Үмүт КУЛТАЕВА: Ашказан азыгы табылат, рух азыгы табылбас!

Элибиздин уучу кур эмес экен, «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болгон азыркы мезгилде, аздектеп окуган руханий булагыбыз ылайланып, гезиттин баары саясий ушак менен бийлик интригасын саймедиреп жаткан мезгилде, Олжобай Шакир деген кыргыздын бир уулу «РухЭш» деген сайт ачып, көркөм сөз өнөрүн баалаган окурмандын көңүлүн көтөрүп келет. Сатып алган гезиттен кайсалап, жан-дүйнөгө жарык чачкан нарктуу сөз, асыл ой таппай калганда, ии баса, «РухЭш» бар эмеспи деп, компьютерге жабыша калабыз. Ачкан соң, үмүт акталат. Кыргыз интеллигенциясынын каймактарынан, дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрүнөн, жаңы […]

Кытай эл жомогу: Ак эмгек – бар байлыктын башаты

Илгерки өткөн заманда абдан эмгекчил темир уста жашаптыр. Анын узун бойлуу, келбеттүү, тамакка табити жакшы болгону менен жумуш иштегенге таптакыр көңүлү жок жалкоо уулу бар экен. Бир күнү уста уулуна мындай дейт: — Бүт өмүрүмдү иш менен өткөрдүм, уулум, колубузда эмне болсо ошонун баары ак эмгек менен келген же өз колумдан жаралган. Сенин болсо иштегиң келбейт, ичип-жегенди эле билесиң, ушул жашка келгиче бир юань да тапкан жоксуң. Мындан аркысы эмне болот? Уулу атасынын сөзүнө көп маани  бербестен кол шилтеп: — […]

Кызматташууну чыңдоо зарылчылыгы

Биздеги тажик тилдүү мектептердин окуу китептер менен камсыздалышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин китеп чыгаруу секторунун адиси Чынара КУРБАНОВАдан бир нече суроого жооп алдык. — Кыргызстандагы тилдүү мектептер Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында чыгарылган биринчи класстын окуу китептери менен толук камсыздалган. 2011-жылы 7-класстын физикасы, 2012-жылы Исмаилова жазган химия чыгарылган. Азыркы кезде 5-6-класстардын бардык окуу китептери Дүйнөлүк банктын колдоосу менен даярдалууда, келерки 2017-2018-окуу жылында апробациядан өткөрүлөт. Анан 2018-2019-окуу жылына карата чыгарылат. Эне тил боюнча окуу китептердин биздеги […]

Великий путь познания: О необходимости духовной цивилизации

(Текст выступления Чоюна ОМУРАЛИЕВА на международном симпозиуме “ПОИСК НОВЫХ МИРОВЫХ КУЛЬТУР НА ПУТИ К XXI ВЕКУ”, 23 – 27 апреля 1997 года, Вашингтон) Уважаемые дамы и господа! Нас, литераторов объединяет общая тревога за будущее. Современная карта мира представляет собой сеть больших узлов, связанных противоречиями развития. Пришла пора определиться в сложившейся ситуации. Однобоко-прагматическая и технократическая цивилизация не имеет потенциала выживания. Это, центральный вопрос в преддверии ХХI века. Причиной тому является дефицит духовности самой цивилизации, как деятельности структуры природы. Самое настораживающее явление […]

Гапыр агайдан бир сабак

Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын Баткен облусунда жайылтууга арналган семинардын биринчи бөлүгүндө Кызыл-Жол орто мектебинде практикалык сабактар талкууга алынды, Гапыр агайдын шакирти, Лейлек районунун жаш мугалимдеринин лидери Жеңишбек Абдиназаров райондун, шаардын мектептеринен келген кесиптештерине сабакты кызыктуу өткөрүүнүн сырлары жөнүндө айтып берди. Семинардын коноктору – мугалимдер менен ата-энелер – Гапыр агай менен абдан мазмундуу маектешти. Семинардын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова энелер мектебинин бүгүнкү күндөгү орду жөнүндө өтө таасирдүү сөз сүйлөдү, жыйын […]

Дилазык: Көздөн айрылганда

Бир жолу бир киши бир учурда эки катын алат. Анан бирөөсүнүн жанына басып барса эле, экинчиси каарданып, чалкасынан кетет. Эмне кыларын билбей калат. Анан эки аялынын ортосуна жатып, шыпты карайт. Анан эле нөшөр төгүп кирет. Үйүнүн чатыры тешилген экен (буддизмде бул акылы кем адамдарга багышталган салыштыруу). Суу ылай аралаш төмөн таамп, кемакылдын так көзүнө тамчылай баштайт. Ал эки катынына бирдей карайм деген ойго келип алып, ордунан турбай, кыймылдап да койбой жата берет. Ошентип анын көзү көрбөй калган экен. Кемакылдардын кылары […]

Маданият маселесин туалеттен баштайлы, кыргыз! (1-маек)

Чейрек кылымчалык мезгилден бери Чехияда жашаган калемдешибиз, белгилүү журналист Амирбек Азам уулу (Усманов) менен болгон маегибиздин мазмуну, келтирилген далилдүү мисалдары кыргыз коомчулугун ойго салып, ариет-намысыбызга келтирсе деп кеп кылдык. Дүйнө элдеринин өрнөктүү жашоо-турмуш мисалынан көзүбүз ачылса деп кеп курдук. Көңдөй көкүрөгүбүздү дүңкүлдөтүп койгулай бербей, кепке кулак түрсөк бекен?.. – Амирбек байке, Сиз менен качан болсо да илим, билим, адабият, маданият өрнөгү туурасында сөз кылуу мен үчүн абыдан кызык. Себеби Сиз ар дайым рухий азыктын артынан кууп жүргөн адам экениңизди билебиз. […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул жана Молдо Тойчу

Молдо Тойчу (Мулла Туйчи Ташмухамедов 1868-1943) тууралуу Токтогулдун өмүр баянын айткандар үстүрт айтып жүрүшөт, тагыраагы, өзбек акыны менен чайханалардын биринде кездешип, ал кишинин ырын өзүндөй туурап, айтышып, айтышта аны жеңген дейбиз. Чынында андай эмес. Молдо Тойчу төкмө болгон эмес, төкмө болбогондон кийин өзүнөн өзү түшүнүктүү – айтышка катышпайт, ал ырчы-ашулачы, дутарчы, макамчы болгон. Бир жолку жолугушуу тууралуу ошол кезде (1929-жылы) Ошто студент болуп жүрүп Кетмен-Төбөгө кетип жатып, Өзбекстандын аймагындагы бир чайханада (кайда экенин жазбайт) бул окуянын күбөсү болуп калган М.Токтосунов […]

Сагындык ӨМҮРБАЕВ: Көчкү (шедевр)

АҢГЕМЕ I Кар тунган тоо арасы кулак-мурун кескендей жымжырт. Коктулар мелт-калт, адыр-белестер аппак, жумуру. Тик чоку ак шамдай созолонуп, анын боорунан кеткен көчкөдөй будуң-чаң түшкөн буурул булут бар: а балким көчкүдүр?.. «…А балким булут эмес көчкүдүр?» — өзүнчө ушинтти ошо тушту тиктеп турган Акбаев. Тоодон каа жан, каа мал көзгө чалынбайт. Мал-жан түгүл канаттуунун үнү кана?! Айтор, тирилик, тири-жандыктын баары бир жакка жер ооп кетип калгансыйт бул чөлкөмдөн. Тири жандык түгүл тоо көркү – жапалак арча, караган-бута кана? Жандуу-жансыз жамы […]