Парламент депутаты Садык Шер-Нияз эл өкүлдөрүн «РухЭш» сайтын колдоого үндөдү!

Беттегенин бербеген Олжобай Шакир деген досум бар. Эл 7-8 саат иштесе ал 15-16 саатка чейин көгөрүп иштейт. «РухЭш» сайтын ачып алгандан бери элди агартам-көгөртөм деген ушунуку өттү. Адамдай болуп сүйлөшүп отуралы десең да ордунан ойдолоктоп жумушуна шашып турат, турмушунда да шашма. Бир гана жери — өзүнө чыдагыдай жакшы аяш тандаганы гана болбосо, мунун көп ишине мен ыраазы болбойм… «Шашпа, ойлонуп иш кыл» деп канча айттым, тил алса буюрбасын! Мейли, тил албаса өзүнө…  Бир кезде «Айтыш» фондунун алдында «Калемгер» адабий клубун […]

Чыгыш элдеринин жомогу: Нан жана алтын

Аббас аттуу кедей дыйкан бар экен. Күнү бою баш көтөрбөй, бел чечпей иштеген ал кичине эле бош убактысы боло калса бул ит турмуштан сууруп чыгуучу, жыргал жашоого жеткирүүчү казынаны кантип табам деп ойлоно берип, акырында кызыл-кызыл кыялдарга да батып кетет. Абдан ысык аптаптуу күндөрдүн биринде ал кадимкисинче талаада иштеп жүрүп, бир кезде чарчаганда бактын көлөкөсүнө отуруп адатынча кыялдана кетти: “Эгер мага Кудай эмнеге колум тийсе ошону алтынга айланткан укмуштай бир улуу касиет берсе, мен мындай оор жумуш менен ит турмуштан […]

Белгилүү философ Үмүт Асанова прогрессчил интеллектуалдардын «Чеч-Дөбө» кеңешине мүчөлүккө кабыл алынды

Бул топтогулар негизинен ар дайым туруктуу позицияны карманган, кайсы бир саясый топко жан тартпаган жана эч бир саясый партияга мүчө болуп кирбеген, ар дайым улуттук жана адамзаттык жалпы орток баалуулукту жогору койгон инсандар курамынан турмакчы. «РухЭш» сайты прогрессчил көзкараштагы интеллектуалдардын альянсын түзүү менен бирге жыл сайын белгилүү окумуштуу жана адабиятчы Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» номанациясын жана Ишенбай Абдуразаков атындагы «Рухий эш» номанацияларын тапшырып турмакчы. Негизинен «РухЭш» сайтынын алдындагы «Чеч-Дөбө» кеңешине мүчө болгон инсандар коомдогу абийирдүү азчылык чөйрөнү калыптоодо – […]

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «РухЭш» сайты тойлор конкурсун биргеликте уюштурат

Жаңыча үлгүдөгү тойлор боюнча жарыялаган конкурсубуздун максат-мүдөөсү окшош болгондон улам КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «РухЭш» сайты, «Кереге» фонду демилгелеген эки конкурсту чогуу-чаран уюштурууга макулдашуу болду. Мындай чечимди Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов да макул көрүп, мамлекеттик жана коомдук бирикмелер менен аталган иш-чаранын жыйынтыгы ушул жылдын күз айында чыгарылат.   Буга чейин белгилүү болгондой: КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан үлгүлүү тойлордун сценарийи боюнча жарыяланган конкурстун байге фонду 200 000 (эки жүз миң) сомду түзсө, […]

Василий ШУКШИН: Дейди

АҢГЕМЕ Анатолий Яковлевди айылдагылар кайдагы бир кудай аткан «Дейди» деген атка кондуруп алышты. «Дейди» деп классынан көчпөй калган, Вася аттуу ашынган тентек баланы аташчу. Кийин барып ал сөз атасына жабышты. Эчтеме дей албайсың. — Дейди деген дейди. Аялы да эри менен кежеңдешип калганда «Дейди» деп кордочу. Анатолий кыжырданчу, бир жолу аялын «көкала койдой» сойду. Эси чыгып ага далайга дейре: Дейди деп чоңоюп калган, окугусу келбей мугалимдердин мээсине чай кайнаткан кээ бир кейбир чалыш балдарды айтат деп жылуу-жумшак түшүндүрүп жүрдү. «Мага […]

Умут АСАНОВА: Гимн жизни

(Размышления об одной картине) Шукшин однажды заметил: «Человек – это нечаянная, мучительная, прекрасная попытка Природы познать самое себя….». А что же он сказал бы о Художнике? Наверняка бы прибавил: «О, это вдвойне адская, вдвойне мучительная, вдвойне прекрасная попытка…» И одну из таких прекрасных, но, несомненно, в муках рожденных озарений – попыток я с потрясением открыла для себя в картине киргизского художника Жоомарта Кадыралиева «Эсимде», ныне экспонирующейся в музее изобразительных искусств столицы республики. До слез щемящая сердце и вызывающая бесконечную тоску […]

Ырысбай АБДЫРАИМОВ: Саты

АҢГЕМЕ Байыркы заманда мал-жандык менен жан баккан түптүү эл жаз аяктай жайлоого көчүп чыкчу. Колунда карасы жок кедей-кембагал кара курсактын айынан оокаттуу байларга жалданып, малай болуп, ээсин ээрчиген короочудай алардын этегинен калбай, жайлоого бирге чыгып, күздөөгө жакага кошо түшчүү. Жаштайынан ата-энесинен айрылып, багар-көрөрү жок Саты куу турмуштун зардабынан иш дегенде ичкен ашын унутуп, чыйрак чыкты. Байдын коюн багып, өргөөсүнө талаадан терип келген отуну менен кирип, күлү менен чыгат. Байдын айтканын кың дебей жайгарып, көңүлүнө жагат. Арадан далай жыл суудай агат. […]

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: КСДП үлкөндөрү бир бороондо эле эски шефине “үрүп башташса” башка партиялардан эмнени күтсө болот?

Биздин каарман өлкөдөгү саясый процесстерди ар убак ташка тамга баскандай таасын талдай алгандыгы менен айырмаланат. Ошондуктанбы, анын бул жаатта айткан ар бир кеби ынанымдуу болуп, коомчулукта ачык талкуу менен коштолмою бар. Бул сапар да көрөңгөлүү инсан менен маегибиз маанилүү кеп-сөздөргө оролуп, кызык маанайда уланды. — Чолпонбек мырза, соңку саясый окуялардан улам көрдүк да, экс-премьер Сапар Исаков парламенттен депутаттарга татыктуу жообун узатып, камактан да коркпостугун, эч жакка качпай, актыгын далилдээрин ачык жар салды. Айтыңызчы, анын мындан аркы саясый тагдыры кандай нукта […]

Биз эмнеге эшектин эстүү тукумунча жокпуз?!

Бир күнү эшектин кодиги (такыйы) капысынан ооруга чалдыгат. Узун кулактары салбырап, жем-суудан калат. Күнү бою башын чайкайт да тунжурап, соңунда жатып калат. Кодигинин жагдайына мазасызданган атасы жанына келип не болгонун сурайт. Кодиги: – Баарына күнөөлүү адамдар,- дейт башын көтөрүп. – Адамдар не кылып койду?- дейт атасы таңдана, оозун ачып. – Алар жакпаган иш-аракетти көрсө бири-бирине: «Эшек» дейт. Араларындагы акмактарын эшекке теңейт. Биз андай эмеспиз го, ата! Айтыңызчы! Эмгектенебиз, жалыкпайбыз, жадабайбыз. Бизде да түйшүк бар, сезим бар. Түшүнөбүз. Күтпөгөн сөздөргө атасы […]

Олжобай ШАКИР: Төрт сапка сыйган өмүр

«Гений качан болбосун өзүнө көңүл бурдура берет«. Клод Адриан ГЕЛЬВЕЦИЙ 34 жашында автокырсыктан өмүрү кыйылган Жоомарт Бөкөнбаевдин көөдөндү көсөп өткөн береги төрт сап ырына көңүл төшөдүңүз бекен, окурман! Абай Кунанбаевге арналган төрт сапка не деген чулу ойду жашырганын чогуу карасак дейм? Абайга Сар арканы турак кылып, Шамал менен көчүпсүң. Кун жетпеген чечен булбул, Кумда сайрап өтүпсүң. Улуу ойчул Абайдын байлоосу жок шамал менен кумда сайрап өткөн өмүрүн; кургур Абайдын кун жетпеген чечен булбул экенин; шаалуу акын Абайдын шамал менен көчкөн тагдырын […]

Акбар ТУРСОН: Караванщик совести мировой (продолжение)

<<<<<<<<<<<<<<<Начало ТУРСУНОВ (ТУРСОН) Акбар [01.10.1939 — ..] – доктор философских наук, профессор, академик Академии наук РТ. В конце 1980-х-начале 1990-х — директор Институт востоковедения и письменного наследия Академии наук ТаджССР. В эмиграции — 15 лет жил и работал в США. С 11 апр. 2011 — 20 апр. 2015 — директор Института языка, литературы, востоковедения и письменного наследия им. Рудаки Академии наук Таджикистана. С 20 апр. 2015 — на пенсии. К 90-ЛЕТИЮ КЛАССИКА МИРОВОЙ ЛИТЕРАТУРЫ ЧИНГИЗА АЙТМАТОВА «Это великий советский писатель. […]

Касымбековдун жаңылыштыгы же Мадаминбектин өлүмү

Турмушта жазуучу ойлоп чыгарган окуя чындык катары айтылып жүргөн учурлар көп кездешет. Бул адабий каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Алсак, маркум Төлөгөн Касымбековдун “Келкел” романындагы Мадаминбектин өлүмү. Толук аты Мухаммед-Амин-бек Акматбеков. Ал Түркстан фронтунун аскер башчысы Михаил Фрунзенин 1920-жылдын 30-апрелиндеги буйругу менен Маргалан атчандар полкунун командири болуп дайындалган. (“Келкел” тарыхый романы, Ф.: Кыргызстан, 1986.) Мадаминбек Кызыл армияга кошулганга чейин 1919-жылы азыркы Алай районундагы Эркеч-Там кыштагында Монстров башындагы ак гвардиячылар менен чогуу Фергана убактылуу өкмөтүн түзөт. Совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн басмачылар кыймылынын […]

Амирбек АЗАМ уулу: Тарых биз менен жашайт…

“Рух Эш” интернет басылмасында Абдыкерим Муратовдун “Сунулган баш… Суурулган кылыч…” тарыхый романынан Маадаминбектин өлүмүнө байланыштуу үзүндү жарыяланды. Аалым-жазуучу бул романда белгилүү кызыл командир Мадаминбектин өлүмү тууралуу электрондук маалымат булактарында жана совет мезгилинде чыккан адабияттарды, анын ичинде Төлөгөн Касымбековдун айтылуу “Келкел” тарыхый романындагы маалыматтарды төгүндөйт. “Келкелде” Мадаминбек Тамаша кыштагында (бүгүн Кадамжай районунда) буктурмага кабылып, атышып жатып  өлөт. Мындай версия жаңылыш экенин “Азаттык” радиосуна 2012-жылы жарыяланган изилдөөмдө жазгам. (Караңыз:  https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_literature_history_madaminbek_death_research/24530238.html) Жана А. Муратов өз изилдөөлөрүнө таянып, Мадаминбек бүгүнкү Испайрам өрөөнүндөгү Шыгай айылында (Кадамжай […]

Жетиген АСАНБЕК: Мыйзамдын бардыгы абийир мыйзамынан алынат

Мыйзамдын баары, мамлекеттин негизги мыйзамы болгон конституция дагы адамдагы абийир мыйзамына негизделет. Түздөн түз абийир мыйзамынан алынат. Маселенин баары ошол адамдагы абийирдин өлүү же тирүүсүндө… Бийликке абийири өлүк же кесел, чала жан адамдардын келиши – эл башына оор мүшкүл түшкөнү, элдин шору катканы. Мыйзамсыздыктын баары мыйзамдашып, эл душмандары “мыйзам чегинде” мамлекетти куралсыз, ичтен гана тымызын талкалап, кырып, бүлүндүрүп бүтүрүшөт. Буга бүгүнкү күнү биздин өлкөбүздө болуп жаткан окуялар айкын мисал. Аттиш 20 миң сомдон ашып, кадимки отургуч 100 миң сом болуп […]