Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын Баткен облусунда жайылтууга арналган семинардын биринчи бөлүгүндө Кызыл-Жол орто мектебинде практикалык сабактар талкууга алынды, Гапыр агайдын шакирти, Лейлек районунун жаш мугалимдеринин лидери Жеңишбек Абдиназаров райондун, шаардын мектептеринен келген кесиптештерине сабакты кызыктуу өткөрүүнүн сырлары жөнүндө айтып берди. Семинардын коноктору – мугалимдер менен ата-энелер – Гапыр агай менен абдан мазмундуу маектешти.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова энелер мектебинин бүгүнкү күндөгү орду жөнүндө өтө таасирдүү сөз сүйлөдү, жыйын жүрүшүн аягына чейин колдоп, урунттуу учурларда сөзүн кошуп отурду. Бул жыйынга Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Рыскулова, Баткен жана Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Абдилла Ахматбеков менен Абдувахаб Исманов да катышты.

Маалымат доорундагы эң зарыл таяныч

Гапыр Мадаминов:

— Азыр маалымат доору. Окуучулар маалыматтын көбүн илгеркидей мугалимден эмес, интернеттен, теледен, түркүн-түмөн маалымат булактарынан алат. Бирок балдарыбызга эң керектүү билим бериш үчүн жазылган китептердин көбү оор тил менен жазылган – аларды окуучулар эмес, биз, мугалимдер араң түшүнөбүз. Балдарга канчалык кыйын болгонун элестетеличи – үч тонналык портерге жыйырма тонналык фуранын жүгүн артып койгондой эле да! Кыжаалаттык (стресс), чаалыгуу, нервдин жабыгуусу! Мунун айынан мектепти бүтүргөн балдардын 80 %ы оорукчан болуп чыгат экен – мына медициналык билими бар кызыбыз Чынара Осмоновна да тастыктайт бул чындыкты: балдардын башы, жүрөгү, ашказаны ж.б. ооруганына ушул ашыкча жүк себепчи экен.

Түшүнүктүүрөөк болушу үчүн мисал келтирейин. Тарыхтан окуп келгиле деп мугалим 9 бет текст берет. Физикадан алты, химиядан дагы ушунча беттеги маалыматты өздөштүрүш керек. Адабияттан бир повестти окуп чыгыш керек. Бечара балдар мынчаны көргөндө, ичин ача электе эле эстен танып, уктап калат. (күлкү). Жалпы республикалык тестке даярдануу үчүн дагы канча күч-аракет талап кылынат!

Азыр кулачыбызды болушунча кенен жаялы. Дене тарбия! (күлкү). Кулач жетпести кучакташ (объять необъятное) деген ушул. Маалымат ушундай чексиз экен! Балдар маалымат деңизинде ары-бери урунуп чарчайт.

Эми колуңуздарды жа-ай, акыры-ын бири-бирине жакындатыңыздар (жагымдуу музыка). Анан эки колдогуну бир алаканга салып, алдыңыздарга сунуңуздар (музыка). Ушинтип, учу-кыйыры жок маалымат деңизинен өзүбүзгө эң зарылын, керектүүсүн кыска-нуска кылып алуунун методикасы бар экен. Оорду жеңил, татаалды жөнөкөй кылып өздөштүрүүгө үйрөткөн АКЫЛ ЭМГЕГИНИН МАДАНИЯТЫ деген сабагыбыз ушундай. Анын китебин жазып, мектепте колдонуп жатабыз. Экинчи жаңылыгым ушул.

Ааламдашуунун тебелендисинде калбайлы

Азыр финдердин ийгилиги жөнүндө Чынара Осмоновна айтты. Кыргызстандан ошол өлкөнүн билим берүү жаатындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн жиберилген делегация курамына илим докторлору, профессорлор менен кошулуп калган экенмин, сегиз жарым саат учуп барып өз көзүм менен көрүп келдим. Билим сапаты боюнча дүйнөдө биринчи орунда, билим жана маданияттын шарапаты менен жашоо деңгээли жагынан да алдыңкы сапка чыккан өлкө. Аларда деле тойлор, жек-жаат, дос-жар, ушак ж.б. бар экен, буларга ашыкча маани берип жүрүп Швецияга 500 жыл, Россияга 150 жыл колония болгон экен. Чынара Осмоновна айткан Снелман аттуу агай: «Болду, жетишет, башка өлкөлөрдөн насыя, грант алганды токтотолу, бул насыялар менен биз өнүкпөй эле сазга чөккөнүбүз чөккөн», — дептир. Биз инновация албайбыз, биз балдарыбызды жакшылап окутабыз деп туюктан чыгар жол тапкан экен.

Буга көбүңүздөрдүн айтар кебиңиздер дайын: «А-а, алар финдер да, алар япондор да, зато биз кыргызбыз!» (залда күлкү, ***, Ὼ).

Ылайым кыргыздыгыбыздан калбайлы. Бирок глобализация доору бизди да каптап келгенде шашып калдык ко, балдарыбызды тарбияламак түгүл бага албай, Россияга жөнөп калдык ко. Зөөкүрдүк, зордук, зомбулук, сойкулук, киши өлтүрүү, баңгилик каптап кетти го. Кыргызда мындай илдеттер качан болгон эле?

Глобализация кыргыздар «Манасы» бар улуу эл деп тийбей койбойт экен, ойгонбогондорду тебелеп кетет экен. Мындан аман калуунун бир гана жолу бар экен, Чынара Осмоновна да айтты – балдарыбызды тарбиялашыбыз керек.

Эмне үчүн аталарды эмес, энелерди окутабыз?

Бизден кандай улуу инсандар чыккан – Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Кеңешбек Салихов, азыр дагы канча мыкты уул-кыздарыбыз чыгып жатат. Ошолорду карап келсек, баарынын энелери мыкты экен. Энелерге бир кол чаап коёлу! (***, Ὼ).

Бизде бардыгы болуп 180 окуучубуз бар. 65 бүтүрүүчүбүз Медакадемияда бюджеттик бөлүмдө окуп жатат. 49у чет мамлекеттерде окуп жатат. Буга таң калгандарга дайыма минтип жооп берем: «Биз зор эмеспиз, биздин энелер зор! Энелерди окутуп койдук эле, балдарына мыкты таалим берип жатат».

Айтмакчы, бая Кызыл-Жол мектебинде бирөө мындай суроо берди: «Агай, энелерди окутупсуз, ушу аталарды-ям окутуп коё бербейсизби?» — деп (залда күлкү, ***, Ὼ). Бул суроону Бишкекте да, Ысык-Көл менен Таласта, Чоң-Алайда да беришти. Бишкекте мен мындай жооп кайтардым: «Азыр жарымын айтсам, энелер, сүйүнүп, кол чабасыңар. Энелерди окутканыбыздын эки себеби бар. Биринчиси – Куранда: «Эне – бул медресе», — деп айтылган. (***, Ὼ). Бул туура. Бирок дагы бир орчундуу себеби бар – энеси жакшынын бардык балдары жакшы болот экен. Атасы жакшынын бир эле баласы жакшы чыгат экен». Ушундай десем, Бишкекте угуп отурган орус тилдүү энелер кубанып кетти: «Видите – все от нас зависит!» (***, Ὼ).

Коё тургула, экинчи жагын да айтайын деп, элдик макалды келтирдим: «Атасы жиндинин бири жинди, энеси жиндинин баары жинди». Зал бир мүнөттөй жымжырт боло түштү. Бирок аялдардын логикасына тан бериш керек – илимге барса, баары академик болмок окшойт. Бир пас унчукпай отурган соң кайра эле өз жемин жедирбеген тыянакты чыгарып коюшту: «Энеси акылдуунун бардык балдары акылдуу, энеси акмактын баары акмак болсо, демек, кантсе да аялдардын ролу чечүүчү мааниге ээ экен!» (залда күлкү, ***, Ὼ).

Менимче, кыргызда жинди эне жок. Баткен менен Лейлекте жок экендиги анык. Анча-мынча жиндилер же акылдуу эле, бирок ашыкча айылчылап, баласын тарбиялаганга тойлордон колу бошобой жүргөндөр Африкада болушу мүмкүн, а бизде жок! (күлкү, ***, Ὼ). Айтмакчы, аталарды окутуу жөнүндө сөз болгондо бир киши чыгып: «Агай, аталарды окутпай туура эле кыласыз – энелерди окутсаңыз, балдарына кошуп аталарды да окутуп алат», — деген эле (***, күлкү).

Эне мектебин ачканыбыздын жүйөсү ушундай. Биз канчалык аракет кылбайлы, энелер жакшы болбосо, баары текке кетет экен.

Акылыбыз менен рухубуз – адамдык башкы касиетибиз

Эми дагы бир билгенимди айтайын. Адамда үч казан болот экен. Колуңуздарды ашказаныңыздардын тушуна коюңуздар. Ашказаныңыздар эч качан оорубасын. Ушу ашказанды толтуруп туруш үчүн бир күндө кеминде үч маал тамактанабыз. Болгондо да манты, шашлык ж.б. түрү менен жейбиз, ичебиз. Мейли, ашказан тойсун, бирок адамдын жашоосуна бул эле жетиштүү болбойт экен.

Эми колуңуздарды бир карыш өйдө жылдырыңыздар. Көкүрөгүбүздө рух казаныбыз бар экен. Рух казандын азыгы ыйман, ынсап, адабий чыгармалар, элдик жана классикалык музыка, баарынан да жакшысы – эненин мээрими менен толуп турат экен. Сүйүү, жакшы адамдардын баарлашуусу менен толуп турат экен.

Эми ойлоп көрөлү – рух казанды эстейбизби? Ашказан ач калса, байлап койсо да турбай жөнөйбүз. Экинчи казан чыдамдуу, Зулпукаар акедей оор казан экен. Анча-мынчаны тоотпой, козголуп койбойт экен. Бирок аны карабай коюунун кесепети дымып жаткан минадан жаман. Рух казаны каралбай калганда жыйырма жылдан кийин аракечтик, баңгилик, зөөкүрдүк, кылмышкердик болуп жарылат экен. Отко асылган бойдон какшып жарылып кетпеши үчүн рух казанын да тойгузуп турушубуз керек. Биз бир күндө кеминде үч маал тамактанабыз дедик. Рух казан оюбузга да келбейт. Эми бүгүн үйгө барганда эң биринчи кайсы казанды толтурабыз?

Залдан:

— Рух казанды! (***, Ὼ)

Эми колуңуздарды дагы да өйдө көтөрүңүздөр. Ушул жерде акыл казан деген бар экен. Адабий китеп окубаса, энциклопедия, сөздүк-маалымдагычтарды карабаса, шахмат ойнобосо, кроссворд толтурбаса, «Манасты» толук окубай, ар жеринен үзүндү жаттап алып эле кайталай берсе, Айтматовдун чыгармаларын окуп чыкпаса, үйүндө адабий китептер дегеле жок болсо, рух казан кантип толот? Үйү килем-килчеге, гарнитур, сервантка толуп кеткен, бирок чырак менен издесең да бир китеп таппайсың. Баткенде эмес, Африкада! (күлкү, ***, Ὼ).

Миңдеген сомду той-топурга чачсак да, жүз сомго китеп албайбыз. Кокусунан жүз сомго бир китеп алып койгон болсо, эки күн уктабай чыгат ойлонуп: «Ушул акчаны бекер эле короткон жокмунбу?» — деп ойлонуп. (***, күлкү).

Мына, Жолдош, «Кутбилимге» чоң тамгалар менен бадырайтып жазып чыгаргыла: ТОЙЛОРДО «МАНАСТЫН», «СЕМЕТЕЙ», «СЕЙТЕКТИН» ТОМДОРУН, ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТОЛУК ЖЫЙНАГЫН, «ОЙ ГҮЛДӨРҮ» ДЕГЕН СОНУН КИТЕП БАР, ОШОНУ ЖАНА ДАГЫ БИР КАТАР ЭҢ ЗАРЫЛ КИТЕПТЕРДИ СЕПКЕ КОШУП БЕРЕЛИ! (***,Ὼ).

Грузиндердин салтына ылайык кыздын себине Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын беришет. Эгер кайсы бир кыздын себинен бул китеп табылбай калса, ошол кыздын бир мандеми бар окшойт деп ойлоп калышат экен. (күлкү, ***).

Эне мектебинде эмненин окутат?

Кечээ жакында бирөө: «Бу эне мектебинде химия окутабы, физиканыбы же математиканыбы?» — деп сурады. (күлкү, ***). Коркпогула, химия, физиканы окутпайбыз, себеби, аларды жакшы билесиздер (күлкү, ***). Бул сабакта балдарга нөл жаштан, б.а. бойго бүткөндөн баштап 18 жашка толгонго чейинки балдардын физиологиялык, психологиялык өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, балага кайсы убакта кандай мамиле кылуунун, аларга ар бир куракта тарбия берүүнүн сырларын үйрөтөбүз. Дүйнөдө бардык кесиптерге окутушат, бир гана кесипке, болгондо да, бардык кесиптердин башаты болгон эң улуу кесипке окутпайт экен. Бул кесип – эне, ата болуу кесиби.

Японияда бир келин мыкты адис болуп эки жыл иштегенден кийин жумушун таштап, пединститутка кириптир. Эмне үчүн минттиң дегендерге берген жообу – көңүл буруңуздар: «Мен күйөөгө тийдим, кудай буюрса бир-эки жылда балалуу болом, баламды кантип тарбиялап өстүрүштү билип алыш үчүн пединститутка өттүм». Об-бо-о деп ошол япон келинге да бир кол чаап коёлу (***). Япондор бир-эки баласын тарбиялаш үчүн беш жыл окуйт экен. А бизде беш-алтыдан балабыз бар, жок дегенде тогуз ай окуп коёлучу. Окуйбузбу? (***,Ὼ).

Азыр мисс конкурстары көп өткөрүлөт эмеспи. Мисс деле боло беришсин, бирок биз Мыкты энелерди сүрөгөн конкурс өткөрүп жатабыз. Ушундай айыл эли чогулуп келип отурса, баласына мыкты тарбия берди деп төргө өткөрүшсө, баары куттуктап кол чапса, грамота ыйгарышса – кандай сонун! Балдарын мыкты инсан, эл кызматына жараган атуул кылып тарбиялап өстүргөндүгү үчүн сыйлаган конкурстун жобосу ушул китепте жазылган.

Турмуш курууга – экзамен аркылуу

Америка жана Малайзияда тажрыйбасын өстүрүп келген англис тилдүү адис кызыбыз Гүлсара айтат, Малайзияда үйлөнөм (күйөөгө тием) дегендер экзамен тапшырат экен. Малай элине да бир кол чаап коёлу, зор иш башташыптыр. (***). Жок, сиздер чочубаңыздар – экзаменсиз эле уул үйлөп, кыз чыгара бересиздер. Бирок келечекте ушуга барабыз. Ошондо мыкты балдар төрөлүп, коом өзгөрөт. Эне болуш, жубай болуш, күйөө болуш, ата болуш – бул бүтүндөй илим!

Мен жаңы университет ачайын деп жатам. Бул – дасторкон четиндеги университет! (***). Программасын түзүп койдум. Дасторкон четинде отурганда 5 мүнөт, 10 мүнөт ата-эне балдары менен эң маанилүү, эң керектүү темаларда абдан мазмундуу, таасирдүү сөз кылышат! Ага кандай, эже кандай, бир туугандар арасындагы мамиле кандай болот, бирөөнүн үйүнө келин болуп барыш, күйөө бала болуш, кайын журтту сыйлаш кандай болот – ушунун баарын балдарыбызга үйрөтөбүз. Бул келечектүү, түбөлүктүү университет болот, акырындык менен биз ошого жетишебиз! (***,Ὼ).

(Эскертүү: «***» — кол чабуулар; «Ὼ» — комуздун шаңдуу добушу).

Жолдош ТУРДУБАЕВ, Бишкек – Баткен – Самаркандек – Исфана – Баул – Жаштык – Сүлүктү – Баткен – Бишкек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *