууга болушу мүмкүн. Бирок чындыктын башка жагы да бар. Эгер датка бул көтөрүлүшкө ишенбеген болсо Алымбек датка менен уруулаш, аксакал баргы, ноокаттыктарды баштап жүргөн Өмүрбек датканын тизгинин тартып калбайт беле?

Курманжан датканын ал кезде орус бийлигине каршы каары кайнап турган, өзү кол койгон шартнаама Орусия падышачылыгы тарабынан аткарылбай жаткан. Ал шартнаама мындай эмес беле:

  1. Орус аскерлерине каршы куралдуу көтөрүлүшкө катышкан элди жазадан бошотуу.
  2. Туткунга түшкөн кыргыз жигиттерин азат кылуу.
  3. Туткунга, түрмөгө, сүргүнгө кеткен аскерлердин туулган жерине келүүсүнө каршы чыкпоо.
  4. Алардын мүлкүн, малын тартып албоо.
  5. Согуш башына оор күндү салган элден алынуучу салыктардын, төлөмдөрдүн көлөмүн азайтуу.
  6. Жергиликтүү элдин укуктарын тепсебөө.
  7. Жергиликтүүлөрдүн динине асылбоо.
  8. Диний жайларды: мечиттерди, медреселерди талкалабоо.
  9. Жергиликтүүлөрдүн үрп-адаттарына кийлигишпөө.

Мына ушулар бузулуп, айрым бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери Курманжан датканын алданганын табалап да, ачык айтып да, сындап да жаткан эле. Аны кыраакы эне түшүнүп, ичтен эзилип да, каны кайнап да турган.

Бирок бир бирогу бар эле.

Кокон хандыгынын эң таасирдүү инсаны, Анжиан, Ош аймагынын башкаруучусу болгон Алымбек датканын уул-урпактары Баатырбек, Мамытбек, Асанбек, Камчыбек ал кишинин көзү өткөндөн кийин Анжиандан Кашкарга чейинки азыркы Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Кара-Суу, Араван, Алай райондорунун, Ош шаарынын аймагында бийлик башчылары болуп келген. Алымбек датканын бир нече шаарларда 160тан ашык дүкөндөрү, Ошто Сулайман тактын этегинде 28 өжүрөлүү Фергана өрөөнүндөгү эң чоң медресеси болгон, анын кербендери Чыгыш менен Батышка тынымсыз каттап турган. Анан ошончо байлыкты жоготуу кыйынбы? Кокон хандыгын орустар басып ала баштаганда эң акыркы каршылыкты дал ушул Курманжан датканын балдары көрсөткөн. 1876-жылы аларды Гүлчөгө жакынкы Жаңы-Арыкта орус аскерлери жеңип чыккан соң тарых башка нукка өзгөрүп, Ак падыша менен тынчтык келишим түзүүгө Курманжан датка мажбур болот. Ал качат, орустардан качат.

Адегенде Эркечтамдан Кашкарга ооп кетет, ал жактан дале коркунучтан арыла албайт, ошондо Ооганстандын Улуу Памирине өтүп кетмекчи болот, бирок аларды жолдон орус аскерлери кууп жетип колго түшүрөт да Чоң-Алайда жаткан М.Скобелевдин лагерине алып келишет. Датка ошол абалда орустар менен аргасыз «дос» болушу керек эле. Башка жол жок болчу.

Анан тез эле Орусия жер чегин тактап, чегара орнотот. Бул окуя тууралуу тарыхчы Турсунай Өмүрзакова мындай деп жазат: «Расмий Пекин 1894-жылдын апрелинде эле Памир-Алайдагы калыптанып калган орус-кытай чегин тааныган. Жетишилген келишим боюнча Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, өзгөчө Алай жериндеги орус-кытай мамилелери жакшырып, кыргыз калкын манчжур-кытай бийликтеринин бул аймакка көз артуусунан сактаган. Алай кыргыздарынын жерин кайтаруу менен Түркстандагы орус администрациясы чегаранын Алай-Памир жериндеги абалына катуу көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырып турган. Бирок чегараларды чектөө көчмөн калкка социалдык-экономикалык жактан тескери таасирин тийгизген. Анткени чеги сызыгынын ар кайсы жагында калган кыргыздардын Кашкар менен болгон эркин соода жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү чектелип, жайкы жайыттарын толук пайдалана албай калышкан. Кыргыздардын кыйла катмары (диаспорасы) Кытай Республикасынын жарандары болуп калышты»[2].

Мына ошол чегарадан Курманжан датканын балдары ары-бери өткөрүп, мал (товар) сатып турган, алардын бир катар шаарларда мата, зер буюмдарын, эт-сүт азыктарын, аң терилерин сатуучу дүкөндөрү болгон. Анан алар чегара эки мамлекетти бөлүп койгонун, алардын бажыканасы ачылганын жакшы түшүнгөн эмес, же түшүнсө да маани бербеген. «1890-жылдарда Алай ханышасынын жана анын балдарынын тагдырына орус колонизаторлору тарабынан катуу сокку урулган. Өзбекстандын мамлекеттик архивинде Түркстан генерал-губернаторунун канцеляриясынын №1768 архивдик иш папкасы сакталып турат. Анда мындан бир кылым мурда болуп өткөн окуяга байланышкан орус аскердик төбөлдөрүнүн билдирүүлөрү, телеграммалары, отчёттору, иш кагаздары жана бейкүнөө балдарын канатына калкалап, карандай каралоодон актап калууга, мезгилсиз өлүмдөн сактап калууга аракет жасаган эненин падышалык бийлик төбөлдөрүнө жазган өтүнүч каттары сакталып калган. Андагы маалыматтар боюнча, 1883-жылы октябрь айынын акыркы күндөрүндө Кашкар жеринен төөгө буюм-тайым артып келаткан кербен Бүлөөлүнүн чатында Эркечтам бажыканачылары тарабынан токтотулат.

Ал кербен Алымбек датка менен Курманжан датканын кенже баласы Камчыбектин зайыбы Асел айым артып келаткан жүк болгон. Бажыканачылар (алар төртөө эле, бири унтер-офицер Боровков, берки үчөө жергиликтүү тургундардан, т.а. «туземдер») кыргыздардан төөгө жүктөлүп таңылган таңгактарды чечүүнү жана сандыктарды ачып көрсөтүүнү талап кылышкан. Анткени бажыканачылардын алган маалыматына караганда, «чек арадан алып өтүүгө тыюу салынган контрабанда товарлары (шуру-берметтер) өтөт», — деген тымызын кабар бар эле.

«Бүлөөлүнүн чатында бажыканачылар кербенди токтотушуп, жүктү ачып көрсөтүүнү талап кылышкан. Жүк артып келе жаткан жигиттер «аткезчилердин» талабын аткаруудан баш тартышкан.

Асел айымды жана анын жүгүн артып келаткан кербендин башчысы Камчыбектин жайлоо чарбасын башкарган айтылуу Акпалван («Келкелде» Акбалбан) болгон. Сандыктарды ачуу үчүн бажыканачылар Асел айымдын чачпагы тагылган чачын кылыч менен кесе чаап, ачкычты алып сандыкты оодарышкан.

Бул окуяга аялдардын аралашкан себеби, Камчыбектин эркеси Асел айым жибек кездемелерди тандоо үчүн, адатта, Кашкарга (базарга) өзү барчу. Аны аялдар коштоп жүрчү. Жандооч аялдар аргасыздан окуянын күбөлөрү гана эмес, катышуучулары да болуп калышкан»[3].

Натыйжада Ошто мейманкана куруп, Отуз-Адырда жерин карап жүргөн Камчыбек менен Акпалван энесинин жана элдин көзүнчө сыйыртмак дарга асылат, Мамытбек , Мырзапаяз, он экиге жаңы гана чыккан Арстанбек Сибирге айдалат. 1896-жылында Баатырбектен айрылат. Орус падышачылыгынан ушуну тапкан Курманжан датка кантип анан ошол падышачылыкты жок кылабыз дегендерди колдобой койсун?

Башка маселе – төңкөрүштү баштай турган түркстандыктардын күчүнө ишенбеши мүмкүн.

Анан датка Орусия падышачылыгын төбөлдөрү менен жакшы мамиле түзүмүш болуп туруп, балдарын эптеп бошотуп алган. Фергана облусунун губернатору Повало-Швыйковскийди ошого көндүргөн. Бирок ичтен:

Кылычы сынып дат басып,

Кын калганга күйөмүн.

Кызыгы кетип куу дүйнө

Чын калганга күйөмүн, — деген арманын кайта-кайта кайталап турган. Ушул учурда жанагы Анжиан көтөрүлүшү чыгып жатпайбы.

Ошол эле кезде Өмүрбек датка сыяктуу башында бийлөөчүлөр, манаптар, дин аалымдары турган көтөрүлүшчүлөр Курманжан датканын ак батасын албай туруп, мындай ишти баштабоосу да мүмкүн.

Бир катар адабияттарда, анын ичинде Т.Касымбековдун «Келкел» романында Курманжан датка Токтогулду абактан бошотуп алуу үчүн адегенде Керимбай болушту, андан соң Түркстан генерал-губернатору барон Вревскийди ортого салат. «…генерал-губернатор төрөнүн өзү менен оозмо-ооз сүйлөшмөкчү болуп, Фергана өрөөнүнүн бир четинен бир четине өтүп, Аңгерен ашуусун ашып, Курманжан алыскы Ташкенге барды»[4]. Ал жактан ал генерал-губернаторго оңой эле кирип, экөө өткөн жылы Курманжандын Вревскийге Ийикчи эшен, анын көтөрүлүшү күтүлүп жаткандыгы тууралуу жазган катын эске түшүрүшөт. Романда ушинтип сүрөттөлөт.

Эки-үч жагдай менен бул окуянын ишенимсиздигин айтууга болот. Эң биринчиси – 1811-жылы туулган датка ал мезгилде, 1898-жылы, 87 жашта болчу, Алайдан Аңгерен ашып араба менен Ташкенге барышы кыйын, мүмкүн деле эмес. Экинчиси көтөрүлүштөн кийин (1898-жылдын майында болуп атпайбы ал окуя) Түркстан генерал-губернатору Т.Касымбеков жазгандай А.Б.Вревский эмес, башка киши болчу. Алар тууралуу мындай таблица берип көрөлү:

Түркстан аскер губернаторлору:

Ф. И. О. Титул, чин, наамы Кызмат учуру
Черняев Михаил Григорьевич генерал-майор 13.02.1865 – 1866
Головачёв Николай Никитич генерал-майор 1866 – 14.07.1867

 

Түркстан генерал-губернаторлору:

Ф. И. О. Титул, чин, наамы Кызмат учуру

 

Кауфман Константин Петрович генерал-адъютант 14.07.1867 – 04.05.1882
Черняев Михаил Григорьевич генерал-лейтенант 25.05.1882 – 01.02.1884
Розенбах Николай Оттонович генерал-адъютант, генерал-лейтенант 01.02.1884 – 28.10.1889
Вревский Александр Борисович барон, инфантерия генералы 28.10.1889 – 17.03.1898
Духовской Сергей Михайлович инфантерия генералы 28.03.1898 – 01.01.1901
Иванов Николай Александрович генерал-лейтенант 23.01.1901 – 15.04.1904
Тевяшев Николай Николаевич кавалерия генералы 22.06.1904 – 28.11.1905
Субботич Деан Иванович генерал-лейтенант 28.11.1905 – 1906
Гродеков Николай Иванович инфантерия генералы декабрь 1906 –09.03.1908
Мищенко Павел Иванович генерал-лейтенант 02.05.1908 – 17.03.1909
Самсонов Александр Васильевич генерал-лейтенант 17.03.1909 – 1914
Мартсон Фёдор Владимирович инфантерия генералы 1914 – 1916
Куропаткин Алексей Николаевич инфантерия генералы 1916 – 1917

Булардан тышкары өзбек тарыхчысы Х.Зиёевдин жазганы боюнча 1914-1916-жылдар аралыгында Флуг, Мартсон, Ерофеев дегендер да аз-аз мезгил убактылуу жетекчилик кылган[5].

Көрүнүп тургандай Вревский Александр Борисович 1898-жылы 17-мартта кызматтан кетип, 28-мартта Духовской Сергей Михайлович кызматка келип жатпайбы? Анан кантип Курманжан датка А.Б.Вревскийге жолугуп калсын?

Бирок башка бир тарыхый учур бар. И.П.Ювачев 1902-жылы 15-мартта Ош шаарына келет. Ал жерден датканын уулу Махмудбекке жана орус-тузем мектебинин окуучусу Жамшитбек Карабаевге жолугат. Ошол киши 1892-жылы Курманжан датка менен генерал-губернатор, барон Вревский жолукканын жазат. Бирок Ташкенде эмес, Орусиянын Гүлчөдөгү чебинде. Датка ат менен жайлоодон түшүп келет. Анын алдына отургуч коёт, ал аял парча менен тышталып, чеке-белине кундуз кармалган ичикчен болгон, жаш агып шоролонгон көздөрүн улам-улам аарчып отурат. Барон даткага парча чапан кийгизет. Бул тууралуу И.П.Ювачев «Курбан-Джан-Датха, кара-киргизская царица Алая» деген макала жазат[6], ал материал кыргызча да жарыяланды[7]. Бирок бул кезде датканын балдары да дарга асылып, сүргүнгө айдала элек кез, али Анжиан көтөрүлүшүнөн да дайын жок учур эле.

Ал эми генерал-губернаторго жолугушуу С.М.Духовский (1838-1901) менен болот. Ал киши Анжиан козголоңунан кийин Анжианга, анан Ошко келет. Максаты өз аймагынын эң четки шаарындагы аскерлерди кароодон өткөрүү жана жергиликтүү элдин (туземдер деп жазылат) депутациясын көрүү эле. Ошол окуяга С.М.Духовскийдин жубайы Варвара Духовская (1851 – 1931) да катышат, кала берсе ал аял кийин «Туркстанские воспоминание» аттуу мемуарын жазат, ал китеп 1913-жылы чыгат. Ошондо китептин 45-бетинде жолугушууга 87 жаштагы «Алайская Царица» знаменитая «Курбань-Джан» эки уулу менен келди дейт. Варвара айым датканын акылынын зиректигине, парасаттуулугуна жогору баа берип, эзелки грек доорундагы гракхарттардын энеси Корнелияга[8] салыштырат[9]. Муну ким айтып жатат? Ошол мезгилдеги орус аялдарынын эң билимдүүсү, окумалы, дүйнөнү чарк айланып чыкканы, болгондо да княз Фёдор Голицындын кызы Варвара Фёдоровна айтып жатат. Ошондо Ошто кытайдын кара көк кымкабын, элечегин кийип, уулу менен небересин ээрчите келген Курманжан датка менен Сергей Михайлович чын эле сүйлөшөт[10]. Бул кездешүүнү тарыхчы К.Молдокасымов да бекемдейт[11].

Балким мына ушул жерде Анжиан көтөрүлүшүнөн айыпка жыгылгандарды мунапыс кылуу маселесин сүйлөшкөн болушу толук мүмкүн. Себеби бул Курманжан датканын Орусия менен кол койгон шартнаамасында каралган болчу. Бирок көтөрүлүшчүлөр азат кылынган эмес. Бирок жогорудагы эскерүүсүндө В.Ф.Духовская күйөөсү Маргалан түрмөсүндө сурак берип жаткан 34 кишини азат кылганын жазып күйөөсүнүн кечиримдүүлүгүн мактап өтөт.

Дагы бир катар сырдын түйүнүн ачуучу нерсе – 1907-жылы 1-февралда Мадыда Курманжан датка көз жумганда, сөөгү Оштун Сармазарына коюлганда жаназага келгендердин ичинде, же ашы берилгенде Токтогул болду бекен, ошого карап, анын абактан келгендиги, же келе электиги, Кашкарда болгон-болбогону, өзүн эл ичинде кандай алып жүргөндүгү (качкын статусундабы, же азат адам катарыбы) болжолдонмок.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Касымбеков Т. Келкел. Тарыхый роман [Текст] / Т.Касымбеков. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 64-б.

[2]Өмүрзакова Т. Курманжан датка. Тарыхый очерк [Текст] / Т. Өмүрзакова. – Б.: Учкун, 2003. – 23 – 24-бб.

[3]Өмүрзакова Т. Курманжан датка. Тарыхый очерк [Текст] / Т.Өмүрзакова. – Б.: Учкун, 2003. – 59 – 60-бб.

[4]Касымбеков Т. Келкел. Тарыхый роман [Текст] / Т.Касымбеков. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 171-б.

[5]Зиёев Х. Тарих – утмиш ва келажак кузгуси. Тарихнинг долзарб масалалари [Текст] / Х.Зиёев. – Тошкент, 2000. – 208 б.

[6]Ювачев И.П. Курбан-Джан-Датха, кара-киргизская царица Алая. Глава III, IV [Текст] / И.П.Ювачев // Исторический вестник. – 1907. – №12.

[7]Ювачев И.П. Курманжан датка – алайлык кыргыздардын канышасы / Кыргыздар. Санжыра, тарых, мурас, салт. 1-т. Түз.: К.Жусупов [Текст] / И.П.Ювачев. – Б.: Кыргызстан, 1993. – 241 – 264-бб.

[8]Корнелия күйөөсү өлгөн соң он эки баласын чоңойтот, падыша Птолемей колун сурап, таажы кийгизмек болгон, бирок Корнелия балдары үчүн ханышалыктан да баш тартат. Гракхартардын экөөсү Тиберий жана Гай өлүмгө учураганда да энеси майышпайт, кичүү уулуна жазган каты азырга чейин өз маанисин сактап келет, өтө акылман, чечен болгон, «сенин жасалгаларың кана» деп сурашса, «мына менин жасалгаларым» деп уулдарын көрсөткөн экен.

[9]Духовская В. Туркстанские воспоминание [Текст] / В.Духовская // turkestanskievospominaniy.webs.com

[10]Ювачев И.П. Курманжан датка алайлык кара кыргыздардын канышасы / Кыргыздар. Санжыра, тарых, мурас, салт. 1-т. Түз.: К.Жусупов [Текст] / И.П.Ювачев. – Б.: Кыргызстан, 1993. – 241 – 263-бб.

[11]Молдокасымов К. Курманжан датка / Кыргыздар. Он томдук. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. 7-т. [Текст] / К.Молдокасымов. – Ф.: Учкун, 2004. – 71-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.