«Падышага сыйынган адам падыша үчүн өлүп бергенге да, падышанын түбүнө жеткенге да даяр».
Жорж Бернард ШОУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович, коомдун абийрсиз катмарын АША досуңуз бийлик төрүнө эбак чыгарып койгон. Аны жонтериңизден сезип аткан чыгарсыз. Алар жарганаттан эч айырмасыз экени акыркы саясый окуялардан көрүнүп калды. Адырайып. Уккансызбы, жокпу, индия эл жомогу бар. Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш чыгат. Ошондо жарганат өзүнчө:

– Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп карап турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам! — дейт.

Бул учурда айбанаттар менен канаттуулардын бетме-бет кармашы башталып, жарганат болсо урушка алыстан гана баам салып отурат. Анын байкоосунда: канаттуулар чапчаң көрүнөт. Ал ошол замат канаттуулар тарабына учту да, бирок өтө жакындап барбастан ойлонду: «Мейли, адегенде жеңишке жетип алышсын, ошондо кошулам!»

Арийне, канаттуулар жеңиле турган болуп калганда, жарганат айбанаттар тарабына жылт койду да, минтип жар салды:

– Менин тумшугум кудум эле чычкандыкындай. Балдарыма сүт эмизем, а канаттууларга андай ырыскы буюрбаган. Демек, мен айбанатмын. Андыктан мени өгөй эмес, өздөй көрсөңөр экен! А мен силерге өмүр бою чын жүрөгүмдөн ак кызматымды кыламын. Мен силерди эч качан сатпаймын!

Айбанаттар жарганатка ишенип, өздөй көрүп кошуп алышты. Бирок болбой эле канаттуулар жеңип кетти. Анткени алардын жол башчысы алгыр бүркүт деген түгөткүр экен. Муну баамдаган жарганаттын жаны оозуна кептелип, ой калчады: «Мени эми канаттуулар соо койбойт. Тытып жешет!» – Ушул ой башына келери менен зуу коюп качты. Качканда да тоолордун, токойлордун арасына житип, өзүнө кычык тапты.

Урматтуу Президент, өз жанын калкалоо үчүн кычык издеген жарганатка окшош саясатчылар бүгүн Сиздин да колтугуңузга ыктап турган кезең. Алар кечээ эле Атамбаевдин алдында чимирилип, жорголору чыгып турса, бүгүн алар сиздин алдыңызда жорголоп, бөйпөңдөп турганына маашырланбаңыз. Алар күч каякка оосо, ошол тарапка жарганаттай жылт коёрун С.Исаков, И.Жолдубаева, А.Сегизбаевди кызматтан алуу процесстери жакшы көрсөттү. Жамы журттун маанайы сизге ооп, сизге үмүт артып турганын сезген парламенттеги «жарганаттар» дароо сиздин ыкка ылайыкташа калганынан эле кооптоно турган жайыңыз бар…

Алдыда мындан да опурталдуу сыноолор туру. Ошол опурталдуу сыноолордон саясый элитанын «жарганаттары» сизге арка-бел болуп берери өтө күмөн. Арийне, аларды өлкө тагдыры же эл тагдыры түйшөлтүп турган жери жок, жеке өздөрүнүн керт башына кепилдик издөө мүшкүлү туру. Өлкөнүн тар жол, тайгак кечүүсүндө алар да жарганат шекилдүү таасирлүү күч кай тарапта болсо, ошол тарабына саресеп салып келаткан гана абийрсиз жүздөр!

Андыктан Сиз өздөрүн саясый элита саналган абийрсиз жүздөрдү эмес, караламан калкты арка-бел тутунгандан бөлөк аргаңыз жок! Ошол караламан калк ичиндеги чындыктын тили менен сүйлөп, АША бийлигине суук тумшук көрүнүп келген абийрдүү азчылык менен кеп-келең түзүүнүн жолун издеңиз. Өлкө башчысы катары абийрдүү азчылык менен коомдук кеңеш түзүп, саясый процесстерди оң натыйжалуу нукка салуу; өлкөнүн өнүгүшүн ыкчамдатуу мүмкүнчүлүгү колуңузда турат.

Тек, саясый процесстер кечеңдеген сайын, эл ишеними жазгы аба ырайындай туруксуз келерин унутпаңыз!

Сиздеги тарыхый мүмкүнчүлүк

«Эр чекишпей – бекишпейт». Бул накылды эл айткан. Сиз падышасыз, андыктан айкөлдүктү, кечиримди эл сизден күтөт. Конфуций айтмакчы: «Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат». Арийне, баары сиздин адилеттиктен көзкаранды. Кезинде Өмүрбек Текебаев менен болгон ортоңуздардагы кер-мур айтыш – жеке пендечиликтен эмес, өлкө саясатындагы олку-солкулуктан чыккандыр мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да өлкө башкарып отурган Атамбаевге да, өкмөттү башкарып отурган Сиздин дарегиңизге да парламент залынан Текебаевден бөлөк кимиси каш кагып каяша кылалмак? Текебаев ошонусу менен элдик лидер, саясый көсөмдүгүн көрсөтүп келгени үчүн адилетсиз сот чечими менен абакка отургузулганын акылы огунан тайыган адам же адеп-аклактан куру жалак калгандар эле түшүнбөстүр, ал эми көкүрөгүндө адилеттикти эңсеген коомчулук арасында бүгүнкү күндө Текебаевдин эркиндигин самап отургандар толтура…

Аныгында Сиздин тегерегиңизде бүгүн Текебаевдей саясый тажрыйбасы такшалган азуулуу саясатчы жетишпей туру. Өлкөнүн тышкы жана ички саясатындагы ыйкы-тыйкылыктарды жолго коюуда Текебаев Сизге опол тоодой күч болуп гана бериши ыктымал. Албетте, бүгүн сиздин курчооңузда акыл-кеңешчилер толтура, бирок вазир жакшы болмоюн, падышанын даңазасы чыгабы? Текебаев Сиз көксөгөн парламенттик башкарууну күчтөндүрүп берүүгө – дал бүгүнкү кезеңде керек. Болбосо парламенттеги «жарганаттар» эртең кайсы бир саясый топтун таасири астында Сиздин президенттик курсту колдор, колдобосуна кепилдик жок. Себеби алар буга чейин АША бийлиги үчүн сыйынып келишсе, эми алар АШАнын түбүнө жетүүгө даяр. Шымаланып түрүнүп алышты…

Олжобай ШАКИР: Текебаев – саясый монстр, саясый феномен

АША таасири бүтүп: Хрущёвдор эми пайда болот

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *