(Аңгеме-тамсил)

Каракаш — кадимки эле чымчык. Турпаты: бозтаркылдактан субагай, короолудан калбаат, таранчыдан сымбаттуу. Сырткы түрүн кошуп келгенде башкалардан көрө торгойго бир аз окшош. Анын өзүнө бүткөн өзгөчөлүгү: чекесинде кокусунан сызылгандай капкара кашы бар.

Кеп сырткы түрүндө эмес. Каракашта укмуштай сапат бар. Ал Булбул эмес — акын, Торгой эмес — чечен, Тоту эмес — кооз.

Өзүнүн артыкчылыгын башкалардыкынан мурда сезүү, бирок самагандай урмат менен сыйга жетпөө Каракашты кайгыртты. «Канаттуулар эмне үчүн менин баалуулугумду билишпейт?» — деген суроо кээде шек туудуруп, ушул бойдон атаксыз өлөмбү деген ой анын тынчын ала берди.

Ошентип санаа тартып жүргөн күндөрдүн биринде ага сасыж үпүп кезикти. Сасык үпүп эртели кеч жол боюндагы эски коргондорго көбүрөк имерчиктеп жүрүп, ары-бери өткөн куштарды көбүрөк байкоочу. Ошондуктан ал сөздү чукуп алгандай тийгизе сүйлөдү.

— Урматтуу Каракаш, салам айтам — үпүп-үп!

Каракаш өзү күткөндөй ызааттуу сөздү уккан кулагына ишенбегендей.

— Акылман үпүп ачык айтчы. Мени эмне деп атадыңыз, — деди.

— Сизди кадырлуу Каракаш, татыктуу атоого сөз жетпейт. Бирок сиздин жупунулугуңуз касиетиңизди далдалап жүрөт. Айып болбосо, менин ушул сөзүмдү көңүлүңүзгө алсаңыз экен. Үпүп-үп.

Каракаштын оозунан кандай сөз чыкса да Сасык Үпүп төмөнчүлүк менен башын ийип кубаттоосун танбады. Ошондуктан Каракаш ага абдан ыраазы болду.

Ошол күндөн тартып Каракаш менен Сасык үпүп ашына болушту. Ашыналык бекем достукка өттү. Экөө бирге болмоюнча, тамакты жалгыз ичкилери келбей калышты. Күндүз бирге жүрүшөт, түн пардасы гана экөөн эки жакка, өз түнөктөрүнө бөлөт.

Экөө ынак болгондон бери бири-бирин Каке, Үпүкө деп аташа баштады. Бирок андан артык урматка жетишпеди. Канаттуулар Булбулду, Торгойду, Тотуну сыйлап, ага көңүл бөлбөгөнүнө Каракаштын күйбөгөн жери күл болду. Башкалар баалашпаса, өз максатына досунун жардамы менен жетүүнү туура тапты.

— Үпүкө — деди Каракаш сөздүн кезегинде, — менин, Булбулдун, Торгойдун жана Тоту төртөөбүздүн ортобузда кандай өзгөчөлүк бар. Билгир элең, айтчы?

— Өзгөчөлүк өтө чоң,— деп Үпүп Каракашка башын ийип койду,— Булбулда акындык, Торгойдо чечендик, Тотуда сулуулук, сизде анын баары чогуусу менен бар. Бирок башкалардын ошону билбегенине капамын, үпүп-үп!

— Үпүкө, эмесе билбегенге билдирүү керек.

Бир күнү Үпүп дубалдын башына олтуруп алып, жар салды:

— Үпүп-үп! Үпүп-үп! уккула! Какем баарын билет. Какем Булбулдан артык акын, Торгойдон ашкан чечен, Тотудан ашкан сулуу, үпүп-үп!

Үпүптүн үнүн Булбул биринчи укту. Үпүптүн Каракаш менен ашыналыгын жакшы билбегендиктен, Булбул анын өзүнө калыска барды. Каракаш булбулдун келерин күтпөгөндүктөн, бир аз шашып калды да:

— Сиздин үнүңүз абдан сонун, — деди.

— Абдан сонун! — деп Үпүп да башын ийкеп койду.

Булбул ага таң калып, үйүнө кайтты. Анын соңунан Торгой келди. Ал абдан ак ниеттүү кемпай болучу. Ошондуктан «Каракаш чечендик жактан чын эле менден өткөн болуш керек. Андай болсо аны куттуктаймын», —деген пейил менен келген. Бирок Каракаш да, Сасык үпүп да аны аябай макташты.

Тотукуш гана Каракашка шектенгендей, андан оолактай баштады.

Булбул менен Торгой кайткандан кийин Каракаш абайлап сүйлөбөгөндүгү үчүн досун жемеледи.

— Айыптуумун, Үпүп-үп! Мындан кийин абайлагыч болоюн, — деп Сасык үпүп кечирим сурады.

Айыбын мойнуна алгандыгы үчүн Каракаш аны мурдагыдан да күчтүү сүйдү. Үпүкөдөй дос күткөн азамат уятка калбасына ишенгенден кийин, аны мурдагыдан да кылдат иштерге жумшады. Сасык үпүп сөздү канаттуулар арасында мурдагыдай үнүнүн бардыгынча кыйкырбастан, тымызын тарата баштады.

— Үпүп-үп! Тотудан Торгой жакшы. Торгойдон Булбул жакшы. Баарынан Какем жакшы.

Каражаш дагы да нааразылык чыгарын билип, бул жолу Тотуну жамандап, Торгой менен Булбулду мактамак болду. Тилегине каршы, Торгой да, Булбул да анын алдына келишкен жок.

Тымызын таратылган кабар шардана болгондо канаттуулардын арасында Ызы-чуу башталды. Булбулду сүйүүчүлөр, Торгойду урматтоочулар, Тотуга суктануучулар артыкчылыкты кайсы бирине ыйгара алышпай, талаш чыкты. Шумкар талаштын жөнүн угуп, канаттуулардын чогулушун чакырды.

Чогулушка Каракаш менен Үпүптү алып барышты!. Иштин тетири айланганын экөө тең түшүндү. Эстүү Каракаш энөө досун алдын-ала каарына алды.

— Үпүкө, келжирөөнү токтот деп качанга чейин айтам? Мени эл алдында уят кыла турган болдуң го.

Жыйылган куштардын жана Шумкардын сүрүнөн жалтанып, Үпүкө «үп» деди да, тили буулуп, бирок башын кадыресе ийген бойдон туруп калды.

— Ушакчылыкты сага ким үйрөттү? — деди Шумкар ачуулу. Үпүп чынын айтмайынча жанын сактай албасына түшүндү.

— Үпүп-үп! Какем эле үйрөттү! Үпүп-үп!— деп Үпүп кичипейилдик менен ийилип койду.

Каракаш уккан кулагына ишенбегендей, Үпүптү жалдырап тиктеп, отурган ордунда селдейип калды.

— Кош, Каракаш, сөздүн кезеги сага келди.

Какем жооптун ордуна куштардын арасына боюн урду. Ал топураган буттардын арасында корголоп жүргөндө, кытыгылуу кулаалы чочуп кетип, тепсеп алды.

Каракаш көркүнөн ажырады. Торгой менен Булбул бар жерде сүйлөөнү таптакыр токтотту. Ал эми Тотунун болсо, үстүнө кире албады. Ал мурдагысынан өзгөрүлдү. Бирок маңдайындагы кара сызык өчпөс тамгадай болуп ошол бойдон калды.

Кай бирөөлөр ушинтип жоругу менен жагат, бирок пейилинен табат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *