Кезектеги «Сармерден» ресторанынын бильярд мелдешине белгилүү илипоз Сейитбек Жаанбаев, публицист жана адабиятчы Жолдош Турдубаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, жазуучу Жамалбек Ырсалиев жана жеке ишкер Дүйшөмамбет Орозалиев катышып, Тажикстандын Жерге-Тал аймагына болгон иш-сапардын максаты туурасында кеңири маек курушту.

Олжобай Шакир: Байыркы кытай даанышманы Мо-цзынын накылынан улам бүгүнкү кеп учугун баштагым келет. Ал минтет: «Тоо ылдый шарылдаган агын суулардын чоңу да, кичинеси да бирине-бири жийиркенбей кошулган үчүн улуу дайра, улуу өзөнгө айланат». Муну айткан себебим, биз бүгүн кубаттуу улут боло албай келатканыбыздын себеби эле: кыргыздын ич ара бөлүнүп-жарылуу оорусу. Бири бирибизди боорго тарткан, бири бирибизге кол сунушкан өрнөктүү жөрөлгө жарата албаган эл болдук. Убагында согуш оту тутанып турган маалда Тажиксандан келген этностук кыргыздарды бүгүнкү күнгө чейин жеригендер болду. Алардын далайы Кыргызстандын жарандыгын алалбай канча кыйналып келишти. Айыл чарба, мал чарба сырын да мыкты билишет экен, канча бош жаткан кайрак жерлерибизди мол түшүмдүү талааларга айланткандарын көрүп, аларды кубаттагандын ордуна кайра алардын жашоосу оңолуп баратканына куйкасы курушканы болду. Бирок бүгүн кудайга шүгүр, алар менен акырындап сиңишип кеттик. Арийне бүгүнкү кеп бул туурасында эмес, тек Жерге-Талдагы боордошторубуздун ал-акыбалын билип келүү үчүн атайы үйүрмө топ чогулуп отурабыз. Сөздүн кыскасы, жергеталдык боордошторубузга кандай деңгээлде жардам көрсөтүүгө тийишпиз, сөздү ушунун тегерегинде кылсак…

Сейит Жаанбаев: Бир учурда Мамлекеттин тапшырма боюнча Сулайман Рыспаев, Абдыкерим Муратов болуп, Өзбекстанга бардык…

Жизак областында Достук деген райондо 60-жылдары атайын Каракалпактан, Бухарадан, Зааминден тоо жактан көчүрүп келип, ошол жерге отурукташкан кыргыздар экен. Өзбекстан азыр латын арибине өтүп кетпедиби, биздин китепти алып барган менен окубай калышты да. Анан ошол жерде министрлиги менен жолугуштук.

С.Жаанбаев

Уризмат Сафиев деген басмакананын директору бар экен, ал киши менен жолугуштук. Өзбекстан билим берүү тармагы да, басмакана тармагы да, жакшы эле мамиле кылышты. Каршы болушкан жок, алар китептин электрондук вариантын бергиле, биз бул жактан өзүбүз басабыз дешти. Кыргыз тили жана кыргыз адабияты окуу китебин бергиле деди. Кыргызстан тарыхы, географиясын да берели десек, жалпы география сабагы, тарых сабагы окутулат, ошонун ичинде окутабыз, ал эми кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагы өзүнчө окутулат дешти. Ошондо макулдашып келген боюнча бүгүнкү күнү бизде да ушундай жол менен окутуу – өзбек тилдүү мектептерде өзбек тили, өзбек адабияты өзүнчө кирет, тажик тили, тажик адабияты өзүнчө кирет. Алардын материалдарын биз Ташкенттен, Дүйшөмбүдөн алабыз. Болгону бизде Оштогу өзбек университетинин базасында китеп борбору бар, Мамасаидов жетектеген. Ошол жерге келет, биз анча-мынча көзөмөлдөп турабыз. А Тажикстандыкын көзөмөлдөй албайбыз.

Жерге-Талдагы боордошторго баралы деп, тажик туугандар менен кезигишкен атыпсыңар. Үч-Коргондо окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн Садирдин Айни атындагы мектеп бар. Ошол мектепке өткөндө Мирзохалим Каримов 1000ден ашуун китеп алып барды. Китепкана ачып койду. Чоң залын жасады. 2-3 иш-чараны өткөрдүк. Бирок китептерибиз окулбай туруп атат. Мен баягүнү барганда атайын кайрылдым ошол жерге. Завучу кыргыз келин. Окуу китептери, предметтик китептер айла жок пайдаланылат экен. А жанагы көркөм окуу китептерин, тарых китептерин иргеп, ылайыктап алып барбаса, окулбай калат.

Эми Жерге-Талга баралы деп атабыз, ал жерде биздин боордоштор. Билим берүү Тажикстандын билим берүү стандартына ылайыкташтырылган. Бирок бизде, шериктеш мамлекеттердин ортосунда, аттестаттарды таануу боюнча өзүбүздүн келишимибиз бар. Ошол жерде атайын айтылган, азчылыктар, мисалы биздин кыргыз боордоштор, тиешелүү деңгээлде өз тарыхынан, адабият, маданиятынан, тилинен маалымат алышы керек. Табигый илимдер тажик тилинде окутула берет. Бирок мен билгенден Жерге-Талдагы мектептер кыргыз тилинде окуйт.

О.Шакир: Жолдош байке, Тажикстандагы кыргыз мектептерде окуу куралдары жетишсиз экени көп айтылчу эле…

Жолдош Турдубаев: Жерге-Талда 40тай, Мургапта 20дай кыргыз мектеп бар, бирок окуу китептер жокко эсе.

С.Жаанбаев: Тажикстандын Билим берүү министрлигинин алдында Кыргызстандыкындай Билим берүү академиясы бар. Ошол академиянын Ирина Холова деген президенти – мен жеке таанышмын. Ал киши да бизге келип, биздикилер да барып турат. Алакабыз бар. Жалпы билим берүү тармагынан кыргыз мектептерге жардам берелик десек, аларды китеп менен камсыз кыла албай атабыз. Аларды эмес, өзүбүздү камсыз кыла албай атпайбызбы.

Муну чече турган жолу мындай деген бир гана тыянакка келгенбиз: биз кыргыз тилиндеги окуу китептерин электрондук түрдө даярдап берсек, анан Дүйшөмбү басып, тигилерге бермек. Ташкентте ошондой кылганбыз. 5-6-класстын китеби, билим берүүнүн жаңы стандарты менен мына быйыл чыгат. Жок, биз өзүбүз силерди китеп менен камсыз кылабыз дей турган болсок, анда ишке ашыра албай калабыз. Бул биринчи. Экинчиден жанагы көркөм адабияттар, элдик нускалуу адабияттар бар. Ошолордун окуу программасына тиешелүүлөрүн аз санда болсо да жеткирип турсак болот, элден чогултуп, же сатып алып дегендей.

А биз аларга силер кыргызча окуткула, кыргызча даярдагыла деп маселе коё албайбыз.

Казакбай деген профессор бар, Жураев бар биз менен иштешип жүрүшөт. Акыркы он жыл ичинде токтоп калганбыз, быйылтан баштап кабарлашып калышты. Жерге-Талдык кыргыздардын абалы кичине кыйыныраак чынында.

О.Шакир: Жерге-Талга сапарыбызды 15ине мелжеп турабыз, буюрса. Муну уккан кээ бир мекенчил демөөрчүлөрүбүз чыгып атат. Ошондон улам жергеталдык боордошторубузга бул жактан кандай муктаждыктарды жеткирүүгө аракет кылышыбыз керек? Маселен, парламенттеги «Атамекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошевге Нурак Абдрахмановдун комуз үйрөтүү боюнча диски менен китеби тууралуу айтып, ошондон жардам кылууну суранып атам. Аны менен катар Сыймык Бейшекеевге кулак кагыш кылсам, ал дагы мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоосун көрсөтөр болуп турат. Ошондой эле мекенчил атуулдар бар, алардын кээси фейсбук аркылуу айтып атат, эмне жардам керек, мен жардам берейин, аны-муну деп. Ошолорго конкреттүү сунуштарыбызды азыр кеп кылсак дейм…

Ж.Турдубаев: Окуу, методикалык, сөздүк, илимий-популярдуу, көркөм адабияттар керек. Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер, сиздер үчүн» жана «Акыл эмгегинин маданияты» деген сонун китептери бар. Бул китептер боюнча атайын сабактар Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияда гана окутулуп келген, эми башка аймактарга да жайылтылып атат. Эки китеп биригип 550 сом болот. Жерге-Талдагы ар бир мектепке жок дегенде бирден тартууласак, жакшы болот эле.

Чоробек Сааданбеков Сорос фондунан көп маалымат бата тургандай флешкаларды биздеги ар бир мектепке бирден деп алып, баш-аягы беш жүздөй китепти көчүрүп камдап койгон. «mamtil.kg», «bizdin.kg» сыяктуу сайттардагыдай ар түрдүү китептер бар, окуу китептери, көркөм адабий китептер, сөздүктөр ж.б. Көпчүлүгү PDF түрүндө.

Ырас, Жерге-Талда интернет деген жок, компьютер колдонгондор аз. Ошентсе да, электрондук вариантта деле алып барып, бул азыркы заманда билим алуунун жакшы каражаты экендигин түшүндүрүп койсок болот. Айрым мектептерде колдонулбай жаткан компьютерлерди иштете башташат. Асылбек Жооданбеков өзүнүн ноутбугун тартуулады. Эгер табылса, дагы компьютер, принтер, проектор жана окутууда колдонулуучу башка каражаттарды ала барсак жакшы болмок.

Нурак Абдрахмановдун («Комузду эн белги менен окутуу») китебин алып барсак деп атканымдын себеби, ал байыркы кыргыздын байыркы тамгаларын колдонуп, түшүнгөнгө жөнөкөй ыкма ойлоп тапкан. Атайын музыкалык сабаты жок, нота билбеген адам деле өз алдынча окуп үйрөнө алат. Көлөмдүү, көрүнүшү да жакшы. Болгону 400 сом, арзан. Мындай китептер азыр эки миң сомдон турат.

С.Жаанбаев: Менден бир математик мугалим сурады. Пайдаланып аткан математика китептеримен берсем болобу дейт. Мейли дедим.

Ж. Турдубаев: Бир нуска болсо да алалы. Анан алыбыз жетишинче комуз ала барсак. Баасы 1 500 сомдук комуздардан эле, үнү жакшы чыккан, жакшы чабылганынан тандап алсак болот. Маданият министри Султан Жумагулов ооз комуз, кыяк күүлөрү жазылган 2-3 диск берди, китептер менен кошо. Сиз айткан Балбай Алагушевдин дисктерин, кыргыз күүлөрүнүн антологиясы, дагы көп эле дисктер бар, ошолорду да көчүртсөк болот. Жерге-Талда комуз черткендер бар, ошолорго берип, жаштарга, балдарга үйрөткүдөй кылып милдеттендирсек болот. Алар кышкысын колдору бошоп калган кезде айыл-айылды кыдырып, үйрөтүшсө болот эмеспи. Жерге-Талда комуз көрбөгөндөр бар. «Нуска» китеп дүкөнүндө Асан Кайбылдаевдин китептери, дисктери турат, ошолордон алса болот. Айтмакчы, Жерге-Талда биздин ЭлТРди тартат экен спутник аркылуу.

О.Шакир: ЭлТР жетекчиси Айбек Мусаев менен убадалаштым, алар бир оператор, бир редактор жөнөтмөй болушту биз менен бирге. Мобуреки Нурак Абдрахмановдун эмгеги жөнүндө биздин музыковеддер, музыка таануучулар атайы сөз кылган жок. Мунун өзү – улуттук дөөлөт. Мындай уникалдуу эмгекти ар ким эле жаратып аткан жок бизде. Комузду үйрөнүш да кыйын маселе, а өз алдынча үйрөнүүнүн машакатын Нурак Абдрахманов эң жөнөкөй ыкма аркылуу ойлоп тапкан. Буюрса, ушул китеп Жерге-Талга барып калса, ышкысы бар далайы комуз үйрөнүп кетүүгө огожо болор…

С.Жаанбаев: Азыр Комуз академиясы деп түзбөдүбү, Нурак Абдрахманов атындагы, бирок кыргызда кичине ич күйдүлүк бар калк да. Артында жөлөп-таяп, кыйкырып турган кишиси болбосо, унутулуп калат экен. Нурак байкенин 12 баласы бар. Балдарынын баары эле музыкадан четкерээк болуп калды. Анан бу кишинин ишин колго алган киши жок болуп калбадыбы. Бая күнү ак-талаалыктар да Ш.Бейшеналиевдикинен кеп кылдык. Абдрахмановдун эмгектерин өзүңөр бир фондуңар менен колдоп чыксаңар, анан жамаат көтөрөт, бирөө демилге көтөрсө, анан башкалар да колдошот эле, милдетин алган киши болсо деп ошондо Комуз академиясын жандандырабыз деп да кеп кылдык. Азыр муну Бейшеналиев изилдеп атат. Май айында да жолугушабыз деп сүйлөшкөнбүз.

О. Шакир: Аа, жакшы… Эмне болсо да мына, Жолдош байкеге окшогон бирин-экиндер Нурак байке калтырган эмгектердин баасын, баркын билип, Жерге-Талга алып баралы деген идеяны сунуш кылып атат.

С.Жаанбаев: Нурактын көзү тирүүсүндө да ушу менен ызы-чуу болгонбуз. Мектепке музыка программасына киргизейин деп келди да. Жок, нота болуш керек, бул нотага жатпайт деп коюшпадыбы.

О.Шакир: Ой, жолуң болгур элбиз да…

С.Жаанбаев: Эй, биринчи мектептин милдети эмне? Балдарга билим берүү, үйрөтүү, көндүрүү. ЗУН дейбиз. Знание, умение, навыки – билим, көндүм, ык. Н.Абдрахмановдун табылгасы ушул жагынан абдан ыңгайлуу.

Ж.Турдубаев: Бул китепте күүлөрдүн классикалык нота менен берилиши да келтирилген.

О.Шакир: Музыка сабагында Токтогулдун өмүр баянын окутуу менен эле чектелип келбедикпи. Ага караганда бул алда канча чоң билим болот эле да.

Ж.Турдубаев

С.Жаанбаев: Өзбекстанга барган тажрыйбам боюнча айтсам, каалайбызбы, каалабайбызбы, эки этап болуп калат. Биринчи этабы – демилгечи топ колдон келген, өзүбүз тапкан, өзүбүз ушулар керек деп эсептеген жардамыбыз менен барып атабыз. Анан ал жерден өзү көрүнөт, дагы эмне керек, Тажик билим берүү тармагы дагы эмнени талап кылат, жергиликтүүлөр эмнени талап кылат.

Өзбекстанга барганда балдар айтышты, балдарыбыз дилин, тилин унутпай тургандай дөөлөттөр керек деп. Ал эмне? Тил, адабият, көркөм өнөр, музыка, маданият. Калганын бул жактан окуй беребиз дешти. Анан келгенден кийин ошол маселени койдук. Өзбекстанда диаспора бар. “Данакер” деген орден алып барган элек. Ошол диаспора аркылуу… болгондун баарын толук камтый албайсың. Союз убагында жалпы Өзбекстан боюнча 141 кыргыз мектеп бар болчу. Бүгүн 36 эле мектебибиз калды. Анын дагы басымдуу бөлүгү түштүк региондо – Наманган, Анжиян … Көбү өзбекчеге өтүп кетти.

Эми Жерге-Талга барганыбыз дагы эки этап болот. Кийинки этабы ишке аша турган, колдон келе турган анан өкмөт чече турган маселелерди иликтеп келишибиз керек.

О.Шакир: Мен аны сезип турам. Бул жолу барганда эмне муктаждыктар бар экенин биле келербиз, андыктан биринчи кадамды таштайлы, кылчактабай…

С.Жээнбаев: Биринчи кадамыбыз ушундай эле болот. Биз өзүбүз эле флешкага программаны салып алып барганбыз. Жизакта болдук, Зааминде болдук. 12 күн кыдырдык да. Көп эле нерсени айтышты, тиги керек, бу керек деп, анан акырында ушуга келип токтодук: ошол жердеги боордоштор тилин, дилин, каада-салтын, үрп-адатын унутпай турган гана билим, маалыматтарды берүүбүз керек.

О.Шакир: Буюрса, телевидение да барган атпайбы. Алар да тартып келишсе, коомчулукка көрсөтөлү. Жолдош байке, сиз бийлик тарапка кат жолдогондой болдуңуз эле. Ошол тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

Ж.Турдубаев: Былтыр Чоң-Алайдагы катуу жер титирөөнүн эпицентри Жерге-Тал болгон. Ошондо дубалдарга жарака кетип, бир топ эле зыян тартышкан. Эл кыйналып турган ушундай учурда, жок дегенде моралдык жактан колдоо көрсөтүп койбойсуңарбы деп бийликтегилерге кайрылганбыз. Расмий делегация барса, маданият өкүлдөрүнөн ырдаган, сүйлөгөн кишилер барып элден кабар алып койсо жакшы болмок. Андан кийин да башка ачыла турган маселелер бар деп кайра-кайра жаздык, бирок эч кандай жооп болгон жок. Анын үстүнө шайлоо да тоскоол болду окшойт.

Быйыл Билим берүү министрлигинен жаңы орун басар Надира Сынташевна – өзү мектептен чыккан адис – кимдер бара турган болду, канча киши барат деп сурады. Мен бүгүнкү күнү аныкталышы керек деп айттым. Тизмени тактап туруп кайрылыңыздар, анан ошого жараша биз Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Тажикстанга кабарлайлы деди.

О.Шакир: Чек арада маселе болбойт ошондо, ээ? Тизме беришибиз керекпи?

Ж.Турдубаев: Болжолдуу тизмеде сен өзүң барсың. Жамалбек Рысалиев барса, азыр жакшы ырчы жигиттер бар, ошолордон бир-экөө барса…

О.Шакир: Өнөрпоздор барат, сүйлөшкөм.

Ж.Турдубаев: Чоробек барат. Ал чындап чоң иш жасады, Соростон флешкаларды алып, китептерди көчүрүп. Ал кышында эле жөнөтөлү деди эле, CD жөнөтүп коёлу. Жогорку Кеңештен бир-эки депутат салтанаттуу түрдө силерге тапшырсын. Телевидениеге тарталы. Жол киресин төлөп берели, Жерге-Талга жеткиргиле деди. Мен абдан жакшы, биз дагы китеп, дагы башка нерселерди кошуп, жазында алып баралы дедик эле десем, мейли анда деп калган. Жакында Асылбек Жооданбеков айтып калды, Чоробекти да ала баралы, билим жагынан артта калбаш үчүн электрондук мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну көрсөтүп, жакшыраак түшүндүрүп берсе деп. Анан Асылбектин өзү да бар тизмеде. Ал Роза Отунбаеванын фондунда иштеп, алыскы мектептерди кыдырып, жакшы тренингдерди алып барып жүрөт. Ал Жерге-Талда мугалимдерге 2 сааттык тренинг өткөрсөм болот деди.

О.Шакир: Тизмеге Урматбек Жакшымбетовду жазып коюңуз, анын да убадасы бар. Ал демөөрчү катары барат. Дүйшөн, сени жазалыбы тизмеге?

Д.Орозалиев: Мени жазып коё туруңуз, бош болуп калсам барам. Бошобой да калышым мүмкүн, себеби азыр курулуш иштерим бар. Дагы бир ресторан алдым эле. Бошураак учур болуп калса, барып келе калам.  

О.Шакир: Дос, анда шак эле айталы сага, бир милдетин көтөрүп берсең жакшы болот эле.

Д.Орозалиев

Д.Орозалиев: Аракет кылам, дос, сөзсүз.

О.Шакир: Өнөр адамдарынан бир-экөөнүн барып келген жол киресин көтөрүп берсең, эрдик кылат элең эй…

Д.Орозалиев: Сөзсүз да, өзүм барбай калсам, бир-экөөнүн чыгымын көтөрүп берейин.

О.Шакир: Биз муну кылбасак, эч ким кылбайт. Барып келип анан мамлекетке коңгуроо кагып коёбуз, момундай маселелер бар экен деп. Мисалы, биз Ак-Шыйракка барып келбедикпи өткөн жылы. Ошол жазганыбызды Жээнбековдун президенттик аппараттан окугандар дароо чалышты, жазында жардам беребиз деп. Анын үстүнө быйыл Президенттин саясаты да региондорду өнүктүрүү болуп атпайбы. Жерге-Талдык боордошторду калтырып койгонго да болбойт. Эсиңерде бекен, 87-88-жылдарда башталган бул маселе. Бирок мамлекет өзү өп-чап абалда болуп, тыңгылыктуу жардам бере албай келатабыз. Сендей капчыгы калың жигиттердин аракети менен бир нерсе кылышыбыз керек, куру дегенде…

Ж.Турдубаев: Бул зарылдык болуп турат. Азыр Жерге-Талда элдин кийими бүтүн, курсагы ток, Кыргызстандын четки айылдарындагыдай эле турмуш ал жакта деле. Тыңыраак жашагандар бар, тартыш жашагандар, кыйналгандар бар.

Алар үчүн эң эле зарыл нерсе – тили менен маданиятын сактап калуу.

О.Шакир: Ушундай аракетибиз менен элдин аң-сезимине да жакшы таасир этет элек да.

Ж.Асанбек: Өзбекстанда Манас айылы Шавкат Мирзиёевдин айылы экен, кыргыз айылы экен деген чынбы?

С.Жаанбаев: Ал кыргыздар менен чоңоюп, кыргыздардын арасында өскөн киши. Анан Бухара менен Самарканд – тажиктер. Жерге-Талда, Мургабда кыргыздар тажик деп катталбай, кыргыз болуп жүргөнүнө сүйүнүшүбүз керек, ошолордун эрдигине таң беришибиз керек. Бул чоң эрдик.

Ж.Турдубаев: Мирзиёев азыр жакшы саясат жүргүзүп атат. Тажикстандагы кыргыздардын абалы аябай жакшы болчу. Тажик деп жазылсын деген сөз болгон эмес. Кыргыз деп бөлчү эмес, тескерисинче, тажик балдар атайын кыргыз класстарын тандап окушчу. Эл ынтымак жашайт азыр деле. Бирок мектептерге Кыргызстандан көңүл буруу зарыл.

О.Шакир: Тажиктер Каныкей энебиздин төркүнү эмеспи!

С.Жаанбаев: Тажиктердин ушул саясаты жакшы болду, кыргыздарды тажик кылабыз деген жок. Тажикстанда Ходжентте бир Малик дегендин музейин курушуптур. Археологиялык казылма экен. Коргонду казып, ошонун үстүнө музей куруп коюптур. Полу айнек. Казылгандын үстүндө жүрөсүң. Кызыгы: үч кабат экен. Биринчи кабатында дубалдын бооруна мозаика менен Александр Македонскийдин төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки сүрөтү тартылыптыр. Аристотелден бери тартышыптыр. Аяк жагында Македонскийдин сөөгүн арабага салып кетип баратышат, эки колу чыгып турат. Биз тарыхтан окуп жүрөбүз, Македонский эки колумду чыгарып койгула, бул дүйнөдө жыйганымдан эч нерсе албай кетип атам деген деп.

Тиги жерде тажиктер жазып коюптур, бүт дүйнөнү караттым, Согдини ала албай кеттим деп. Анан Бектемир Мурзубраимов биз ушундай деп укчу элек, бул учкул сөздү кайдан алдыңар деп сурады да. Биз өзүбүз эле тарыхтан таап, окумуштууларыбыз далилдеп берди, Македонский так ушу Согдини ала албай кайткан, жалганбы, дейт. Азыр алар бул өңүттө катуу киришип атышыптыр. Гафуров деген академик болгон. СССР Илимдер академиясында Чыгыш таануу институтун жетектеп турган, тажик киши. Ошонун музейин ачыптыр, бир бөлмөдө Исхак Раззаковдун бурчу бар экен. Ошол жактагы интернатта чоңойгон да. Ал жерде жазылып турат, Исхак Раззаковду биздин тажиктер жакшы тарбиялап, окутуп, сунуштаган деп. Эми ошол музейге окуучуларды райондордон автобус менен алып келип, окутуп кетип атышат. Балдарга сиңирип атат да, тажик момундай болчу деп.

Айтайын деп атканым, бүгүн Тажикстанда өз башатына кайрылып, мобунун баарын тажиктер кылган деп турган кезде, биз ошол жердеги боордошторубузга сен кыргызсың, сенин атаң Дөнөнбай, сенин ырың мобу, сенин музыкаң мобу деп коюш – бул өтө чоң иш. Себеби, канча эл жок болуп кетип атат. Бүгүнкү күнгө чейин кыргызмын деп, тилин, дилин сактаган кыргыздар менен сыймыктаныш керек.

О.Шакир: Абыдан жүйөөлү сөз айттыңыз.

Ж.Асанбек: Ушул маселени көп учурда туура нукка багыттап коюш зарыл болот. Биз улутубузду сүйгөндө башка бир улутту кемсинтпешибиз керек. Бардык улуттардын өзгөчөлүктөрү менен жалпылыктарын сактап, өнүктүрүүбүз керек деп ойлойм.

С.Жаанбаев: Ооба, ооба.

О.Шакир: Дүйшөке, сенин оюң кандай?

Д.Орозалиев: Мен сиздердин оюңуздарга кошулам. Кол-кабыш кылып турууга даярбыз.

Ж.Турдубаев: Ооба, бул жерде элдик дипломатиянын талаптарынын негизинде, аябай кылдат иш кылыш керек. Жылуу сөзгө жылан ийининен чыгыптыр дейт ко. Тажик эли аябай жакшы, меймандос, бизге окшош эл. Арасында, албетте, биздегидей эле эси жоктору бар, кой аксагы менен миң дегендей.

О.Шакир: Эми ар бир элде бар да, жакшысы, жаманы.

Ж.Турдубаев: Эми Жерге-Талга барчулардын тизмесин тактайлы, Олжобай, Жамалбек, Дүйшөн мырза, Урматбек. Сейит агай – Өзбекстанга барып келген тажрыйбасы бар, жол билген, сөз билген киши, Чоробек бар, эми канчасын көтөрө алсак.

Кеңешбек Сайназаров аттуу мургабдык жигит бар. 15 жылдай мурун чоң долбоор менен, “Шайлоо жана эл аралык системалар” фонду аркылуу долбоор жазып, “Жарандык жана мамлекетти башкарууга катышуу” деген 10-11-класстар үчүн, мугалимдер үчүн дагы 2 томдуу китеп жазылган. Ошол китептерди которууга, редакциялоого мен да катышып, 5 жылдай иштешкенбиз. Китептердин Тажикстандагы вариантын да кыргызчалаганбыз. Мугалимдерге аябай керектүү “Окутуунун интерактивдүү методдору жана классты башкаруу” методикалык колдонмо да чыккан ошондо. Жерге-Талдагы мугалимдерге жеткирип бергенбиз, азыркыга чейин ыраазычылык айтышат.

Кеңешбек биздин Билим берүү министрлигинин коомдук байкоочулар кеңешинин төрагасы да болуп турду эле. Ал да биздин топко кошулса жакшы болмок.

О.Шакир: Өнөр адамдарынан экөө кошулса, баш аягы канча киши болгон атабыз?

Ж.Турдубаев: Өнөр адамдарынан экөө десек, анда 13 болот.

О.Шакир: ЭлТРден эки кишини жазып коюңуз.

С.Жаанбаев: Машина менен эле барабызбы?

О.Шакир: Самолет менен Ошко чейин барсак деп атабыз. Андан ары Жамалбек бизнесмен жигиттерди тааптыр. Ошолор машина дайындайбы деп атам, алып барып, алып келген.

С.Жаанбаев: Ирина Холова менен сүйлөштүм телефондон. Дүйшөмбүгө келип, Дүйшөмбүдөн Жерге-Талга барган жол алыс дейт. Өкмөттүн тапшырмасы эмес, өзүңөрдүн демилге болуп аткандан кийин, анда Дүйшөмбү аркылуу өтпөй эле, адегенде өзүңүздөр келип, берчүңөрдү берип, жеринен көрүп таанышыңыздар, Тажикстан менен Кыргызстан биргеликте өкмөттүк деңгээлде чече турган кандай маселелер бар экендигин тактап алыңыздар деди. Анан Билим берүү министрликтери өзүбүз да кабарлашып турабыз дейт. Болбосо азыр министрликке келгенде ал киши сурайт, эмнеге келдиңер, арызданып атышабы десе, кичине ыңгайсыз болуп каласыңар го дейт.

Ж.Турдубаев: Жакшы айтыптыр.

С.Жаанбаев: Мен айттым, биздин кыргыз боордоштордун ал-абалын көрөлү, билим берүү тармагын көрөлү, эмне жетпей атыптыр, биз эмне бере алабыз, ошону көрөлү дедим. Анда ошону көрүп туруп, анан маселе коёсуңар, бул бир деди. Экинчиси, бул маселени чече келсеңер дейт. Окуу жайларыңардан, Ош менен кабарлашасыңарбы, Арабаев университети менен кабарлашасыңарбы, биздин кыргыз райондоруна мугалим даярдап бере аласыңарбы, мугалим жетпейт деди. Эгерде быйыл баланча киши келсин, окутабыз десеңер, чоң иш болот эле, айрыкча окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде, кыргыз райондордо адис мугалимдер жок дейт.

Д.Орозалиев: Туура. Мынабул Жаңы-Жерде Тажикстандан келген кыргыздар жашайт. Карып-качып болуп калган экен. Тажикче сүйлөшүшөт экен, кыз алып, кыз беришип, тажиктер менен аябай аралашып калышкан экен. Мектептин аздыгынан тажикче окуп, үйрөнүшүп, аябай аралашып баратышыптыр. Чындап көңүл буруш керек. Мугалимдерди окутуш керек, алып келип.

С.Жаанбаев: Бизге министрлер жарым жыл мурда кат жазып, баланча ЖОЖго, баланча предметке окутуп беребиз деп тактап койсо, биз жөнөтөт элек дейт.

О.Шакир: Сонун нерсени айтпадыңызбы. Уюштуруунун башында Жокем экөөбүз турганыбыз менен конкреттүү эмне менен барабыз деп башым катып атты эле. Сиз айткандай чакан даярдыгыбыз менен барып эле, бул жолу телевидениеге тартып, тактап келсек болот экен.

С.Жаанбаев: Мен Төлөбек Абдрахманов (И.Арабаев атындагы университеттин ректору) менен сүйлөштүм. Төлөбек ОРТсыз эле, министрдин буйругу менен кабыл ал десеңер окутуп берем дейт. Индира айымга айтсам, медакадемияга, аны жогору жак менен чечпесе, медакадемия ызы-чуу болуп атат, көрүп атасың го дейт. Бирок мага Ирина Холова мугалимдерди гана айтты. Бизге мугалим даярдап берсеңер, жиберет элек, чече келсеңер дейт.

Түркмөнстандан келип балдар окуп атпадыбы. Ошолор кандай кыйналышты. Айла жок, Кыргызстандын метрикасын жасап берип окуттук. Түркмөнстандан качып эле келе беришкен кыргыз балдар. Биздикилер макул, квота бар деп койгону менен эртең эле кыйшаңдап чыгат экен, ОРТ керек эле, бу керек эле, тиги керек эле деп, анан ушул маселени ала кетсек чоң иш боло турган эле.

Ж.Турдубаев: Теманы жакшы бурдуңуз. Тажикстандагы кыргыз жаштары үчүн педагогикалык адистиктер боюнча 20нын тегерегинде орун берилип жүргөн. 2006-жылы министрлер жолугушуп, билим жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Каныбек Осмоналиев биз жактан, тиги жактан алардын министри. Азыркы күндө Тажикстандын кыргыз жаштары үчүн 50дөн ашык орун бар, 80ге жакындап калды окшойт. Бул жерде мугалимдер, педагогикалык адистерден тышкары, медик, юрист, агротехник, экономисттерди окутуу үчүн да бир-экиден орун бар. Канат Садыковдун тушунда ызы-чуу болуп, кайра басылды, мурдагы ректор өзүнүнүн бир тууганынын баласын этникалык кыргыз деп киргизди деп.

С.Жаанбаев: Мен деле киргиздим, ачык эле айтайын. Силерден эмне жашырабыз. Келбей калды да, квота бар, орун бар.

Ж.Турдубаев: Ушундайга жол берилбеши же болбосо чын-төгүнү белгисиз күдүк сөздөр айтылбашы үчүн квота боюнча кимдер кайсы айылдан кабыл алынгандыгы, кайсы ЖОЖдо кандай окуп жаткандыгы, окуусун бүткөндөн кийин кайра өз жерине барып канча жыл иштегендиги тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштыруу керек. Келбей жатканынын эң орчундуу себеби мында. Окуй турган, окуусун бүтүрүп, кайра барып иштей турган жаштар тандалбай жатат.

Кыргызстандын бюджетинен камсыздалып жаткан квоталык орундар канчалык сарамжалдуу пайдаланылып жатканын көзөмөлдөө зарыл. Келген балдардын канчасы окуусун таштап кетпей аяктап, канчасы кайра өз жерине барып иштеп жатат? Жерге-Тал менен Мургаптагы кайсы мектепте кайсы предмет боюнча мугалим жок? Ушуларды тактап, квота боюнча окугандарды кайра өз жерине барып иштегенге милдеттендирүү керек.

Квоталык орундарга татыктуу, өз жерине барып иштей турган жаштар кабыл алынышы үчүн, эгер бизден комиссия барбаса, окуйм деп документ тапшырып, сынактан өтпөй калгандар тууралуу да маалыматты тияктан талап кылуу керек го. Анткени пара бербегендиги үчүн өтпөй калгандардын арасынан кийин өздөрү келип контракт боюнча өтүп, абдан жакшы окуган шык-жөндөмдүү балдар да кездешет. Ошондуктан кабыл алуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Мамлекеттин бюджетинен жумшалган каражат текке кетпесин. Ал эми таланттуу балдар окуусун аяктап, Кыргызстанда калса деле кыргызга пайдасы тиет эмеспи. Биякта калбай, өз жерине барып иштесе, андан да жакшы.

Ж.Асанбек: Ошондо Жерге-Талга биринчи жолу барган атабызбы?

С.Жаанбаев: Жерге-Талга мындай вазийпа менен биринчи жолу баратабыз. Жолдош айткандан бери биздин окумуштуулар, айрым адамдар менен сүйлөштүм. Советбек Байгазиев 87-жылы барыптыр. Абдылдажан Акматалиевден сурадым, болжолу 89-жылы акыркы жолу, сөз жыйнаганы илимий экспедиция барган дейт.

Ж.Асанбек: Өкмөттүк деңгээлде чечилип барган да анда, ээ? Андан кийин расмий эч кандай байланыш болгон эмеспи?

С.Жаанбаев: Ии, мамлекеттик деңгээлде барып, мугалимдер менен аралашып, сөз жыйнап барышкан. Советбек Байгазиев айтты, 87-жылы баргам дейт акыркы жолу. Абдылдажан Акматалиев 89-жылы барыптыр, андан кийин расмий сапар болгон эмес экен.

О.Шакир: Сайтыбыз менен аракет кылганымдын себеби мындай болду. Ак-Шыйракка барып келип, президенттин аппаратынан чалганда мен аларга да кулактандыргам, Жерге-Талга да барып келели деп атабыз деп. Бул макала жарыялангандан кийин, шилтемесин берип, Президенттин пресс кызматына да билдирем. Бул боюнча мамлекеттик саясат кандай болот, белгисиз, биз материалдарды даярдай берели. Буюрса, натыйжалуу болот деп ишенем.

С.Жаанбаев: Шаар-Тузда кыргыздар калбай калды деп айтышты мага. Кыргызстанга көчүп кетти деди. Ала турган болсок, бул чече турган чоң маселе. Ирина Холова аябай айтты, адис даярдап берсеңер деп. Атайын өкмөттүн өкүлдөрүнүн делегациясын ушу барып келгенден кийин, кайсы маселелерди ким чечет, кандай чечет, ошого жараша уюштуруш керек. Азыр демилгечи топ менен барып туруп, эмне маселе бар, жазып келип, ар бир министрликке беребиз да. Академиянын президенти да ошентип айтты, конкреттүү иш-чара кылыш үчүн, конкреттүү суроолор менен келсеңер жакшы болот, анан ошондо иш жылат деди.

(Жамалбек Рысалиев кирди)

Ж.Рысалиев: Ассалом алейкум, саламатсыздарбы, кандайсыздар!

С.Жаанбаев: Келегой.

О.Шакир: Кел, Жамаке, төргө өт.

Ж.Рысалиев: Жо, силер өткүлө. Дүйшөн байке, сиз өтпөйсүзбү.

Д.Орозалиев: Мен үйдөмүн да, сен өт.

Ж.Рысалиев: Үйдөмүн да деңиз )))))).

О.Шакир: Жамалбек менен жалпы эле тааныш окшойсуздар, ээ, Сейит байке?

Ж.Рысалиев

Ж.Рысалиев: Ооба, билебиз да.

О.Шакир: Бара турган кишилерди тактап атабыз. Бизге чоң ишенимди берген Жамалбек болгон. Айтканда эле, шар эле, бул ишиңер жарабайт деди. Жолдош байке экөөбүз ЭЛСОМ аркылуу элден жардам чогулталы деп атканбыз )))))))). Жамалбекке айтсак, бизди өчүрдү, булар акча чогултуп, мынча суммасы жок дегендер чыгат, жаманаттыга каласыңар деп. Түштүккө барып келди, ал жакта капчыктуу, мекенчил досторум бар деп…

Жамалбек, бул жерден бизге дагы бир капчыктуу кошулду. Дүйшөндү айтып атам, бир-эки өнөрпоздун чыгымын көтөрүп барып кел деп. Конкреттүү жардам берчүлөрдөн Эмил Токтошев бар, «Атамекен» фракциясынан. Аны Нурак Абдрахмановдун китебин дисктери менен сатып алганга жардам бер деп атам. Расул Гамзатовдун айтканы бар, «бука өтүп баратса шак эле мүйүздөн ал, өтүп кеткенден кийин куйруктан кармап токтото албайсың» деген))). Силер менен сүйлөшкөндө да…

Д.Орозалиев: Мүйүздөн кармап атам дечи бизди ))).

С.Жаанбаев: Мүйүздөн кармаганда да билген киши кармайт, болбосо кардыңды жардырып албасаң болду ))). Мени да чакырып атышат бирөөлөр, убактым бүтүп баратат. Жамал, маселелерди айттык. Мен Өзбекстанга баргандагы тажрыйбамдан айтып бердим. Эң негизгиси, Тажикстандын ичинде туруп, тажик болуп кетпей, кыргызды кармап турган боордошторду колдошубуз керек. Мугалим адистерди даярдап бериш керек.

Ж. Асанбек: Бюджетте окуп бүткөндөрдү эки жыл тажрыйба кылдырып анан дипломун берчү эмес беле.

С.Жаанбаев: 1600дөн ашык дипломду албай жүрүшөт. Окуган, бирок алышпайт. Мугалим болгум келет, ошон үчүн атайын келдим дегендер бүтүрүүчүлөрдүн 7% эле түзүп атат. 34%ы ата-энем болбой окутуп койду дейт. Калганы баллы туура келип эле окуп калган. Мугалимдердин сапатынын төмөн болуп атканы ошондон болуп атат. Мугалим болом деген балдар ОРТдан баллы жетпей көчөдө калып калды азыр. Бүгүн бизге 4000ге жакын орунга мугалим жетпейт. 10-классты бүтүп кайра мугалим болуп иштеп жаткандар бар.

Д.Орозалиев: Тажикстан эмес өзүбүзгө жетпейт экен да.

С.Жаанбаев: Илгери Мурза Гапаров, Эрнис Турсунов деген лөктөрдөн башка бир топ уул-кыздарыбыз Тажикстанга барып иштеп келишкен.

Д.Орозмамбетов: Эрнис Турсунов Тоолуу Бадахшанга барып иштеген экен. Андан кийин бизде, Алайкууда иштеген.

С.Жаанбаев: Ии, Алайкууда иштеген.

Ж.Турдубаев: Дипломдуулар толтура, мугалимдер аз. Бүтүп аткандардын аз эле пайызы мектепке барат.

Ж.Асанбек: Мен мектепте иштегем. Жаңы бүткөндөр эки жыл иштегенден кийин анан диплом алабыз деп иштешчү. 4000-5000 айлыкка иштешчү. Күйөөлөрү же ата-энелери ушунча окудуң эми дипломуңду алып ал дегендери иштешчү ошондо да. Анан ошончо акчага ким иштемек эле. Айлыгын жок дегенде 10 000 кылып койсо, жашоо шартын түзүп берсе иштешет эле да.

С.Жаанбаев: Мамлекет 10 000 бере албайт. Илгери мен союз убагында иштедим мектепте, завуч болдум, директор болдум. Мугалимдерге көмүрү, свети жагынан социалдык жеңилдиктерди берчү. Ушул жеңилдиктерди бериш керек. Айлыгын көбөйтө албайсың.

Ж.Асанбек: Мугалимдердин айлыгын гана көбөйтө албайт мамлекет. А көчөттү 9000ден алат. Мугалимдердин айлыгына, жөлөк пулга, ж.б.у.с келгенде эле мамлекет эч нерсе кыла албай калат.

С.Жаанбаев: Мамлекет мугалимдин социалдык абалын чечип бериши керек. Үйүн, көмүрүн, светин, ошондо эле айлыгы жетип калат.

Ж.Асанбек: Атамбаев эмне үчүн күч органдарын эле бапестеп калды? Айлыктары 20 миң. Үйлөрүн да куруп берип атты. Канча үй курду? Анткени бийлигин кармап турганга, кокус эл көтөрүлүп калса, бирөөгө кылмыш ишин токута койгонго алар керек. А мугалимдердин ага эмне кереги бар.

С.Жаанбаев: Ал жерде бир нерсе бар, мыйзамды карасаңыз. Бюджет түзүүчү мыйзамда күч органдары айып өндүрүп атпайбы. Ошонун эсебинен үйлөр салынып атат.

Ж. Асанбек: Ошондуктан инспекторлорго айдоочулардын жол эрежесин бузбаганы эмес, бузганы керек. Эреже бузушпаса экен деп эмес, бузушса экен деп турушат. Болбосо көрүнөө жерге туруп, көзөмөлгө алып туруш керек да, атайын булуң-буйткага жашынып алып турушат, кармалып айып төлөшсө экен деп. Жерге-Тал боюнча айтылчу сөз айтылды го дейм. Ушунча чогулгандан кийин Билим берүү тармагын да айта кеткенибиз жакшы болгону турат. Мугалим жетишпейт дейбиз. Мен мектепте иштедим. Ал жактын абалын, жогорку окуу жайлардын абалын, мугалимдеринин деңгээлин да көрдүм. Реформа эң биринчи ошол жакка керек. Мектепте мугалим жетпейт деп атабыз. ЖОЖдорду мурдагыдай 9 эле кылбасак дагы, 25-30ун эле калтырып, калганынын баарын жаап, ошол жактагы мугалимдердин баарын мектептерге жибериш керек. Аларды ар бирин бирден студенттердин зачеткасын көтөрүп, жөн эле бизнес, коммерция кылдырбай. Ошондо кабыл алууга да талап күчтүү болуп, окушат эле, сабатсыздык азаят эле.

С.Жаанбаев: Билим берүү жаатында реформа керек, мындай үч маселе бар: кимди окутабыз, эмнеге окутабыз, кантип окутабыз. Мына ушул үч маселеге жооп беришибиз керек.

Ж.Турдубаев: Жерге-Тал маселесин аягына чыгып коёлучу.

Ж.Рысалиев: Менде мындай сунуш бар. Ошол жердеги эле жергиликтүү элдин арасынан окуйм дегендерди алып келип окутуш керек. Каныбек Исаков менен сүйлөштүк. Окутуп берем дейт.

С.Жаанбаев: Ошону айтып атабыз.

Ж.Турдубаев: Жамалбек, бул маселеде жоопкерчиликти күчөтүш керек болуп атат. Параны токтотуп, мугалимдер, ата-энелер өздөрү мобулар барат деп түз чыккандай кылыш керек болуп атат. Кайра ошол айылга келип иштеп берем деген контрактка кол коюп окуй турган кылсакпы деп атам.

С.Жаанбаев: Окутам деген окуу жайлардын өздөрүнөн мугалим жиберип, өзүңөр экзаменден өткөрүп, алып келгиле десек да болот. Ошондо өз тааныш-туунушун кетирип ие албайт.

Ж.Турдубаев: Ошто китеп берчүлөр кайсы дарекке алып барышы керек?

Ж.Рысалиев: ОшМУга, Болот Каримов, Аскар Акаев деген мугалимдер бар. Жерге-Талга бул университеттен төрт адис бармакчы.

С.Жаанбаев: Туугандар, саат 5те ишим бар эле, машина келип, сыртта күтүп атат. Олжоке, жакшы иш болду, аягына чыгаралык. Дүйшөке, мобу ак өргөө куттуу болсун, ушундай жакшы адамдар чогулуп турсун. Таак, алтын кыз, билим берүүгө таарынба, мектепте иштеген экенсиң, аны чечебиз буюрса.

О.Шакир: Аны өзүнчө тема кылабыз. Рахмат Сейит байке, кабарлашам дагы.

Ж.Асанбек: Рахмат агай! Жакшы барыңыз.

О.Шакир: Жамаке, ЭлТРден бир оператор менен бир редактордун чыгымын кимге жүктөйбүз? Өнөр адамдарынын чыгымын Дүйшөке хоп деп атат. Ошол маселе турат. Калган делегация мүчөлөрү эптеп өз аракетибиз менен барып келебиз да.

Редакциядан: «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты коомдогу олуттуу темалар туурасында ай сайын интеллектуалдардын кеңири баарлашуусуна жагымдуу шарт түзүп бергендиги үчүн «Сармерден» ресторанынын администрациясына терең ыраазычылык билдирет.

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *