Үстүбүздөгү жылдын 3-май күнү «Кыргыз Туусу» гезитинин жыйындар залында журналисттерге Ислам изилдөө илимий институту «Кыргызстандагы диний абал: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр» деген темада тегерек үстөл уюштурушту. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, Дин социологиясынын доктору Маметбек Мырзабаев, Философия илиминин доктору профессор Нур Саралаев жана дин таануучу Асан Саипов Кыргызстандагы диний абал, муфтияттагы реформалардын жетишсиздиги, ажылыктагы коррупциялык иштер боюнча жыйындын катышуучуларына жана журналисттерге кээңири маалымат беришти.

Маметбек Мырзабаев: 2014-жылы  КРнын дин жаатындагы кабыл алынган Концепциясынын кандай деңгээлде ишке ашырылып жаткандыгы жана ийгиликтери менен кемчиликтери тууралуу баяндама жасады. Анын пикиринде, азыркы учурда дин чөйрөсүндөгү негизги маселелер диний уюмдарды каттоо, ажылык иштерин уюштуруу жана коомдогу коопсуздук кырдаалдары болууда. Төрт жыл кайсы бир белгиленген иш планды аткаруу үчүн жетиштүү убакыт. Бирок бул аралыкта эмне өзгөрдү? Ооба, Кыргызстандын бийлиги ханафий мазхабын расмий түрдө таанып, кабыл алды. Бул багытта кандайдыр бир иш чаралар жүргүзүлүп жатат. Бирок айрым диний аалымдар же жамааттардын өкүлдөрү мамлекет менен коомчулукка ачык эле чакырык ташташууда.

Андан ары ал ажылыкты уюштуруу иштериндеги жагдайга токтолуп, бул багытта кандай реформалар жасалгандыгын жыйындын катышуучуларына собол катары таштады. Модератордун пикиринде, 2014-2015-2016-жылдары ажылыктын баасы так айтылып келген. Тилекке каршы, азыр андай маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Ошол учурдагы КР Президентине караштуу Дин иштери боюнча комиссия төрагасы Орозбек Молдалиев ажылыктын баасынын кымбатташын АКШ долларынын куну өзгөрүүсү менен байланыштырган. Тилекке каршы, ажылыкты уюштурууда системалуу өзгөрүү болгон жок. Асан кетип, анын ордуна Үсөн келүү менен гана чектелип калуудабыз. Бул “орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт” деген математикалык формула эле болуп калууда. Өлкөбүздө президент алмашты. Ошого жараша дин тармагы да өзгөрүшү зарыл. Азыр ар бир зыяратчы милдеттүү түрдө муфтият белгилеген сумманы АКШ доллары менен беришет. Бирок ал акча кайда, кандай максатта жумшалгандыгы жана дегеле ажылыктын баасы боюнча так эсеп берилбей келүүдө. М. Мырзабаев муфтият ажылыкты уюштуруучу мекемени гана элестетип, дин боюнча башка көйгөйлүү маселелер экинчи орунга түшүп калгандыгын да белгиледи.
Дин таануучу Асан Саипов муфтияттын ажылык иштеринде коррупциялык иштер токтотулбастан, кайра күчөп бара жаткандыгын белгилеп, 2014-жылдан бери муфтият ажыга баруучулардан алынган акча каражаттарынын жылдан жылга өсүп турганы (2014-жылы Бишкек-Джидда-Бишкек, Бишкек-Мадина-Бишкек каттамдары боюнча билеттин баасы 925 АКШ долларын гана түзсө, муфтият бул жол акыны 1300 АКШ долларына көтөрүп, 2015-2016-2017-2018-жылдар арасында 1550 АКШ долларына чейин жогорулуган. 2018-жылдагы ажылыктын баасы 2890 АКШ доллары деп белгиленген). Чындыгында ажылык бизнеске айланып кеткендигинин далили ушул. Ажылыктан түшүп жаткан каражаттан муфтият, казыяттарды, райондук баш имам-хатибияттарды, диний окуу жайларды реформалоонун ордуна жеке кызыкчылыктарына пайдаланылып кетип жаткандыгын белгиледи.
“Аалымдар Кеңеши үстүбүздөгү жылдын январь айынын этегинде жыйын өткөрүп, муфтияттын финансылык иштеринин жүргүзүлүүсүнө ишеним көрсөтпөй, текшерүү үчүн беш кишиден турган комиссия түзгөн. Аалымдар Кенешинин төрага орун басары Марс Ибраев жетектеген бул комиссия бүгүнкү күнгө чейин эч кандай чара көрбөстөн, көз жумулуп жаткандыгын, эмне булар муфтийден коркушабы же муфтий булардын оозун басты-басты кылып койгонбу же Аалымдар Кенеши эмне үчүн бул маселеде үн катып койбойт”,- деди.

Муфтиятта реформалоо иштери уланбастан, коррупциялык иштердин болуп жаткандыгын жеке адамдардын байып, үйлөрдү алып жаткандыгы боюнча «Акипресс» кабар агенттигинен да укук коргоочулар айтып чыгышпадыбы?! Ошондой эле муфтият тармагын башкарган Максатбек ажы Токтомушев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин шоферлук кызматын аркалап, бир топ мамлекеттик кызматтарга которулгон Икрамжан Илмиянов менен бирге бул коррупциялык иштерде чогуу кызматташтык кылып келе жатат деген сөздөрдүн жөн жерден чыкпагандыгын, «Эл оозунда элек жок», «Ууру тойгончо жеп, өлөөрчө карганат»,- деген эл макалы жөн жерден айтылбайт. Ажылык кызматында жылда Авиа каттамдарды уюштуруп, бир гана Таалай Окенов деген жеке тараптын ишканасы утуп келе жаткандыгын, буга мурунку бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөндүгүн белгиледи. 2010-жылы Жогорку Кенеште жыйын болуп, Ажылык жана Умра иштерин уюштуруу милдети муфтиятка жүктөлгөн. Бирок бул чечимди муфтий өз кызыкчылыгына пайдаланып келүүдө.

Мыйзамдуу түрдө Жогорку Кеңеш муфтиятка жүктөгөн мыйзамды бузуп, өз менчигинде «УМРА» аттуу умра кызматын ачып, ал жерге өзүнүн мурунку катчылык кызматын аркалаган Азиз Скаков деген жигитке башкартып, муфтиятка түшө турган пайданы жеке өз кызыкчылыгына жумшап келе жаткандыгы да айтылды.
Жыйынга катышкан, Муфтияттын текшерүү комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген Улан Исаков  2014-жылда Коргоо Кеңешинин чечимдерине ылайык муфтиятты аттестациялоо комиссиясында иштегендигин, 3000ге жакын имамдардын арасынан Фатиха сүрөөсүн да толук билбеген имамдар иштеп жаткандыгын, муфтият жөн эле мусулмандардын башын бириктирген орган катарында кызмат кылып, муфтийди шайлоо Аалымдар Кеңешинин кол көтөрүп, түшүрүүсү менен гана чектелип келе жаткандыгын, муфтий Ажо көрсөткөн гана киши болорун айтты. Муфтиятта реформа жок, имамдардын деңгээли өтө төмөн экендигин белгиледи. Ажылыктагы финансылык көз боёмочулук мындай тартипте эч качан токтобостугун, ажылыкты уюштуруу башка чет өлкөлөрдон үйрөнүлүүсү керектигин билдирди.
Мындан сырткары, мамлекеттик дин комиссиясынын өүлү, ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкери, “Умма” журналынын башкы редактору Элиана Сатарова жана башка катышуучулар да сөз сүйлөшүп, муфтиятка реформа керек экендигин жана башка көйгөйлөрдү бөлүшүштү.

Асан Саип

ruh.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *