Украин эл жомогу: Тикенектерди алып жүргүм келбейт

Кирпи тикенектүү жандык экенин баары эле билет. Көптөргө ал жакпайт. Бирок Кудай аны ушундай жаратса кантмек элек. Анын үстүнө ал кургур жанагы сайгылак күрмөсүн жайы-кышы үстүнөн түшүрбөй жүргөнү жүргөн. Эгер ал башкаларга ыңгайсыздык, ал тургай ооруксунуу жаратпаса анда эч нерсе эмес эле. Мисалы, кирпи чечен теңтуштары менен кубалашмак ойноп жатат дейли, анан бир маалда эле анын тикенеги тыйын чычканды сайып кетип, ал муну кирпи атайылап жасагансып таарынып калды. Бирок бул үчүн кирпинин эч кандай күнөөсү жок да! Же болбосо кирпи […]

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан «РухЭш» сайтына жооп

Урматтуу Олжобай мырза! Сиздин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “mamtil.kg” сайтындагы айрым мүчүлүштүктөрүнө айткан пикириңизди окудук. Сиздин пикирде айтылган “контроль” сөзү 2014-жылы чыккан “Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүнүн” 190-бетинде “контроль” деп берилген. Ал эми “көзөмөл” ушул эле сөздүктүн 232-бетинде “надзор” болуп кабыл алынган. Бул сөздүк ар кандай тармактын тандалма беделдүү адамдарынан турган жумушчу топтун 35 мүчөсүнүн макулдугу менен Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитети тарабынан жактырылган. Ал эми “китептер” бөлүмүндөгү сиз белгилеген китептер […]

Көңтөрүш жылдарынын көйгөйлөрү жана көксөөлөрү

«Ойготуу» ырлары Кыргыз жазма адабияты жөнүндө сөз кылганда анын жаралышына түрткү болгон, калыптануусун жана өнүгүүсүн коштоп жүрүп олтурган социалдык- тарыхый факторлордун ролу жана мааниси ар дайым көңүлдө турушу кажет. Анткени бардык мезгилдерде жана бардык элдерде адабий процесс коом турмушу менен тыгыз байланышта, ага багыныңкы өнүгүп келген. Муну тактаган фактылар жана пикирлерди адабияттын тарыхы жана теориясы боюнча эмгектерден каалаганча табууга болот. «Көркөм процесстин өнүгүшү социалдык-экономикалык шартка көз каранды, — деп жазат, мисалы белгилүү адабиятчы Ю.Борев, — бирок анын ички мыйзам ченемдүүлүктөрү […]

Редьярд КИПЛИНГ: Амурдун жебелери

АҢГЕМЕ Өткөн бир убактарда Симледе жергилүктүү кедей,  бирок сатылбаган таза соттун сулуу кызы жашаптыр.  Ал кыз абдан ак көңүл, татынакай кыз эле, тек өз күчүн баалай алчу да эмес, колдоно да алчу эмес.  Анын апасы бардык эле жакшы энелердей кызынын келечек тагдыры жөнүндө дайыма ойлоп кабатырланчу. Симледе комиссардык кызматты аркалаган,  илимдин баклавары наамы бар бир адам жашачу.  Ал көрүнүктүү күйөө болчу жигиттердин  бири эле, бирок чиркин, ага келбетти кудай бербептир.  Ал Азия боюнча кебетеси өтөле суук адамдардын катарына кирчү.  Анын […]

Алымкандын айланасындагы сөз же Токтогул Кытайда болгонбу?

Токтогул Сатылгановдун азыр эми Кытай мамлекетине карап калган элдерде, жерлерде болгондугу тууралуу маалыматтар биз СССР деген улуу державада жашап турган мезгилде айтылган да, жазылган да эмес. Ага бир себеп эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оош-кыйышына байланыштуу болушу да мүмкүн, саясатка байланыштуу болушу да мүмкүн, анткени ал кезде маалымат каражаттары тыкыр кароодон өтүп, «кытай» деген сөз болсо, ал материалдар чыкпай калчу. Же экинчиси, жөн гана ал маалыматтар биз үчүн белгисиздиктен, биз билбегенден келип чыккан болушу да ыктымал. Жазуучу Ш.Абдыраманов «акын сүргүндөн качып […]

Экинчи күн: Демократиябы, этнократиябы?

<<<<<<<<<<<<<<БИРИНЧИ КҮН: Оомат кимдики эле? Орустардыкыбы? Биздикиби? — Салижан Жигитович, сиз өткөн маекте: Кыргызстан өзүнчө мамлекет болом дегенге Россия сүйүнүп кетип, уруштурбай, талаштырбай эле бөлүп койде дегендей ой айттыңыз. Ага биздин айрым патриоттор, асыресе, айрым радикал-патриоттор чычалай түшкөнбү, айтор, редакцияга телефон чалып, көчөдөн жолугакалып айтып жатышат: жо-ок, республиканын суверендүүлүккө жетип, эркиндикке ээ болушу – биздин, демократиялык кыймылдын жеңиши болчу деп. Ушуга байланыштуу, өткөндө сурагандай, дегеле республикадагы демократиянын абалына байланыштуу эмне айтар элеңиз? — Эми мындай. Кыргызда илгери, Совет бийлигинин тушунда эч […]