Бир жолу эки киши жапайы жерлерге саякатка чыгышат. Бирөөнүн үстүндө жука жүндөн жасалган желеткиси болот. Жолдон ал желеткисин каракчы тартып алат. Жанындагысы бадалдардын арасына кирип кеткенге үлгүрөт. Тигил үстүндөгүсүн алдырган жолго чыгар алдында желеткисиненин бир бурчуна алтын тыйындарды тигип койгон эле. Анан каракчыга кайрылып:

— Бул желетки бир алтын тыйын турат. Кел, мен ошол алтын тыйынга кайра сатып алайын, — дейт.

— А тыйының кана?  — дейт каракчы. Тигил желеткисинин этегин сөгүп, тыйынды көрсөтөт.

— Бул чыныгы алтын, — дейт каракчыга. – Ишенбесең, тетигил бадалдардын арасында олтурганга барып сурап көр, ал алтын боюнча мыкты адис.

Экинчи жолоочуну көргөн каракчы анын да кийим-кечесин тартып алат. Ошентип тигил алтынынан да, желеткисинен да кол жууйт. Өзү аз келгенсип, жанындагасын да тонотуп салганын кара.

Көпчүлүк эл да ушундай. Алар Улуу Жолдун тепкичтеринде (буддизимдин 37 тепкичи) өнүгүп, көп нерселерге жетишет. Бирок азгырык-каракчынын чабуулуна туш болуп, жакшылык мыйзамын бузуп, бардык жетишкендиктеринен кол жууйт. Өздөрү гана кол жууп калбастан, башкаларды да адаштырышат. Денеси өлүп, өмүрү соңуна чыгат, үч жамандыктын жолуна түшүшөт.

Чакан байлык

Бир бечара болот. Чогулткан дүйнөсү да аз эле. Бир күнү чиренген байды көрүп калып, байлыгын салыштырып көргүсү келет. Бирок салыштырчу эч нерсеси жок болгондуктан, бар “байлыгын” сууга ыргытууну чечет. Ошондо кошунасы:

— Ай, кошуна, ашып-ташкан байлыгың деле жок, кичине болсо да жашооңо жетет, анан обу жоктонуп, сууга ыргытып эмне кыласың? – дейт.

Кемакылдар да ушундай. Кечил болуп кетишсе да, алганы эч нерсеге арзыбайт. Ичинен тилегин таш капканын түшүнүшөт. Акыйкатты түшүнгөндөргө тең келе алышпайт. Ошого жетем дешет, илгертен изгилик жолунда жүргөндөр атак-даңкка ээ болуп, элдин сый-урматына татып жүрүшкөнүн көрүшөт. Алар ошолорго өздөрүн салыштыршат. Аларга кайдан теңелсин, ичинен кан өтүп, ичи күйүп, азап чегип жүрүшсө? Дал ошондой абалга кептелгенде, бараткан Жолунан тайышат. Жанагыл байга теңелем дегендей эле кеп.

Жаңы тирүү жандыктар

Бардык брахмандар улуу падыша Брахмадеваны ааламдын атасы катары көрүшүп, ал бардык жандыктарды жаратат деп ойлошот. Бардык жандыктарды жараткан эгенин шакирти богон экен, ошол шакирти мындай дейт:

— Мен дагы тирүү жандыктарды жарата алам.

Чындыгында ал өзүн даанышман санаган дөөпөрөс эле. Брахмадевага мындай дейт:

— Мен тирүү жандыктарды жараткым келет.

— Бул тилегиңден кайт, шакиртим! Ал сенин колуңдан келбейт, — дейт Брахмадева.

Бирок тигил кемчонтой бул сөздөрдү назарына салбай, тирүү жандыктарды жаратмай болот. Шакиртинин эмне жаратканын көргөн Брахмадева мындай дейт:

— Сен баштарын чоң кылып, мойнун кыска кылып, колдорун узун, чоң кылып, ийиндерин кичине кылып, буттарын кичине, согончокторун чоң кылып жатасың. Сен жараткандар жиндерге окшоп калыптыр.

Бул уламыштын маанисин түшүнүш керек: ар бир тирүү жандык мурдагы кылган иштери, жоруктарына жараша кайра жаралат, аны Брахмадева ойлоп таппайт. Будданын Мыйзамын айтып жатканда, алар эки жакка чарпыла бербейт: үзгүлт кыймылды да, туруктуу кыймылды жа кеп кылышпайт. Ошентип Мыйзамды сегиз ченем менен өлчөнгөн изги жолдун жардамы менен чечмелешет, ал изги жолго: туура көз караш, туура ой-тилек, ак сөз, арзый турган кылык-жорук, түз жашоо, туура аракет, эстүү эстутум, туура ой жүгүртө билүү кирет. Кимде-ким тепкичтен тепкичке чыгып, сегиз ченемдүү изги жолду басып өтсө, Нирванага жетет. Жалган динчилдер үзгүлт жана туруктуу кубулуштарга туш болгондо, буюм-тайымдарга байланып, ал бир закым болуп калат. Алар ааламды алдап, айткандары менен Мыйзамдын сыртын гана көрсөтүшөт. А чындыгында алар Мыйзамда жок нерселерди айтып жатышкан болот.

Обон үчүн убада кылынган акы

Музыканттар өкүмдар үчүн ойноп жатышты. Өкүмдар болсо акысына бир алтын тыйын берем деп убада берет. Ойноп бүтүшкөндөн кийин айтылган акыны сурашат, бирок өкүмдар бербейм деп чыгат:

— Силер ойноп жатканда, болгону менин кулагымды ыраазы кылдыңар. Силерге акысын берем деп, мен дагы силердин кулагыңарды ыраазы кылдым, — дейт.

Акы берүүнүн абалы бу дүйнөдө башкача. Бул дүйндөн асманга баргандар эч нерсеге деле жетпейт, анткени ал жакта чын дүйнө жок. Ал туруктуу эмес, келет-кетет, узакка кармап кала албайсың. Кудум жанагындай “ыраазы кылган” сыяктуу.

Барчадан оромо

Бир жолу бир ууру бай кишинин үйүнө ууруга кирип, баалуу барча менен эски чүпөрөк-сапырактарды, майда-барат бир нерселерди ороп алып чыгат. Муну көргөн теңтуштары шылдыңдап күлүшөт.

Бу дүйнөдө кемакылдар да ушундай: Будданын Мыйзамын кабыл алганына гана ишенишип, жакшы иштерди жасап, анын акыбетин күтүшөт. Алар жараткан менен “соодалашкандыктан”, жеке пайданы ойлобогон таза дилин, берген анттарын, жетишкен ийгиликтерин талкалап жок кылышат.

Чоң ташты керткенде

Бир киши чоң ташты кертип жаткан болот. Ал далай убактысын коротуп, аябай аракеттенет. Күндөр, айлар өтөт, ал болгону оюнчук букачарды жазаганга жетишет. Канча күч, канча дарамет, аракет кетти, а жетишкени — болбогон нерсе.

Бу дүйнөдөгү кишилер да ушундай.Чоң ташты керткени – билим үчүн кетирген эбегейсиз эмгеги. Акырында жасалган кичинекей букачар – бул чыныгы жана жалган атакка карата айтылган каймана сөз. Билимге жетүү үчүн тыкыр карап, абдан берилип, бүткүл акыл-эсин ээлеп, билимдин тармактарын казып чыгышат. Милдетиңди аткаруу парз, келечекте эң жогорку билимге (Нирванага) жетишиң керек, ошондо гана fтак-даңк келет. Эгерде текебер болуп, бой көтөрүп жүрсөң, анда болгону көргөн азабың тереңдеп, узарып кете берет.

От жана муздак суу

Бир кишиге кайсыл бир иш үчүн от менен муздак суу керек болот. Ал от жагып, жууна турган чылапчынга челкилдетип суу куюп, отко коет. Бир аздан кийин оттон алайын десе, жалыны “жалп” өчүп калат, муздак суу алайын десе, суусу жылып кеткен болот. Ошентип ал экөнөн тең – оттон да, муздак суудан да куру калат.
Бу дүйнөдөгү кишилер да ушундай. Алар Будданын Мыйзамын кабыл алып, кечилдин жолуна түшүп, чыныгы акыйкат жолду издеп жөнөшөт. Кечил болгонго үлгүрүшпөйт, кайрадан ойлору аялын, балдарын, тууган-туушкандарын, бу дүйнөдөгү жумушун, беш нерседен турган: тамак-аш, суусундук, уйку, жанкумар, байлык сыяктуу каалоолорун эстейт. Ошентип алар оттон – кайтар акыбеттен жана суудан – антты сактай билүүдөн кол жуушат. Беш калоодон турган ырахатты эңсеген адамдар жанагыл от менен муздак суудан кур калган кишидей болушат.

Эшек жана идиш-аяк

Бир жолу брахман-устат чоң сыйынуучу жай курууну ойлойт. Өз шакиртине кайрылып:

— Мага жалтырап жасалган, адеми идиш-аяктар керек, аны менен сыйынуучу жайдын ачылышына келген меймандарды коноктойм. Мага бир жакшы карапачыны жалдачы. Базарга барсаң эле табасың, – дейт.

Шакирти карапачыны көздөй жөнөйт. Алдынан ак чоподон жасалган идиш-аяктарды эшегине жүктөп келаткан киши чыгат, ал идиштерин базарга сатканы бараткан экен. Анан эле эшеги мөңкүп кетип, болгон идишин талкалап, сындырып салат. Аны көргөн брахмандын шакирти:

— Эмне болуп кетти, катыгүн? – дейт.

— Бул идиштерди жасаш үчүн эмне деген карандай эмгегим кетти, түн уйкуман кетип, канчадан бери ушул идиштерди жасаган элем. Базарга сатканы бараткам, эми минтип эшегим мөңкүп, көз ачып-жумганча эмгегимдин баары талаага кетип олтурат. Эмне кылам эми, эмне кылам? – деп озондойт.
Ага сүйүнгөн шакирт минтип ойлонот: “Бу эшек дегениң – таңгалычтуу жандык болот тура: узак мөөнөттө жасалган буюмду кирпик каккыча талкалап койсо, укмуш экен, ой?! Мен ушул эшекти сатып алайын” дейт.

Шакирт сатып алган эшегин минип алып, устатына келет. Аны көргөн устаты:

— Ой, мен сени карапачыга жибербедим беле, бул эшекти мен эмне кылам? – деп сурайт.

Анда шакирти:

— Бул эшек карапачыдан да ашып түшөт экен, карапачы идиш жасаганга жарым жылын коротсо, а бул макулук аны көз ирмемде ташын талкан кылып салды, — дейт.

Ошондо устаты:

— Көкмээнин көкмээси турбайсыңбы?! Бир бүртүк акылың да жок экен. Эшек ошондой бүлүндүргүч келет. Маа демектен бир кылым убакыт бер, бир идиш жасаганга жарабайт, кокуй, — деген экен.

Көпчүлүк да ушундай: көптөгөн жылдар бою белек-бечкек, жакшылык  тартуулап келгендерге кайтарым кылууну ойлоп да коюшпайт. Тескерисинче, зыян келтиргенден башка бир пайдасы болбойт. Жакшылыкты унуткандар ушундай эшекке окшош болушат.

Суудагы белги

Бир киши кайык менен деңизде сүзүп баратып, күмүш идишин сууга түшүрүп, жоготуп алат. Ошол замат: “Кой, түшкөн жерине сууга белги салып коеюн, кийин келип алып кетем” деген жыйынтыкка келет. Ал эки ай деңизде сүзүп, Арстан өлкөсүнө (Цейлонго) келет. Бул жерден аккан сууну көрүп, жоготкон идишин караштыра барат.

— Ой, эмне кылып жатасың? — деп сурашканда, ал:

— Бир жолу күмүш идишимди түшүрүп алдым эле, ошону издеп жатам, — дейт.

Тигилер:

— Кайсыл жерге түшүрдүң эле? – деп сурашат.

— Деңизге чыкканда, -дейт берки.

— Андан бери канча убакыт өттү? – дешет тигилер.

Эки ай өткөнүн айтат.

— Идишиңди жоготконуңа эки ай болсо, анда аны эмнеге бул жерден издеп жатасың? – дешет тигилер.

— Анткени, — дейт ал, — түшүрүп алган жериме белги салып койгом. А бул суунун өңү деңизден эч айырмасы жок экен, ошондуктан ушул жерден издеп жатам, — дейт.

— Макул, ошондой болсун дейли, — дейт тигилер, — суунун өңү ошондой эле болот, бирок сен башка жакта болчусуң да, бул жерден издегениң кызык экен. Ой, бул жерде кайдан болсун, ыя?

Баштарын чайкап, күлгөндөн башка айлалары калбайт.

Жалган динчил да ушундай: ал туура жолдо болбойт. Сыртынан акыйкат жолунда жүргөндөй көрүнөт. Чарчап-чаалыгып, дүйнөнүн азаптарынан кутулуу үчүн ар кандай эбеп-себеп издей башташат. Жанагыл апендидей, бир жерден идишин жоготуп, башка жерден издегендей кеп.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *