Молдо Тойчу (Мулла Туйчи Ташмухамедов 1868-1943) тууралуу Токтогулдун өмүр баянын айткандар үстүрт айтып жүрүшөт, тагыраагы, өзбек акыны менен чайханалардын биринде кездешип, ал кишинин ырын өзүндөй туурап, айтышып, айтышта аны жеңген дейбиз. Чынында андай эмес. Молдо Тойчу төкмө болгон эмес, төкмө болбогондон кийин өзүнөн өзү түшүнүктүү – айтышка катышпайт, ал ырчы-ашулачы, дутарчы, макамчы болгон.

Бир жолку жолугушуу тууралуу ошол кезде (1929-жылы) Ошто студент болуп жүрүп Кетмен-Төбөгө кетип жатып, Өзбекстандын аймагындагы бир чайханада (кайда экенин жазбайт) бул окуянын күбөсү болуп калган М.Токтосунов кийин мындай эскерүүсүн баяндайт: МолдоТойчу «…тамашалуу куудул ашуллаларга өтүп, мукам үнүн укмуштуудай кубулжутуп, өңүн ар кандай өзгөртүп ырдаганда эл кыраан каткы күлкүнү жаңыртып, чексиз ыраазы болуп турушту. Бир оокумда биздин комузчан киши колун комузга ойнотуп Молдо Тойчунун күүсүн так, ырын тигинин өзүнөн да артык кылып обонго салган. Анан өзбекчелеп минтип ырдады:

Камбагалниң колу шок, лулу Мамажан эй,
Колу шокниң корни ток, лулу Мамажан эй,
Сагирлорго йардамсиз, лулу Мамажан эй,
Бойбоччада уёт йок, лулу Мамажан эй.

Элдин баары биз жакка жүткүнүп, жардана калышты. Молдо Тойчу бул кишинин үнүн таанып, өзү туруп келди да: «Хурматлы, ызатлу, азиз, ёндон ортик акам Токтагул, шу дуйнада омон-эсен бормисиз», — деп кучактап калды. Экөө көпкө чейин айкашып, коён-колтук алышып көрүштү…»[1]

Ушул эле күнкү, ушул эле окуяны ошол окуяга катышкан Коргол ырчы кийин Токтосун Тыныбековго минтип айтып берген экен: «Жылдардын биринде Анжианга барып калдык. Бир күнү Током: «Кетер кыздын керээзи» дегендей, бүгүн шаардын чайханасына баралы. Андан өзбек шайырлары үзүлчү эмес эле. Ошол жерде тамаша куруп кетели», — деп калды. Бардык. Чайханадагы ат багарларга унааларыбызды табыштап, өзүбүз чай ичип, элдин ыгына карап отурдук. Аңгыча эл ичинен:

— А, ортаглар, Молдо Хафиз акадан битта-яримта томаша эшитайлик, — деп жар салды чайханачы, — Кани, тинч олиңлар!».

Арыкчырай, ноочасынан келген кара тору, сыйда мурут, чокчо сакал киши элдин чок ортосуна келип өзүнөн да узун дутарын колуна алып, күүлөй баштады. «Э, Хафиз ака»«Лулу Мамажандан» болсун, «Лулу Мамажандан»… деп жаалай башташты. Молдо Хафиз дегени белгилүү акын Молдо Тойчу экен. «Лулу Мамажан» дегени: бир орус кызы менен өзбек жигит бир-бирине ашык болуп калышат, бирок кыздын энеси макул болбойт. Ошондо кызы апасына жалынып, «Люблю Мамажан» дейт. Муну уккандар орусча так келтире албай «Лулу Мамажан» деп алышат. Бул ошондогу ырдалган ыр экен. Молдо Тойчу дутарда:

Келиң ортаг ойнайли, Лулу Мамажан – эй,
Дориёлорни бойлайли, Лулу Мамажан – эй,
Болигларга ориз айтип, Лулу Мамажан – эй,
Бир худоога йиглайли, Лулу Мамажан – эй! — деп ырдайт.

Элдин баары «Улмаң Хофиз ака» дешип дуулдап калышат. Алардын ойну кызыгандан кызып, чилдирманын чалып ырдап, бийлеп жатышты. Биз менен эч кимдин иши жок. Током мага: «Балам, биздин издегенибиз ушу эмеспи. Жакшылап угуп отуруп, бир-эки өнөрүн үйрөнүп ал», — деди. «Ээ, үйрөнмөк тургай, ырдаган ырына түшүнө албайм жатам», — десем, «А кокуй, сен анда өнөрпоз боло албайт экенсиң», — деп, Током мени карай жылмайды.

— Балам, минтип үнсүз отура берсек, биз менен эч кимдин иши болбой калат. А көрөкчө белдеги комуздарды чечип, бурчка жөлөп коёлу. Бирөө-жарымы көрсө, сөз чыгар. Анан булар менен тамаша салып, азилдешип.

Чайханачы чай алып келди да, бурчтагы жөлөнүп турган комуздарды көрө коюп:

— Э, не ортаглар, бу мехмонларниң томашаси бар окшамайми? — деп жиберди.

— Эндики тамаша мехмонлардан болсин, — деп жаалап кетишти отургандар.

— Төгүп ырдасак буларга анча түшүнүктүү болбос. А көрө ар түрдүү тамашага салып ырдайлы, — деп, Током күрмөсүн чечип, оң жеңин түрүп, тизелип отура калды:

— Туугандар! Молла Хафиз акенин атын угуп, өзүн көрбөгөн элек. Мына насип буйруп, Анжиан чайханасынан жолугуштук. Мен бул кишинин дутар чертип, ашула айтканын туурап көрөйүн. Кемчил жерим оңдоп, үйрөнүп алайын. Андан кийин мен да күү чертип, ырдап берейин. Балким Молла Хафиз акеге жагып калаар, кереги да тиер», — деди.

Токтогулдун сезиминин күчтүүлүгүн кара! Ошол замат күүсүн күүдөй, ашуласын ашуладай кылып, так кайрыды»[2].

Жогорудагы эки эскерүүдө бир аз айырмачылыктар болгону менен негизинен экөө тең Токтогулдун уникалдуу таланттуулугун, аябай зиректигин, куйма кулак экендигин тастыкташып жатат. Студенттин эскерүүсүнө караганда Молдо Тойчу менен Токтогул мурдатан эле тааныш сыяктанат, Т.Тыныбековдун жазганы боюнча алар мурда тааныш эмес экен.

Эми Молдо Тойчунун таржымалынын бир аз кеп чубап көрөлү. Ал эң биринчи кезекте ырчы, андай ырчылардын эң мыктылары Хафиз деген кошумча атка ээ болушкан. Мисалы, Фергана өрөөнүндө Нарзихан, Мадумар, Абдукаххар деген ырчылар (ашулачылар) мына ошондой даражага жеткен жана мына ушул үчөө Молдо Тойчуга устаттык кылган. Ал өзү Токтогулдан төрт көйнөк аз жырткан, 1868-жылы Ташкентте туулган, ата-энелери бөзчүлөр болгон, мата токуган. Ата-энесинен эрте ажырап, медреседе мандикерчи, маалада ашпоз болуп иштейт. Ташкендеги эски окуу мектебинде 1878-жылдан 1884-жылга чейин билим алат. Ошондон кийин ырчылыкка ышкы түшүп, эл-жер кыдырып өнөрүн көрсөтө берет. 1898-жылы Кокондо таанымал ырчылар самаркандык Хожа Абдулазиз Расулов, маргаландык Мадали Хафиз ж.б. толгон-токой өнөрпоздор менен таланттарын сынакка коюп, элдин чоң баасына арзыйт жана Хафиз наамы берилет. 1905-жылы Москвадан келген адистер Молдо Тойчу Ташмухамедовдун аткаруусунда 20 элдик ырларды жазып алат. Алары пластинкага түшүп, 1910-жылдан сатыкка чыгат, ошондон эки жылдан кийин Анжианда пластинка сата турган дүкөнүн ачат. Дагы бир кызыгы Анжианда «Гозо базары» деген жерде Молдо Тойчу чайхана ачтырган экен, аны чимкенттик Султанхан деген киши иштеткен экен. Дал ушул чайхана аябай көп өнөрпоздор топтолуп, ошол кездеги жалпы Фергана өрөөнүнүн филармониясы да, опера театры да, цирки да болгон сыяктанат. Токтогул, Жеңижок, Нурмолдо, Эшмамбет, Барпы, Бекназар, Коргол ж.б. өнөрпоздор ошол чайханада далай жолу өнөрлөрүн көрсөткөн сыяктанат. Муну А.Үсөнбаев бекемдеп, Токтогул Сибирге келгенге чейин эле Анжиандын чайханасына келип жүргөнүн айтат.

Молдо Тойчунун өнөрү кийин дагы жогорулап, 1927-жылы Өзбек ССРинин баатыры жана Өзбек ССРинин элдик ырчысы деген наам берилет. Кийин ал Өзбекстандын радиокомитетинин солисти болуп иштеген.

Молдо Тойчунун концерти 1913-жылы Жаркентте (Кашкар), андан кийин Иран, Түркия, Италия, Индия, Мисир сыяктуу мамлекеттерде өткөн, Москвада көп жолу концерттерге катышкан.

Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасы Ташкендеги заводуна Молдо Тойчу Ташмухамедовдун ысымын берип, алар чыгарган пластинкаларды далай жолу угуп, ырахат алдык. Ал киши 1943-жылы каза болуп, сөөгү Ташкенттин Чилонзор аймагына коюлган.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Токтосунов М. Токомдун мээрими: Эскерүү [Текст] / М.Токтосунов // Ленинчил жаш. – 1964. – 24-июль.

[2]Тыныбеков Т. Менин устаттарым [Текст] / Т.Тыныбеков. – Ф.: 1983. – 16 – 17-бб.

One Reply to “Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогул жана Молдо Тойчу”

  1. Абдыкерим М .Токтогул жонундо жакшы макалалар жазып жатат.
    Эми озбекче «Улман »
    деп жазылганы менен «олман » деп окылат , Андыктан » Улман Хафиз» деген
    » Олман Хафиз » деп жазылыш керек!
    Мумкун» Лули Мамажон» деген » Лолулорго
    Мамажон» болуп журбосун???

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *