Мыкты мугалим жөнүндө кеп кылуудан мурда «Мугалим эмнеге керек» деген притчанын мазмунуна токтоло кетсек…

Күндөрдүн биринде окуучу мугалимине келет. Жөнөкөй бир соболун бергени келиптир ал:

– Мен баарын окудум. Көптөгөн китептерге сүңгүп кирдим, керек болсо элге лекция өтсөмбү дейм. Мунун баарына өзүм жеттим, эч ким жардам берген жок. Андыктан айтыңызчы, мага мындан аркыга мугалим керекпи?

Муну уккан мугалим жылмайды да, минтти:

– Эки күндөн кийин кайра кел, жообун аласың.

Окуучунун шаабайы сууп кетип баратып, мугалими эмне үчүн дароо жооп бербегени жөнүндө ойлонду.

Айткандай эле эки күндөн кийин мугалимине кайра келди. Мугалим окуучусунун колуна конверт карматып:

– Бу катты аркы өйүздөгү айылга жеткирип келчи, кагылайын. Жээкке барсаң кайык турат, жанында анын ээси да бар. Ошол өткөрүп коёт, – дейт.

Эртеси эртең менен окуучу жээкке барат да кайыкты таап, кайык ээсине жолугуп, аркы өйүзгө жөнөшөт. Жээкке жеткен кезде гана кайсы айылга барышты мугалиминен сурабай калганы эсине кылт дейт. Өзү го билбейт. Кайык ээсинен сурайт жолду. Ал да билбейт. Аргасы кетет. Не кылмак, мугалимге кайра барып, айылдын жолун тактоого туура келет. Кайра келсе, мугалими айтат:

– Сенин сурооңо жообум ушул. Алдыңда максатың, кайыгың болгону менен кайсы айылга баратканыңды билбей кайра келдиң, көрдүңбү? Кептин баары ушунда. Сага жол көрсөтөр адам керек болучу. Адам өзүн билерман көрсөткөнү менен ага жол көрсөтөр мугалим болбосо, ара жолдо убара тартат, – деген экен.

Турмушта баарыбызды жолго салган ата-энелер гана эмес, мугалимдер экенин көп учурда эсибизге албайбыз. Кимибиз кандай ийгиликке жетпейли, ийгилик ээси бир гана өзүбүз эмес, ошол ийгиликке жетүүгө жол көрсөткөн мугалимдин эмгеги бааланбаган заманда жашап атырбыз. Өлкөбүз өз алдынча эгемендиги жарыяланган күндөн бери мектептерде болсун, мейли, жогорку окуу жайларда болсун, – мыкты мугалимдер өтө саналуу.

Ошол саналуу мыкты мугалимдердин эң алдыңкысы деп алыскы Баткен облусунун Лейлек районундагы № 3-эксперименталдык гимназиянын директору, КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов туурасында да кийинчерек кеңири сөз кыларбыз… Биз бул ирет алыскы Нарын облусунун, Ат-Башы районунун түпкүрүндөгү Ак-Талаа (мурдагы аталышы Калинин) айылынын Т.Адыраңов атындагы мектеп мугалими Асаналиева Майрамкүл Козубаевнанын эмгеги туурасында азын оолак кеп кыла кетүүнү эп көрдүк.

Буга себеп: быйылкы республикалык мектеп окуучулары арасындагы билим таймаш олимпиадасында кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Асаналиева Майрамкүлдүн окуучусу Жусупбекова Акылай (Ат-Башы районунан келген 10-класстын окуучусу) 1-орунга илингени болду. Эске сала кетер дагы бир жагдай: 2015-2016-окуу жылында да Асаналиева Майрамкүлдүн окуучусу Калматаева Айжаркын аттуу келечек муундун дагы бир өкүлү олимпиадалык мелдеште 3-орунду жеңип алганы маалым. Арийне, бир эле мугалимдин колунан тарбияланган окуучулар жыл сайын республикалык мелдештерде босогодо калбаган сыйлык ээлери болуп келатканын өзү – демек, мугалимдин өзгөчө өрнөгү, өзгөчө мээнети экени мактоого алаарлык ийгилик.

Мектеп директору — Осмонова Бурул, мектеп окуучусу — Калматаева Айжаркын, Асаналиева Майрамкүл

Аныгында, жаратылыш шарты катаал алыскы Ат-Башы районунун мектеп окуучулары минтип борбор калаада өткөн республикалык мектептер аралык билим таймашында алдыңкы орундарга илинген ийгиликтери менен башкаларга өрнөк болуп келаткандыгынан улам биз да мындан ары карай мыкты окуучуларды жана мыкты мугалимдерди жамы журтка жар сала бермекчиби. Мыкты мугалим жана мыкты окуучулардын ийгиликтерин кубаттоо максатында «РухЭш» коом агартуу сайты тарабынан Асаналиева Майрамкүл Козубаевна «Мыкты мугалим» ардак грамотасы менен сыйланат. Ошондой эле 2018-жылкы республикалык мектеп окуучулары арасында өткөн олимпиадада 1-орунду жеңип алгандыгы үчүн Жусупбекова Акылайга «РухЭш» коом агартуу сайты тарабынан «Мыкты окуучу» ардак грамотасы ыйгарылат.

P.S. «РухЭш» сайты тарабынан уюшулган «Мыкты мугалим» жана «Мыкты окуучу» ардак грамоталары быйылкы окуу жылдын соңуна карата 25-май күнү Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылындагы Т.Адыраңов атындагы мектепте тапшырылат.  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.