Токтогул Сатылгановдун азыр эми Кытай мамлекетине карап калган элдерде, жерлерде болгондугу тууралуу маалыматтар биз СССР деген улуу державада жашап турган мезгилде айтылган да, жазылган да эмес. Ага бир себеп эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оош-кыйышына байланыштуу болушу да мүмкүн, саясатка байланыштуу болушу да мүмкүн, анткени ал кезде маалымат каражаттары тыкыр кароодон өтүп, «кытай» деген сөз болсо, ал материалдар чыкпай калчу. Же экинчиси, жөн гана ал маалыматтар биз үчүн белгисиздиктен, биз билбегенден келип чыккан болушу да ыктымал.

Жазуучу Ш.Абдыраманов «акын сүргүндөн качып келген соң, артынан издөө кагазы келип, биерде аягы сай таппай, кооптонуп, Кашкарга кетип, андагы кыргыздар арасында, кыязы, беш жылдай (балким андан да көбүрөөк мезгилгеби…)» жүрүп калгандыгын айтат жана анысын бир топ мисалдар менен бекемдейт. Анын бири 50-жылдардын орто ченинде Сузак районунда мектепте директор болуп жүргөндө Кытайдан көчүрүлүп келип, райондун борборундагы ашканада түнкү кароол болуп иштеген 65 – 70тер чамасындагы Касым деген кишиден уккандары. Ал киши Токтогулду өз айылында (Кытайда, каа-ап, аттиң, Касым абанын айылы тууралуу маркум жазуучу сурап калып, жазып койбоптур) көргөнүн айтып, анын ырларынан келтирип, «Алымкандын» башка вариантын, башка обон менен ырдап бериптир. Ш.Абдыраманов ошол «Алымкандын» он куплетин жазып да алыптыр, анысын 60-жылдарда Ошто иштеп жүргөндө (ал киши Ош радиосунда, «Ленин жолу» гезитинде, Жазуучулар союзунун облусттук бөлүмүндө иштеген) токтогулдук редактор Ажыбековго алып барса «Көчөдөн тапкан ырды басып, «Алымкан» аттуу улуу ырды бузуунун не кереги бар» деп гезитке жарыялабай коюштур. Дагы жанагы Касым абасы Шабданбай үкөсүнө «Токтогул ошол жакта жаш жана сулуу Алымкан аттуу аялды сүйүп калган… Аны менен жакын болуп жүрмөк турсун, үйлөнүп алган» деп ишендириптир. Андай болсо биринчи Алымканы – аксылык Субан бийдин кызы «жомок болуп» чыгабы?..

Жогорудагы Касым деген кытайчынын айтканына күмөнсүп жүргөн кезде дагы башка кеп-сөздөр болгонун Ш.Абдыраманов мындай жазат: «…Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыздарынын атактуу манасчысы Жусуп Мамайдын билдирүүсү болду. Ал Токтогулдун Кашкарда жүрүп, андагы кыргыздарда болгондугунун ишенимдүү айтты. Ал муну жазуучулар менен жолугушуусунда билдирген. Андан кийин кытайлык акын жана окумуштуу Макелек Өмүрбай Токтогул Кашкарда болгон деп айтып жүргөндүгүн уктук. Эң акыркысы маркум акын Жолон Мамытов 80-жылдардын орто чендеринде Кызыл-Суу кыргыздарында болуп, алардан мурда Токтогулдун болгондугун угуп, анан келип, «Тегирментидеги 90 күн» аттуу драмасын ыр менен жазып жатып, бүтпөй көз жуумп кетти. Анда Токтогулдун дал ошол кызыл-суулук кыргыздарда болгондугу, андагы болгон сүйүүсү жөнүндө баяндалат. Демек, Токтогулдун Кашкарда болгондугун анык»[1].

Жазуучу мына ушундай бүтүм чыгарат. Ал киши өмүр соңунда тарыхтын «актай барактарын» аңтарып, Полот хан, Алымбек датка, Курманжан датка, Чыйбыл болуш, Тиллебай корбашы, Анжиан көтөрүлүшү тууралуу тарыхый-документалдык изилдөөлөрүн жазды. Жаман жазган жок. Анан ошолордун ичинде Токтогулдун Кашкар жылдары тууралуу ой жүгүртүүлөрү да көңүл бурдурбай койбойт.

Эми негизги маселеге келсек, эгер Токтогул азыр Шыңжан Уйгур автоном облусу деп аталган Кытай Эл Республикасында болгон болсо, качан, кандай жол менен барышы мүмкүн?

Биринчи божомол: Токтогул Омбудан Кытайга өтүп кетиши мүмкүн (анда казак жериндеги ырларын кандай кылабыз?).

Экинчи божомол: Качып келе жатканда Казакстандын эң батыш жагында жүргөндө Байсейит деген айылга баргын деп кеңеш айтып атышпайбы, ал эми Алма-Ата облусуна караган бул айыл Кытайга жакын. Андан ары Кытайдын аймагына өтүп кетип, андан Шыңжан аймагын бир кыдырып, Кашкар жакка ооп кетиши ыктымал.

Үчүнчү божомол: Кадимки эле Таластан ашып Арым жайлоосуна келип, Эшмамбет, Коргол менен айтыштарын айтышып, баласын, инисин, аялын угуп, апасын көрүп, «Эңсеген элим аманбыларын» ырдап, мурда издеп-издеп дайынын билбей жаткан атайын кызматтарга анын качып келгени билинип, кайра кармап кетүү коркунучу пайда болгондо Нарын, Ат-Башы, Чатыр-Көл менен Торугарт ашып Кашкарга түшүшү мүмкүн, же Өзгөн, Кара-Шоро аркылуу ал жолго түшүшү ыктымал, үчүнчүсү, жана мени бир кыйла ынандырганы Гүлчө, Сопу-Коргон, Турук,Терек дабаны аркылуу Кашкар тарапка кетиши ыктымалданат. Андай дегенге дагы бир негиз анын ата журту ушул жерлер болуп, ал жерлерде туугандары болгон болуу керек, алар кийиндирип, ичиндирип, ары Тегирментиге өткөрүп ийиши ыктымал. Бирок ал жактан келип-кетип жүргөн болушу да мүмкүн, ага бир негиз кадимки 1894-жылы туулган Бала ырчы (Сыдык Алайчиев):

Сагын бийдин ашында,
Саналуу ырчы топтолду.
Ырдашыңды билип айт,
Ырчылар, санатта башың жоктолду.
Тургандардын баары ырчы.
Чогулуп келди бул жерге,
Чойкара, Барпы, Сары ырчы.
Токтогул менен Ботобай,
Токтонуп калган кары ырчы
Он сегизге чыга элек,
Мен боломун бала ырчы, – деп андан ары Токтогулдун акындыгын, акылынын тунуктугун, жаштарга насаатчы болуп жүргөнүн ырдап өтөт.

Ошондо 1912-жылдарда болуш керек. Сагын бай ашы Өзгөндүн Жазы суусунун башында өткөн. Балким ошол ашка Токтогул Кетмен-Төбө жактан эмес, Кашкар тараптан келген болушу мүмкүн, бул кыйла жакын жана жогорудагы ашта кетмен-төбөлүктөр (Эшмамбет, Коргол ж.б.) келгени айтылбай жатат, негизи көп ырчы катышкан, Барпыны Ботобай ырчы айтышта жеңген. Муну «Бала ырчы» (Сыдык Алайчиев) айтып атат.

Дагы бир нерсе – көп булактарга таянганда акын Сибирден 1905-жылы качат деп айтылат, анан 1913-жылы Наманганга кайра камалат. Ортодо бир катар жыл боштук жатат. Дал ушул мезгилде бир нече жыл казак жеринде, бир нече жыл кашкарлыктарда болгондугу күмөн туудурбайт.

Акын Жолон Мамытов Токтогул тууралуу драмасын жаза баштагандагы, аны «Тегирментидеги 90 күн» деп атаганы мени бир топ ойлонтуп жатат. Тегирменти – Кытайдын Шыңжан автоном республикасынын Кызыл-Суу облусунун Улуу-Чат ооданына караган айыл. Бул жер Кыргызстанга 30 эле чакырым турган, эң четтеги, бийик тоо арасындагы кыштак. Ал кезде гана эмес, азыр дале ал жакка баруу кыйын, ушул тапта да тегирментиликтер байыркы кыргыз салттарын: бүбү-бакшычылыкты, мүнүшкөрлүктү, манасчылыкты, тери иштетүүнү, аң уулоону катуу сакташат. Демек, ал жер жашырынууга абдан ыктуу келген, анча-мынчада балким Кашкарга түшүүгө да, Ошко келүүгө да ыңгайлуу болгон. Бирок Кашкар дале коркунучтуу болчу, ал жерде Орус падышачылыгынын вассалы орун алган. Ош андан бетери. Ошондуктан Тегирменти анын негизги турагы болушу ыктымал.

Ш.Абдыраманов «Алымкан» аттуу ырдын жаңы текстин сунуш кылат жана бул ыр анчалык тарабагандыктан аны сиздер да окуп чыгыңыздар:

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Камыгып учат улуу куш.
Кайрылып сени көрөмбү,
Алымкан,
Карыпка болду кыйын иш…

Букардын тоосу бурулуш,
Буулугуп учат улуу куш
Бурулуп сени көрөмбү,
Алымкан,
Муңдууга болду кыйын иш…

Көк кештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.
Көрүнбөй кетем аргасыз,
Алымкан,
Көнөөсү тагдыр жолумун…

Сары кештеп тиккен жоолугуң,
Сарсанаа кылар жоругуң.
Сабылам, кетем аргасыз,
Алымкан,
Запкысы тагдыр жолумун…

Көк алма жыттуу берекем,
Көкөгө датым жөнөтөм.
Катарлаш учуп кетүүгө,
Алымкан,
Коогада башым… канетем?

Ак алма жыттуу берекем,
Ай-күнгө датым жөнөтөм.
Абайлып учуп кетүүгө,
Алымкан,
Арсарда башым… канетем?

Күлүккө жапкан дилдейсиң,
Гүлдөгөн күлгүн гүлдөйсүң.
Күйүтүм, бугум ичимде,
Алымкан,
Көмүскө ыйлайм билбейсиң.

Ак шайы жоолук колго алып,
Артымдан булгап дөңдө кал.
Айдалып кетсем дайынсыз,
Алымкан,
Армандуу ыйлап, эске сал…
Көк шайы жоолук колго алып,
Көрүнөө булгап дөңдө кал.
Көрүнбөй кетсем түбөлүк,
Алымкан,
Көз жашың төгүп эске сал…[2]

Жазуучу андан ары бул ырды Кашкар жакта ырдаганын далилдөөгө аракет кылат. Мындай карасак анда Кашкар мотиви, кызыл-суулуктардын этномаданий, лингводүйнөсү табылышы мүмкүн (Кашкардын тоосу кайрылыш экендиги; көк кештеп, сары кештеп тиккен жоолук; көк алма, ак алма; ак шайы, көк шайы), ошол эле кезде өзүнүн качкын катары психологиялык абалы да берилет (карып; муңдуу; күнөөсү тагдыр жолумун; запкысы тагдыр жолумун; башынын коогада экендиги; күйүтүнүн, бугунун ичинделиги; көмүскө ыйлашы; айдалып кетиши, көрүнбөй кетиши мүмкүн экендиги). Андай болсо «Алымкан» акындын жаштык кезинин эмес, кырктын тегерегиндеги сүйүүсүнүн ырыбы?..

Андан ары, мынча болду, Ш.Абдырамановду дагы окуп көрөлү: «Ырас, Алымкан деген кыз болгон экен, бирок ал жөнөкөй эле сулуу кыз эмес, байлык, бийлиги ташып, Аксынын бир өңүрүн чоюп, эл-журтун солкулдатып турган Субанкул болуштун кызы болгон экен. Зор мансаптуу болуш өз кызын күйөөгө берүүдө эсте каларлыктай шаан-шөкөт менен узатууну чечсе керек. Зор той өткөрүп, ырчы-комузчуларды чогулттурат. Ушул учурда Кетмен-Төбө тараптан Токтогул акын да келип калган экен дешет. Ошондо Субанкул болуш ага айтат:

— Токтогул, мен кызымды күйөөгө узатып жатам. Кайын журту, күйөөсү жана кайната-кайненеси алдында анын баркын көтөрүп, үн кошуп кой, — дейт.

Ошондо Токтогул төгүп ырдайт. Атасы Субанкул болуштун байлыгын, бийлигин, марттыгын кошуп ырдайт. Аксы жеринин кооздугун, сууларынын тунуктугун, тоолорунун бийиктигин кошуп төгөт. Эл муюп тыңшап турат. Бул окуя көптөрдүн эсинде калган. Баары унут болуп да кеткен.

Кийин, 1937-жылдарда, Токтогулдун 5-6 куплет ыры – Алымкан аттуу аялзатына арналган мыкты ыры табылып, ал акындын алгачкы томдугуна киргизилген… Бул ырга 40-жылдардын акыркы чендеринде абдан таланттуу комузчу-обончубуз Бектемир Эгинчиев укмуштай кооз обон чыгарган. Аны Мыскалдай арген үндүү ырчыбыз аткарып, эл ичине шамалдай тез тарап кеткен… Бул табылга окумуштуулар менен жазуучу-акындардын башына жаңы да, күтүүсүз да ойлор чакырган: «Ой бул Токтогул акындын укмуштай сүйүүсү бар турбайбы… бийик чыгарма жазууга да татыктуу экен го…» дешип, ар ким өз колунан келишинче жаза баштаган»[3].

Т.Касымбеков сценарийин жазып, Б.Кайыпов бул темада кино тартканы 1962-жылы Аксыга барса, ал кезде Субанкул болуштун кызы (Ж.Бөкөнбаевде Осмонбек болуштун тууганы Кудайберди бийдин кызы – М.А.) Алымкан 82 жаштагы кемпир курагында экен, «Мен Токтогул деген ырчынын жүзүн да көргөн эмесмин, тоюмда ырдаганын кийин атамдан уккамын» деп айтып, балдары чогулуп келип, кинону ал жерден тарттыртпай коюптур[4].

Мындай болду, Ш.Абдырамановдун оюнча, Токтогул менен Алымкан окуясы болгон эмес экен. Акын Алымкандын кыз узатуу тоюнда гана көпчүлүктүн бири катары ырдаптыр. Чынында Токтогул темасында ким гана эмне жазбасын Алымкан экөөнүн махабатын аттап кете албайт, анын «бир күн оору, бир күн соо» деген саптары эл арасында ылакапка айланып калган. Көркөм фильмдерде, драмаларда Токтогул – Алымкан махабаты Ремео менен Жульеттадай, Жусуп менен Зулайкадай, Фархад менен Шириндей, Онегин менен Татьянадай, Олжобай менен Кишимжандай, Мырза уул менен Ак Саткындай ыйык сезимдин символу катары айтылып келет. Эмне ошонун баары иллюзиябы, Токтогулдун образын түзүүнүн жасалма жолу болгонбу? Же жаш кездеги аксылык Алымкан да, кырктын кырынан өткөндөгү кашкарлык Алымкан да акындын тагдырында жолуккан реалдуу адамдарбы? Андай болсо эмнеге ыр саптарында кайталоолор, окшоштуктар болуп жатат? Эки кызга (экинчиси чын эле болгон болсо балким жубандыр) бир ырды ырдагыдай Токтогул эмне сөз таппай калды беле? Же чын эле биринчи чыгарма советтик идеологдор үчүн байдын кызын кедейдин баласы ала алган эмес деген сөз үчүн жакшы материал болуп, ошону күчөтүштүбү?

Алымкан менен Токтогул темасында кимдер гана жазбады? Ж.Бөкөнбаевдин «Токтогулдун өмүрү»[5] очеркинин атайын бөлүмү,  П.И.Балтиндин «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланган «Токтогулдун Алымканы»[6], С.Сүйөровдун Ош облусутук «Ленин жолу» газетасына чыккан «Алымкандын бозою»[7] макалалары. Төлөгөн Касымбеков «4-курста окуп жатканда экинчи чыгармасы – «Алымканды» жазып баштаган. 1958-жылы Кыргызстанда биринчи жолу «Алымкан» тасмасы тартылып, ага ошол кездеги КТРдин директору Рабия Менсейитова жетекчилик кылат. Тасманын тартылышына удаа Төлөгөн Касымбековго «Алымканды» жазгандыгы үчүн Исхак Раззаков өз колу менен алтын саат белек кылган экен. Автордун «Алымкан» чыгармасы жогорку деңгээлде сүрөттөлүп жазылганына окурмандар биринен сала бири окуп ынанышат. Куюлушкан сөздөр, жорго тил менен Ниязалы комузчунун, Токтогулдун, Алымкандын сөздөрү өз ирээти менен жазылгандыгы чыгарманы бийик даражага көтөрүп, аны менен катар жазуучу катары Төлөгөн Касымбековдун да атын аңызга айланта баштайт»[8].

Токтогул жана Алымкан темасында Уран Ботобековдун маеги[9] менен Самсак Станалиевдин «Залкарлар сүйгөн сулуулар» деген китеби[10] өзгөчө белгиленүүгө тийиш. «Алымкан деген болгон эмес, «Алымкан» деген ырды Жоомарт Бөкөнбаев жасап койгон» деген маалымат бир миң тогуз жүз сексен тогузунчу жылы «Вечерний Бишкек» гезитине кыргыз маданиятына эмгеги сиңген салабаттуу эле адамдар тарабынан чыккан болчу. Ошондон кийин ушул тагдыры татаал инсандардын махабатына кызыгып калдым. Алымкандын тагдыры татаал болгон экен. Ал үч жолу турмушка чыгып, үч күйөөсү тең каза болуп калат. Алардан таркаган балдар азыр Жалал-Абадда, Аксыда, Таш-Көмүрдө турушат. Ошолордун бири он бир жашына чейин Алымкандын колунда тарбияланган адам – кийин жогорку билимге ээ болгон тарыхчы, партиялык кызматтарда, мектепте директор болуп иштеген. Мына ошол адам мага Алымкан жөнүндө болгон чындыкты айтып берди», — деп жазуучу, адабиятчы С.Станалиев ошол армандуу баянын көркөм баяндап берет. Анын айтуусунда «Аксынын ак шайы сулуусу 1874-жылдын кеч күзүндө, Кой-Таш айылынын жогору жагындагы Бака-Улак кыштоосунда жарык дүйнөгө келиптир. Атасы Субан жайытына малы, төрүнө баскан байлыгы батпаган, тектүү жерден тээк издеп, жакшы жерден чыккандар менен теңирин сүйүп катташкан, өзгөлөрдөн өз кадырын өйдө койгон адам болуптур. Угуттуу саруу уруусунан таралган оготур уругуна таажылуу бий болуптур. Субан бийдин үч аялы болуптур. Үчүнчү аялы болгон маңдайы жарык Макмалдан Абдылда аттуу уул, Алымкан, Мээлкан, Уулкан деген чолпондой үч кыз көрөт. Кыздарынын арасынан Алымкан атасына жакын өсөт…

…Токтогул менен Алымкандын качан, каерден, кандай абалда кез келгенин эч ким биле албайт. Алымкан деп ойго батып, күйдүм чок болгондордун жараткан ырлары Токтогулга да жетип, ушундан улам акын Алымканды көрөйүн, шарты келсе жакындардан жөн-жайын сурайын деген болуу керек. Акыры ал тилеги аткарылат. Анысы бул окуя менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Жеңилбес ырчы Жеңижок менен комуздун кылын сүйлөткөн Ныязалыга бир ирет барган кезде сөздөн-сөз чыгып олтуруп Токтогул өз тагдырын, жаш кездеги бир арманы болгон, көөнүнө жагып, көңүлү арбалып, Бирок көөдөндөн сыр чечишип бир боло албай калган Толгонайын айтат. Кеп учугу уланып «Аксылык жигиттердин ыры» аталган Алымкан жөнүндө сурап, кызыгы ойгонот. Жоомарт Бөкөнбаевдин жазганына караганда 1880-жылдары Кашка-Суу жайлоосундагы бир жыйында Токтогул атын угуп, акылына түйүп жүргөн Алымканына жолугат. Ал кезде Аксынын сулуусу Алымкан 16да, Токтогул 26ларда болот. Токобуз Алымканды алгач көргөндө анын жанда жок жароокерлигине, сүйгөн жандан кездешпес сүйкүмдүүлүгүнө таң калса керек да, анын кайсы бир жактарынан Толгонайды көрүп, ага назарын салып, жылдызы келишсе керек. Ушундай өкүнүч менен бүткөн сүйүүсүнүн арты менен тапкан арзуусу азыркыга чейин ырдалып келет. Жеңижок менен Ниязалы Токтогулга жардам кылышкан. Эки жаштын жолугушуп кол алышына, көңүлдүн сөзүн көңүлгө салышына шарт түзүшкөн. Алымкандын жеңеси Айбүш аркылуу сүйлөшүп, Айбүш аркылуу өзгө көзгө көрүнбөй жолугушуп турушкан экен. Ал кездин жолу ошондой болгон. Кошумчалай турган сөз, Алымкан ырчыны сынынан өткөзүп, жактырганы кандай экенин сурап, айтор, көкүрөгүнө жакын алып жүргөн жайы болгон имиш. Акыры эки ашык беришкен сөздөрүн бекемдеп, Алымканды жеңеси аркылуу чыгарып, Токо өз жерине алып кетмек болот».

Тилекке каршы, андан ары окуя башкача өнүгүп, Субан бий сатыкей уруусу менен кудалашат. Алымкан атасынын акылы менен Токтосундун иниси Бекинин Осмонаалы деген уулуна баш кошмой болот. Айла канча, Алымкан ата салтын аттай албайт, ата сөзүн эки кылууга кудурети жетпейт, сатыкей менен саруу элинин ортосундагы очокту өчүргүсү келбейт, бактымдан көрөрмүн деген ойго алданып кала берет. Алымкан кийин да үч жолу нике жаңыртып, 1942-жылы Таш-Көмүргө келип, ошол аймактан каза табат жана сөөгү Таш-Көмүр шаарынын күн чыгышындагы көрүстөнгө коюлат.

Алымкандын колунда өскөн небереси Жамшитбек Тазабеков жогорудагы ойду улай мындай эскерет: «Чоң энемдин элеси карегимден өчө элек. Ал киши орто бойлуу, акжуумал, көзү карагаттай жайнаган, кара каш, келбеттүү, жүргөн-турганы чапчаң, мүнөзү курч, акылга бай, каада-салтты бекем кармаган нарктуу адам эле. Кыймылы шамдагай болчу. Казаны оттон түшчү эмес. Келим-кетими көп болуп, дасторкону дайым жайылуу турчу. Сөзгө уста, ырга жакын жан эле. Беш убак намазын таштаган жок. Кайсыл жыл экенин азыр так билбейм, мен анда 10-11де болсом керек эле. Фрунзеден Калык, Осмонкул, Алымкул баштаган артисттер келиптир. Бир убакта Токтогулдун «Алымканы» ырдалды. Атай ырдады окшойт. Жанымдагы теңтуштарым «сенин чоң энеңди ырдап жатат, билесиңби?» дешти. А мен эч нерсе билчү эмесмин. Ал түнү чоң энем мени жанына алып жатты. Балдардын сөзүнөн улам «Токтогул сизди ырдаган турбайбы, ошону бүгүн артисттер ырдады» дедим. Бир азга кармана калып «кандай экен?» деди кайдыгер. «Жакшы… Ырдады беле?» дедим. «И-ий, өлүгүңдү көрөйүн десе, жатчы эми. Биздин эшикке келип ырдап кетип жүрчү. Ырчы киши ырдайт да, балам. Ырды ырдасын деп чыгарат» деп негедир жактырбагансып койду». «…Никеде чоң энемдин тагдыры оор болуптур. Алгач Осмонаалы чоң атама баш байлап, бала төрөп жакшынакай жашайт. Бирок никелүү экенине карабай Алымканга ашык болгон Жумаш деген Осмонаалыны уу коргошун менен жайлап тынат. Анан ата салты менен Алымкандын башын бош койбой кайнагасы Өмүрбекке нике жаңыртып коюшат. 1910-жылы ал киши да каза табат. Сатыкей эли дале чоң энемди колдон кетиргилери келбей турганда өзү кеп баштап «эл салтында эмне айып? Бирок мен сатыкейлерди четинен кыра беремби? Бул жолу мага жол бергиле. Балдарымды кор кылбайм», — дейт. Ошентип жети жыл жесир жүрөт. Кийин Бокмурун дегенге баш байлап жашап калды. Мен ушул кишилердин колунда өстүм»[11].

Жогорудагы «Алымкан» биз билген, биз окуп келген, накта советтик идеологияга ылайык келген «Алымкан». Биз ошол «Алымкан» аттуу ырдын тарбиясын көрдүк. Кыргыздын кудалашуу салтына, байлардын кедейлерди теңсинбеген куучирендигине кекенип өстүк.

Бирок ушул эле жерде Ш.Абдырамановдун кашкарлык Алымканын айтпай ак койгондо да, Аксынын өзүндө эле эки Алымкан болуп атпайбы: биринчиси – 1942-жылы Таш-Көмүрдө каза болуп, Таш-Көмүргө коюлган Алымкан, экинчиси – Балташ Кайыпов 1962-жылы Аксыга барганда балдары жолотпой койгон 82 жаштагы Алымкан. Коё тургула, эми төртүнчү Алымкан менен кездешебиз. Ал тууралуу журналист Адилет Айтикеев мындай бир пикирди келтирет. Ал сөздү Ашыраалы Айталиев кадимки Коргол Досу уулунан уккан экен: «Азыр Токтогул менен Алымканды өзүнчө эле сүйүү романына айлантып жатышпайбы. Чындыгында андай болгон эмес. Алымкан менен Токтогул жаш кезинде көрүшпөй эле, Токтогул Сибирден кайтып келгенден кийин кездешип калган жайы бар. Бир ирет Токоң Аксы тарапка Корголду ээрчитип алып эл аралап келмекке барат. Ошол жерден бир манаптын үйүнө конуп, түн киргенче керегени түрүнө шыкаалаган көпчүлүккө чер жаза ырдап берген Токоң адатынча керээлден-кечке кызмат кыла чуркап жүргөн келиндерге кечинде тамаша тартуулайт. Негедир ошол маалда келиндердин арасында отурган ошол үйдүн сулуу келини Алымканга ашык болуп, Коргол аркылуу анын атын суратып, тактап алгандан кийин элүү жашты аркалап калган акын жаш жигиттей чечилип, билекти түрүнүп алып ашыктык ырларын ырдап, Алымканга тийишип, жаш келиндердин көңүлүн көтөрөт. Таң атып, эл тарап жаткан маалда Токтогулга ыраазы болгон Алымкан суусар бөрк, сайма чапан, акча даярдап, Коргол аркылуу ырахматын айтып, акынга берип жиберет. Тилекке каршы, байлыкка кызыккан Коргол акын берилген олжону устатынан кызганып, Токтогулга: «Алымкан Сизди уяты жок адам экен. Карыганда жаш келиндерге калжаңдаган кандай абышка деп тилдеди», -деп жамандап барат. Аны угуп ачууланган Токоң Алымканга тескери бата берип, наалат сөздөрүн айтат. Токтогул акындын наалаты абдан катуу болгон. Ошол наалат тийгенби, же башка себеби барбы, айтор айыкпас ооруга туш болгон Алымкан көп узабай каза болуп калыптыр. Мунун баарын мага устатым Коргоол акын өкүнүп, өзү айтып берген».[12]

Ошол сыяктуу эле окуяны Өзбек Рысбек уулу 1960-жылы Корголдун өз оозунан уккамын деп күү изилдөөчү Асан Кайбылда уулуна кабарлайт[13]. Анда да Токтогул Сибирден келгенден кийин 16-17 жаштардагы жаңы эле турмашка чыккан Алымканга атасыныкына төркүлөп келгенде жолугат жана бир отурушта биз билген «Алымканды» «Жаш кыялдын» обонуна салып ырдап кирет. Кыз болсо, «атасынан айбыкканбы, эл-журтунан ийменгенби, айтор, Токомдун айткандарын таназар албагансып тымпыйып койгон экен».

Бул дагы кызык болуп жатабы? Эмнегедир ушул окуя – ушул Алымкан Аксыда эмес, Кытайдын бир айылында болгондо жанагы Ш.Абдыраманов айткан Алымканга дал келет десек болот эле. Бирок биз бардык пикирди, бардык ойду, бардык Алымканды сыйлоого тийишпиз. Кыска, нуска ырдын текстин дагы бир жолу берели эле, Сиз обонуна салып ырдап көрүңүз.

Алымкан!

Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күнү оору, бир күн соо
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!

Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!..

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..

Саркештеп тиккен жоолугуң,
Сар санаа кылат жоругуң,
Көккештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.

Токтогул черткен «Жаш кыял»
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө
Жыргасаң боло, Алымкан!..

Канткен менен изилдөө керек. Кытайдагы Алымкан жана ал учурдагы акындын тагдыры тууралуу Ж.Мамытовдун (1940-1988) архивинде балким маалыматтар бардыр. Ал бир маегинде[14] Кытайга Токтогулдун барганы тууралуу айтып, бирок көп нерсени биле келгендигин белгилөө менен, андан ары ал маалыматтарды жарыялоого оору жана өлүм тоскоол кылган Жолон акын келбес сапарга кете берди…

Же 1930-жылдарда, кийин дале Токтогулду изилдеп чыккандар Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, М.И.Богданова, Ж.Таштемиров, П.И.Балтин ж.б., акын менен чогуу жүрүп, кийин ырларын жаздыргандар К.Акиев, А.Үсөнбаев, К.Досуев ж.б. шакирттери дале акындын Кытайга баргандыгын билешер, бирок 1916-жылы Үркүндү айта албай келгендей эле бул фактыны да айта алышпагандыр, айтышса да, атайын кызматтын адамдары ал жерлерди алып таштагандыр…

Токтогулдун Кытайда болгон-болбогонун сөзсүз тактоо керек. Бул жагынан балким бизге кытайлык окумуштуулар жардам беришер…

Адабиятчы Абдыкерим Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 185 – 187-бб.

[2]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 188 – 189-бб.

[3]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 190 – 191-бб.

[4]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 191-б.

[5]Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1939. – 40 б.

[6]Балтин П. Токтогулдун «Алымканы» [Текст] / П.Балтин // Советтик Кыргызстан – 1955. – №7. – 74 – 81-бб.

[7]Сүйөров С. Алымкандын бозою [Текст] / С.Сүйөров // Ленин жолу (Ош). – 1965. – 13-июнь.

[8]Турдугулова Д. Жетим болуп жетилген Төлөгөн Касымбеков [Текст] / Д.Турдугулова // Эркин-Тоо. – 2013. –24-дек.

[9]Ботобеков У. Ак шайы жоолук Алымкан: Токтогулдун «Алымкан» аттуу ырынын тарыхынан [Текст] / У.Ботобеков // Кыргызстан маданияты. – 1990. – №32. – 9-авг.

[10]Станалиев С. Залкарлар сүйгөн сулуулар [Текст] / С.Станалиев. – Б.: Бийиктик, 2007.

[11]Тазабеков Ж.: «Алымкан чоң энемдин казаны оттон түшчү эмес» [Текст] / Ж.Тазабеков //Леди. kg. – 2012. – 27-март.

[12]Айтикеев А. Токтогул Сатылганов ким болгон, же кадимки Алымкандын чыныгы бейнеси [Текст] / А.Айтикеев  // http://kyrgyztoday.kg/

[13]Кайбылда уулу А. Кыргыз күүлөрү. 1-китеп [Текст] / А.Кайбылда уулу. – Б.: БАУ, 2011. – 472-б.

[14]Мамытов Ж. Сапар саптарын улаган маек [Текст] / Маектешкен К.Өмүралиев // Ленинчил жаш. – 1987. – 25-июль.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.