Муфтият: Орозонун календарындагы маалыматтар туура эмес

Былтыр орозо 27-майда башталып, 24-июнда аяктаган. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (КМБД) социалдык тармакта жана WhatsApp тайпаларында орозонун календарлары тарап жатканын, андагы маалыматтар туура эместигин билдирди. Муфтият орозонун так датасы айдын жаңырышына карап аныкталарын белгиледи. «Орозо бул датада башталат деп алдын ала тарап жаткан маалыматтар туура эмес. Кыргызстандын муфтияты айдын жаңырышын карап, орозонун так убактысын алдын ала 1-2 күнгө чейин айтканга аракет кылат. Андыктан тарап жаткан туура эмес маалыматтарга ишенбөө керек», — деп муфтияттан маалымдашты. КМДБнын маалымат кызматы учурда фатва бөлүмү […]

Украин эл жомогу: Жолборстун мышыкка боору ооруганы

Айыл четинде дыйкан жер айдап жүрдү. Бул күнү үймө үйдөн кош айдаган өгүз менен атты мышык ээрчип алган. Кош айдоо кызыган убакта мышык токойдун четинде көпөлөк, чегирткелерди кубалап ойноп жүргөн. Ошол убакта токойдон жолборс чуркап чыгып мышыкты көрдү да, аябай таң калып сурады: — Иничек, байкашымча сен биздин тукумдан окшойсуң, бирок неге мынча кичинекейсиң? Куу мышык байкуш боло калды да, мындай жооп берди: — Эх, улуу урматтуум, айбанаттардын падышасы, адамдардын арасында жашоо кандай оор экенин билсеңиз кана! — Сени кысымга […]

Дилазык: Каракчы кол салганда

Бир жолу эки киши жапайы жерлерге саякатка чыгышат. Бирөөнүн үстүндө жука жүндөн жасалган желеткиси болот. Жолдон ал желеткисин каракчы тартып алат. Жанындагысы бадалдардын арасына кирип кеткенге үлгүрөт. Тигил үстүндөгүсүн алдырган жолго чыгар алдында желеткисиненин бир бурчуна алтын тыйындарды тигип койгон эле. Анан каракчыга кайрылып: — Бул желетки бир алтын тыйын турат. Кел, мен ошол алтын тыйынга кайра сатып алайын, — дейт. — А тыйының кана?  — дейт каракчы. Тигил желеткисинин этегин сөгүп, тыйынды көрсөтөт. — Бул чыныгы алтын, — дейт […]

Мар БАЙЖИЕВ: Менин токочум (шедевр)

АҢГЕМЕ – 1941-жылдын июль айында коңшу короого Адольф Гитлерди дарга асып өлтүрүштү… Энеси бакырып жер чапчып боздогону асманга жетти. «Гитлер» көп-көк болуп, жүрөк түшүргөндөй зуңкуюп короодогу узун скамейкада жатат. Ал менден эки жаш улуу, болпойгон ак көңүл бала болчу. Биз ага кинодон көргөн батько-Махно, япондук самурай, шпион жана башка терс каармандарды берсек кыңк дебей аткара берчү. Бу жолу да эки короонун балдары кандуу замандын жер жүзүндөгү адамдарындай эки жаат болуп согушуп, немистин аскерин талкалап, «фюрерин» колго түшүрүп, дарга асылсын деген […]

Уруучулуктан чыга алабызбы?

Азыркы цивилизациялуу улуттар деле бир замандарда көчмөн күн өткөрүп, уруу-урууга бөлүнүп жашаган. Анан алар отурукташуу, кыштакташуу, шаарлашуу процессинде бири-бири менен аралашып, башка тилдүүлөр менен жуурулушуп, акыры орто кылымдарга жетпей эле уруучулук туткунунан кутулган. Ал эми кыргыз элинде 19-кылымдын аягына дейре уруучулук байыркы калыбында консервацияланып калган. Кыргыз наамын тaнган ар бир адам өзүн конкреттүү бир урууга жана урукка таандык деп санаган, шарттуу болсо да бир уруунун курамына кирген. Кайсы бир урууга кирбеген кыргыз же кыргыздашкан бypyy «кул» деп кордолгон. Тарых тажрыйбасы […]

Касым КАИМОВ: Каракаш

(Аңгеме-тамсил) Каракаш — кадимки эле чымчык. Турпаты: бозтаркылдактан субагай, короолудан калбаат, таранчыдан сымбаттуу. Сырткы түрүн кошуп келгенде башкалардан көрө торгойго бир аз окшош. Анын өзүнө бүткөн өзгөчөлүгү: чекесинде кокусунан сызылгандай капкара кашы бар. Кеп сырткы түрүндө эмес. Каракашта укмуштай сапат бар. Ал Булбул эмес — акын, Торгой эмес — чечен, Тоту эмес — кооз. Өзүнүн артыкчылыгын башкалардыкынан мурда сезүү, бирок самагандай урмат менен сыйга жетпөө Каракашты кайгыртты. «Канаттуулар эмне үчүн менин баалуулугумду билишпейт?» — деген суроо кээде шек туудуруп, ушул […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Значок

ЭТЮД Апам мени жетелеп алып мектеп босогосун аттатып, Осмоналиева Күмүш эжейдин бир колуна сыртында “№36” деген жазуусу бар кичинекей кагаз кутудагы чайды карматып, экинчи колуна мени карматып: — Бул “Манасты” шыр окуйт, — деп тапшырды. Атамдын сокурдугунун пайдасын мен көрүп, бая кыйналып “Манас” китебин окуп берип жүргөнүмдүн үзүрүн ушунда көрдүм. Алиппедеги “А-та ат-ка та-ка как” деп онтолоп окуган классташтарымдын арасында “жогорку билимдүү” болуп чыга келдим. Кара костюм, ак көйнөктү кийип, чоң чылапчынга киринген кичинекей октябрят — мектептин чаңын асманга сапырып […]

Капар ТОКТОШОВ: Темике терме

Ит доктур Темирбек Алымбеков досум анда-санда ачкыл азгырып темине койгону болбосо албан адам, балбан акын. Теминсе бир жумалап теминет. Анан аяшыбыз аркандап коёт. Жемсөөсүнө жем түшүп кеткенсип бир далайга канат какпай, “асыл” бар жерден айланып өтүп, “бөтөш” бар жерде бөгүп жүрөт андайда. Башкалар “теминет деген ушу” деп обу жок теминет ко?.. Темике баштаганда аста-секинден баштайт: ар кайсы камокко башын тыга калып элүүдөн эңшерет. Анан жүзгө көчөт… Ошентип тегерек-четин “мүлжүп” бүткөндөн кийин аркандагы аттай улам арылап “оттоп”, шаарды айланып түгөтөт буту […]