Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт. Чиркин, ак мөңгүсү асмандын көгүнө чагылышып Манас-Ата алда кайдан көрүнөт. Чокусу кылтыйып көрүнгөндөн ошол мөңгүлөргө көз чаптырам, өзүмчө ойго батам. Тигилип турсаң мезгилдин агымы токтоп калгансыйт. Кечээги кайсы, бүгүнкү кайсы – унутулат.

Манас-Атанын ак кар-көк музу

Адам э-эй десең, ырасында эле, Шекерге катар турган Көк-Сай айылынын чоң көчөсүнөн таң эрте туруп карасаң, күн жүрүш жактагы Манас тоосунун асманга жанашкан ак кар, көк муздуу чокусу уктап ойгонгон баланын көзүндөй нурланып көрүнөт экен. “Нурланып” деген сөз бул жерде анчалык так эмес да болуп калаар, сөздүн туурасы: күлүңдөп көрүнөт экен. “Дүйнө жүзү көзүн ача электе, эң биринчи күндү тосуп кызарып”, – деп кыргыз тоолору жөнүндө Алыкул жазгандай, адегенде чыгыштан баш баккан күн нуру анын типтик кош чокусунун учтарын кароолдоп өтөт да, амансыңарбы, түндөн жакшы чыктыңарбы, мен да силерди сагынып келдим дегенсип, кудум балдарын бооруна имерген энедей мээримин төгүлтө, жагымдуу-керемет жарыгын улам жайылта берет. Айлана-тегеректеги бүт тиричилик ушул Манас тоосунун башына конгон алгачкы ак нурдан кийин ойгонот.

Кылымдардан бери, балким, тоо – тоо болуп, аны курчаган миң түрдүү табият — табият болуп жаралгандан бери ушундай. Түбөлүктүүлүк жана жашоо стихиясы, күн, тоо, асман, жер жана кызыгы түгөнбөс сан муундуу өмүрлөр. Карап-карап туруп, чынында, таң каласың, сезимдин жана ойлордун иримине түшүп, биздин жер, биздин аалам, биздин карекке бүткөн ушундай сыйкырды берген март жаратылышка чөгөлөп таазим эткиң келет.

Анан калса, нурга бөлөнгөн мындай ажайып көрүнүш – калдайган Манас тоосунун кош чокусунун элеси дүйнөнү сөз менен багынткан Чыңгыз аганын тунук көздөрүнө чагылып, ой берип, ышкы жандырып, кыял чабытын алыс-бийик учуруп – кандайдыр символ өңдөнүп жашап калганын айт. Ооба, бул апырткандык эмес – бөтөн тараптан келген адам, эч ким эскертип, эч ким салыштыруу жасабаса деле, ушул жандуу-жансызга тирек-кут болгон кош чоку келбетин бир карап алып эле – алардын жана Улуу калемгер көздөрүнүн ортосундагы окшоштукту (!) ички дил туюмдары аркылуу жаземдебей тааный коёт да, аябагандай таң калат. Дагы айталы: мунун эч кандай жалгандыгы жок!

Балким, жогортон башкарган бир сырдуу күч качандыр бир кезде кыргызга, мүлдө аалам элине таанылчу алп талант күтүнгөн уулду жаратып берүү үчүн анын ата-бабасын ушундай алп тоонун алдында жашатып, түйшүгү түгөнбөс пенделик турмуштун агымын кечтирип, бал-уусун таттырып, замандан заман алмашкан нечен бир эсепсиз күндөрдүн айлампасында эч кайда кетпеген Мекен кылдырып, анан, акыры — 20-кылымдын үчүнчү он жылдыгынын соңунда ошол күн мурун маңдайга чийилген жазууну Манас тоонун алдында жайгашкан кыштакта ыңаалап төрөлгөн төлгөлүү баланын үнү менен ырастап, орду төп чындыкка чыгаргандыр?

Балким, аты да ал кезде кыргызда сейрек кездешкен ат менен – Чыңгыз болуп, андай өзгөчө жөрөлгө, бирөөлөр айтып жүргөндөй, тиги жер жүзүн кылыч менен багынтып, бийлөөнү ой кылып оолуккан монгол өкүмдары Чыңгызхандын атына эмес, а барып-келип эле – кыргыздын кадимки “чындык” деген байыркы да, чоң маанилүү да сөзүнө жанашып — уйкашып — жараткан Теңирдин, демек, жазмыш-тагдырдын алда немедей “оозго сала берүүсү” болуп жүрбөсүн?

Теңирдин чындыгы – кыргыздын Чыңгызы, жазмыштын чындыгы – өнөрдүн Чыңгызы, мезгилдин чындыгы – рухтун Чыңгызы…

Мынакей, Чыке өзү башкы редакция мүчөсү болуп, 1990-жылы географтар, геологдор жана геофизиктер даярдап чыгарган “Кыргыз жергеси” аттуу – жер-суу аттарынын энциклопедиясын барактап отурабыз. Анда мына ушул таң эртең “баланын көзүндөй күлүңдөп” көрүнгөн касиеттүү чокунун туруш-турпаты жөнүндө илимий тил менен төмөнкүдөй айтылган:

“МАНАС ЧОКУСУ Талас Ала-Тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 4482 м. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан жылаңач чоку. Капталдары өтө тик, кар-мөңгү токтобойт. Палеозойдун сланец, акиташ теги, кумдук тоо тектеринен турат. Түш.-чыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат. Чокуга алгачкы жолу 1933-ж. москвалык альпинист Э.С.Левин чыккан”.

Албетте, илим – илим менен деңизчи, эгер мындагы: “Түштүкчыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат”, — деген сүйлөмдүн алкагын турмуштук көз менен кеңитип, анын адамдар тагдыры, эл-журт тагдыры жана кийинки урпактар тагдырындагы өзгөчө мааниси менен сыймыгын көркөм сөз аркылуу туйдурган уулдук баянды жазуучунун өзүнүн сыр ачууларынан издесек, аны кезинде “Огонек” журналы жана “Кыргызстан маданияты” гезитинин редакцияларынын өтүнүчү менен — ушул чөлкөмдүн сүрөттөмөсүнө Шекерди да “каарман” кылып жазылган “Манас-Атанын ак каркөк музу” деген публицистикалык макаласынан артык эч чыгармасы “өрөзгөлөп” бере албас:

“…Биздин Шекер эң чоң айыл, үч жүздөн ашык түтүн. Каттаган сайын тигинден-мындан жаңы үйдүн төбөсүн көрүп калам. Айылым өсүп барат, чоңоюп барат. Турган орду да малжанга жайлуу, суу башында, Таластын Жон-Арка тоосунун этегинде, эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө. Кезинде Ак Куласын алкынтып ушул чокуга чыккан экен эр Манас, дагы кайдан жоо келип калбасын деп, туш тарапка көз чаптырып турган экен ушул бийиктикте эр Манас.

Бу чокудан төгөрөктүн төрт бурчу көрүнөрү ырас, акыйкатта эпикалык масштаб. Илгери элим зарлап көргөн перзенти, журт коргоп алар баатыры Манасты ушундай болсо деген тилектен келип чыккан фантазия эмеспи. Ошондон ушул күнгө Манас Тоонун мөңгүсүнөн тамчыга тамчы кошулуп, куралып, биздин Шекерге ак көбүк, көк буурул суу агып келет. Ал — Күркүрөө. Атына жараша заты бар, бул аймакта жер бетинде кыбыраган жан-жаныбарга өмүр берген суу…

Андыктан болсо керек, оболку кишилер Күркүрөөнү ыйык көрүшүп, айланайын Күркүрөө дешээр эле, Манас-Атага жүзүн буруп, сыйынышаар эле: “Түбөлүк тур, касиеттүү Манас-Ата!” – дешээр эле…”

Күркүрөө, сендей суу кайда?..

Мынакей, ошол башаты Манас тоосунун күн алгач нур чачкан чыгышы менен күн такай маанектеп-айланган түштүгүндөгү мөңгүдөн куралып-уланган Күркүрөө дарыясын Сары-Үңкүр деп аталган токой тушунан жээктеп басып келатабыз. Мезгил — күз, сентябрь айынын жаадыраган күндөрүнүн бири эле. Таштан-ташка эленип агылган дайранын жаздагы кирген чагындай мол суусу, куураган жыгач-бутакты кеп кылбай агызып, атына жараша кулакты тундура күркүрөп-шаркырап жаңырган дабышы качанкы адабий тарыхка айланган белгилүү болмушту эстете, таңдануу жана ойлорго түшүрөт.

Чын эле, ушул суу: жээгинде бала кезинде далай-көп күндөрүн өткөрүп, бирде аны кызыл ашык — балтыры какшап кеткенче кечсе, бирде балык болуп сүзүп ойногон, а бирде ага… “контрдын баласы” – “эл душманынын баласы” болгон себептүү, эч кимге көрсөтпөй жаш тамчылатып (!), эч кимге угузбай муң-арман бөлүшкөн кадимки Чыңгыздын дайрасы — аздектүү тууган жер тамырыбы дейсиң да, алыс-жууктагы кимдир бирөөлөр, таш жарган атагына карап, “элдеги миң-миллион жандардан бактылуу” санаган кадимки Чыңгыздын азыр да сөз кудурети аркылуу “аман-эсен” жүргөн балалык күнүнүн тил бүтсө сүйлөп бергидей күбөсүбү дейсиң. Ооба, чын эле…

Күркүрөөнүн бадал-шак каптаган таштуу жээгинде демейде зуулаган убакыт өзү да кандайдыр сенейип токтоп калгансып, суудан — асман, асмандан — суу бети көрк талашып жаткандай сөз менен сүрөттөп жеткиргис бир укмуш сулуулук карекке тартылат. Ага кошумча: көктөн төгүлгөн жарык нур, суудан тараган жагымдуу салкындык, Сары-Үңкүр токою сыяктуу улам калыңдап, улам көшүлүп көңүлдү бакыбаттанткан ойлордун түрмөгү…

Суу жээгинде келатып, ушу азыр жаңылык ачып жаткансып таңдана талдаган жана таңдана сыры көп тарыхка байланган “темабыз” анын илгертен келаткан аты-жөнүндө. Ооба, ырас, балким, атын алгач мектеп балдары география сабагынан эмес, а таптакыр башка предметтен — адабият сабагынан уккан жергебиздеги жападан-жалгыз (!) “кызык” дарыя ушул Күркүрөө дарыясы болсо керек. Анан калса, энчилүү атынын бөтөнчө жаралып, деле ойротто болбогон – нукура “табият жыттанган” сөз болуп, турмуштук образдуулугун айт: Күркүрөө…

Күркүрөө дегенде, кыргыздар, адатта, асманды тең жарып жарк эткен чагылган жаңырыгын – күркүрөөсүн түшүнүшөт. Маселен, “Калың кара булут жер үстүн түнөртүп турганда, күн күркүрөдү”, — деп мүнөздөшөт. Ал эми сууга карата… Дегинкисин айтканда, орусча: “громыханье”, “грохотанье”, “грохот” болуп которулган “күркүрөө” сөзү кулак тундуруп, жанды чочуткан эң катуу дабыш — кайталангыс бир өзгөчө үн стихиясын туюндурган кең жана таасын-так мааниси менен өзүнчө кызык да, өзүнчө сырдуу.

Балким, ушул жагынан караганда да, канча бир доорлор из салып, түнөгөн жээгинде дүйнөгө Чыңгыздай уулду берген күркүрөп-шаркырап агылган чоң дарыянын — алп Манас жердеген Талас өрөөнүндөгү тоо кереметинин антип өз атын пенделик тирликтин кайсы бир окуя же түшүнүгүнөн эмес, а жандуу-жансызды бийиктен караган асман-көк кубулушуна синонимдеш — байыркы көркөм тилдеги добуш-үн сыпаттоосунан үлгүлөп алганы мүлдө аалам бетинде сейрек кездешкен көрүнүш да чыгаар. Чагылган үнү жана суу үнү, асман мүнөзү жана суу мүнөзү… Мына ушунун баары “Манастай” теңдешсиз дастанды жараткан — тарыхын эзелтен ташка жазып, кумга каткан өзгөчө намыстуу, өзгөчө эр жүрөк жана өзгөчө таланттуу кыргыз элинин укмуштай элестүү “Күркүрөө” деген сөзүнө камтылган!

Жогоруда биз эскерген, кубаттуу Совет өлкөсү тарап кетээр алдында – 1990-жылы басылып чыккан “Кыргыз жергеси” аттуу китепте — жер-суу аттарынын энциклопедиясында Күркүрөөнүн жеке өздүк “метрикасы” – кантип куралып, кантип тараган жаратылышы менен эл-журтка тийгизген пайдасы тууралуу айтылган мына мындай ток этер илимий маалыматты баянга толуктоо катары тааныштыра кетсек да ашыкча болбос:

 “КҮРКҮРӨӨ — Талас өрөөнүнүн батышында Киров р-нун аймагы аркылуу аккан суу. Ассанын бир курамы. Уз. 56 км, алабынын аянты 454 чарчы км. Талас Ала-Тоосунун Манас чокусундагы (4482 м) ж-а Байдам-Тал, Чыңгыз ашууларынын түндүгүндөгү мөңгүлөрдөн башталат. Терс м-н кошулуп, Асса суусун түзөт. Алабынын орт. бийикт. 2870 м. Эки ири куймасы бар: Көгөндү (сол, уз. 24 км) ж-а Аташ-Чапкан (оң, уз. 32 км). Өрөөнүнүн таманында ж-а беттеринде булактуу саздак жерлер көп. Алабында мөңгү ж-а 4 көл (жалпы аянты 0,08 чарчы км) бар. К. тоо аралап шар агат. Тектирчелерди пайда кылат. Кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чыгымы 5,98 м.куб/сек, июлдуку 16,0 м.куб/сек, марттыкы 2,23 м.куб/сек. Июнь-июль айларында ташкындап, сентябрда тартыла баштайт. Тоодон чыккандан кийин 13 каналга бөлүнөт. Киров р-нундагы “Россия” к-зунун, “Көк-Сай” асыл тукум мал чарба с-зунун ж-а Казак ССРинин Жамбыл обл-нын колхоз-совхоздорунун айдоо аянттары сугарылат. Боюнда Көк-Сай, Арчагул, Кайнар, Шекер, Грозный кыш. жайгашкан”.

Бул маалыматтагы көңүл бура кете турган бир жагдай, Күркүрөө суусун жараткан үч мөңгү катмарынын бири — Чыңгыз аттуу чоң ашуунун мөңгүлөрү экен. Чыңгыз ашуусу… Кызык, ушул убакка чейин андай аттуу ашуу тууралуу жазуучу өмүрүн изилдейбиз деп жүргөндөрдүн эч кимиси эч канчалык кеп-сөз кылбаганын кара. Көрсө, Күркүрөөгө өмүр бергендердин бири Чыңгыз ашуусу болуп, а “тоо аралап шар аккан” дарыя күчүнө таңыркап, качан болбосун, сагынып, сыйынып, андан демине — дем, шыгына — шык кошкон – анын атына адамдык аты уйкаш Чыңгыз агабыз болгон экен!

Бир эле чөлкөмдө түбөлүк жашаган бөлүнбөс кош Чыңгыз: бири — ак кар, көк муздуу чоң ашуу, экинчиси — сөз багып, сөз менен адамзат айылына жакшылык жасаган Улуу калемгер…

Карасаңыз, Күркүрөөдөн улам, не деген өз ара тутумдаш, өз ара “боордош” – ат-жөнү бөтөнчө мол суулуу дарыя-суулардын дареги чыгып жатат: өзү бир куймасы болгон Асса дарыясы; бирге кошулуп Асса дарыясына куйган Терс суусу; өзүнө сол тарабынан келип куйган Көгөндү суусу; оң тарабынан келип куйган Аташ-Чапкан суусу.

Дарыя-сууларды сүрөттөө жагынан алдына жазмакер чыгарбаган орустун атактуу журналисти, Лениндик сыйлыктын лауреаты, өмүрү өткөнчө “Комсомольская правда” гезитинде иштеген Василий Песковдун ышкысы артыкча “хоббиси” эске түшөт. Ал, маселен, Волга дарыясын эле канчалык изилдеп, бүт сырын билүүгө кызыгып, ал үчүн анын башталган жеринен тартып, Каспий деңизине кошулган чатына чейин дербиштей жөө басып (!) өтүп, көргөн-укканын окуган кишинин демин ичине тарттыра ушунча элестүү кылып жазбады! Тимеле Волга тууралуу очерк-этюддары басылган гезит бетинде жана китептеринде орустун бул улуу дайрасы кадимки табигый түрүндө — кебелбей жайынча андагы саптарга кошулуп агып жаткандай… Андан башка да, Россиянын толгон-токой майда-чоң сууларын окурман журтуна 40 жылдай тааныштырып, өзүнүн туулган жеринде агылган суулардын “портреттерин” да тизмектеп, аларды жалпы жонунан “Менин балалыгымдын дарыясы” аттуу чакан көлөмдүү китеби аркылуу олчойгон романдар да бере алгыс терең мазмундуу, кенен чабыттуу жана кылдат деталдуу чеберчиликте нагыз көркөм сөз эстелигинин үлгүсүнө айлантып калтырган.

Атаганат десең, эгер Чыңгыз аганын туулган жериндеги шар агып, тоо-түзгө бүтпөгөн симфониясын жаңырткан керемет суулар ааламын да изилдеп, ал үчүн ошол В.Песковдой мезгилдин санагын да унута жөө басып, түнөөчү жерге — түнөп, жашачу жерге — жашап дегендей, айтор, дарыя-суулардын ар бири тууралуу деталдуу очерктер-этюддар түрмөгүн жараткан ышкылуу, таланттуу журналист же жазуучу чыкканда, урпакка сабактуу кандай сонун иш болмок эле да, кандай табият “дем алган” гүлү өчүп, өңү оңбос ажайып эстелик энчибизге тиймек! Ооба, атаганат десең…

Энциклопедияда ырасталгандай, жалпы узундугу 56 чакырымга созулган Күркүрөөнүн күр-шарын симфония десек да болот, улам эргип, улам оргуп төгүлгөн – бу жарык дүйнө бар-жогун унута жомокко сүңгүгөн чоң манасчы үнүндөй десек да болот.

“Манас” демекчи, биз бул жолу суунун жээгинде Чолпон-Атадан келген жылдыздуу бөбөктүн — болгону 6 жаштагы (!) Үмөт Дөөлөт уулунун бериле “Манас” айтканын уктук, ал деле бабасы Саякбай өңдөнүп — аяк-чеги жок Айкөлдүн окуяларын: бирде кол шилтеп, бирде санын чаап, а бирде буркурап-боздочу түр менен көзүн жуумп айтып жатты, акыры, күн көчүп – жерге ала көлөкө түшүп калганда, ошол “кубулган” кейпинде ордунан көтөрүп кеттик да, күүлөнгөн күлүктү жарданган калың эл караандап токтоткон сыңары, боорго бек кыса жалынып, жабыла өпкүлөп жатып тынчыттык. Баланын кыялы, кантсе да, шактан — шак которгон жеңил куш таризде эмеспи, Үмөт бат эле “олуттуу” мүнөзүн өзгөртүп, өзүндөй балдарга кошулуп суу бойлоп ойноп кетти. Ошол саам, ошол мүнөттө: эми баламды жайына койгула, мен да тиги бийик чокуга барып, айлана-чөлкөмгө ошондон дүрбү салайын – жоо жолун тосоюн деген кыязда, чоролорун шерлердей ээрчиткен кан Манас, Аккула атын алкынта Күркүрөөнү кечип, заматта буйдалбай узап кеткендей таасир жаралды. Күркүрөө жана жүрөктү бат-бат соктура издеткен эр Манас элеси…

Журтунун туткасы, жеринин капкасы, “өлгөн сайын өөрчүгөн, өжөр кыргыз тукумун” сыймыкка, даңкка бөлөгөн арстан Манастай да жан өлөт бекен, ал азыр ушу силердин эле араңарда турат деп өркөчүн таштан-ташка уруп – чамынып агып жатты күзгү суу…

Көркөм сөз устаты, улуттун намысы, бир күнү экинчи күнүнөн кооптуу, тынчы жок жана карама-каршылыгы улам барган сайын күчөгөн аалам турмушунун сан түрдүү көйгөйлөрүнө түйшөлгөн, кейиген, анан “караңгыдан көз табуу” мүмкүнчүлүгүнө акыл-ой, талантшык жана кубат-жигерин үрөгөн даанышман Чыңгыздай да жан өлөт бекен, ал да азыр ушу силердин эле араңарда турат деп ак көбүк тамчысын жээкке ыргытып — буркандап агып жатты күзгү суу…

Манас жана Чыңгыз…

Эгер тили болсо, Чыкеден айрылган зор жоготууда куюлган ачуу көз жаштар агымын өзүнө кошуп алгандай сезилген Күркүрөө, деле адам аттуунун жүрөгү чыдабас муң-зарлуу өзгөчө аза ырын тоодон — түзгө, түздөн – көккө угуза, күн-түндөп шар менен күүлөнтө, кишидей кайталап тураар беле, ким билет? Бирок, суу ошон үчүн — суу, жаратылыш ошон үчүн – жаратылыш.

Ал эми биз, кишилер — уюткулуу кыргыз журтунун кулундары, экинчи кайра жаралбас Чыңгыздай залкардан айрылган жазмышты анын киндик кан тамызган жеринде, Күркүрөө суусунун боюнда кайра бир ошондой жер жарчу үн менен бук кылып ачыкка чыгарсак, анда аны Элмирбек төкмөнүн, баягы немис жеринен шумдуктуу кабар келгенде, бөбөгү – боору катары уккан кыргыздын сай-сөөгүн сыздата, кыргыздын нечен бир кызыл чок сөздөрүн: силер да шолоктоп жаш төккүлө, аза күткүлө дегенсип, оң-сол салаадан чубурткан кум сыңар токтобой төгүлтүп – эфирден боздоп ырдаган айтылуу ырына коштотуу, коштоткондо да, бир сөз, бир басым-ыргагын кемитпей кайталап коштотуу зарылдыгына аргасыз муктаж болоорбуз:

…Ак дайра болуп актыңыз,
Ааламды жиреп бөксөрбөй.
Ордунда ушул шум дүйнө,
Оо, качан турган өзгөрбөй?
Жалгандын улуу мыйзамы,
Жазмышка, аттиң, көнгөндөй.
Көкүрөк түтөп турабыз,
Көктөн бир күндү бөлгөндөй.
Кайгыда кыргыз элибиз,
Кан Бакай кайра өлгөндөй.
Өмүрдүн жолу бурулуш,
Өзүңдү жоктоп турубуз.
Көз өткөнчө жарыктан,
Көр тириликтин кулубуз.
Айырмаңыз, атаке,
Сиз,
Андайдан бийик турдуңуз.
Акылдын асыл жарыгын,
Адамзатка сундуңуз.
Ала-Тоонун койнунан,
Атылып чыгып булактай,
Алп деңиздерге куйдуңуз.
Атланттын ар жагын,
Кайра,
Азия көздөй бурдуңуз.
Алтындан ордо курбастан,
Акылдан ордо курдуңуз.

Биз жүрбүз,
Аялым, балам, тууган деп,
Сиз,
Ааламга кызмат кылдыңыз.
Атагың “кылым карыткан”,
Асыл жан элең даанышман.
Өзгө элдер бизден көп сүйүп,
Өзүмдүк кылып алышкан.
Күн батыштын ар жагы,
“Гүлсары” атка жем берип,
Күнүгө таптап багышкан.
“Жамийланы” эңсешип,
Жабыла сүйүп калышкан.
Акбара менен Ташчайнар —
Аларды билет алыстан.
Кайра эми сиздей чыгабы,
Калкы тургай, жеринин,
Карышкырын да тааныткан?
Кээ бирөөлөр Чыкемде,
Арман жок деп ойлошоор.
Жыргалдар Чыкем көрбөгөн,
Калган жок деп ойлошоор.
Акылына жараша,
Ар кимдер ар кыл болжошоор.
А бирок, Чыке, ким билет,
Арманды катып ичиңе…
Алыста ооруп жаттыңбы,
Ала-Тооң кирип түшүңө?
Андагы заман шартынан,
Айдоонун жүрүп зарпынан,
Элдик баатыр Төрөкул,
Атакең,
Эртелеп кетип калды калкынан.

Энеден таалим үйрөнүп,
Эбелек кезден күүлөнүп,
Кан күйгөн согуш маалында,
Кара-Буура дайрасын,
Какшатып бутуң кечкен жер.
Башыңа тоодой иш жүктөп,
Балалыгың өткөн жер.
Толгонай апа зар айтып,
Томсоруп жашын төккөн жер.
Шекер, Жийде, Чоң-Капка,
Төрүң эске түшкөндүр.
Түндүгүн түрсө кыргыздар,
Түртүшүп турган жылдыздар,
Арчасы айды желпиген,
Аркары булут ээрчиген,
Жериң эске түшкөндүр.
Ар качан барып жүрчү элең,
Артыкча баалап сүйчү элең,
Ак куусу сүзүп ойногон,
Ай-ааламда болбогон,
Каркырадай керилген,
Кандай бейиш дедирген,
Көлүң эске түшкөндүр.
Кабыргасы ката элек,
Элиң эске түшкөндүр…
Эми,
Алтындан курган дүнүйө –
Тонолгонун көргөмүн…
Акылдан курган дүнүйө –
Жоголгонун көрбөдүм!
Жылдыз өспөс болсочу!..
Чыңгыз өлбөс болсочу!..
Кыраанынын өлгөнүн,
Кыргыз көрбөс болсочу!..

Албетте, адам төрөлгөн соң, акыры бир күнү эзелтен “салт” болгон жазмыштын эреже-тартибине баш ийип, бу жарык дүйнөдөн көчөт. Анда эч талаш жок. Манас тоо, Күркүрөө, Шекердин жан боордой Улуу баласы да ага кезинде акыл жүгүртүп: “Туулмак жалган, өлүм ак кылып эмне үчүн жаратып койгонсуң деп кыйкырсаң да Кудайга жетпеси анык. Түбү жок дүйнөнүн башынан бери адам ушуга макул болбой, бирок аргасыз моюн сунуп келатпайбы”, – деп каңырык түтөтө жазганы бар. Ошондой болсо да, бул жерде: Чыкебиз мынчалык күтүүсүз кетип калууга тийиш эмес эле го, ал дагы көп-көп жашап, айталы, 90, 100гө (!) чыгууга чама-чарк, табият ыйгарган кудурет — мүмкүнчүлүгү бар эмес беле деген ой келбей койбойт. Анда анын өмүр-жашоосун кимдер өксүттү, кимдер назик жүрөгүн жаралап, көрөөр күн, татаар насиби күн мурун ай-жылга бөлүнүп – “программаланган” тагдырын мынчалык “тездетти”? Же аз-аздан… чырмаган, аз-аздан… жалмаган өнөкөт ооруусу эң башкы себеп болдубу? Ал эми жармашкан оору да, ошондой азаптан бөксөргөн көңүл да, кези келгенде, биринчи иретте, пенделик кыянаттык менен маңкурттук кеңкелестиктен бензиндей дүрт этип, канча асыл, канча алтын баа болсо да, өмүрдү күйгүзүп кетет эмеспи!

Не демекчибиз, кандай деген күндө да, дүйнөлүк атак-даңк көтөргөн залкардын кийинки жылдары — өмүр акыры туш келген заман, доор, К.Бакиев башкарган кыргыз коомунун окуялары менен психологиялык кырдаалы, жалпы жонунан, баягы: “Пайгамбар өз жеринде пайгамбар саналбайт”, – деген эскиче макалдын кадиксиз чындыгындай — анын Улуулук кадыр-баркына жарашпас, дагы тагыраак айтканда, аны мазактап-шылдыңдагандай эле иш болуп калды!

Өмүр жана өлүм, кубаныч жана кайгы, баладай табигый аруулук жана пенделик кара ойлуу жоруктун карым-катышы… Ушуга байланыштуу, ыраматылык Казат Акматовдун журналист Чолпон Субакожоеванын суроолоруна берген жоопторунан (Китепте: “Ачуу чындык, адилет сөз”. Б., 2013) бир келки үзүндү сунуштай кетүүнүн да бул жерде тикелей зарылдыгы болуп турат. Ал, башынан “ала кушту атынан атаган” ачыктыгына салып, суроолор “мөндүрүн” жаадырган журналистке мындайча сыр көшөгөсүн түргөн:

 “…Чыкем, өзгөчө чыгармачыл, энергетикасы күчтүү адам, өзүнүн карылыгын моюнга албай, жаш кезиндеги режим менен жүрө берет. Күнү-түнү иштеп, самолетко учуп, сууга сүзүп дегендей, айтор, карыдым деген ойдон качып, эл көзүнө жаш көрүнгүсү келип жүрүп ресурсу бүтүп бараткан организмди кыйнап, алсыратып алса, дал ошол тушта сениби деп аңдып турган бир оорусу. Мисалы, кант диабети сыяктуу бир жалаңкыч дароо талуу жерине кол салат шекил. Андан аркысын кыргыз өз макалында жыйынтыктап койгон: “Асылган оору алмайын койбойт”…

Чыкемдин сезимтал дили менен жүрөгүнө атасы Төрөкулдун трагедиясы таптакыр өчкүс так салганы өмүрүнүн акырына дейре дапдаана сезилип турчу. Атасын эстеп башка бир да уул-кызы (мага алардын таарынбасын суранам) Чыкем сыяктуу өлөөр-өлгүчө башын жерге салып, түбү көрүнбөс терең кайгынын астында басырынып жүргөн жок. Чыгармачылык кумары канып, даңазанын эң бийик чокусунда канчалык жүрсө дагы, ал кишинин көз карашынын жарымы кубаныч болсо, жарымы дайым билинбеген кайгыга төнүп турчу…

Улуу адам ошол улуулугун күн сайын, ай, жыл сайын далилдеп турушу керек. Антпесе, улуулуктан ажырап, жайдак калыш оңой эле нерсе. Улуулукту тозок менен гана бекемдеп турууга болот. Ал тозок күнү-түнү тынбай кажынган мээнет. Турмуштун күндөлүк нечен моокумунан кечип коюп, тытынган карандай эмгек… Жайбаракат ой жүгүртүп, акыл токтотуп, терең ойлонуп, анализ менен алдыга шашпай жыла турган турмушубуз бардык жагынан экспресс моделине алмашып кетти. Чагылгандай тез маалымат, көз ирмемде аудио-видео, телерадио, мобилдик байланыш, интернет ж.б. толгон-токой микротолкундагы техника бүтүндөй адамзат өмүрүнө чалмакей чалды. Ошолордун жардамы менен глобалдашуу толкуну Жер шарын тумчуктуруп басып калган кез. Ким билет, балким, биз “эскичилдик” кылып наалып жаткандырбыз. Улуу муун менен кичи муун ортосундагы ажырым, түшүнбөөчүлүк – бул түбөлүк чечилбей турган көйгөй.

Чыкем да муну өзү мойнуна алчу. “Алтымыш жаштан өткөн соң, мен сөзсүз консерватормун, эгер андай болбосом, анда нормалдуу адам эмесмин да”, – деп күлүп калчу…

Менин “Архат” романыма жазган баш сөзүндө Чыкем: “Баскан жолундагы бардык нерсени тынымсыз өзгөртүп келе жаткан адам баласы бир гана өзүнүн насилин өзгөртө албай келет”, – деп кабатыр болгон. Баса, дал эле ошол теманы Ч.Айтматов өзүнүн “Тоолор кулаганда” деген романында изилдейт. Мында автор адамдын ичинде бугуп жаткан кыйраткыч күчтүн залалдыгын, ошол күч жан-жаныбары менен кошуп туруп дээрлик табигаттын өзүн жок кылууга даяр экендигин ашкерелейт. Ушуларды айтып отуруп, мен Чыкеме: “Бул романыңыз өлүм жөнүндө рапсодия турбайбы”, – деп жыйынтыктап койдум. “Өлүмдү даңазалаптырмынбы?” – деп таң калгандай суроо берди мага.

“Байыркы гректин рапсоддору спартандардын өлүмүн аябай даңазалашкан экен. Бирок ошол өлүмдөрдүн философиясын кылдат ачып беришкен эмес. Сиз мына ушул кийинки маселени терең изилдепсиз. Өлүм жөнүндө көп ойлорду айтыптырсыз”, — десем, унчукпай башын жерге салып отурду да: “Жүрү, анда, тетиги сууну жээктеп басып келели”, – деп ордунан туруп кетти…

Бакиевдердин Чыкеме жасаган мамилеси алардын өзүлөрүнүн жерпайына, деңгээлине жараша болгон иш. Дайыма бийлик менен байлыктын артынан тырмышып, ошону өмүрүнүн негизги максаты кылып жүргөн төбөлдөрдүн жалпы кругозору, интеллекти, адатта, төмөн болот. “Чоңдугуң болсо – танкасың, чоң болбосоң – маңкасың”, “бүгүн кызматтан түшсөң, эртең эч ким салам бербейт”, “оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн”, – деген сыяктуу түшүнүктөрдүн бардыгы, ошол жосундарды тутуп, ошого ишенип, акыл-насаат катары бала-бакырасына айтып-деп жүргөндөрдүн пастыгын, алардын адам касиетин туура эмес түшүнгөндүгүн айгинелейт. Бакиевдердин дээри дал ошондой кембагалдар болуу керек. Ошондуктан, алар Чыңгыз Айтматов сыяктуу инсанды түшүнүүгө кудуретсиз болушкан.

Сабасаң да, баары бир түшүнмөк эмес. Ага мен өзүм билген бир эле мисалды келтирсем дейм. Адабият менен искусстводогу зор жетишкендиктери үчүн Лениндик сыйлыкты алышканда, сыйлыктын жобосуна ылайык, Ч.Айтматов менен Т.Садыковго кыргыз бийлиги өзүлөрү жашаган бакча-сарайдан үй беришкен болчу. Чыкемдин үйү ошол көпөстөрдүн жан сергите турган бассейнине туташ болуп чыгат. Сууга сүзгөн жападан-жалгыз “өнөрү” бар Чыкем сүйүнөт да, 20 жылдай ошол бассейнге түшүп, денесин чыңап көнгөн экен.

Жубайы Мария Урматовнанын айтымында, бекер эмес, тиешелүү акчасын төлөп түшчү дейт. Бакиевдер бийликке келээри менен, эч себепсиз, эскертүүсүз: “Айтматов бассейнге киргизилбесин”, — деген буйрук берилип, ортодогу эшикке кулпу салынат. Ал эми Чыкемди Бакиевдер кантип кызматтан кетиргенин анын эң жакын иниси Оморбай Нарбеков жакшы билет экен…”

Күркүрөө жээгиндеги күн, дегеле жазуучунун өзүнүн айтылуу романындагы “кылым карыткан бир күн” сыяктуу болуп, бу пенделик өмүрдүн күңгөй-тескейлүү жагдайлары, убакыт-мезгилдин учкулдугу, ошол өмүр ичинде жасаган-өтөгөн иш натыйжасы, анан акыр-соңунда келип: “адам күнү – өлүм менен бүтүүнүн, адатымда, чындыгы жок өңдөнүп” деп Алыкул жазгандай – өлүмдү желкелеп-жеңген жана ага түк да баш ийип койбогон чыныгы адамдык өлбөстүк, демек, Чыңгыздын ӨЛБӨСТҮГҮ тууралуу сезимге тарамдап орногон сан ойго терметет.

Ооба, “Москва көз жашка ишенбейт” дегендей, аны тээ бармактай кезинен — ыңаалап төрөлгөн кезинен билген, баккан, ойноткон, көңүлүн сергитип кубанткан, шыктанткан, анан канча бир алыс-алыс жактарга кеткенде, энедей сагынып күткөн… Күркүрөө да көз жашка ишенбейт! Ага бер, ташкындай бер, адабият “каарманына” айланган миллиондордун жана миллиондордун сүйүктүү дайрасы! Анда, эмки кезекте — ынтызар окурман көөнү үчүн качанкы мезгил түпкүрлөрүнөн алынган турмуштук эки окуя. Анын бири — ушул Күркүрөө суусунан чыгып, алыскы-алыскы – андагы элеттик адамдар түшүндө да көрбөгөн океан чегине “кайыкчан” сүзүп кетмекчи болгон айыпсыз балалык күндөрдүн фантазиясы жөнүндө. Көрсө, ошондо, согуш башталып, эл каржалып турган убакта, тестиер Чыке, окуган китептеринин, уккан кептеринин таасиринен улам, жээни Жапарбек, бир тууган иниси Ильгизди “матрос” кылып кошо алып, куду “капитан Гранттын балдары” өңдөнүп – өзү да жакшы элестете албаган көгөргөн көк деңиз суусуна опоңой сүзүп жетүүгө кадыресе шыктанып-дилгирленген экен.

Чынында, таржымал күлкүлүү. Муну жазуучунун шекерлик жердеши, бир чети жээни Кененбай Мырзанаев 2012-жылы жарык көргөн “Шекердин ак булуту” аттуу китебинин “Деңизге карай “сапар” деген бөлүгүндө төмөндөгүдөй баяндайт: “…Салаа-салаага бөлүнгөн Күркүрөө суусу Шекер айылын аралап өтөт. Ошол Күркүрөөнүн бир салаасы болгон Ыйманбек Арыктын боюна тигилген боз үйдө Чыкең бүгүн демейдегиден көңүлү куунак олтурат. Эжеси Каракыздын сөзгө чеберлигин, айткан жомокторунун тийгизген таасирлерин, ырчылыгын Чыкең көп эскерээр эле. Досалы жездеси көзгө атар мерген, убагында жолборс аткан деген кеп бар.

Сөздөн сөз уланып, Чыкең Ыйманбек-Арык тарапты жаңсай, “кайык менен сүзгөн” балалык күндөрүн айтып калды (Бул окуяны ар ким ар кандай жазып жүрүшөт, бирок мен Чыкемдин өз оозунан уккам): – Балалык күндөрдү жээним Жапарбек, иним Ильгиз үчөөбүз Досалы жездемдикинде чогуу өткөрдүк. Мен алардан эки жаш улуу элем. Тамак-аш тартыш, кийим-кече жетишсиз болсо да, бар-жокко баш ийбеген балалык курак… Досалы аксакалдын үйү да өзүнчө бир кооз жерде жайгашкан.

Күн чыгыш жагынан Ыйманбек-Арык, батышынан Шаңкай-Арык өтүп, эки суунун ортосундагы бийик дөңдөн орун алган. Дөңдөн ылдый, тыягы мелтиреген кең талаа, андан ары сүрүлүп олтуруп казактын Кара-Тоосу көзгө урунса, быягы канатын жайган кадимки Манас чокусу. Ушундай керемет, кооз жерде балалыгы өткөн болочок жазуучунун учкул кыялдарына табияттын берген таасири да чоң болсо керек.

– Көптөн бери тынчымды алып, толгонткон оюмду акыры Жапарбек менен Ильгизге айттым, — деп Чыкем сөзүн улады.

– Китептерден окугандыктан, тээ алыс жактарда көлдөр, океандар бар экенин билем. Аларга ушул Ыйманбек-Арыктын суусундай суулар агып барып куярын, океанда ар кандай чоң, кичине балыктар бар экенин, ар кандай кемелер сүзүп жүрүшөөрүн окугам. Канткенде ошол жомоктой дүйнөгө жетем деген ой мени бийлеп алган. “Чын эле, ушул Ыйманбектин суусу океанга кошулса, анда барып көрбөйүмбү?.. Ага кайык кана? А кайык өзү кандай болот?” — бассам-турсам ушул ой мээмден кетпейт. Акыры, бир күнү Досалы жездемдин тамынын каалгасы көзүмө түштү… Ичимен, ушул жарайт болуш керек деп чечтим. Жапарбек менен Ильгизден:

– Силер мени менен кошо океанга барасыңарбы? – деп сурадым. Океанды алар кайдан уксун. Мен окугандарымды айтып бердим. Баарыбыз сүйүнгөн боюнча эшиктин каалгасына келдик, же аны чыгара алсак экен. Эптеп балталап, балка менен ургулап жатып чыгарып алдык. “Кайык” да даяр болду. Аны күкүктөп агып жаткан Ыйманбек-Арыкка көтөрүп келдик да, суунун жайыраак аккан жерине акырын түшүрүп, үчөөбүз “кайыкка” эптеп жармаштык. Көз ачып-жумгуча “кайыгыбызды” суу камгактай агызып, ылдый көздөй атырылып жөнөдүк.

Аптыккан сайын оозубуз толо суу жутуп, алдастап, бирибирибиз менен ишибиз болбой да калды. Бир маалда ар кимибизди ар жакка: бирибизди жээкке сүрүп, бирибизди кемерге каптап, бирибизди чычырканакка такап, чачылып кеткен жерибизден шөлбүрөп чыга келдик. Аман калганыбызга сүйүнгөнүбүз менен, каалгабыз жок. Суу бойлой чуркап, бир топ жерге чейин карап келдик. Энтиккен боюнча башты жерге салып, бири-бирибизди алдыртан карап коёбуз. Тигилер: “Сенин кылганың, өзүң жооп бер”, – дегенсишип, жер тиктешет. Эми Досалы жездеме эмне деп айтабыз? Үйдөгүлөрдүн баары колхоздун жумушуна кетишкен, кеч келишет.

Эң биринчи Досалы жездем келди. Аңырайып, каалгасы жок ачык турган үйдүн бет маңдайында атчан туруп калды да, үзөңгүсүн чирене тээп, мойнун созо, эки жакка көз жүгүртө баштады. Эч кимди көрө албай, чыдамы кеттиби, бир маалда:

– Чыңгыз!.. Жапарбек!.. Ильгиз!.. – деп үнүн катуу чыгара эки-үч курдай кыйкырып жиберди.

Жүгөрүнүн арасында бекинип олтурганбыз. Муну баштаган мен болгондуктан, тобокел деп, шылкыя басып чыга келдим.

– Барсыңарбы? Баарыңар барсыңарбы? Каалга жерге кирсин! Узун жаныңар аман калыптыр, Кудай силерди бир сактаган экен. Балакет-салекетиңер ушуну менен агып кетсин! – деди…”

Окурманга эскерткен экинчи окуяны жазуучу өзү “Балалыгым” деген повесть өзөктүү эскерүүсүндө аңгемелеген. Анда согуш убагындагы кыска убакыт “орус тил мугалими” болуунун таржымалы, кыштын кыраан чилдесинде Күркүрөөнү жыңайлак кечкен өзгөчө “баатырдык” жана андай аргасыз “кечүүдөн” улам бир күнү чыккан “кызылдай мушташ” сценасы да орун алган: “…Сейтаалы Бекманбетов менин бала чагымдан берки досум. Аябай шайыр, тамашакөй жигит болчу. Мен Шекерге келгенде аердеги мектептин директору экен. Анда он алты жашта. Согуш жылдары кат тааныган сабаттуу эркектердин баары фронтко аттанып, а айылда калган катын-калач, картаң адамдар көпчүлүгү окуй билчү эмес. Ошол мезгилдин жаштарынын билим берүүдөгү орду айтып бүткүс чоң болгон. Сейтаалы Шекерге коңшу айыл Арчагулдагы мектептин директору болуп иштеп калды. Арчагул Шекерге караганда чакан кыштак. Ал жерде баштооч эле класстар бар.

Бир жолу Сейтаалы менин ушул мектепке сабак берүүмдү суранып калды. Кичинебизден бери чогуу чоңоюп, бир өсүп, мамилебиз жакшы эле да.

– Орусчаны жакшы билесиң. Менден качып кутулам деп ойлобо. Тиги-бу деген шылтоолоруңду укпайын. Бизге келип, орус тилинен сабак бер! – деди. Айтканындай эле болду. Мени Сейтаалы сокмо менен жасалган жалпак, бир нече классы бар мектебине ээрчитип барды. Үркөрдөй топ отурган класста сабак берүүгө кирдим. Эч нерсеге даяр эмесмин да. Же колумда сабак өтө турган план, программа дегендер болсочу. Же окуу куралы, китеп дегендерди көрсөмчү. Аныма карабай, Сейтаалы мени мугалим болосуң деп, айт-уйтка койбой, балдардын арасына киргизип жиберди.

– Ой, сен неге кыйыласың, сабак берип эле чыгып кетесиң. Бүттү, башка эч нерсе кылбайсың! Орус тилинен эле окутасың, болду! Мунуң үчүн айлык да жазып берем, — деди ал мени үмүттүү карап. Бизде мугалимдин айлыгы дагы да болсо аз өлчөмдө. Ал эми ошол мезгилдеги мугалимдин айлыгы эмне болуп калыптыр? Иштин чоо-жайы айлыкта деле эмес болчу, Сейтаалы экөөбүздүн достугубузда эле. Ошондой эле экөөбүз чоң жоопкерчиликти өзүбүзчө өз мойнубузга алганыбызда жаткан.

Арчагулдагы балдарга узак жылдар бою сабак берген деле жокмун. Ал жакка кезерип жөө барчумун. Ар күнү беш чакырымдай жол, анын үстүнө аерде жата турган жай да тартыш, кала берсе жолдон Күркүрөө суусун да кечип өтүүгө мажбур болосуң. Ушулардан го, айтору, менин баштооч мектепке мугалимдигимдин боосу бек болбоду. Лекин, Сейтаалы бүт өмүрүн мектепке арнады. Көп жылдар ошол мектепке директор болуп турду. Мектеп да барган сайын оңолуп, башкача болуп калган. Жакында аны менен жолуккам. Бишкекке келиптир. Жетимиштен ооп, картайып, абышка болуп калыптыр. Экөөбүз отуруп алып мурда өткөн күндөрдү кайра баштан эстештик.

Сөз учугун улап жатып, ал мага мындай бир менин жадымдан чыгып кеткен окуяны айтып берди. Бир күнү адаттагыдай Арчагулдагы мектепке экөөбүз чогуу чыгыппыз. Күркүрөөнү кечип өтчүбүз. Суу шыргалаң, муздагы тим эле чучугубуздан өтөт. Бутубуз какшап, аябай ичиркенчүбүз. Ошол кыйынчылыкты бирибиз эле көрөлү деген акыл менен кезектешип бири-бирибизди көтөрүп өтүүнү макулдашып алганбыз. Бир күнү мен Сейтаалыны көтөрүп өткөрөм да, эртеси Сейтаалы мени жонуна артат. Анан бир ирет кезектин кимде экенин билбей адашып калыппыз. Же ал мени көтөрмөк, же мен аны. Бирок экөөбүз тең муздак сууну кечкибиз келбей кежирленип, кер-мур айтыша кеттик. Анан бири-бирибизди тытмалап, Күркүрөөнүн боюнда кезек меники эмес деп көпкө мушташтык. Бул балалык окуяны мен эмне үчүндүр унутуп калыпмын. Сейтаалынын эсинде экен.

“Биринчи мугалимди” ушул Арчагулдагы кыска мөөнөттүк мугалимдигимден алган таасирлерим менен жазгам. Бирок анда башка доор, башка мезгилге ой жүгүртүп, калем чаргыткам. Ошентсе да, согуш мезгилиндеги сезимдеримди бир аз өзгөртүп пайдалангам. Арчагулдагы балдарга 1943-жылдын кыш айларында сабак бердим. “Биринчи мугалимдеги” окуялар илгерирээкки мезгилди – жыйырманчы жылдарды чагылдырат. Бул да башка бир мезгилдин, башка бир коомдун драмасы. Бирок суу мурун баланын мугалим болгондогу сезимдерин жакшы билем. Арчагулдагы мугалимдик кылып жыйнаган тажрыйбам буга себепкер болгон…”

Күркүрөө тууралуу сөз бүтпөйт. Ырас, Манас туулган деп ыйык санаган Алтай жеринде “Күркүрөө” деген аталыш алган үч тоо суусу да бар экенин жакында интернеттен окуп, абдан таң калдык. Алардын биринчи экөө Аргут, Чулышман деген дарыялардын куймасы болуп, Кош-Агач, Улаган деген райондордун аймагында агылса, Турочок районундагы үчүнчүсү кыргыздар Дөөлөс көлү деп эле санжырада айткан – кадимки Телецк көлүнө барып кошулат. Демек, Сибирь жакта да Күркүрөөнүн өзүнө аты окшош үч “бир тууганы” бар!

Ушул жагынан алганда да, Эр Манас туулган Алтай менен Эр Манас элин көчүрүп, түбөлүк жер-суусун конуш кылдырып, ак ордо түшүргөн тең Талас чөлкөмүнүн ортосунда байыркы бабалар аяндап, үн салган — кыргыз тили, кыргыз тарыхы жана кыргыз доору көпүрөлөнгөн кандайдыр жолу узак сырдуу көрүнүш шек билгизип турганы эч жалган эмес го?

Таң калаарлык, таң калаарлык жана дагы бир жолу таң каларлык… Неси болсо да, Талас Ала-Тоосунун жашоосун түрлөнтүп ага бер, ташкындай бер, адабият “каарманына” айланган миллиондордун жана миллиондордун сүйүктүү дайрасы!

Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун «Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?»аттуу китебинен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *