Азыркы цивилизациялуу улуттар деле бир замандарда көчмөн күн өткөрүп, уруу-урууга бөлүнүп жашаган. Анан алар отурукташуу, кыштакташуу, шаарлашуу процессинде бири-бири менен аралашып, башка тилдүүлөр менен жуурулушуп, акыры орто кылымдарга жетпей эле уруучулук туткунунан кутулган. Ал эми кыргыз элинде 19-кылымдын аягына дейре уруучулук байыркы калыбында консервацияланып калган.

Кыргыз наамын тaнган ар бир адам өзүн конкреттүү бир урууга жана урукка таандык деп санаган, шарттуу болсо да бир уруунун курамына кирген. Кайсы бир урууга кирбеген кыргыз же кыргыздашкан бypyy «кул» деп кордолгон.

Тарых тажрыйбасы көрсөткөндөй көчмөн элдер туташ отурукташкан соң уруучулук мурастарын унута баштайт. Тек кыргыз элинде андай болгон жок. Отурукташа баштагандан бир кылымдай убакыт, отурукташып бүткөндөн бери 60 жыл кечсе да, кыргыздар жалпысынан уруучулуктан бөлүнүп чыга албады. Мунун себептери көп. Биринчиден, кыргыз уруулары отурукташканда бытырап бөлүнбөй, кыйма-чийме аралашпай, уруулук жана уруктук структурасын бузбай отурукташкан. Экинчиден, элеттик уруу аң-сезимин, идеологиясын, адаттарын кайра-кайра туудуруп турган. Үчүнчүдөн, орток менчикке, коллективизмге, мамлекеттик регионализмге таянган социалисттик режим ички табияты жаңы патриархал-феодалдык коомго өзөктөш келип, уруучулуктун тамырларын кырккан эмес, ага каршы атайын күрөш алып барган эмес. Адилеттик үчүн айтыш керек: совет доорунда уруучулук маселелери жөнүндө ачык сөз кылууга тыйу салынган. Ошон үчүн жадагалса илимпоз этнографтар да кыргыз уруучулук проблемаларын жарыя айта алышкан эмес, айтышса, С. М. Абрамзон сыңары ырайымсыз официалдуу сындын тепкисинде калган.

Кайра куруу заманы келип, Совет бийлиги кескин жумшарганда гана эчтемеден коркпой калган кыргыз окумалдары уруучулук маселелерин бажырап сөз кыла баштады. Алар асыресе маалымат каналдары аркалуу санжыраны кенен пропагандалады, санжырачылардын курултайларын өткөрдү, санжыра тексттерин үстөккө-босток басып чыгарды. Мунун акыры кыргыз жамаатында уруулук идеологиясын алда канча жандандырды. Уруучулук илдетин, эски урyy башчыларынын удаа-удаа ысырапчылык менен өткөргөн юбилейлери, айрыкча жогорку-төмөнкү шайлоолор ого бетер ырбатты. Маселен, райондук, областтык, республикалык шайлоолор өткөрүлүп жатканда таластыктар саруу-кушчу болуп тарс экиге бөлүнүп кетиптир.

Башка чөлкөмдөрдө деле депутат болобуз деген көпчүлүк кыргыздар шайлоочулардын уруучулук сезимдерин козгоо менен көздөгөн максаттарына жетүүгө далбас уруптур. Мындай көрүнүштөр тууралуу басма сөздө жалпы жонунан көп эле жазылды. Бирок парламенттик шайлоо убагында уруучулдук ураандар кандай иштетилгенин конкреттүү фактыларга таянып ачык сөз кылган журналист Кален Сыдыкова болду. Буга анын 1995-жылы жарык көргөн «Түпкүрдөгү монстр» аттуу публицистикалык китеби далил. Жакындан бери улуттук басма сөз кыргыз чөйрөсүндө уруулук уюмдар, уруулук фондулар курулганын, уруу курултайлары өткөрүлгөнүн маалымдай баштады. Маселен, саруу уруусунун төбөлдөрү саруулардын курултайын чакырып, «Саруу» же «Кеңкол» фондусун түптөшүптүр.

Өткөн жылдын 21-декабрында Чаек кыштагында саяктардын курултайы өтүптүр. Бул окуя тууралуу «Кыргыз маданияты» газетасынын быйылкы 19-январдагы санында жумгалдык жазуучу Канболот Бердикеев «Бүт дүйнөнүн саяктары, бириккиле!» деген макаласында кабарлады. Ырас, ошол эле газетанын 15-февралындагы санында Жумгал райакими Аманалиевдин саяк курултайы өткөрүлгөн эмес дегендей маанидеги төгүндөөсү жарыяланды. Бирок ар кандай апыртууда чындыктын үлүшү болот эмеспи. Айтор, акыркы мезгилде кыргыз элинде уруучулуктун кескин өөрчүп кеткени кашкайган чындык.

Кыргызда уруучулуктун жоюлбай келатканына, а тургай бир кыйла күчөп алганына кандай карашыбыз керек, кандай баа беришибиз керек! Арийне, уруучулук – кыргыз элинин тарыхый жактан бечел калганынын, ошол бечелдиктен бошоно албай келатканынын бир айкын белгиси. Экинчиден, алигиче уруу-урууга ажырап турганы – кыргыз калкынын улут түгүл, бүкүлү эл боло элегинин да көрсөткүчү.

Уруучулук аң-сезимиминен кутулуш үчүн адегенде уруучулуктун өзүн азыктандырып турган тиричилик шарттары, айрыкча патриархалдык салттар жарактан чыгууга тийиш. Ал эми мындай акыбетке кыргыз элин коомдо рынок мамилелеринин өөрчүшү, урбанизация (шаарлашуу) процессинин ыкчамдашы алып келет. Индустриялуу шаарлар, шаарчалар гана кыргыз урууларын кайнатып аралаштырып, чоң казандын ролун аткарат. Баарлашып базар карым-катнашына жана индустриялуу эмгекке тартылган, коом турмушунун жаңыча сфераларынан ордун тапкан кыргыздар аргасыздан патриархалдык психологиядан индивидуалисттик психологияга өтө баштайт, өз алдынча ойлонгонго жана саясый же башка тандоо жасаганга үйрөнөт.

Албетте, жашоо мүнөзү, иштөө ыңгайы, психологиясы өзгөргөн шаардык кыргыздар өздөрүнүн кайсы уруудан экенин унутат, ага эч маани бербейт. Тилекке каршы, кыргыздардын тең жарымынан көбү шаарлашып бүткөнчө узак убакыт бap…

Салижан ЖИГИТОВ, «Кыргызстан маданияты». №3 (1445) 29.II.1996-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.