Чех эл жомогу: Көк алма

Бар экен, жок экен, кайсы бир заманда оорулуу падыша болгон экен. Анын үч уулу болуптур.  Кеселине дабаа таба албаган падыша бул оору акыры өзүн алып тынарына көзү жетип, мамлекетинин тагдыры менен өзүнүн тактысын уулдарынын кимисине ишенип тапшырарды билбей башы катып, аларды сынап көрмөк болот. Ошентип ал үч уулун чакырып мындай дейт: — Балдарым, силер өзүңөр көрүп турасыңар, менин оорум жаман, ошон үчүн  көпкө жашай албайм. Силер үчөөң жер кезип, саякаттап келгиле, ал жактардан кимиңер эң кереметтүү, чанда кездешчү буюм алып […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Ички маданият – чырк-чурк, тфү, тфү…

АҢГЕМЕ — Мен деген мэрлердин алы жетпеген, сандаган эрлерди жарга кептеген… Чырк-чурк, тфү, тфү… — Ким, ал ким? Чырк-чурк, тфү, тфү… — Коё турсаң… Мамлекеттик машине көзүн тазалай албаган, ал эмес ага каршы үч-төрт президент айла таппаган… Чырк-чурк, тфү, тфү. — Жомоктогу баатыр кылып жибердиң го аныңды. Чырк-чурк, тфү, тфү… — Жомокто да андай жок. Улам бир башын чапкан сайын экинчиси өсүп чыга берген ажыдаар биякта калат. Чырк-чурк, тфү, тфү… — Койсоңчу аалам боюнча андай жаныбар жок. Чырк-чурк, тфү, тфү… […]

Назгүл ОСМОНОВА: «РухЭш» сайты колдоо күтөт!

Базар заман, азар заман келди деп 90-жылдардан кийин буга чейин өкүм сүргөн жай турмушубуз бузулуп, чакчелекей болдук. СССР деген калдайган чоң түндүктүн алдында сен-мен дешпей жашап келген он беш улут эл өз алдынча чачырап, ар кимиси өз арбайын соккон күндөр башталды. Демократия-жемократиянын (биздин бийлик демократияны ушундай эле түшүндү) кулкунуна материалдык байлык өндүрө албаган маданият, билим берүү, анан адабият тармагы биринчи жем болуп берди. Буга чейин адабият дөө-шааларынын чыгармалары басылып турган «Ала-Тоо» журналы, «Кыргызстан маданияты» жумалык басылмалары биринин артынан бири жабылды. […]

Искендер ЖУМАБАЕВ: Калк тагдырына капалык

Хронологиялык жагынан алганда Сыдык Карачев жаңы мезгилдеги кыргыз адабиятына чыйыр салгандардын биринчиси. Жазгандарынын мазмунуна караганда, бу калемгер өз элинин тагдыры жөнүндөгү ой менен жашап, караңгы журттун кейиштүү абалына чын дилинен күйүп-бышкан. Ошондон болсо керек, «ойготуу» мазмунундагы чыгармалардын арасында анын жазгандары олуттуу касиеттери менен айырмаланып турат. Маселен, С.Карачевдин «Шаңдан, жүрөк» аттуу ыры (1919) ошол учурдагы поэзияда борбордук орун ээлеген жаңы заман темасына арналган. Бирок анын бул ыры башка калемгерлердин чыгармалары сыяктуу тикелей публицистика, окуяларды түздөн-түз саноо, окурмандарга түз эле кайрылуу формасында […]

Айтматовдун чех окурмандарга таасири

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мурдагы коммунисттик Чехословакиянын элинин дүйнө таанымына жана кыргыз эли тууралуу түшүнүктөрүнө кандай таасир эткен? Бүгүнкү Чехияда даркан жазуучунун көркөм мурасына кызыгуу барбы? 1980-жыл. Күз айларынын бири болсо керек. “Новый мир” журналына “Кылым карытар бир күн” романы жарыяланып, Чыңгыз Айтматовдун жаңы чыгармасын китепканада кезекке туруп окуганыбыз эсимде. Кийин ал “Бороондуу бекет” деген ат менен “Роман-газета” адабий журналында жүз миңдеген нуска менен чыккан. Ошондон кийин гана өзүнчө китеп болуп жарык көрдү. “Кылым карытар бир күн” романы менен мурдагы СССРде […]

Гүлзина МЫЙЗАНБЕКОВА: Cүрөт айткан сыр

АҢГЕМЕ Кеч күздөгү муздак шамал жерде кан менен чаңга аралашып жаткан Жакшылыктын денесин да муздатып баратты. Шаардын ортосунда кырсык болду. Жол эрежесин бузуп, кайдадыр шашып бараткан авто-унаа Жакшылыкты сүзүп, дароо токтой албай бир топ жерге чейин анын денесин сүйрөп барып өчтү. Үймөлөктөй түшкөн элдин арасында үрөйү учуп Алымбек да жүрөт. Азыр эле эч нерседен бейкапар жолдон өтүп баратып, аркасынан кимдир бирөө түрткөнүнөн тигиндей жыгылып түшкөн. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калып, үстү башын күбүнүп, артындагы чогулган элге кошулду. Эл арасынан бирөө […]

Мамат РАИМЖАНОВ: Бир абышка болуптур

АҢГЕМЕ Абышка көлөшүн жылаңаяк бутуна илип, бактын четине айланып өтүүчү арыктын боюна келгенде, кеч бешим болуп калган эле. Ал дайыма ушул жерден даарат алат да, көнгөн адаты боюнча чоң түп өрүктүн түбүнө жайнамазын шашпай, кайдыгер төшөп, намаз окуп кирет. Анын намазы дайыма бирдей эмес. Кээде нары-бери бүтүрө салса, кээде бир чай кайнамга чейин былк этпестен, кадимки таш бабалардай болуп, кызарып батып бараткан күндү тиктеп отура берет. Мурун ал минтчү эмес. Тили зорго ийкемге келген арабча сөздөрдү сайга таш кулаткансып, калдыр-кулдур […]