АҢГЕМЕ

— Мен деген мэрлердин алы жетпеген, сандаган эрлерди жарга кептеген… Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Ким, ал ким? Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Коё турсаң… Мамлекеттик машине көзүн тазалай албаган, ал эмес ага каршы үч-төрт президент айла таппаган… Чырк-чурк, тфү, тфү.

— Жомоктогу баатыр кылып жибердиң го аныңды. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Жомокто да андай жок. Улам бир башын чапкан сайын экинчиси өсүп чыга берген ажыдаар биякта калат. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Койсоңчу аалам боюнча андай жаныбар жок. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Жаныбар болбосо дагы жаныбарлардан бат көбөйөт, өсүмдүктөрдөн тез өсөт, тимеле бир эле күндө асфальттан бери жайнап кетет.  Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Анык тажаал неме го?! Деги Кудай жараткан нерсеби? Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Кудай жараткан нерсени адамдар оңой эле кырып-жоюп, талкалап жиберебиз да. Муну өзүбүз жаратканбыз, ошон үчүн алыбыз жетпей жатат да. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Ичтен чыккан ийри жылан дечи. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Ичтен чыкпаса дагы ишибизден ийрилип чыгып, кечке чейин ажыдаарга айланып, шаарды оп тартып коюп атат. Чырк-чурк, тфү, тфү… Анын челегиндей мамлекеттик план бат толсочу ээ, анда биздин эл…

— Табышмактатпай ток этер жерин айтчы. Өзү деги эмне заттан турат? Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Айтса айтам! Ой ал кадимки эле таштан…

— Оп бали-и, жана эле шекшигем да! Ошол таштан жасалганы үчүн аны эч ким жеңе албай атат да. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Эй гелдир, сөздү бөлбөй угуп турбайсыңбы? “Ташта-ан” – деп кудуңдап коёт дагы. Чырк-чурк, тфү, тфү… Эгер ал таш болгонунда илибой мер талкалап туруп жолдун жыртыгына чаптап коймок, тимеле төшөк жамагандай кылып. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Түк түшүнө албадым. Кайсы балээ жөнүндө айтып атасың?

Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Балээси балээ эле. Чоң зыянкеч. Бирок көзгө көрүнөө бюджеттен акча жейт. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Иапамана-а! Андай коомго зыян немени күч органдарын колдонуп түрмөгө камап, эл үчүн иштетип коё албадыкпы? Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Ал закүн-пакүнүңүздү уруп ойнобойт, милийсага баш ийбейт, түрмөгө батпайт. Бирок мобу эл үчүн иштетип койгонго болмок, бирок аны иштете турган заводду кашайтып ушунча жылдан бери эч ким курбай койду. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Чын эле жети баштуу желмогуз го? Бирок милийсага баш бербейт дегениңе ишене албай турумун. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Ал дубинкадан жалтанбайт, колуна кишен сала да албайсың. Аны менен мер өзү кол башчылык кылган шыпыргычан пехотасы, мусоровоз деген техникасы бар өзүнчө мамлекеттик армия кармашат. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Кандай, кандай? Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Ушундай ушундай! Күнү бою таштанды баскан шаарды түнү бою тазалап чыгышат деп айттырбай атасың. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Таштанды?! Эй сен эмне аянтты жети айланып, эки стакан чемичке чаккыча таштандыны табышмак кылып аттыңбы мага?! Болбогон нерсеге ушунча нерв кылып кишини.Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Нервиңдин жукалыгын текшердим. Тимеле колуң калчылдаганда чемичкенин теңин жерге түшүрүп аттың, теңин болсо чала чагып түкүрүп аттың. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Сен болсо чемичкени жайлоодо бараткансып жайбаракат чагат экенсиң. Тимеле данегинин даамын калтырбай соруп, кабыгын эки метр жерге чертип.Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Эй байкелер, өзүңүздөр салабаттуу эле кишилер экенсиңер. Анан ушу өлкөбүздүн борборунун борбордук аянтында чемичке чагып басып жүргөнүңөр уят иш да.

— Эй жигит, бизди тескечү сенсиңби? Чемичке чакса муну тазалоочу-шыпыргычан целий армия бар, аны башкарган мер деген чоң чиновник бар. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Ооба десең. Бул үчүн бюджеттен акча бөлүнүп, айлык төлөнүп атат. Жанагы иштей албаган мери баш болуп актап алышсын да аны.Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Акча төлөнүп атат деп эле шаарды булгай бергенде болбойт да. Сиздердин оюңуздарча шаар качан тазаланат анан?

— Эй жигит, бизди тескегениң менен өзүң деле чемичке чагат турбайсыңбы?! Бооруңда кабыгы жабышып жүрөт. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Кана? Ой кечиресиздер мен кеттим.

— Каякка? Чемичкенин бир кабыгын көтөрүнүп. Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Таштанды челек издеп.

— Ушундай майда-чүйдө үчүнбү? Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Хе хе хе… Бул үчүн сени ким мажбурлап жатат? Чырк-чурк, тфү, тфү…

-Ички маданиятым, абийирим.

— Ички маданият?

— Ички маданият шаардыктардын баарында болгондо калаабыз таптаза болмок. Аны Манастын төрөлүшүн күткөндөй эле күтүп жүрөм. Ошондо ал силерди дагы таштанды челек издегенге мажбурламак. Кошкула байкелер.

— Эмне дейт? Чырк-чурк, тфү, тфү…

— Түшүнбөй калдым. Чырк-чурк, тфү, тфү…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *