Тээ илгери бир киши атасынын адептүү, түз жүргөн киши экенин айтып мактанат. Ал:

— Менин атам сооп иштерди көп кылат, эч кимди өлтүргөн эмес, колу да туткак эмес. Сөзү түз, жалган сүйлөбөйт, садаганы ашыра берет, — дей айтат. Анын айткандарын бир жинди угуп:

— Менин атам түз жүргөн жагынан сеникинен ашып түшөт, — дейт.
Турган эл суроо салат:

— Эми атаң эмне жакшы иштерди жасады эле, айтып берчи?! – дешет.

Анда жинди:

— Эгерде менин атам бала кезинен эле жанкумардан баш тарткан, анысын эч качан бузган эмес – дейт. Анда эл:

— Эй,көкмээ, бала кезинен дене кумарына батпаган болсо, сен кайдан жаралдың эле?  — деп шылдыңдашат.

Бул ааламга кайра-кайра төрөлгөн кемакылдар бул дүйнөдө ушундай болушат: алар кишинин изги ишин даңазалайм дейт, бирок иштин чоо-жайын билбейт, түшүнбөйт дагы, ошентип аны кесирликке салат.

Дубал шыбаганда

Бир киши таанышына келип, үйүнүн дубалдары шыбалган, тактайы түптүз, үй, короо таптаза экенин көрөт. Ошондо кожоюндан:

— Ой, ак топуракты эмне менен аралыштыргансың, сонун болуптур? – деп сурайт.

Анда тиги:

— Күрүчтүн кашектерин сууга салып, андан кийин топурак менен аралаштырып туруп дубал шыбадым, ошондон улам ушундай болуп калды, — дейт.

Кемакыл ойлонот: “Эгерде таза күрүч кошсо не болот? Чын эле күрүчтүн өзүн кошуш керек экен. Дубал аппак, түптүз, таптаза болуп калат да”. Үйүнө барып, топуракка жыйылып турган күрүчүнөн аралаштырып, дубалды шыбап чыгат. Шыбагы түз болбой, бүртүк-бүртүк болуп калат. Анан шыбагын бүтүндөй жарака басат. Канча күрүч сарп кылды, пайдасы болбой, зыяны тийди. Андан көрө ошол күрүчтү жакырларга таратса, соопчулук кылмак.

Жашоодо пенделер да ушундай: Акылман киши Негизги Мыйзамды түшүндүрүп, “жакшылык кылып жүргүлө — дейт, — керек болсо ал үчүн өзүңөрдү садага чапкыла (денеңердин бир жерин күйгүзгөндөн, бир жериңерди кесип салгандан кайра тартпагыла), асмандан кайра жараласыңар, ошентип бу дүйнөнүн капкандарынан кутуласыңар. Муну уккан кемакылдар өз жанына кол салып, асмандан кайра жаралам деп ойлошот. Ошентип эч нерсеге жете албай, өздөрүнүн гана шоруна калышат. Кудум жогорудагы кемакылдай.

Чабан менен куйту

Бир киши болот. Ал чебер койчу эле. Кою да көп эле, санак жетпейт. Бирок чабан өтө сараң болот – башкага бир күкүм нан да бербейт. Ал заманда дагы бир киши жашайт. Ал өтө куйту болгон экен. Бир күнү ыгы келгенде чабанга барып жүрүп, жакындагандан кийин мындай дейт:

— Эми экөөбүз бир туугандай эле болуп калдык, сен кимсиң, мен киммин — ажыратып болбойт. Сага бир сырды айтайын, бир үйдө өлө сулуу, өлө сонун бир кыз бар, ошол сенин аялың болот, ал үчүн мен колуман келгенин баарын жасайм.

Муну уккан чабан сүйүнүп кетет, ченебеген мал, толтура белек-бечкек берет. Көп өтпөй куйту:

— Бүгүн сенин аялың көз жарды, — дейт.

Ал кызды өмүрүндө бир да жолу көрбөгөн чабан, балалуу болгонун угуп, так секирип сүйүнүп, сүйүнчүсүнө да толтура белек-бечкек бере салат.

Дагы убакыт өтөт, куйту дагы чабанга келип:

— Сенин чүрпөң чарчап калды, — деген суук кабарды угузат.

Муну уккан чабан көз жашын он талаа кылып, өрөпкүп токтоно албай калат.

Кемакыл пенделер да ушундай. Ар кандай акыл-насаатарды угуп, бирок өз пайдасы үчүн Мыйзам билимин сыр кылып сактап, башкаларга акыйкатты жайылткандан качып калат. Ошентип адашып, өзүмчүлдүктүн кулуна айланышып, жердеги сүйүнүчтөргө гана баш ийип калышат.

Өрдөктүн үнүн туурап

Илгери кайсыл бир мамлекетте бир көңүлдүү майрам болгон экен. Ал күнү бардык аялзаты чачтарын утпала (көк лотос) гүлү менен кооздошот. Бир бечаранын аялы күйөөсүнө:

— Эгерде сен мага көк лотос алып келсең, мен сенин аялың бойдон калам, таап келбесең, кетем! – дейт.
Ал эркектана бала кезинен өрдөктөрдүн үнү туурачу экен. Ал дароо падышанын көлмөсүнө барып, өрдөктүн үнүн туурап олтуруп, утпала гүлүн үзгөнгө үлгүрөт. Ошол учурда көлмөнү кайтарган кароолчу:

— Көлмөдө ким бар? – деген үн чыгарат. Тиги бечера байкабай:

— Бул мен – өрдөк, — деп жиберет.

Кароолчу аны колго түшүрүп, падышанын алдына алып жөнөйт. Жолдон байкуш кароолчуга дагы бир жолу өрдөктүн үнүн дал өзүндөй туурап берет. Анда кароолчу:

— Эй, сен муну мурда да кылган болсоң, азыр туураганыңдан эмне пайда? – дейт.

Кемакылдар да ушундай: Өмүр бою зыянынан башка пайдасы жок өмүр сүрүп, акыл-эсин, жандүйнөсүн өстүрүп-өнүктүрбөйт, ойлору кара бойдон калып, аксанатайлыктын жолун таба алышпайт. Болгону өмүрү соңуна чыгып, ажалдын көзүн карап калганда: “эх, азыр мага мүмкүнчүлүк берилгенде кана, элдин баарына жакшылык кылып гана жашайт элем” дейт. Бирок жер алдындагы кароол аны өз Эгеси Яньлованга (жер алдындагы өлүктөрдүн падышасы) алып барышат. Бул жанагыл бечарадай, падышага алып баратышса, өрдөктүн үнүн туурап жанталашкандай эле кеп.

Өз көзүн өзү оюп

Бир уста өкүмдарга иштечү экен. Жумушу оор болуп, бир күнү ал калп эле сокур болумуш болуп, көзү көрбөй калгандыгын айтат. Ошентип ал оор жашоосунан кутулат.

Ал эми дагы бир уста бул жөнүндө угуп калып, бул азаптан кутулуш үчүн эки көзүн оюп салмай болот. Анда жанындагы бирөө:

— Эй, өзүңдү жумуштан өткөн азапка салып эмне кыласың? – дейт.

Мындай кемакылдарды замандаштары дайыма келекелеп келишкен. Жер үстүндө жашаган пенделер да ушундай: болбогон атак-даңк, кичинекей пайда үчүн жинди иштерге барып, насааттарды бузуп келишет. Денеси өлөт,ичер суусу түгөнөт, алар өздөрүн үч жамандыктын оруна салышат. Бул жанагыл кемчонтой сыяктуу, азаптан кутулам деп, өзүнүн көзүн оюп салгандай.

Жарты нан

Бир киши аябай ач калып, бир олтурганда жети тандыр нан жеп алат. Алты жарым нанды жегенден кийин курсагы тое түшкөнүн байкайт. Ошондо жини кашайып, алаканы менен чекесин чаап:

— Мен болгону ушул жарты нанга тойдум, калган алтысы сезилген да эмес. Ох, ата, ушул жарты нан жетиштүү экенин билгенимде, башында эле ушуну жемек экенмин да, — дейт.

Пенделер да ушундай: Алар башында жыргалчылык жөнүндө эч нерсе билишпейт. Бирок кемакылдыганан улам баарын тескери жасап, башын ылдый, бутун өйдө каратып, жыргалчылыкты тескери түшүнүшөт. Чындыгында байлык менен атак-даңкка умтулганда, башында көрбөгөн азапты көрөсүң. А жеткенден кийин аны сактап калганга аракет кыласың, сактайм деп азап чегесиң. А кол жууп калсаң, кайрадан кордук көрө баштайсың. Үч баскычта тең эч кандай жыргалчылык жок. Атүгүл кийим-кече менен тамак-ашты жыргалчылык катары көргөндөр бар. Кордук көрүп, азап чегип жатканда, жыргалчылык жөнүндө туура эмес ой жаралат. Өз Окуусунда Будда мындай дейт: “Үч дүйнөдө тең бейпил жашоо жок, бир гана азап чегүү бар”. Ал эми бу дүйнөнүн караңгы эли жыргалчылык жөнүндө ойлонуп, кыялданып жашашат.

Кант камышын сугарганда

Бир жолу эки киши бир убакта кант камышын айдап калышып, бир келишимге келишет: кимисинин камышы мыкты өсүп чыкса, ошол сыйланат, ал эми кимисиники начар чыкса, оор жазаланат дешет.

Анда бирөөсү: “Кант камышы өзү таттуу келет эмеспи. Эгерде анын ширесин сыгып, жаңы себилгенин сугарсам, менин камышым эң таттуу болуп, жеңишке жетишем” деп ойлойт.
Ошол замат камыштарын сыгып, жаңы себилгендерин сугара баштайт, бирок бардыгы тескери чыгат: үрөнү чыкпай, аны менен бирге болгон камыш кантынан айрылат.

Пенделерде да мындай учурлар жок эмес. Алар бакытка умтулуп, бирок өз билимине, өз оюна, өз кубат-күчүнө гана ишенип, ичкини ойлобой, тышкы нерселерге байланып калат. Ошентип алар карапайым калкты эзип, алардын байлыгын тартып алат да, ошону менен бакытка жетем деп ойлошот. Камышын сыгып, жаңысын сугарам деген сыяктуу эле.

Түшүм

Илгери бир дыйкан жашаган экен. Ал талаасына келип, жыш, бийик өскөн буудайды көрөт. Анан талаанын кожоюнунан:

— Ой, кантип мындай жыш өстүрө алдың? – деп сурайт. Анда тиги:

— Алгач жер айдадым, анан жер семирткич чачтым, сугарып турдум – анан ушундай түшүм берип олтурат, — дейт

Дыйкан өз жерине барып жерин айдайт: сугарат, жер семирткич чачат, бардыгын тигил айткандай кылат. Анан үрөн себердин алдында корко баштайт, жерди буту менен баса берсе, буудай өнбөчүдөй сезилет. “Мен олтургучка олтуруп алайын, үй-бүлөм мени көтөрүп алсын, мен жерди баспай, үстүнөн үрөн сээп кете берем. Анан кантип зор түшүм бербесин?!” деп ойлойт. Бирок үй-бүлөсү жерди өзүнөн да жаман таптап салышат. Аны көргөн эл шылдыңдайт. Эки бутка караганда, сегиз бут кылчусун кылат да.

Пенделер да ушундай. Эгерде алар анттын талаасын айдап, жакшылыктын буудайы өнүп чыксын десе, сөзсүз устатка көңүл буруш керек, анын насаатын угуп, айтканын аткарганда гана Мыйзам аткарыла баштайт. Алар болсо, тескерисинче, кылмыш кылып, жамандыктын үрөнүн сээп жатышат. Ошондуктан ант аткарылбайт. Бул жанагыл дейди дыйкандын кылганындай эле кеп.

Шашма уул

Бир жолу бир киши түнүчүндө уулуна:

— Эртең алыстагы айылга барып бир нерсе алып келебиз, — дейт.

Баласы аны уккан соң, эртең менен эрте туруп, атасын ойготпой, өзү жалгыз алыстагы айылга кетип калат. Айылга жеткенчекти жолдон аябай чарчайт. Бардыгы текке кетет: бир нерсе алып келгенге жарабайт, же жегендей эч нерсе жок, ач карышкырдай жаны тынбайт, аптапка чыдабайт.

Акыры артка кайтып, атасына жолугат. Баласынын кайтып келгенин көрүп, атасы сөгө баштайт:

— Мээси жок, акмак, акыл-эсиң ордуңдабы?! Мени эмне күтпөдүң? Темселеп жалгыз кетип, эч нерсең жок темселеп кайра келдиң. Эй, баш иштебесе, кол менен бутка күч келет дегенди билесиңби сен?

Уулун элдин баары шылдыңдайт.

Пенделер да ушундай: алар дербиш болуп кетем дешет, сакал-чачын алышып, кечилдин киймин кийип жүргөндөрү менен Жарык устаттан (Будданы) акыйкат Дхарманы кабыл алууга умтулушпайт. Жолдун ар кайсыл тепкичинде жеткен ийгиликтеринен кол жууп, чыныгы шрамандардын (түз жолдогулардын) ыйык мөмөсүнөн куржалак калышат. Жанагыл кемчонтой уул сыяктуу, чарчаганын айт, бирок эч нерсеге жете алган жок. Мындай пенделер сыртынан шрамандарга окшош, а чындыгында эч нерсе билбеген, эч нерсеге жетпеген бир бечаралар.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *