«РухЭш» сайтынын туруктуу авторлорунун бири, редакциябыздын чыгармачыл тобунун мүчөсү, таланттуу акын жана котормочу, калемдешибиз Назгүл Осмонованын “Сен берген гүлдөр тирилбейт” аттуу ырлар жыйнагы «Турар» басмасы тарабынан жарык көрөр алдында турат. Аталган китептеги белгилүү жазуучу Султан Раевдин баш сөзүндө Осмонованын чыгармачылыгы туурасында төмөндө жылуу пикирлер айтылат… Биз бүгүн баш сөздү толугу менен болбосо да, айрым урунттуу пикирлери менен бирге жыйнакка киргизилген Назгүлдүн айрым ырлары менен поэзия күйөрмандарын тааныштырабыз…

*   *   *

Назгүлдү маанайдын, сезимдин, ички реверанстын акыны десек болот. Ал өз туюмунан адамдык жалпылыктын ыр оюн таап, башкага таңуулабай өзгөрмө дүйнөдө өз үнү менен калганды эш тутат. Поэзиянын тереңдиги эмнеде? Бул суроого ал – жөнөкөйлүк деп жооп айтаар элек.

*   *   *

Назгүлдө поэтикалык жөнөкөйлүк бар, акындык нарциссизм жок, жандүйнөсүндөгү ички үндүн шыбыры менен жашаганды жактайт. Ачыктык, ой жашырбоо, жандүйнө тутум көйгөйү жээкке чыгып турат. Сагын Акматбекованын алгачкы ырлары өз кезегинде чак түштөгү чагылгандай окурман сезимине сайылган эле. Адаттан тыш дүйнө кабылдоо, дүйнөтааным, дүйнө көз караш, ошол учурдагы дуулдап турган көндүм поэзияга таптакыр башка боёкту, интеллектуалдык поэзияны, ошол эле учурда сезимдердин мизантропиясын алып келген.

Албетте, азыркы акындар арасында ушундай бир поэтикалык сезим  саркофагында Назгүлдүн ырлары да өзгөчө фонго ээ. Анын ырлары кандайдыр бир поэтикалык шарттуулуктан оолак, сезим идеалдарына жакын. Сүйүү эң оболу адамдык сезимдин туу чокусун кармап турган тирек, ал кайсы бир “сезим кризисинде” урап түшүшү мүмкүн. Ошол нерсени Назгүл ыр саптарында улуулукту майдалык мите курттай жеп салаарын, адамдар  жанга ынак сезимден ажыраганда гана ошол сезимдин ыйыктыгын сезерин эскертет.

Поэзия – бу жандүйнөнү агартуучу өнөр. Ушул позиция Назгүлдүн ырларында алдыңкы планда сүрөттөлөт. Адамдын адам бойдон калуусу  адабияттын миссиясы. Ошол бийиктикти Назгүл поэзиясында көрсөтүп келет.

«Кетким келди жаз тарапка,
Жашыл гүлү оңбогон!

*   *   *

Мендиксиң… мендик дагы эместейсиң…»

Арийне, турмуштун кир-когу аралашкан карама-каршылыгында адамдын сезим курчтугу мокойт. Бирок сезимге буйрук бере албайсың. Ал да өз мыйзамы менен жашайт. Аны менен да кайыл болуу керек. Турмуш поэзия эмес, бирок турмуштун поэзиясын көрө билбегендик эң оболу көкүрөктүн сокурлугун көрсөтөт. Назгүл Осмонованын ырлары ушул ойду камтыйт. Адамдарды сезимди баалоого, сезимдин ыйыктыгын кастарлай билүүгө, бу дүйнөнүн огун сезим кармап тураарын түшүнүүгө үндөйт. Акындын миссиясы – Прометейдин миссиясындай ар бир жүрөккө от тутантып, жашоонун билигин өчүрбөй, жан дүйнө жарыгын сактап калуу. Бул парз акындын, чыныгы акындын парзы.

*   *   *

Сүйүү жана жек көрүү. Бул бири-бирине карама-каршы сезимдер. Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадам ал – жандүйнө жардылыгы, жек көрүүдөн сүйүүгө бир кадам ал — чыныгы поэзиянын күчү.

Ошол күчтү Назгүлдүн ырларынан сезе алабыз.

Ал күч — Адамды сүйүү, адамдын улуулугун сүйүү.

Султан РАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

 

*   *   *
Бул жашооң өксүкпү, салтанат,
Күндөрүм бир бирин кайталап…
Өтүүдө жарк эткен жалын жок,
Тагдырым татаал да, тайгалак.

Өксүтүп, көп учур өкүнтүп,
Мезгилим зымырап айланат.
Кубаныч аз гана жылмайып,
Кайгыга толду го ак барак.

Антсе да үзүлбөс бул үмүт,
Жашаймын апакай дил менен.
Кыялым каркыра сабалап,
Асылдык айтылат ыр менен.

Рух дүйнө кымбатын сездирген,
Бул дүйнө татына ыр менен…

Назгүл Осмонова

*   *   *
Жылдагыдай эргүү берип төгүлбөй,
Быйыл кыштын кары сейрек, суугу мол.
Тагдырымдан сенин изиң көрүнбөй,
Баары туман… жалгыз аяк күтөт жол.

Жарым сүйүү, жарым көңүл, жан жарым,
Кудайга да айткым келбейт өтүнүч.
Сен деп күйгөн мүнөттөрүм тарыхтыр,
Сен бар ырлар эми мага өкүнүч…

*   *   *
Кыш да бүтүп жаз жадырайт артынан…
Болсо дагы кыш чилдедей мупмуздак,
Неге сенин деңизиңе тартылам?

Тереземден сирень гүлү төгүлөт…
Жаным сага жаз жакпаса анда эле,
Сен бар кышта калуучудай көрүнөм.

*   *   *
Унчукпайсың, үн катпайсың, жымжыртсың,
Билем, биздин коломтодо от болбойт.
Ошондо да жанды өрттөгөн өкүнүч,
Белгисизге сиңип кетпейт, жок болбойт.

Жалын жылдар, жаркын жылдар,
Силерге,
Тапшырамын азизимди белекке.
Күтпөйм эми сирень гүлүн ачканда,
Айыл ичи, сен күтчү жер… терезе…

*   *   *
Жароокер жарың жаныңда,
Жүрөккө чоочун сезилип.
Терезе тушу, ай жарык,
Ойлорсуң мени кечигип.

Жамгырлуу жаздын түнүндө,
Тигилип түнгө акырын.
Серпилип эстейт чыгарсың,
Себинген ошол атырым.

Кенемте толбой ойдогу,
Ыраазы болбой өмүргө
Теңселип эстеп турарсың,
Жамгырлуу бир түн жөнүндө…

Жамгыр кусалыгы
Оорутпасын үчүн дилди сагыныч,
Таарынычым айтпаш үчүн тагдырга.
Көз жаштарым жуулуп кетип билинбей,
Кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда.

Асман неге бүгүн бүркөө түнөрөт,
Адамдарга ал да балким ачынат.
Жамгыр ыры жан дүйнөмдү алдейлеп,
Бирок, бирок эргүү гүлү ачылат.

Түндөр жаман… ойлор басып коргошун,
Ооруткансыйт назик, таза жүрөктү.
Жетиш үчүн кыялдагы бир күнгө,
Жан кыйнаган нечен мерез түн өттү.

Оорутпасын үчүн жанды сагыныч,
Кусалыгым айтпаш үчүн тагдырга.
Көз жашымды көрбөс үчүн башкалар,
Кол чатырсыз бастым бүгүн жамгырда…

Жазгы элегия
Чындык, жалган жан дүйнөңдө кармашып,
Унутупсуң чын жүрөктөн күлгөндү.
Өткөн жылдар тазалыгың жалмашып,
Ылайлаптыр кирсиз, тунук дүйнөңдү.

Кайсы күнү сен баарына кол шилтеп,
Кай мүнөттө тагдырыңа таарындың?
Сен чиренип турган менен текебер,
Билем, билем жамгыр ырын сагындың.

Кайрып берип кайкып учкан кыялың,
Сүйүүм менен булагыңды тазалап.
Жамгыр ырын жашыл жаздын угузуп,
Мен тагдырды койгум келди жазалап…

*   *   *
Бул жашооң кийим сыяктуу,
Жыртылат, бир күн эскирет.
Көңүлчөөк жаным чарчады,
Башканын тартып азабын.
Билбеймин, качан эс кирет.

Жашообуз жаздын көйнөгү,
Өңүнөн азат, эскирет.
Өмүрдөн өтүп баратып,
Эх, аттиң арман дедиртип
Ошондо балким, эс кирет.

Ишке ашыр асыл ойлорду,
Жашоого бир күн кеч кирет.
Чыдасаң түркүн мээнетке,
Тагдырдын таштак жолдору
Бакытка акыр жеткирет…

Буулугуу
Жаз жадырай албай кыйналса,
Бүркөк асман не деп унчугат?
Кыялдарым канат кере албай,
Көөдөнүмдө бир үн тумчугат.

Бактар неге быйыл капалуу,
Бүрүн ачпай үнсүз томсоруп?
Балапандай менде бир сезим,
Барам жанды кыйнап толгонуп…

Ал сезимде бардай баарысы,
Ал сезимде бүтпөс кусалык.
Мейкиндиктер кел деп азгырса,
Кете албастан турам тушалып…

Кетээр элем ушул жактардан,
Кетээр элем түк да ойлонбой.
Болбосо эгер ушул кусалык,
Болбосо ойлор менде толгонгон.

Жаз жадырай албай кыйналса,
Тургансыймын мен да тушалып.
Белгисизге дайым азгырган,
Бүтпөсүнчү ушул кусалык…

Кездешүү
Ыргагында сен жараткан обондун,
Бирде толкуп бирде кайра жоголдум.
Ушул көктөм, ушул жамгыр, ушул жаз,
Жарчысындай алдыдагы бороондун.

Ушул обон, ушул коңур үн эбак,
Жүрөктөрдөн сыйлуу орун ээлеген.
Сен обончу элге сиңген кайрыгың,
Мен бир акын жазган ыры кайгылуу.

Кандай кыйын башка адамды түшүнүү,
Кандай кыйын тереңдерден билишүү.
Биздин максат тийишүү эмес денеге,
Биздин максат жан дүйнөгө тийишүү.

Ушул жазда жаралчудай жакшы ырлар,
Жаралчудай касиеттүү бир кайрык.
Асылдыкка толтуралы дүйнөнү,
Обонуңдан койчу жаным бир кайрып…

*   *   *
Өттү жылдар, өзөк өрттөп,
Максаттарга жеткирбей.
Анда деле аруу тилек,
Көкүрөктө эскирбей…

Майыштырып тагдыр сынайт,
Мүнөт сайын эркимди.
Эсеп жеткис кыялдарым,
Ушул жолдо мертинди.

Жашап келем ыр дүйнөдө,
Үмүт үзбөй бир күндөн.
Жетиш үчүн ошол күнгө,
Аман чыгам миң түндөн…

*   *   *
Биз жолуккан булак чети…
Суу шылдырап, чөп жашыл.
Жылдыз толгон асман бети,
Эстей берем көп жашып.

Колдорумдан колдоруңа,
Өтсө алоо от жалын.
Кызарамын байкатпаска,
Асте сылап ат жалын.

Андагыдай асман тунук,
Жаз да келди көк жарып.
Баары келет, сен келбейсиң,
Сурансам да жалбарып.

Биз жолуккан булак чети…
Суу шылдырап, чөп жашыл.
Жылдыз толгон асман бетин,
Эстей берем көп жашып…

*   *   *
Кайра бороон, кайра мына дүрбөлөң,
Жан дүйнөмдө мүнөткө тынч жүрбөгөн.
Кетким келип белгисизге, алыска,
Эски жолду чанып улам күймөлөм.

Баскан жолум маанисиздей көрүнүп,
Жашоом болсо дал-далынан бөлүнүп
Турган болсо демек күтөт жаңылык,
Демек ырлар келет али төгүлүп.

Артыбызда ырас эски жол калсын,
Алдыбызда жаңы максат ыргалсын.
Асылдыгы, аруулугу ааламдын,
Кагазда эмес, көкүрөктө ырдалсын…

*   *   *

Таштак жолдой чаалыктырып-чарчатып,
Жабыркатса жалгыздыгың жаныңды.
Муңга чөкпө. Унутса да адамдар,
Көк теңирим унуткан жок барыңды.

Сен бирөөнү көргүң келип, зарыгып,
Жүргөн болсоң сени башка сагынат.
Орун берүү үчүн гүлгө жайнаган,
Кези келип таш да бир күн жарылат.

Унуттуруп максаттарды кээ бирде,
Жабыркатса жалгыздыгым жанымды.
Чөгүп кетпейм. Унутса да сүйгөнүм,
Көктө кудай унуткан жок барымды…

*   *   *
Уккум келбей айта жүргөн сөзүңдү,
Алсыз тартып кадамдарым таштаган.
Бүт дүйнөнү сүйбөй турган кезимби,
Көңүл калып өзүңдөн да, башкадан…

Өзгөртүүгө эми баарын кеч болгон,
Таксыр тагдыр, кыялыңа таарынам.
Жанымдагы адам мага эш болбой,
Алыстагы бир караанды сагынам…

*   *   *
Унутсам дедим, унутсам дедим бардыгын,
Унутсам дедим убайым дүйнө тардыгын.
Ар дайым ойго биринчи болуп келесиң,
Аңтарсам кээде ойлордун алтын сандыгын.

Эсимден кетпес эчен жыл сызып өтсө да,
Сен элең менин эч кимге айтпас жан сырым.
Жүрөккө алтын тамгалар менен жазылып,
Маңдайга бирок жазылбай калган тагдырым…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *