Илгери,  “Ата-Бейиттен” от күйчү эле

Ата-Бейитке эл-жери үчүн шейит кеткен 138 азамат көмүлгөн. Алардын жаткан жерин айтып, Ата-Бейитти ыйык мазарга айланткан Бүбүйра Кыдыралиева апа түбү менин айылдашым. Апа Көлдө жүрүп, Бишкекке келди дегенди угуп, барып калдык. Өзүмдөн бала болгон жок, көп бала бактым. Акыры карылар үйүндө каламбы деп корком”, деди апа ошондо. Өсөм деген эл өткөнүн унутпайт, бул эмнеси? Кыргыздын кырчынтал кыйылып кеткен азаматтарын азаттыкка чыгарып, сөөгүн агарткан адам ушинтип талаада калабы? “Азия Ньюс” гезитине жазып чыгардык. Жок, кыргыздын азаматтыры бар экен.”Бул маселе Жогорку Кеңеште каралды” деп телефон чалышты. КТРден, мэриядан чалышты. ЖК депутаты Мирлан Бакиров болуп Көлгө, апанын үйүнө чейин барып, ал-абалын сурап, жашоо-турмушун да көрүп кайттык эле.

Андан бери бир топ жыл өттү. Апанын Америкада билим алып жаткан жалгыз небереси бар (Сиңдиси өлүп калгандан кийин анын эми эле жарык дүйнөгө келген баласын, ысымын Каратай коюп, өзү багып алган — Д. Б) Ошол бала гана каргадай кемпирге күйүнүп атканын көрдүм. Скайп менен күн сайын, саат сайын чалып, абалын сурайт.”Мен барам апа, ооруба”, — дейт. Апа бир туугандары эмес, ошол бала менен бир үйдө жашасам деп кыялданарын сездим. Ошол бала келсе сүйүнтүп,”Мынакей, үйүбүз бар”, — деп айткысы келээрин сездим.

Эмнегедир, аларды унутпа албай койдум.  Ойлоп жүрдүм. Кечээ жакында апага үй берилди дегенди угуп сүйүндүк. Каргадай кемпир менен канаты ката элек баланын бу жалгандагы кичинекей бир  тилектеринин орундалышына өз  салымыбызды кошконубузга сүйүндүк…

Сексенден өтүп калган апа сүйлөгөн сайын жашын аарчып,“Көмүлгөндөрдүн үстүнөн кадимкидей от чыкчу, иттер улучуу”, — дейт бала чагын эстеп. “Ачарчылыктан боо-боо түшүп кырылып, жолдо, белде калган казак боордоштордун өлгөндөрүн көөмп, тирүүлөрүнө тамак-аш берди элек,”- дейт. Исхак Раззаковдун “кыргызсыңбы?” деп сүйүнүп, ишке алганын айтат. Байтик баатырдын акылмандуулугун айтат төгүлүп-чачылып. “Менин көргөндөрүм тирүү тарых, жазып ал. Кийинки муундарга калтыр кызым”, — дейт. Мен жазаарымды, кийинкилирге калтыраарымды айттым.

Жол боюндагы сулап жаткан кишилер

— Динара, сен экөөбүздүн айылыбыз бир. Мен да Таластын Арал деген айлынан болом. Кушчумун. Жалаңнайза уруусунанмын. Эмнеге Жалаңнайза десең, аталарыбыз казыкты учтагандай жыгачты учтап, оң колдун каруусуна байланган чокмор алып, ээр-токуму жок жайдак ат минип, жоого аттанчу экен. Ошондон аталып калыптыр. Менин туугандарым кең далы, узун бой, балбан кишилер болгон. Азыркылардын ичкендери арак, тарткандары тамеки. Жеген, ичкендеринин күчү жок, дарыланган. Жигиттер алсыз. Арак деген кыргыздын  түбүнө жетет ко, мен ушуга кейийм…

Чоң энем төрөттөн каза болуп калат. Анын иниси келип, “Жезде, жесир калдың, кичине уулуңду мен багып берейин, чоң уулуң менин уулумдун ордуна граждандык согушка барып келсин”, – деп 16 жаштагы атамды 18 жаштагы баласынын ордуна жиберет. Үч жылдан кийин атам согуштан аман келет (Граждандык согуштан да, Ата Мекендик согуштан да аман келиптир ал киши. Кудай бар да, жанагыл кыргыз деп кыйылып кеткен 138 азаматты азатыкка чыгаруу мойнунда экен да. Мен өзүмчө ушундай жоромолдодум — Д. Б.)

Ошентип, атам ар жагы казактар, бер жагы кыргыздар жашаган жерде башкарма болуп иштеп калат. Себеби, орусча билет, согушка да катышып келген.

Бир күнү колхоздун жер айдаган өгүздөрүн казактар уурдап кетет. Ошондо туугандарынын эле ичинен бирөө сатып жиберди деп арыз жазып, каматып жиберет. «Ал кездин түрмөсү камыштан жасалган алачык эле», — деп атам күлүп калчу.

Түрмөдө отурса досторунун бири келет. “Аялың өлүм алдында жатат, жасоолду эптеп түзгө отурам деп алдап, качып чык”, — дейт. Атам алдап, качып чыгып келсе, апам келте болуп, баш көтөрө албай төшөктө жаткан экен. Ат араба чегип, апамды жаткызып, бизди салып алып апамдын төркүндөрүн көздөй жөнөйт. 1930-жыл болчу. Мен үчтөргө чыгып калгам. Элес-булас билем, жол бою катар эле каршы-терши сулап жаткан кишилер. Көрсө, ачарчылыктан кырылган казактардын өлүктөрү экен. Атам арабадан түшүп, өлгөндөрүнө куран окуп көөмп, тирүүлөрүнө апама деген күл-азыктан чайып жиберип, жыгач чөйчөккө куюп ичирип, колдоруна нан карматып жүрүп отурду. Онтогон апам эс-учун билбей арабада  жатат. Атам ыйлап да жүрөт.  Куран окуп, баякы өлүктөрдү көөмп да жүрөт….

Кулап калган завод

Уурулардын дайны чыккандан кийин, атам бошонду. Туугандарына таарынып, азыркы Ата-Бейит жайгашкан жерде  кирпич жасап, ошол жерде жашап калды. Чоң-Таш айылында КГБнын эс алуу үйү болор эле. Ал жер кирүүгө тыюу салынган, жабык зона экен. 1932-жылдан 1939-жылга чейин ошол КГБнын эс алуу үйүндө жашадык.

1938-жылы мен 10 жаштагы кыз элем. Башкаруучу болуп иштеген бир Отто деген немис киши бар эле, кыргызча жакшы сүйлөчү. Эмма деген кызы бар болчу. Сиңдим экөөбүз алар менен кыш заводдун от жаккан жерине кирип, жашынмак ойнор элек. Ноябрь айында баягы немис атама “Ушунча жылдан бери эс алган жоксуңар, жакын жерде тааныштарыңар, туугандарыңар болсо барып эс алып келгиле. Эртең менен эрте, жерге жарык кире электе келип, малды чыгарып, атыңа жем берип, кечинде киргизип коюп тургун”, —  деди.

Биз атамдын досунукунда болдук. Келгенибизде, көзүмө биринчи эле завод көрүндү. Кар аралаш топурак дөң болуп калыптыр. Жакындаганда атама “Завод кулап калганбы?” – десем, “Бороон-чапкын болуп кулап калбадыбы”, — деп койду. Башка эч нерсе айткан жок. Үйгө келип от жагып, жатып калдык. Бир дем алышка жетпей шамал болсо эле ошол дөңдөн сасык жыт чыгат. Көрсө, эки жүк ташыган полуторка машина менен Орто-Сай, анан Чоң-Таш айылынын ортосу менен, Таш-Дөбө айылынын акыркы көчөсү кыргыз көчө эле, аны менен Воронцовканы карай бурулуп, андан соң эс алуу үйүнө алпарып, өлүктөрдү иттин өлүгүн ыргыткандай эле ыргытышкан экен. Кыштын күнү трактор жок, заводдун үстүн бузуп, ошону менен көөмп коюшуптур. Бул кийин казылганда билинди.

Түн ичинде күрүлдөгөн машинелер

Ит улуйт. Күнү-түнү бүт иттердин улуганы кулакты жарат. Эки дем алыштан кийин баягы сасык жыт күчөп чыга баштады. Орус кемпир-чалдын күчүгү да улуйт. Сасык жыттан чыдай албай апам ала кийизди эшик терезеге кадады. Төртүнчү-бешинчи күн сайын апам боорсок кылып, жыт чыгарат. Атам өзүнчө ыйлай берет.

Менин чоң атам Кыдыраалы, анын кичүү инисинин аты Иманаалы. Иманаалы абабыз каза болуп, эки эркек баласы менен аялын атамдар көчүрүп келишкен экен.  Иманалиев Шадыкан байкем Таш-Дөбөдөн батинкесин мойнуна асып, мектепке жакындаганда бутуна кийип, төртүнчү классты бүтүрөт бечара жетим. 1935-жылы азыркы Ысык-Көлдүн Темировка деген жерине райкомдун катчысы кылып жиберет. 27 жашка чыккан байкемди 37-жылы “эл душманы” деп камайт. Атам тамак бышырып алып Фрунзеге түрмөгө барса, “Иманалиев Шадыкан деген жок, этап болуп айдалып кеткен”, — дейт экен. Атам баягы дөңдөн жыт чыкканда ыйлап бата кылып эле өзүнчө күңгүрөнө берчү: “Менин иним да ушул жерде жатат ко”, – деп. Себеби, төрт колхоз эчтекени билбейт. Түнкү саат экиден төрткө чейин машина өткөнүн гана билет, эмне ташыганы белгисиз.

1938-жылы ошол кыргыз көчөсүнүн бурчунда Иманаалы чоң атамдын карындашы жашачу. Курманалы жезденин чатыры жүгөрүнүн паясы менен жабылган экен. Эмне болсо да карап көрөйүнчү дептир. Ага чейин эч ким машинанын үнүн укканда эшикке чыккан эмес. Башкарма, сельсоветтер: “Эшикке чыкпагыла, иттерди улутпай ар жакка байлагыла”, — деп эскерткен экен. Май айында ошол жездебиз конокко чакырып, атам, апам, сиңдим, эмчектеги иним болуп бешөөбүз келсек, “Акий, кышында силер кайда болдуңар?” — деди. Атам мени карады, апамды карады, анан: “Үйдө эле болдук”, — деди. “Билбейм, кышы менен эле күрүлдөп машина өтүп атты. Чатырга чыгып карасам машинанын үстү кара дүңкүйгөн, тегерете солдат отурат, мылтыктары бар кучактап алган.

Бир машинасы ак чүпүрөк менен жабылган, күрүлдөп өтөт, кайра кетет. Же отун-суу бирдекелерди ташыдыңарбы?” — деп кайра-кайра сурады. “Билбейт экем. Биз үйдө эле болдук, эч ким эч нерсе ташыган эмес”, — деди атам. Баягы мен он эки күн мектепке барбай калганда атам мага: “Мугалимдериң эмнеге келбедиң деп сураса, ооруп аттымдан бөлөк сөз айтпа”, — деп эскерткен. Ата-эненин айтканын бала деген анда укчу. Өзүм билем деген заман эмес эле.

Уктасам эле ак кийинген жигиттер үйгө кирип, “Бизди качан айтасың? — дей беришчү

Казган бала айтат :”Көп өлүктөрдүн баш сөөгүндө экиден, төрттөн ок көзөнөгү  бар экен. Желкесинен атышышыптыр”, — деп. Үйүлүп калган немелерди кузову ачык турган машинеге ыргытышып, улам ташып турушкан экен.

1939-жылы биз ал жерден көчүп кеттик. Воронцовка айлынын башкармасы Василий Иванович деген жакшы киши болчу, жер берди. Себеби, баягы Отто деген немис башкаруучу атама келип, “ Жакында чоң согуш чыгат.  Бул жерден көчүп кет. Катын, балаңа үй-жай салып, эгин-тегиниң камдап кой. Герман кол салат. Согушка сени да алып кетет”, — дептир. Чын эле атам бизге колу-коңшу менен кичинекей үй салып берди. Буудайды жыйды.

Атам согушка 1941-жылы кетип, Берлинге чейин жетип, 1945-жылы октябрда экинчи топтогу майып болуп келди. 1973-жылы атам  аябай катуу ооруп, төшөккө жатып калды. Өлөрүнө көзү жеткенби, мени жанына чакырып алып: “Бүкөн,  сен билесиң, баягы дом отдыхтагы кыш заводду, ошол жерге куран окуганыбызды  билесиң. Ошол жерде кыргыздын каймактары жатат, балам. Алардын туугандары зыркырып, кайда жатканын билбей сыздап жүрүшөт. Мойнума жүк кылып кетпейин, бир ыңгайы келгенде  ачыкка чыгар. Бирок  жакшы заман келсе айт, тукум курут болуп кетпейли”, -деди. “Жакшы заман келгенде айт”,- деп улам-улам эскертти.

Атамдын аманатын айтып коеюн деп телефон чалбаган жерим калбады. Барбаган жерим калбады, эч ким укпайт, койчу ушу алжыган кемпирди деп.

Ооруп калдым. Ашказандан кекиртекке чейин жара басты. Ага кошулуп уйкум качты. Себеби, көзүм илинсе эле 25-30 жаштардагы, 35-40 жаштардагы ак кийинген жигиттер эшиктен кирип келишет да, ”айтпайсыңбы, мезгил жетти”, “бизди качан айтасың?” дешет. Айтсам менин сөзүмө эч ким ишенбейт. Акыры угушту.

Табылган сөөктөр

КГБда иштеген Болот аттуу жигит экөөбүз май айынын экисинде бардык. Мурда лыжа базасы, андан кийин пионер лагери болуп, өлүктөр жаткан жер түптүз жер болуп калыптыр 53 жылда. Болжогон жерге отуруп, мен куран окудум. Каратай уулум кичине эле: “Апа, кайасаңыз, бийи эски кийпич, бийөө жаңы кийпич”, — дейт. Болот: “Секетиң кетейин, келе!” — деп баягы эки кышты пакетке салып, экспертизага алып барса, 1936-37-жылдары бышырылган кыш экен.

Сөөктөрдү кантип казышкандарын мен көргөн жокмун. Кийин “Вечерний Фрунзе” гезитинен “отуз сегизинчи жылы атылган кишилердин сөөгү табылды, казылып атат”, – деп жазылыптыр. Сүйүнгөнүмөн ботодой боздоп ыйладым го.

Сөөктөрдү Ата-Бейитке койгондо сизди чакырыштыбы?

– Жок. Рахмат деле айтышкан жок. Күзүндө үйгө келсем туугандарым, тааныштарым, бирге иштешкендерим, баары эле: “Барсыңбы, тирүүсүңбү?” — деп сураган эле киши. Көрсө, гезиттер: “Көлдүк кемпир өлөр алдында репрессиянын курмандыктары каерде көмүлгөнүн айтып кетиптир”, – деп жазып чыгышыптыр….

Төрт бир тууган элек. Өзүм балалуу болгон жокмун. Көп бала бактым балдар үйүнөн.  Күйөөм тирүү болсо да бөлөкчө болот беле. Өлүктөн өлүктү көөмп, карып калган кезимде жанагы келини сабап, баласы сабап, айласы жогунан баш калкалаган карылардын үйүнө баргым келбейт. Баягы кемпирди түртүп салыптыр деген сөз уккум келбейт.

(Мен барган сайын апа өзү чай берет. Инисинин үйү экен. Үйдө чоң эле студент кыз жүрөт, маңдайы сүзөнөк букадай букжуюп. Бизди келдиңби, кеттиңби деп саламдашып да койгон жок. Кайра, апа анын көзүн карап, улам чайга чакырып коёт. Көзүнүн жашын жаш баладай сүртүп отурган апаны алаксытмакка башка өңүттөгү суроо узаттым. – Д.Б.)

Освободите дорогу, девочки приехали

Атам, байкем аскерге кетип, 13 жашыман баштап иштеп калдым. Сегиз орус кыз, мен бир кыргыз кыз “Для фронта” деп араба менен буудай ташыдык. Чоң-Таш айылы менен таштак жолдо жүрүп отуруп, азыркы эт комбинатына жеткенде лаборантка орус кыз “Освободите дорогу, девочки приехали”, — деп кыйкырат. Жүдөгөн, ат арабачан, өгүз минген, өгүз жетелеген бечара кыргыздар жапырт жол бошотуп калышат. Орус күч эле ал убакта. Ошентип, 9 араба буудайды фронтко тапшырып бүтүп, өзүбүз да, өгүздөр да чарчап, айылга түнкү саат үчтө жетчүбүз. Кампада буудай толтура, бирок алар аскерлер үчүн эле, тарбия ошондой эле да, эч ким кол салчу эмес. Бизге буурчактын унунан жасалган бир кесим нан, кымыран буурчак шорпо берилчү бир суткага.

Курсак тойгон күн болгон эмес. Жокчулук, ачарчылык, согуш. Бирок биздин үй-бүлөдө бир аз кененчилик эле. Анткени, Ошол КГБнын эс алуу үйүнүн ашканасында кыргызча суудай билген бою узун, мурутчан перс улутундагы адам иштечү. Тамеки тартымыш болуп сыртка чыгып, “Бүбүйра!” — деп кыйкырчу. Мен чара көтөрүп бара калчумун, фартугуна катып чыккан уйдун, койдун бышык, чийки эттерин, майларын, арткан нандарды чарага оодара салып кирип кетчү. Апам байкуш нанды жайып, кургатып, эттердин бышык, чийкисин кошуп, сызгырып жыйнай берчү. Кап менен жетим төркүндөрүнө ташып, ачарчылыктан аман калышкан. Азыр да алардын балдары: “Жибек апам ушинткен экен”, — деп айтып калышат.

Кийин орус тил билгеним үчүн фабрикада иштеп калдым. Мен ошондо биринчи иштеген кыргыз кызы элем. “Кыргыз кыз иштейт”,- дегенди угуп Изхак Раззаков атайын учурашканы келиптир. Мени көрүп, “Тааныштарыңды тарт, кыргыз жаштарын ишке чакыр”, – деп аябай сүйүндү. Ошондон кийин иштен тез эле көтөрүлүп кеттим. Тың да иштечү элем.

Пишпектеги Кокон хандыгынын чеби

Калча деген чоң таятам Байтик баатырдын кеңешчиси болуптур. Ошол таятамдын төртүнчү баласы менин Асылбаш деген таятам. Байтиктин тушунда өзбектер кыргыздарга кол салып, жашоосун кыйындатып турган экен. Ошону Байтик баатыр акылдуулук менен басыптыр. Пишпекте Кокон хандыгынын чеби болгон. Бир күнү Байтик атайын даярдык көрүп, кам-чомун жеп алып, аларды конокко чакырат. Аягында бирин койбой өлтүртүп, Рахматулло деген чептин башчысынын башын кесип, куржунга салып, кайра артка жөнөтүп жиберет. Ошондон кийин алар сестенип калат. Кийин тигилер конокко чакырып, Байтикти жакшы меймандашат. Ошондо Кокон ханынын 14 жашар жээнин “Мен бала кылып алайын, казына башчым болот”, — деп сурап алат. Карачы акылманын, эки элдин чабышын ошентип токтотуп атпайбы. Ошол өзбектен таралган беш эркектин экинчи баласы менин кайнатам. Арбагыңдан айланайын, 100гө чыгып каза болду. Кайнатамды көмгөндө укум-тукуму 275 болуп, баарыбыз чогулдук. Балдарынын баары кыргыз алган, кыздары кыргызга турмушка чыгып, кыргыздашып кетишкен. Байтик айлынын Орто-Алышынын туура көчөсүн азыр да “Сарт көчө” деп коюшат.

Карачай, чуваш, казак кыргыздан көп бала бактым

Күйөөмдүн аты Шаршен. Аялы өлүп, 4 баласы менен жесил калган экен. Менин да күйөөм өлүп калган, экөөбүздү ошентип баш коштуруп коюшкан тууган-урук. Кайнатамдын аты Өмүр, жанагы өзүбектен тараган деп жатпаймынбы. Ошол күйөөмдүн төрт кызын кошо бактым. 1943-жылы балдар үйүнүн балдарын элге таркатылды. Өзүм өтө боорукермин, кайната, кайненемен сурабай туруп эле Люба деген орус кызды, Баймабыр деген карачай баланы алдым.

Кийин Кавказдан Баймабырдын туугандары табылып, көчүрүп кетишти. Бирок көнбөй кайра келди. Любанын он баласы мени көргөн жерден “таенелеп” баса калышат. Сиңдим өлүп, анын төрт баласын бактым. Ошол ачарчылык жылдары  жолдон-белден таап, далай балдарды  бактым. Бардыгы өз-өзүнчө. Туугандарын таап кекендер бар. Бирок кемтигим толбоду. Армансыз дүйнө болбойт турбайбы…

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.