Былтыр орозо 27-майда башталып, 24-июнда аяктаган.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (КМБД) социалдык тармакта жана WhatsApp тайпаларында орозонун календарлары тарап жатканын, андагы маалыматтар туура эместигин билдирди.

Муфтият орозонун так датасы айдын жаңырышына карап аныкталарын белгиледи.

«Орозо бул датада башталат деп алдын ала тарап жаткан маалыматтар туура эмес. Кыргызстандын муфтияты айдын жаңырышын карап, орозонун так убактысын алдын ала 1-2 күнгө чейин айтканга аракет кылат. Андыктан тарап жаткан туура эмес маалыматтарга ишенбөө керек», — деп муфтияттан маалымдашты.

КМДБнын маалымат кызматы учурда фатва бөлүмү тарабынан календарь даярдалып жатканын, ал текшерилип, такталгандан кийин элге таратыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин «орозо 15-майда башталат» деген маалыматтар тарап кеткен.

Жыл сайын орозонун башталышы болжол менен он күн артка жылып турат.

Былтыр орозо 27-майда башталып, 24-июнда аяктаган. 25-июнда айт намазы болгон.

Булак: sputnik.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.