Молдокең Алладан коркот, парадан коркпойт: Муфтияттын ажылык иштериндеги коррупция…

Үстүбүздөгү жылдын 3-май күнү «Кыргыз Туусу» гезитинин жыйындар залында журналисттерге Ислам изилдөө илимий институту «Кыргызстандагы диний абал: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр» деген темада тегерек үстөл уюштурушту. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, Дин социологиясынын доктору Маметбек Мырзабаев, Философия илиминин доктору профессор Нур Саралаев жана дин таануучу Асан Саипов Кыргызстандагы диний абал, муфтияттагы реформалардын жетишсиздиги, ажылыктагы коррупциялык иштер боюнча жыйындын катышуучуларына жана журналисттерге кээңири маалымат беришти. Маметбек Мырзабаев: 2014-жылы  КРнын дин жаатындагы кабыл алынган Концепциясынын кандай деңгээлде ишке ашырылып жаткандыгы жана ийгиликтери менен кемчиликтери […]

Тылдагы тынымсыз күрөш

Көөлүдөн көбүктөгөн сууга көз салып, күүлдөктү тыңшаган Каңдыбай тегирменчи ырайымсыз согушка наалатын айткандан башка колунан келген иши – эртеден-кечке тегирмен ташын тиктемей. Тегирмен ташы күнүгө канча тегеренип, күнүгө канча кап арпа-буудайды тартса, болгонун болгондой улоого жүктөп, колхоздун кампасына жөнөткөн орукта эмгектенгендерге баш-көз болсом да жардам эмеспи дейт. Сексен бешти таяган жашына чейин турмуштун сыноосун ушунча тартпаган бу кары фашисттик немиске каршылык кылууга бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт толо элек кенедей балдардан тарта орук мүчөсү болуп эгин эгип, машак терген заман келип […]