АҢГЕМЕ

I

Чай үстүндө отурган чакан топто сөз нугу турмуштагы сырдуу, табышмактуу нерселер жөнүндө кетти. Арабызда отурган сезимтал жаш жигит бир жерде отуралбай ары-бери басып,  биздин аңгемени унчукпай көңүл коюп угат да,  чөнтөгүнөн улам-улам папиросун сууруп чыгып тартып коёт. Анын толкунданып турганын байкаган кожойке:

— Эгерде NN башынан өткөзкөн кызыктуу окуяны айтып бербесе мурдумду туурасынан кесип берейин, — деген кожейке — сиз тынч алалбай жатканыңыздан ошентип ойлоп койдум, — деп койду тиги жигит таң кала карап калганда.

Ал тамекисинин күлүн күбүп бир аз ойлуу турду да анан жооп берди:

— Чындыгында, башымдан кызыктуудай окуя болуп өткөн, бирок аны анча деле сырдуу, сыйкырдуу нерсе деп деле эсептебейм. Ал жөн гана бир көз ирмемге эс-учтан тануунун эле натыйжасы го деп ойлойм.

— Ой кокуй күн ой, аны түшүндүрүп эмне кыласың, — тигинин сөзүн бөлүп кыпчыла калды кожойке, — сен да бир кызык неме экенсиң, андан көрө окуяңды айта берсеңчи.

— Мейли, айт десеңер айтып берейин, — деди жаш жигит — менин оюмча бул окуя “сырдуу” эле эмес, айтып отурса өзүнчө бир кызык окуя…

II

— Ошентип, — деп баштады ал аңгемесин, — бул окуя N түрмөсүндө болгон. Мени ал жерге күн батар убакта алып келишти. Биз түрмөнүн тосмосуна улай салынган,  эшиги сыртка караган тамдын кичинекей бөлмөсүнө кирдик. Адатта Сибирдин түрмөлөрүндө кеңселердин эшиктерин ал жерде кызмат өтөгөн күзөтчүлөрдүн тынчын албагандай, сырт жактан өзүнчө киргендей кылып салышат. Күз айы эле. Чакчайып ачык болгону менен сөөктөн өткөн жел согуп турган күздүн муздак күнү,  андан да муздак,  коюу кара түнгө алмашты.

Бир топ убакыт мурда тоо аралап өткөн жол менен келатып асманда алтын сыргадай ийилген жаңырган ай көрүнүп турганын көзүм чалган. Тоонун кырынан адегенде бириндеп, анан топтошуп учкан ак булуттар бир нерседен үрккөн канаттулардын үйүрүн элестетип,  кырлардан удургуган боюнча ашып, көрүнбөй калып жатышты. Унчукпай түнөргөн сүрдүү тоолор, баш-аягы тумандуу өрөөнгө сүңгүп кирген чаңдуу узун жол,  кулак кужурун алып басылбай шыңгыраган коңгуроонун үнү, самсаалап көчүп жаткан булуттар ансыз да чөгүп турган көңүлүмдү бир башкача ыргакка салып жибергенсиди. Жүрөгүмдү кандайдыр санаа басып, ушул кунарсыз сапардагы жашоого тажагандай абалга келдим. Баарынан да белгисиз өрөөндөгү күтүп жаткан дайынсыз жашоо жөнүндө ойлордун тузагынан чыга албай камыгам. Мына, шаарга да жетип калдык. Сыягы, бул шаардын түрмөсүндө жаңы коштоочуларды дайындагыча бир нече күн турат окшойм.

Чаң менен туман,  а балким экөө тең барбы, айтор мунарык басып, маңдайымдагы созулуп жаткан өрөөндөн шаарды көрө албадым.Тоо этегиндеги мейкиндикти бозоргон туман менен көңүл чөгөргөн түшүнүксүз бир нерсе каптап турду. Биз арабабыз менен ушул табышмактуу деңизге тез сүңгүп кирип бараттык. Кайдадыр тээ алыстагы коңгуроо үнү гана угулаалар- угулмаксан болуп абага сиңип кетип жатты.

Майрам ал күнү да, кийинки күнү да болгон жок, кудум кимдир бирөөнү акыркы сапарга узатып жаткандай. Көңүлүм ого бетер чөгө баштады. Жолдо карай ар нерсени кеп кылып эрмектешкен коштоочуларым да менин абалымды сезишкендей үн-сөзсүз тынч отурушат, эгер сөз башталса эле жол бою ортобузда пайда болгон ымаланын ичке жиби чорт үзүлөрүн баамдашкандай.

“Мырза, — деди алардын бири, мага боор таркандай жумшак үнү менен — Мына N шаарына да келип калдык, сиз ал жердеги түрмө кызматкеринен сак болуңуз”.

“Эмне үчүн?”- деп сурадым көңүлсүз.

“Жөн жай эле… Ал бир башкача мүнөзү бар адам…”

“Анын мүнөзүнүн мага эмне кереги бар?— дедим жиним келе — аны менен менин ишим канча?”

Коштоочу унчукпай калды.Ал убакта биздин араба бир тарабында кулап калган тосмолор менен экинчи тарабында кыйшайган алачыктай үйлөрү бар такыр талаанын ортосунан аралап бараткан. Шаар оң тарабыбызда калды, биз түптүз түрмөнүн дарбазасын көздөй бараттык.

Канцеляриянын кичинекей бөлмөсүндө биздин келишибиз менен кыймыл кирди. Граждандарча кийинген бирөө менен арестанттардын кийимин кийинген эки адам—түрмөнүн канцеляриясынында кызмат кылган адамдар, болгону ушулар эле. Сибирде эле эмес бүткүл Россияда түрмө жетекчилиги тарабынан арестанттардын канцеляриялык иштерге пайдалануу кадимкидей көрүнүш болчу. Бул ишке адатта болбогон бир иш үчүн кыска мөөнөткө отурган, түрмөдөн качууга эч себеби жок майда  контор кызматкерлери же өзүлөрүнүн сулуу кол жазмалары,  артыкча таланттары менен түрмө кызматкеринин көзүнө көрүнүп алган кайсы бир дворянин тартыла турган. Түрмөнүн тартибине жоопкер кызматкерге киши жиберишти. Арестант-катчылар калем саптарын көңүлсүз шилтешет, аракты көп ичкенден болсо керек, көздөрүнүн астын шишик баскан  мырза менин коштоочуларымдын жанына келип, өзүнүн мыкты манерасын, чечендигин көргөзүсү келгендей кербезденип, аңгемелешүүгө кирди. Мен терезенин түбүндөгү отургучка, алаканыма башымды жөлөп ойлуу отурдум.

Канцеларияда андан кийин болгон нерселер, акыл-эсимди кандайдыр бир туман каптап алгандай мунарыктап өтүп жатты. Бөлмөнүн ичи күңүрттөп, калем саптардын кагаз бетин бир калыпта тытмалаган үндөрү угулат; саат тынбай чыкылдап, жандармдар улам бир бутунан бир бутуна которулуп,  курал-жарактарын шарактатышат; анда-санда бирөөсү оозун тумагы менен жаба коюп эстеп коёт. Кызматчы мырза тамекисин ороп атканда, короодон кеч киргенин  билдирген добулбастын күңгүрөнгөн дүбүртү чыкты. Добулбас үнү кайталанары менен эки катчы тең орундарынан туруп,  кагаздарын иреттеп жыйнашты да чыгып кетишти,  бирөөсү тура баштаганда шылдыраган чынжырдын үнү угулду. Андан бир аз мурда жандармдын бири кызматкер мырзага кайрылып бир нерсе сурагандай болду эле, ал арестанттар тарапка карап көзүн кысты да, жооп берген жок. Анан ал сыртка чыгып мага бурулуп, үнүн акырын чыгарып бир нерселерди айта баштады. Ошол кезде ал мага бир кызык нерсени айтканын туйдум, башка убактарда балким аны кунт коюп укмакмын; бирок ошол мүнөттөрдө мен аны уйку-соо арасында жүргөндөй эле угуп-көрүп жаттым; мени кандайдыр бир санаа басып, эч нерсеге көңүлүм чаппай, бир башкача абалда элем. Мен бул майда-барат нерселер жөнүндө айтпай деле койсом болмок, чынында ошол кезде ал нерселерди байкаган да эмесмин. Кийинки болуп өткөн окуялар мага ал учурду кайра-кайра көз алдыман өткөзүп, ошол учурду эстөөгө мажбур кылды. Бир топ аракеттердин натыйжасында мээмде бүлбүлдөп өчүп бараткан элестерди калыбына келтиргенсидим.

Арык чырай, кара тору,  узун бойлуу жандарм ийни менен дубалга жөлөнүп, чарчаңкы түр менен башын эңкейтип, бир нерселерди шыбырап, улам туш тарабын карап коюп, сырдуу бир нерсени айтып жаткан бекене бойлуу адамды көңүл кош карап турган. Берки,  бая мага сак бол деп эскерткен жандармдын аңгемеге кызыгуусу артып, бүт дитин коюп угуп жаткан эле.

Азыр мага ал учурда болгон нерселердин көбү эсимде жок, бирок көз ирмемде ошол жерде тургандардын баары  укмуштуу нерсени күткөндөй үрпөйө түшкөндөрү алигиче көз алдымда.

Аңгемечи, сөзүнүн таасирин күчөткүсү келгенсип, обдулуп бутунун учуна тура калып эңкейип бир нерсе айтты да, сөзүнүн күчүнө маашыр боло, чалкалай калып отура кетти.Чындыгында эле бир эле убакта эки угуучунун жүзүнөн окшош, мен эч бир сөз менен сүрөттөп бере албай турган сезимдердин чагылышын байкадым. Экөөнүн кичинекейи чыйпылыктап толкунданып алган, ал да тиги менен кошо чалкалай кетти, түрү бузулуп,  эриндери бири-бирине тийбей ачыла түшкөн бойдон калды. Узун бойлуусу өзүн-өзү бекем кармап, дегеле эмне болуп жатканын билдирбей зымыраят каапыр; бирок менин эсимде анын түнөргөн жүзүнөн көз ирмемге бир кара көлөкө жылып өткөнү даана калыптыр.

Дагы кайталап айтайын, ал кезде бул таасирлер менин көз алдымдан аң-сезимимден тышкары өтүп жатты, ал эми азыр айтып берип жаткандар  эс тутумумдун эс-учу жок учурларды да эски пленкадагы негативтерде сакталган образдардай сактап калуу касиети менен түшүндүрсөм болчудай. Ал кез  эске түшкөндө сөзсүз көз алдыга тартылган,  кызматкер мырзанын кыймыл-аракеттеринен кийинки жаралган жагымсыз сезимдер башымдан чындап өттүбү, аны азыр деле билбейм.

Ал дагы үнүн басаңдата чыгарып бир нерселерди айтты да, узун бойлуу жандарм турган терезенин жанына келип, терезенин торун бир колу менен кармап, бир аздан кийин ошол эле колу менен жаңдап, абада кандайдыр бир таң каларлык кыймылдарды жасады да, дубалдын түбүнө башын бир жак ийинине кыйшайткан боюнча  чөгөлөп отура кетти. Анын чөгөлөп отурган карааны дубалдын караңгы бетинде аябагандай жагымсыз такка айланды. Узун жандарм чочуп, терезеден жыла качкандай болду. Балким ал тиги такты жакшылап көрөйүн дегендир…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.