— Щётка каяктыкы?

— Кытайдан.

— Ыя… Китайдан дейсиңби?

— Ооба, Итайланыкы.

— А эмне үчүн кытайча жазуулары жүрөт?

— Кытайлар түшүнсүн деген да.

— Кыргыз түшүнсүн дебептирби?

— Кыргызга кытай түшүндүрүп коёт дептир.

— Кана ошол түшүндүрчү кытайың?

— Мен түшүндүрөм.

— Сен эмне кытайсыңбы?

— Мен кытай уруусунанмын.

– Түшүндүр анда, туугандарыңдын ийрелеңглиптерин.

— Сырдайт, майлайт, шыбайт дейт.

— Итайлачабы же кытайланчабы?

— Кыпкыргызча шывайт.

— Жылчык калбайт экен анда.

— Ныпым!

— Жакшы. Анан мунуңдун чачы натуральныйбы, жасалмабы?

— Бул деген парик кийген калп щётка эмес, бул деген чыныгы итайлан чачтуу оригинал щётка.

— Калп айтпа, италыларда кара чачтуулар болбойт.

— Болот. Мен сыяктуу италылардын кытай уруусундагылардыкы.

— Ыя, аякта дагы туугандарыбыз бар бекен?

— Ооба. Эл тамыры жер тамырынан да сойлоок.

— Алайын анда туугандардыкы болсо.

— Ал, туугандын топурагы алтын, щеткасы-чётка!

— Рекламаң укмуш чыкты. Бааң кандай?

— Элүү сомдон бир тыйын кем эмес.

— Эй, бул базарбы?! Давай түшүр!

— Болуптур, кырк беш.

— Мейли. Кана көрөлүчү… Омей, мунуңдун чачтары чыгып жатат да эй.

— Эй… тартпа да! Күчкө салсаң сенин чачың деле жулунат.

— Мына, тартпасам деле түшүп атат. Итайлаң деле ит окшойт.

— Түшсө эмне экен?! Түшсө баасын да түшүрөм.

— Ошондой де. Ар бир түшкөн кылына канча сомдон түшүрөсүң!

— Омей эй ар бир кылына деп… Ар бир түшкөн жүз кылына бир сомдон.

— Жыйырма бешине бир сомдон түшүр.

— Болуптур ни сага, ни мага эмес ар бир элүү кылга бир сомдон.

— Мейли анда санадык. Бир, эки… Омей мунуңдуку бүт эле түшүп калды. Бекер эле берет окшойсуң.

— Бекер деген да баа барбы? Сен тарткылабаганыңда щёткамдын кылы кыйшаймак эмес. Товарды жулмалагандыгың үчүн төлөп калып жүрбө?!

— Омей кайра келип алып мага догурунасың да. Керек болсо “Килиент всегда прав” дейт. Кой, бу жерден жоголоюнчу.

— Токто дос! Сага жакшы щётка керек да ээ.

— Ооба.

— Анда буга жооп берчи. Чач болсо баш болобу же баш болсо анан чач болобу?

— Баш болсо чач болот. Муну менен эмне демекчисиң, эми?

— Менде жакшы щётканын башы бар демекчимин.

— Баягың элеби? Чачы жок щётка да щёткабы?

— Буга чач өстүрсө болот.

— Кантип?

— Оңой эле. Аялыңдын бир тутам чачын шарт эле кесип аласың да, жакшынакай кылып иреттеп туруп, мунун башына тизип туруп бир эле супер килей менен сугарасың. Бүттү, натурал чачтуу оригинал щёткалуу болосуң да каласың.

— Жакшы идея экен. Канчага бересиң эми мунуңду?

— Ушул жакшы идеяма кошуп туруп элүүгө эле берем.

— Тфуй ата! Жаман сарт экенсиң. Деги алып кутулайынчы.

— Ал.

— Алайын карызга.

— Кайра ушинтесиң анан.

— Айлык тийгенде эле бере калам.

— Болуптур, алчы.

— Рахмат.

— Келесиң да.

— Келем, жыгач щёткаңа чындап чач өсүп чыкканда.

Кош.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.