Жекшенбай КУРМАНОВ: «Шишиң толду»

(Элдик макалдын жандырмак жомогу) Бизге чейинки кайсы бир заманда бир кемпирдин жалгыз уулу бар экен. Баланын атасы эрте өлүп калып, энеси эркелетип багат. Бала бой тартып, жигит болот. Башкаларчылап мал багып, суу сугарып, дан бастырбай, үй оокатка деле карабай жалкоо болуп чыгат. Качан болсо жалгыз атын минип алып, акыры уурулукка бара баштайт. Наркы айылдан козу, берки айылдан кой уурдап, үйүнө эт ташып келе баштайт. Энеси бул жаман адатты токтот деп жалынып айтса да болбойт. Айласы кеткенде жайына коёт. Акыры атайын […]

Репрессия курмандыгына кабылгандардын сырын өмүр бою жашырган Бүбүйра апанын маеги

Илгери,  “Ата-Бейиттен” от күйчү эле “Ата-Бейитке” эл-жери үчүн шейит кеткен 138 азамат көмүлгөн. Алардын жаткан жерин айтып, “Ата-Бейитти” ыйык мазарга айланткан Бүбүйра Кыдыралиева апа түбү менин айылдашым. Апа Көлдө жүрүп, Бишкекке келди дегенди угуп, барып калдык. “Өзүмдөн бала болгон жок, көп бала бактым. Акыры карылар үйүндө каламбы деп корком”, деди апа ошондо. Өсөм деген эл өткөнүн унутпайт, бул эмнеси? Кыргыздын кырчынтал кыйылып кеткен азаматтарын азаттыкка чыгарып, сөөгүн агарткан адам ушинтип талаада калабы? “Азия Ньюс” гезитине жазып чыгардык. Жок, кыргыздын азаматтыры […]

Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороону» жакында жарык көрөт

«Жүрөктөгү бороон» – эмне деген аталыш? Эмне деген метафора! Бороондун үнүн баарыбыз укканбыз: уңулдаган, боздогон. Ал эми өнө бойду дүркүрөткөн акындын жүрөгүндө катылган бороон кылымдардан кылымга боздоп, сыздап кала берген. Не бир акындардын жүрөгүндө уңулдаган бороон үнү эмнени гана туюнтпаган. Ушундай поэтикалык туюм менен жаралган Зайырбек Ажыматовдун ырлар топтому жакында колуңуздарга тийет. «Улуу тоолор» басмасынан жарык көрмөй болду. Өп-чап чогулткан акчасына… «Жүрөктөгү бороон» – ушул аталыштын өзүнөн эле бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырагандай: менин да жүрөгүм зырылдап […]

Франц КАФКА: Акмактардын бирикмеси

(Кыска аңгемелер) Бир замандарда акмактардын бирикмеси болуптур,  эми булар  чындыгында акмактар деле эмес,  кадимки эле адамдар.   Алар дайыма бири-бирин таштабай дайыма колдоп чогуу болушкан.   Маселен дейли,  эгерде алардын кайсы бирөөсү акмактык кылып,  өз коомуна кирбеген башка адамды бактысыздыкка же кырсыкка туш кылып койсо, — эми бул деле адаттан тышкары эмес,  катардагы эле боло жүргөн окуя дечи,  мында эч кандай акмакчылык деле жок.   Андан кийин келип бирикме мүчөлөрүнүн астында кылган иши үчүн кечирим сурайт,  алар анын кылганын кылдат талдап,  жыйынтык чыгарып, […]

Касым КАИМОВ: Мергендин сыры

АҢГЕМЕ Мерген кусадар болду. Өнө бою капшытында да илинип турган мылтыгы мурдагы билинбей өтүп, экинчи кайталанбай турган күндөрүн эсине салып, ого бетер каңырыгын түтөттү. Мырсалы анын бардыгын тагдырына байланыштуу нерсе деп түшүнүп, эми эч болбосо атымды булгабоо үчүн бул сырды жарыя кылбай өтөйүн деген максатта эле. Бирок кумарлыктын кусасы күчтүү болду. Куса мергендин карт жүрөгүн күйүткө чалдыктырды. Ал эми күйүттө жалгыздык кылуу — тирүүлүктүн азабы эмеспи. Көптү көргөн мерген куру мөгдөбөй бөөдө кайгыдан кутулуунун жолун ойлоду. Эл оозунда айтылып жүргөн […]

Мамат РАИМЖАНОВ: Армандуу тескей

АҢГЕМЕ Түркүн чөптөр буруксуп, гүлдөрдүн жыты аңкып турду. Жай эми гана башталып, жан-жаныбар болсун чатырап көркүнө чыгып, өмүрдүн толуп турган чагы. Боткоктоп калган аткулактарды аралап, кызгылт көгүш жону күнгө чагылышып чөптөрдүн башын кылтылдатып, бир суурдун айгыры шилбилүү дөбөнүн түбүндө ооздорун жөргөмүштүн калың желеси каптап, үйүлгөн топурактарын эчак таш уйгак басып калган көп ийиндерди жыттагылап жүрдү. Ийиндер абдан эле эски болчу. Кээ бирөөлөрүнүн үстүндөгү топурагы урап түшүп, оозун бекитип калган. Ал эми барпайган бай түп шилбинин түбүндөгү эки кош ийин али […]