Тарыхчы Чорчоев кыргыздын улуу адамдарын, залкарларын көргөн, алар менен баарлашкан. Биз тарыхчы ата менен көпчүлүккө белгисиз Бөлтүрүк балбан тууралуу маек курдук. Ооба, кыргыздын Кожомкул балбанындай дагы бир балбаны жашап өткөн экен. Бирок ал киши туш келген заманы да, аны тегеректеген адамы да жайсыз болгонбу, айтор баркталбай, тапталбай жүрүп көзү өтүп кеткен. Ошол кездеги өзүбектердин мафиясына туш келгендиги, аларды чалгы чапкандай эле туш тарапка ыргытып, качып чыкканы, кадимки казак эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго жолуккандыгы, ал киши бир канча ирет аны түрмөдөн алып чыккандыгы, Кожомкул балбан менен көрүшкөнү, эт жешип, кымыз ичишип жарышканы, айтор, элдин өткөндөгү тарыхынан бир элестей туюлду.

Бөлтүрүк балбан менен түрмөдөгү таанышуу

– Бөлтүрүк балбандын таржымалын каяктан, кимден уккансыз?

– Бир күнү Муса деген башкарманын жардамчысы “Бир досум жыйырма жылдан ашуун чет жакта – Өзбекстанда жүрдү эле, ошол досум биротоло көчүп келиптир, ошого чай берип коёюн деп чакырып койдум, сен дагы келип чай ичип кет. Сүйлөшүп олтурасыңар”, – деп калды. Барсак, Койчуман аттуу кара киши олтурат. Өзүбек улутунан болгон татынакай аялы бар экен. Аялыныкы да, өзүнүкү да колу, моюну, оозу толо алтын. Аялы элүүлөргө барып калса дагы, карап эле тургудай сулуу. Анан Койчуман экөөбүз түн бир оокумга чейин сүйлөшүп олтурдук.

Ал айтат: «Анда мен жаш убагым, райпотребсоюзда иштеп калдым. Карамагымда төрт араба бар, ошолордун бригадиримин. Араба менен Балыкчы шаарына эки-үч түнөп, кайра Нарынга жетебиз. Алганыбыз бир бочка керосин, элүү килограмм самын, эки кап ширеңке, он килограмм туз. Жеткирем. Тигил жактан мугалимдерге таратышат.

Ошентип, отуз алтынчы жылы репрессияга туш келип калдым мен дагы. Камап салышты. Күнөөм эмне экенин түшүнбөй да калдым. Ошол жерден камалган жыйырма чакты кишини эки милиционер жөө-жалаңдап, Нарындан Фрунзеге он эки суткада айдап келишти.

Камалдык. Бир камакта бир кытай киши менен жатып калдым. Же мен анын тилин билбейм, же ал мени түшүнбөйт. Алты ай өткөндө экөөбүз тил билбесек дагы бири-бирибизди түшүнүшүп калдык. Эртеден кечке мага карта үйрөтөт. Ал өзү картаны алыстан карап эле таанып, көрбөй туруп эле колун тийгизип билип койгон, кыйындын кыйыны эле. Мындайча айтканда, карта оюндарынын профессору эле. Мен да андан кем калышпайм. Укмуш ойноп калдым. Бир күнү бизди түрмөнүн короосуна чыгарды.

Бир кап акча

Фрунзенин түрмөсү аябай чоң экен. Бир жерде шахмат ойноп жатышат, бир жерде сүйлөшүп олтурушат. Ары барсам карта ойноп жатышкан экен, карап калдым. Бир чоң, дөөдөй кара киши, бир кап толтура акчаны алдына басып алып, карта ойноп олтуруптур. Жанындагынын баарын четинен утуп, акчаны капка улам-улам шыкап атты. Үлүшүнөн милицияга да бөлүшөт көрүнөт, алар деле көрмөксөн.

Эртеси баягылар кайра карта ойноп киришти. Баягы киши бир убакта мени карап, “Эй бала, карта ойнойсуңбу? ” – деди. «Жок ата, акчам жок”, – дедим. “Акча элеби? Ме!” – деп каптан бир тутам акчаны санабай эле колума карматты. Экөөбүз карта ойноп кирдик. Жарым саатка жеткирбей, анын бир кап акчасын утуп алдым. Аңгыча кайтаруучулар: “Киргиле, киргиле!” – деп калышты. Мен кайра акчасын өзүнө бердим. Аныма андан бетер таң калды. Кайсы камерада жатарымды билип алып, кечкисин өтүп келди. Кыясы, мени жактырып калды көрүнөт. “Балам, мен Чормонов Бөлтүрүк деген балбан болом. Казактын улуу жазуучусу Мухтар Ауэзов менин досум болот. Мен аны бир жолу ажалдан алып калгам. Ал кишини анда таанычы да эмесмин. Ал мени эки жолу түрмөдөн бошотуп алган. Бул үчүнчү жолу камалышым. А кишиге кабарым жетпей жатат. Жетсе бошотуп алмак. Бу жолу бир киши менен карта ойноп жатып, утулуп калып, аны курсакка сайып салып түштүм. Мен картадан эч кимге утулчу эмесмин, а тигиден утулуп калдым. Карасам төбөгө күзгү коюп, ойноп жатыптыр. Анан жиним келип, жанагинтип курсагын жарып салдым. Өлбөй калды, белинде чоң кайыш куру бар экен.

Казактын балбанын чаап таштаганда

Андай таза эмес оюндарга, алдамчылыкка чыдап тура албайм. Өзүң көрүп турасың, балбанмын. Мен Ак-Өлөңдөгү айтылуу Саякбай Каралаевдерге тууганмын. Тээтиги Колчактар, Деникиндер менен согушканда ошол жакта жүргөм. Ошол жактан анан Мухтар Ауэзов менен таанышып калдым. Ал мага Зина деген казак аял алып берген. Ленинграддагы Поддубный деген балбандардын машыктыруучусуна дайындап, Ленинградга окууга жиберген. Мен ал жерде окуп, цирктин балбаны катары Орусияны кыдырып жүрдүм. Бир күнү директоруман уруксат сурап, Казакстандын Көкчөто деген айылына келдим. Бир жерде аябай чоң той болуп жатыптыр. Бир чоң балбанды чыгарып коюп, ага каршы келчү балбан таба алышпай турушуптур. Мени көрө коюшуп, ой-боюма койбой сүйрөп жөнөштү. Мен жөн эле карап тургам. Дөөпүрөс жаным сүйрөп барышса, күрөшүп калдым. Менде күч ашып-ташып турат да, эмне болду билбейм, бир убакта көтөрүп чаап салдым аны. Арка-моюну үзүлүп кетип эле ошол жерде жан берди. Ызы-чуу түшүшүп, мени камап салышты. Орусияга ал жоругум угулуп, цирктен да чыгарып салышты. Анан ал жерден түрмөнүн эшигин талкалап, качып чыктым. Кайра кармап келишип, камап салышты. Анан Мухтар Ауэзов алып чыкты. Оттук айылыма көчүп келдим. Абакир аттуу балалуу болдум», — деп айтты эле Бөлтүрүк ата, ошондо жаныма келип.

Кийин мени ал түрмөдөн сурак кылбай туруп Финляндияга согушка айдашты. Ошону менен мен Бөлтүрүктү көрбөй калдым. Анан Ленинграддагы блокадага кабылдым. Бүт кырылды. Мен кырк экинчи жылы жарадар болуп, кайра Нарынга келдим. Келсем иш жок, баягы арабама кайра отурдум. Бир күнү Балыкчы шаарына келсем баягы Бөлтүрүк жүрөт. Экөөбүз кучакташып көрүштүк.

Өзүбектердин маасыларынын ичинен бир кап акча таап…

Кайдан тапты билбейм, бир эчки союп, коноктоду. Кыйын кырдаал болчу, кырк үчүнчү жыл эле. Ачарчылык.

Бөлтүрүк: “Мен эки жылдан бери Ташкентке каттап, ошол жерде карта ойноп жүрөм. Сен да мага кошул, ишиңди ташта”, – деди. Мен ишимди таштап, ага кошулдум. Бизде белет алуу деген каякта, ар кайсы поездге жармашып жүрүп, бир ай дегенде Ташкентке жеттик.

Бир богогу салаңдаган өзүбек кишиникине бардык. Жакшы күтүп алды. Мончосу бар экен, бизди жуундурду. Өзүбек чапан, допу берди. Анан эртеси Ташкенттин мыкты картачылары менен оюн болуп, бардыгын утуп алдык. Бир кап акча болду. Кечинде үйдө отуруп, Бөлтүрүк айтты “Булар өлүп баратса да бул акчаны беришпейт. Акчаны алып кетебиз десек экөөбүздү тең өлтүрүшөт. Андан көрө биз булардын өлтүргөнүн өлтүрүп, чапканын чаап, качышыбыз керек. Башка жол жок”, – деп бычагын курчутту. “Сен балам, тамдын бооруна томолок мишень чий”, – деди. Ал алыстан урат да так мишенге тийгизет. “Кичирейт” – дейт, мен кичирейтем, точкага чейин кичирейттим. Баарына тийгизди.

“Биз даярбыз, мага жыйырма куралчан өзүбек кеп эмес”, – деди.

Эртеси айткандай эле буркуйган-буркуйган жыйырма чакты өзүбек келди. Баягы богогу салаӊдаган киши айтты: “Эми тууган, каллаңызды аман алып кетем десеңиз, пулуңузду таштап кетиңиз. Бобосо…” – деп эки жагын карап койду. Эмне болду билбейм, бир убакта карпа-курпа уруш башталып, баягы өзүбектердин баары сулап-сулап жерде калды. Даана көргөнүм, Бөлтүрүк бирөөнү жаакка чапты эле, аркы жаагы берки жаагынан чыгып кетти. Ошондо ал айтты: “Өлсө бирөө-экөө өлөт, калганы эртең эсине келет, сен булардын маасысын чеч”, – деди. Маасысын чечсем, айланайын булардын чулгоосунун ичинин баары эле акча болот экен. Анысын чулгоолору менен кошуп, бир капка салдык. Ал өзүнчө бир кап болду. Качып баратып өзүбектердин бийик үйлөрүнүн дубалдарын бир уруп кулатып, баарын уратып салды. Шаар аралабай Казакстан жакка качтык. Анан Казакстандан Кыргызстанга аман-эсен келдик. Акчанын жарымын мен алдым, жарымын Бөлтүрүк алды. Коштоштук.

Кыргыз эли чогулуп, үй тигип, тай союп, Кожомкул менен Бөлтүрүк балбанды күч сынаштырмакчы болушат. Калыстыкка кадимки Куйручук атабыз шайланат. Эки балбан элдин астына чыгып, билек түрүнүп турушканда, Куйручук ата басып келип: “Токтой тургулачы, мына бул жаңы кыйылган талды мыкчып көргүлөчү”, – деп экөөсүнө эки суу талды карматат. Экөө тең чөптү кармагандай, суусун чыгара, былчырата мыкчышат.

“Эми аттын жаңы жазалган такасын сол колуңар менен сындыргылачы” – дейт, экөө тең сындырышат. Ошондо Куйручук: “Эй, эки айбан, экөөңөр бириңерди бириңер майып кылып, кыргызды балбаны жок калтырайын деп жатасыңарбы, окшошкондор! Болду урушпайсыңар!” – деп токтотуп коет.

Кыргыз жигиттин башына кап кийгизишип

Койчуман өзүнчө карта ойномокко Казакстанга барат. Казактардын баарын утат. Бир чоң картёжниктин аялын кошо утуп алып, даңазасы таш жарат. Ошо кезде Бөлтүрүк экөөнөн жабыр тарткан өзүбектер аларды туш-туштан издеп жүрүшкөн болот. Болду-болбоду бизди жайлап кеткен кыргыз ошол деп аңдып келишип, таанышат. Башына кап кийгизип, уурдап кетишет. Баягы богогу салаңдаган кишиге алпарышат. “Биз сизге тийбейбиз, аял алып берип, үй-жай менен камсыз кылабыз. Болгону биз менен иштейсиз”, – дейт. Ошентип, баягы жерде 16 жыл жашайт. Үч балалуу болот. Балдары жогорку окуу жайдан окушат. “Агайындар, мен эми элиме кетейин, уруксат бергиле”, – деп көчүп келгендегиси экен.

Биз тарыхчы ата менен эртеден бери сүйлөшүп отурабыз. Алп киши алптай эле тамак ичсе керек деп сурап калдым. Тарыхчы ата муну эскерди.

– Алиев Абдыкерим деген киши менен сүйлөшүп калдым. Улгайып калган, токтоо киши экен. Сөздөн сөз чыгып отуруп, Бөлтүрүк балбан жөнүндө сөз чыгып калды. “Ой мен аны кымыз ичип жеңип алгам”, – деди.

Бөлтүрүк 150 аяк кымызды жөн эле ичип койгон

Бөлтүрүк Оттукта ферма башчысы экен, мен Тоң районунун бухгалтеримин. Жайкы мал санакта бирге жүрүп калдык. Жайлоо. Эртең менен эт, түштө эт, кечинде эт. Чанач-чанач кымыз ичкенибиз. Чырактын жарыгында түн ортосуна чейин сүйлөшүп отурабыз. Кечинде ирик союлат. Баягы Бөлтүрүк аны деле жеп атат, кымызды деле көтөрүп жутуп атат, эч тойбойт. Бирок мен да кымызды жакшы ичем. Жанымда жүргөн киши анымды байкап калыптыр. “Ай Абдыкерим, мен сени таптайын. Анан сени Бөлтүрүк менен жарыштырайын. Сен эми эртең мененки эттен таптакыр жебегин, кечки эттен да жебе. Болгону бир чыны кымыз ич. Жарышаарыңды эч кимге айтпа. Бирдеме десе ооруп атам деп кой”, – деди дейт.

Бир сутка ачка болдум. Уктап жаткам. Баягы киши келип мени тургузду. Кымыздын күлүнөн бир чака алып келиптир, ич деп кыйнап ичирди. Кечинде сабаны бышып-бышып оозун жаап жатат. Эртең менен кымыздын спирти үстүнө чыгат каймактап, ошону күлү дейт экен. Көрсө, кымыздын күлү ичтейди тазалап, адамды уктатат экен. Уктап калдым. Эртең менен сонун болуп калыптырмын. Кымыз эле ичким келет. Боз үйгө кирсек, баягы Бөлтүрүк этти да жеп атат, боорсокту майга матырып сугунат. Чөбөгөнү чөбөгөдөй жеп, чайды да ичип атты. Мени болсо “саяпкерим” тынч отур деп койгон.

Бир убакта кезек кымызга келди. Ошондо баягы киши “Бөлтүрүк сен Абдыкерим менен кымыз ичип, мелдешпейсиңби, биз калыс бололу”, – десе Бөлтүрүк каткырып күлдү. “Мен Абдыкеримдин өзүн кошо ичип койбоймунбу”, – деди. Ошентип эл уу-дуу болуп эки жактан эки калыс, ортодон чоң калыс шайланып, утулган жак бир тай союп, бир ящик арак алмак болуп, кол алыштык, мелдеш катуу башталды. Жигиттер кошуналардан чанач-чанач кымыз ташып келип атышты. Жүздөн эки жүз таш эки жакка коюлуп, “түшкө чейин ким жүз аяк кымыз ичип бүтөт” деген таклип тагылды.

Биз ичип атабыз, шайланган эки таш санакчы таш санап жатышат. Кымыз сиңе баштаганда киши 15 мүнөттө эле бирден заара кыла баштайт экен. Сыртка чыксак калыстар: “Кусуп коёбу?” — дешип кошо чыгышат.

Күн көтөрүлүп калганда санакчылар таш санашты. Бөлтүрүктүкү 30 меники 70 болуптур. Эл: “Абдыкерим утат экен?” — деп дуулдап калды. Дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин мен чыдабай калдым. Бөлтүрүк тездеп баштады дейт. Көрсө, анын жанагыча жеген эти эми сиңиптир. Бир убакта калыстар токтогула деп калды. Менин ташым жүз, Бөлтүрүктүкү 98 болуптур. Мен утуп кеттим. Бөлтүрүк дагы деди, менин “саяпкерим” болбойт деп көгөрүп туруп алды. Себеби утулмакмын да. Андан кийин Бөлтүрүк 150 аяк кымызды жөн эле ичип таштады.

Бөлтүрүктөн тукум калган жок. Жалгыз уулу универститетте окуп жүрүп айдалып кетип, каза болгон дешет…

Жазып алган Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.