1. «Ойготуу» ырлары

Кыргыз жазма адабияты жөнүндө сөз кылганда анын жаралышына түрткү болгон, калыптануусун жана өнүгүүсүн коштоп жүрүп олтурган социалдык- тарыхый факторлордун ролу жана мааниси ар дайым көңүлдө турушу кажет. Анткени бардык мезгилдерде жана бардык элдерде адабий процесс коом турмушу менен тыгыз байланышта, ага багыныңкы өнүгүп келген. Муну тактаган фактылар жана пикирлерди адабияттын тарыхы жана теориясы боюнча эмгектерден каалаганча табууга болот. «Көркөм процесстин өнүгүшү социалдык-экономикалык шартка көз каранды, — деп жазат, мисалы белгилүү адабиятчы Ю.Борев, — бирок анын ички мыйзам ченемдүүлүктөрү да болот. Ушул эки фактордун өз ара аракети көркөм процессти калыптандырат»[1].

Ал эми узак тарыхый кечигүү менен түзүлө баштаган кыргыз адабиятынын жаралуу жана калыптануусунда коомдук-тарыхый факторлордун мааниси ого бетер жогору болгон десек жаңылыштык кетпейт. Эмне дегенде, биз сөз кылып жаткан учурда Кыргызстан кубаттуу сырткы күчтөрдүн — өзү курамына кирип турган Россиядагы удургуган социалдык-саясый процесстердин таасири астында, өзүнөн алда канча жогорку өнүгүү баскычындагы мамлекеттин ажырагыс бөлүгү катары тездетилген өнүгүү этабына кирген эле.

Падышалык Россиянын курамына кошулгандан тартып Кыргызстан акырындык менен ушул өлкөнүн маалымат жана маданий мейкиндигине тартыла баштаган. Мунун натыйжасы улуттук адабияттын тарыхынан да чагылып көрүнгөн — азыркы учурда кыргыздын жазма адабиятынын алгачкы чыйырын салгандардын эң көрүнүктүүлөрү деп эсептелип жүргөн С.Карачев менен К.Тыныстанов ошол учурда, тагыраак айтканда 1917-жылкы революциянын чукул алдындагы жылдарда бири — татар, экинчиси — адегенде мусулман, андан соң өзбек жана орус-тузем мектептеринен билим алышкан.

Ал эми революция жеңгенден кийин, жаңы бийлик жарыялаган агартуу программасынын шарапаты менен С.Карачев Ташкенттеги аскер мектебинде, К.Тыныстанов казак-кыргыз агартуу институтунда окууга кирип, аны менен кошо бири — татар, экинчиси — казак тилинде чыгуучу мезгилдүү басма сөздө алгачкы көркөм чыгармаларын жарыялоого мүмкүндүк алышкан. Ошентип, тарыхый шарт-жагдайга байланыштуу кыргыз улуттук жазма адабиятынын болочок баштоочулары кырчын курагында башка элдердин тилинде билим алып, ошол элдердин маданиятынан азыктанышкан. Алардын чыгармачылык эмгекке бет алышы да татар, казак элдеринин адабий чөйрөсүнүн, газет-журналдарынын таасиринен улам болгон. Албетте, бул факторлор алардын руханий калыптануусунда зор роль ойногон, кийинчерээк көркөм чыгармаларда чагылып көрүнгөн.

Ошол эле социалдык-саясый шартка байланыштуу С.Карачев менен К.Тыныстановдун чыгармачылык жана адамдык тагдыры трагедия менен аяктагандыгы белгилүү. Бирок социалдык-саясый турмуштун каары ушул эки тунгуч калемгерге гана тийбестен, кыргыз жазма адабиятынын алгачкы жылдарын, башталыш мезгилин бүт бойдон өлүм жазасына «өкүм кылып», адабият тарыхынан сызып салган.

Тарыхта «жолу болбой» калган бул мезгил революциядан кийинки алгачкы жылдардан тартып болжол менен 20-жылдардын экинчи жарымына же болбосо Кыргызстан өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик катары бөлүнүп, жергиликтүү мамлекеттик жана партиялык уюмдар түзүлгөнгө, маалымат каражаттары жана китеп чыгаруу жолго коюлганга чейинки он жыл чамасындагы убакытты ичине камтыйт.

Кейиштүү жери, мамлекеттик жана коомдук бул институттар түзүлгөн алгачкы күндөн эле катаал тап күрөшүнө негизделген идеологиянын жетегинде иштеген. Ошол себептүү 1927-1928-жылдан тартып адабиятка саясый кысым башталып, ал улам барган сайын күчөй берген. Акыры, отузунчу жылдардын орто ченинде улуттук жазма адабияттын баштоочуларынын бир тобунун чыгармачылыгына идеялык жагынан зыяндуу көрүнүш катары биротоло өкүм чыгарылып, алардын көрүнүктүүлөрү — С. Карачев менен К. Тыныстановдун өмүрү кыйылган.

Кыргыз жазма адабиятынын калыптануусунун биринчи этабы ушинтип аяктаган. Жогору жакта айтылгандай, жазма түрүндөгү көркөм чыгармачылыкка алгачкы чыйырды салган кыргыз калемгерлердин мууну революция алдындагы жылдарда билим алып, көз караштары калыптанган. Алар жазган чыгармалардын негизги пафосун улуттук-патриоттук жана агартуучул идеялар түзгөн. Улуттук көйгөйлөрдү негизги ориентир катары туткан мындай идеялар жыйырманчы жылдын экинчи жарымынан тартып өлкөдөгү руханий турмуштун бардык чөйрөлөрүн темирдей бекем чеңгели менен кычырата кармай баштаган пролетариат диктатурасынын тап күрөшүнө негизделген агрессивдүү идеологиясына каршы келген. Ошол себептен замандын катаал мыйзамдарына ылайык жаңыдан гана бүчүрлөй баштаган бул адабият тарыхый аренадан четтетилип, туңгуч калемгерлердин экөөсү курман болуп кетишкен.

Азыр жазма адабиятыбыздын бул этабы толугу менен реабилитацияланды, башкача айтканда адабият тарыхындагы ордуна кайра коюлду; ал мезгилдин өкүлдөрүнүн чыгармалары жарыяланып, изилденип, мектептерде жана университеттерде окутулуп жатат.

Ошентип, тарыхый адилеттик кайрадан калыбына келтирилди. Бирок азыр айыпсыз жерден жабыр тарткан бул тексттерди реабилитациялап коюу менен эле чектелүүгө болбой калды. Удургуган акыркы жыйырма жылда эбегейсиз зор өзгөрүүлөр болуп, авторитардык мамлекеттик түзүлүштү тарыхтын агымы алып кетти; мурда руханий турмуштун өзөгүн түзүп келген түшүнүктөр тамыры менен омкорулуп, баалуулуктардын жаңы системасын издөө жүрүп жатат. Тарыхый доорлор алмашкан бул учур адамдардын аң-сезими үчүн да оголе драмалуу болду.

Акыры советтик мезгилде түзүлгөн руханий көрөңгөнү, ошонун ичинде көркөм дөөлөттөрдү бир беткей жерүү же көкөлөтө мактоо менен анчалык алыс барууга мүмкүн эместиги көрүнүп калды. Ал мезгил жөнүндөгү чындыкка жакындап баруу үчүн тирешүүгө негизделген ой жүгүртүүдөн бошонуп, эстетикалык жана онтологиялык маани-маңызга гана ориентир жасаган жаңыча методология издөө зарылдыгы келип чыкты. Эмесе, каршылашуу менталитетинен бошонуп, эч кандай тенденциясы жок караганда азыркы илимди ал мезгилдин адабиятына байланыштуу кандай маселелер кызыктырышы мүмкүн?

Бул адабият ошол замандагы кыргыз турмушунун орчундуу кырларын, адамдарды түйшөлткөн маанилүү көйгөйлөрдү чагылдыра алды беле? Эгер чагылдырса, ал кандай образдарда жана идеяларда чагылган? Алгачкы муундагы калемгерлер жараткан бул көркөм көрөңгөдө жазма адабияттын кийинки өңүгүшү үчүн кандай потенциалдар катылып жаткан? Акырында, дээрлик бир кылымга жакын убакыт аралыгынан туруп караганда кыргыз жазма адабиятынын, жалпы эле кыргыз коомунун руханий өнүгүшүнүн тарыхында бул тексттердин мааниси кандай-биздин оюбузча, жазма адабиятыбыздын бул мезгилине кайрылган азыркы изилдөөчүнү биринчи кезекте ушул суроолор кызыктырууга тийиш.

Өткөн кылымдын 16-17-жылдары кыргыз элинин тарыхый тагдырында бири-бирине удаалаш эки эбегейсиз зор окуя болуп өткөн. Алардын биричиси Кыргызстандын колониалдык көз карандылык доорун трагедия менен жыйынтыктаса, экинчиси эч кандай пафосу жок айтканда да улуттун сакталып калуусуна жана гүлдөп өнүгүүсүнө жол ачкан. Арийне, мындай масштабдагы окуялар аны башынан өткөргөн элдин аң-сезиминде, ошонун ичинде көркөм сөзүндө да жаңырыктарды пайда кылбай койбойт — кыргыздын ошол тушта жашаган эң көрүнүктүү төкмө жана жазгыч акындарынын, мейли профессионалдык адабияттын жолуна түшкөн жаш калемгерлердин дээрлик бардыгы бул окуяларга байланыштуу чыгармаларды жаратышкан.

Авторлордун көз караштарына жана поэтикалык чеберчилигине жараша алардын чыгармалары да ар түрдүү формада, көркөмдүктө болгондугу түшүнүктүү. Бирок мындай индивидуалдуу айырмачылыктарынан сырткары бул чыгармалардын бардыгында жогоруда аталган окуялардын объективдүү мааниси, эл турмушуна алып келген эбегейсиз трагедия жана ошондой эле масштабдагы эбегейсиз позитивдүү ролу чагылып көрүнгөн.

Революциядан кийинки алгачкы жылдарында жаңы бийлик кыргыз жаштарын Борбордук Азиядагы эң ири шаарлар – Ташкен менен Алматыдагы окуу жайларына жөнөтө баштаган. Ошол жаштардын арасында мурдатан кыргыз фольклорун жакшы билген же тектеш түрк элдеринин тилдериндеги көркөм адабиятты кызыгып окуп, өздөрү да чыгарма жаратууга ышкысы түшүп жүргөндөрү да бар эле. Ошол жаштар ар кимиси өзүнүн мурдатан чогултуп келген көркөм көрөнгөсүнө жараша айрымдары кыргыз оозеки поэзиясынын, башкалары татар, казак, өзбек жазма поэзиясынын үлгүсү боюнча чыгармаларды жазып, Алматы, Ташкент шаарларында чыгып турган газета-журналдарга жарыялашкан. Албетте, бул чыгармалардын басымдуу бөлүгү 1916-17-жылдардагы тарыхый окуяларга жана бул окуялар менен байланышкан эки доорго арналган.

Өзүнөн өзү түшүнүктүү нерсе ушул жогоркудай татаал тарыхый окуялардын мааниси узак мезгилде жана көп тараптуу изилдөөлөр, талдоолор аркылуу гана ачылып көрүнүшү мүмкүн. Ал эми биз сөз кылып жаткан учурда жаш талапкерлердин чыгармалардында бул окуялар кыргыз фольклорунда же тили тектеш элдердин жазма адабиятында колдонулуучу даяр ыкма, образдар аркылуу эле чагылдырылган. Бул ыкмалардын эң негизгиси эзелтен бери адамдардын түшүнүгүндө жашап келе жаткан жамандык-жакшылык, ак-кара сыяктуу принцип боюнча өз ара карама-каршы коюу болгон.

Бул эки тарыхый окуя, алар менен кошо өткөн жана жаңы заман бири-бирине карама-каршы коюлуп, өз ара контраст түзгөн туюнтмалар, боёктор менен сыпаттала баштаган. Мындай контраст ыкма, окуяларды мезгилдерди бири-бирине карама-каршы коюу кандайдыр бир үстүртөн «түшүрүлгөн» идеологиялык установкалардын натыйжасы болбостон, тарыхый бурулуш учурдун объективдүү маанисинен келип чыккандыгын атайын белгилеп коюшубуз керек.

Кыргыз тилинде басма сөз каражаттары түзүлө элек мезгилде – 1918-1924-жылдары бир топ кыргыз жаштары поэзия жанрында чыгарма жазып, аларды казак, кээ бири татар тилинде чыгуучу газеталардын беттерине жарыялай башташкан. Адабият тарыхчылары С.Жигитов менен А.Эркебаевдин эмгектеринде бул калемгерлердин катарында С.Карачев менен К.Тыныстановдон тышкары Ж.Түлөкабылов, О.Лепесов, И.Максүтов, К.Баязыков, К.Мажиков, Б.Калпаков, М.Байчериков, З.Лепесова. А.Ахунбаев, И.Кудайбергенов, К.Баялиповдордун ысымдары аталат. Көркөмдүк жагы көбүнчө дүмбүл болсо да ушул поэзия талапкерлеринин үйрөнчүк калеминен жаралган чыгармалардан революциядан кийинки жылдардагы маанайдын, калайык-калктын көңүлүн бийлеген идеялардын чагылыштарын көрүүгө болот.

Алардын чыгармаларынын өзөгүн түзгөн идеялар негизинен революция менен байланыштуу. Мында таң кала турган эч нерсе жок, эмне дегенде, ысымдары аталган жаш калемгерлердин дээрлик бардыгы революциядан кийинки алгачкы жылдарда Алматы жана Ташкен шаарларында ачылган советтик партиялык кызматкерлерди жана мугалимдерди даярдоочу окуу жайларда, ошондой эле кыска мөөнөтүк курстарда билим алышкан[1]. Демек, алар революциянын очогу – Россиянын чоң шаарларынан өтө алыс жайгашкан Түркстан аймагында ошол окуу жайлары, курстар аркылуу таратыла баштаган идеялардын таасири менен чыгармачылыкка шыктанып, ошол идеялардын «рупору» катары кызмат кылган.

Ошол себептүү алар жараткан чыгармалар турмуштун практикалык муктаждыктарынан жаралып, биринчи кезекте агитациялык жана пропагандалык максаттарга кызмат кылган жана чыгармалардын көркөмдүк жагы жаш авторлор үчүн анчалык чоң мааниге ээ болгон эмес. «Жогоруда ысымдары аталган адамдарыбыз азыркы биздин профессионал жазуучуларыбыздай эмес эле, — деп жазат, мисалы адабиятыбыздын баштоочуларынын бири, ошол мезгилдин күбөсү К.Баялинов. – Бирок Улуу Октябрь революциясынын аткан таңы менен кошо төрөлүп, анын жемишин жеп, даамын татып, аң-сезими ойгонуп, ал жөнүндө, аны түзгөн Совет өкмөтү жөнүндө, ага карата болгон кыргыз элинин кубаныч-шаттыгы жөнүндө жар сала ырдап келип, элди отурукташууга, өнөр-билимге, маданиятка чакырган биздин алгачкы карлыгачтарыбыз боло турган»[2].

Ошентип, кыргыз жазма адабияты алгачкы мезгилде көбүнесе калктын калың катмарына маалымат таратуу жана үгүттөө каражаты катары кызмат кыла баштаган. Ушундай практикалык милдет аткаргандыгына байланыштуу бул учурдагы поэтикалык чыгармалардын көбү кайрылуу же чакырык формасында жазылган. Ал чыгармалардын мындай жанрдык бөтөнчөлүгү аталышынан эле көрүнүп турат. Мисалы Ташкен жана Алматы шаарларында татар жана казак тилдеринде чыгуучу газеталардын беттеринде О.Лепесовдун «Казак-кыргызга», «Балдар, окууга», «Көзүңдү ач», М. Максүтовдун «Балдар, мектепке баргыла», К. Баязыковдун «Мээнеткечтерге», К.Мажиковдун «Ойлон, эмгекчи», «Эмгекчилерге», М.Байчериковдун «Казак-кыргыз кедейлерине» деген ырлары жарыяланган. Бизде азыр туңгуч калемгер С. Карачевдин ошол жылдарда жазылган чыгармаларынан болгону алты ыры жөнүндө гана маалымат бар жана ошол алты ырынын ичинен экөөнүн гана тексти табылган. Эмесе, ошол алты ырдын үчөө «Шаңдан, жүрөк», «Айылдагы досума», «Курбума» деген чакырык жана кайрылуу формасындагы аталыштарды алып жүрөт.

Ал эми К.Тыныстановдун ошол жылдарда жазылып, кийин «Касым ырлар жыйнагына» (1925) кирген отуз ырынын туптуура тең жарымы кайрылуу жана чакырык маанисиндеги аталыштарга ээ. Бирок ал учурдагы поэзияда бул формалардын ээлеген ордун ырлардын аталыштары толук чагылдырбайт. Жай эле аталыштагы ырлардын арасында да кайрылуу, үндөө, өтүнүч, сураныч формаларында жазылган, же болбосо конкреттүү адресатка арналгандары да абдан көп. Мисалы, К.Тыныстановдун ошол эле жыйнагында «Таң», «Бүгүнкү күн» сыяктуу ырлары калың журтка, эмгекчилерге карата жалындуу чакырык менен аяктайт. Ж.Түлөкабылов, О.Лепесов ж.б. акындардын чыгармаларынын арасында да аталышы тек жай, бирок тексти кайрылуу, чакырык, ураандарды камтыган же конкреттүү адресатка арналган ырлар аз эмес.

Башкача айтканда, кайрылуу жана чакырык формалары алгачкы кыргыз поэзиясында ашкере кеңири орун ээлегендиги, ал турмак андагы негизги жанрдык формалар болгондугу ачык айкын көрүнүп турган факт. Биз жогору жакта айткандай, мындай формалардын доминантасы кокусунан келип чыккан эмес – ошол тарыхый кырдаалда адабият аткарган социалдык ролу коммуникативдик, б.а. маалымат таратуу, үгүт жүргүзүү милдети ушул формалардын баарынан көбүрөк колдонулушун шарттаган эле.

Алгачкы муундагы кыргыз акындарынын чыгармалары авторлорунун билимине, саясый кругозоруна, талантынын күчүнө жараша түрдүүчө мазмунда жана көркөмдүк деңгээлде жазылган. Ал калемгерлердин айрымдары ошол учурдун чен-өлчөмү менен алганда деле билими жагынан анчалык илгерилеп кетишкен эмес. Ошого жараша алардын ырларында өтө татаал революциячыл доор жөнүндө эсте каларлык терең ойлор, рефлексиялар деле жок. Жаңы замандын жарчылары, үгүтчүлөрү катарында өздөрүнүн милдетин аткаруу үчүн алар эң жөнөкөй ыкмаларды, кыргыз оозеки поэзиясында кеңири белгилүү каражаттарды эле колдонушкан:

Казак-кыргыз көзүңдү ач!
Кыйла жүрдүң көзүң жаш.
Тегиз наадан болгон соң
Текеберлүү сөзүң мас.
Боло көрбө тетири
Өз жаныңа өзүң кас.
Күйдүң мурда күн болуп,
Күндүзүңдө түн болуп.
Жарыбадың бир дагы
Жарык тийген күн болуп.
Буркурадың түтүндөй
Муңдуу чыккан үн болуп.

Эски заман тушунда
Эч оңбостон ушунда,
Жабырчылык көп болуп,
Жаман чарык бутуңда.
Келди жакшы узун жол
Келечекте тукумга.

Бул саптар О.Лепесовдун «Көзүңдү ач!» деген ырынан.

Мындай агитациялык ырлар жанрдын талабы боюнча адатта чакырыктар менен аяктайт:

Ал кыстоодон кутулдуң
Алга таман жутунгун!
Камын ойлоп, өрнөк ал
Келечекки тукумдун.

Көрүнүп тургандай, ырдын мазмуну жөнөкөй: элдин эски заманда тарткан азабы, караңгылыгы жөнүндөгү белгилүү чындыктар, жаңы заман жөнүндөгү кабар жана аракетке, активдүүлүккө чакыруу. Ушунун баары кандайдыр бир өзгөчө стилди издебестен, кадимки төкмөлөрдүн ыкмасында баяндалат.

«О.Лепесовдун ырларынын темалары жана мотивдери негизинен социалисттик идеологиянын арсеналынан алынып, баарынан мурда большевиктер партиясынын ошол учурдагы маанилүү установкалары жана чакырыктары менен байланышкан, — деп жазат адабият тарыхчысы С.Жигитов. Ошондуктан революциядан кийинки алгачкы жылдарда басма сөз аркылуу жана оозеки таркатылып турган саясый информациянын негизинде жаратылган. О.Лепесовдун үгүт ырлары маңызында коммунисттик идеологиянын эң жөнөкөй акыйкаттарынын ырга айландырылган баяндамасы, пролетар эмес эмгекчилер массасына арналган өзүнчө бир саясый алиппе болуп эсептелген»[3].

Башка формада таркатылган саясый информация сыяктуу эле бул ырлар да кеңири аудиторияга – эмгекчилерге, жаштарга аялдарга ж.у.с. арналып, заман өзгөргөнү кабарланат. Социалдык инерттүүлүктөн чыгуу, сабатсыздыкты жоюу, аракетчил болуу сыяктуу ошол учурдагы актуалдуу маселелер боюнча жалпы мүнөздөгү чакырыктарды камтыйт:

Таң атты эми бар жанга,
Казак,кыргыз тууганым,
Ачкын эми көзүңдү,
Акылы артык азамат,
Совет деп ураан чакырып
Майданга сал сөзүңдү
Башка калкка теңелип
Илгерилеп умтулуп,
Талпындыргын өзүңдү.

Бул саптар Ж.Түлөкабыловдун «Өлөң-ыры» мазмуну боюнча О.Лепесовдун жогоруда келтирилген ырына көп жагынан үндөш: ошол эле казак-кыргыз дарегине арналганы, заман жаңырганы, ойгонуу, билимге умтулуу зарылдыгы ж.у.с. мотивдер. Бул ырлар түздөн-түз практикалык иштерге арналып жазылгандыктан ошол учурдагы турмуш жөнүндө маалымат берүүчү документ катары да каралышы мүмкүн. Мисалы, Ж.Түлөкабыловдун ушул ырында мындай саптар бар:

Жайыбыз биздин Түркстан,
Жаңы эми көз ачты.
Артык пайда берерлик
Адабият сөз жазды.
Жаңы курдаш балалар
Жакшы байкап караңар,
Келди кезек убакыт
Акыл менен чамалар.
Талаптангын илимге,
Тартынбагын билимге,
Жаңы талап курбума
Насаат кылып ушуну
Жаздым эне тилинде.

Бул саптардан кыргыз тилинде басма сөз түзүлө элек ошол учурда адабиятка, деги эле эне тилинде жазуу мүмкүндүгүнө канчалык жогору маани берилгендиги көрүнүп турат. Мындан тышкары, О.Лепесов менен Ж.Түлөкабылов ырларында жалаң кыргыздарга эмес, казак-кыргыздарга кайрылып жатышы, Ж.Түлөкабылов чыгармасын «Өлөң-ыр» деп аташы жана «Жайыбыз биздин — Түркстан», — деп отурушу да Кыргызстан өз алдынча административдик-аймактык бирдик катары бөлүнүп чыга элек учурдун чагылышы болуп эсептелет.

Ушунун өзүндөй эле, алгачкы муундагы акындардын ырларында көп айтылган кыргыз коомунун артта калгандыгы, элдин калың катмарынын караңгылыгы, аялдардын теңсиздиги сыяктуу маселелер да жаңы бийлик тарабынан жасалма көбүртүп-жабыртылган пропагандалык миф эмес, көчмөн кыргыз элинин кендирин кескен реалдуу көрүнүштөр болучу.

Дагы бир жолу баса белгилеп айталы: алгачкы мезгилдеги кыргыз поэзиясы азыркы чен-өлчөм менен караганда көркөмдүк-стилдик жагынан абдан жупуну болгон, образдык курулушу, экспрессивдүүлүгү менен айырмаланган эмес. Анткени, ашкере оор мезгилдин талабына жараша кыргыз калемгерлери бардык күч аракетин эл турмушундагы практикалык маселелерди чечүүгө багыттап, өздөрүнүн ырларын гезиттик кабар, макаладан айырмалабастан, негизинен караңгы калк арасында маалымат таратуу, үгүт сөзүн жеткизүү үчүн жазышкан.

Бирок бул айтылгандар жаралуу этабындагы кыргыз поэзиясынын, жалпы эле жазма адабиятынын тарыхый маанисин төмөндөтпөйт. Эмне дегенде, адабияттын, жалпы эле көркөм өнөрдүн биринчи кезекте өз заманындагы коомдук муктаждыктарга баш ийүүсү жана кызмат кылуусу дүйнөлүк маданияттын тарыхынан белгилүү жалпы мыйзам ченемдүүлүк болуп эсептелет.

Ал эми коом турмушунда аткарган функциясы негизги мааниге ээ болуп, бул милдетти аткарууда ошол маданиятта мурда иштелип чыккан даяр ыкма, каражаттарды колдонуусу жазма адабияттын калыптануусунун алгачкы этабында көп эле кездешүүчү көрүнүштөр. Адабий поэтиканын алкагы менен чектебестен, кененирээк, социалдык-тарыхый планда караганда бул адабият татаал тарыхый мезгилдин туундусу, оор замандын муктаждыктарынан төрөлгөн поэзиянын өзүнчө бир формасы, үлгүсү, парадигмасы болучу.

Айтмакчы, алгачкы кыргыз поэзиясы бүт бойдон жалаң гана маалымдоочулук жана пропагандалык максатка кызмат кылган эмес – өтө аз болсо да жаш авторлор өздөрүнүн сезимдери, маанайы жөнүндө жазууга аракеттенишкен. Маселен, Ж.Түлөкабыловдун «Жаштык», И.Кудайбергеновдун «Жер сагынуу», Б.Калпаковдун «Сагынам» аттуу ырларында балалыкка, өскөн жерге кусалануу сезимдери баяндалат.

Аксакал жазуучу К.Баялиновдун жогоруда келтирилген сөзүндө айтылгандай, жазма адабиятты түптөгөндөрдүн баардыгы Октябрь менен кошо төрөлүп, революция идеяларынан чыгармачылык шык алышкан. Бирок адабият тарыхынан белгилүү болгондой, ар кандай идея, мейли ал саясый, философиялык, этикалык ж.б. идея болсун, көркөм адабиятта ар түрдүү жолдор, ыкмалар менен, ар башка көркөмдүк деңгээлде чагылышы мүмкүн. Ушул жагынан караганда алгачкы муундагы кыргыз калемгерлеринин тобунда С.Карачев менен К.Тыныстановдун чыгармалары айырмаланып турат. Башка курдаштары сыяктуу, алар да революция идеяларын ырга айландырып, жаңы заман келгенин жар салышкан, адамдарды ойгонууга, жаңы турмуш куруу ишинен четте калбоого үндөшкөн.

Ошону менен катар, алар калемдештеринин арасында өздөрүнүн адабий даярдыгы, көркөм дарамети жагынан кыйла айырмаланып турган. Бул айырма алар жараткан чыгармалардын жанрдык көп түрдүүлүгүнөн, тематикасынын жана идеялык чабытынын кенендигинен көрүнгөн. Атүгүл, бирдей темага кайрылып, бир эле идеяларды чагылдырган учурда да алардын чыгармалары образдык, эмоционалдык-экспрессивдүү каражаттары жагынан айырмаланган.

Кыскасы, алгачкы мезгилдеги кыргыз поэзиясы караңгы элдин калың катмарларына ойготуучу, маалымат таратуучу катарында өтө маанилүү коомдук милдет аткарган. Ошону менен катар, бул муундун өкүлдөрүнүн арасында профессионалдык поэзиянын кыйла кеңири горизонтторун өздөштүрүүгө жөндөмдүү калемгерлер да бар эле.

Искендер ЖУМАБАЕВ, адабиятчы

[1] С. Джигитов. Обретение новых традиций. — Фрунзе: Кыргызстан. — 1994. — С. 61.

[2] С. Джигитов. Возникновение киргизской советской литературы. — Автореф. … докт. филол. наук. — Бишкек, 1992. — С. 15.

[3] К.Баялинов. Уядан алгач учкандар // Советтик Кыргызстан, 1977. — 25-27-сентябрь.

[4] Ю. Борев. Художественный процесс (проблемы теории и методологии)//Методология анализа литературного процесса. — Москва: Наука, 1989. — С.Ч.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *