Биздеги тажик тилдүү мектептердин окуу китептер менен камсыздалышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин китеп чыгаруу секторунун адиси Чынара КУРБАНОВАдан бир нече суроого жооп алдык.

— Кыргызстандагы тилдүү мектептер Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоордун алкагында чыгарылган биринчи класстын окуу китептери менен толук камсыздалган. 2011-жылы 7-класстын физикасы, 2012-жылы Исмаилова жазган химия чыгарылган. Азыркы кезде 5-6-класстардын бардык окуу китептери Дүйнөлүк банктын колдоосу менен даярдалууда, келерки 2017-2018-окуу жылында апробациядан өткөрүлөт. Анан 2018-2019-окуу жылына карата чыгарылат.

Эне тил боюнча окуу китептердин биздеги тажик мектептерине ыңгайлаштырылган версияларын электрондук түрдө беришти. Буларды Кыргыз билим берүү академиясына биздин стандарттарга туура келерин аныктоо үчүн экспертизага бердик. Анын корутундусу чыккандан кийин китептерди бастырууга конкурс жарыялайбыз.

Бул китептердин сапатын камсыздоо үчүн эки республиканын окуу китеп жазган авторлору, редакторлору кызматташып жатабы?

— Тажикстандын окуу китептери биздин элчилик аркылуу алынып, алардын негизинде ыңгайлаштырылган версияларды иштеп чыгуу үчүн Андарак мектебинин мугалимдерине берилди. Алар биздеги стандарттарды, жергиликтүү реалийлерди эске алуу менен кайра иштеп чыккан версияларды бизге кайра жиберишти. Эми Кыргыз билим берүү академиясынын адистери карап жатат.

— Орто мектеп мугалимдеринин окуу китеп түзүү жагынан усулдук, илимий камылгасы жетишсиз болгондуктан, тексттерди стилдик, мазмундук жактан редакциялаш керек болушу ыктымал эмеспи. Ошондуктан мугалимдердин жазганын адистерге текшертүү үчүн Тажикстанга жибересиздерби?

— Бул маселени чечүү үчүн азыр Кыргыз билим берүү академиясына Кыргызстандагы Рудаки атындагы тажиктердин маданий бирикме коомунан тажик тилин жакшы билген филологиялык жогорку билимдүү бир кызматкерди жумушка алып жатышат.

— Тажикстандагы кыргыз мектептери үчүн китептерди даярдап чыгаруу боюнча сунуштар барбы?

— Бул жаатта өкмөт аралык комиссия түзүлүп, былтыр ноябрь айында эки республиканын билим берүү министрлеринин орун басарларынын жолугушуусунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Министрликтердин жумушчу топторду түзүү жөнүндө буйруктары чыгарылган. Азыркы учурда бул топтордун кызматташуу иши пландалууда.

Маектешкен Жолдош ТУРДУБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *