Биздин мыйзамдар аз эле кишилерге маалым— бул сыр бизди башкарып келаткан бир ууч аристократтарга гана тиешелүү. Биз эски мыйзамдардын баары эч айныксыз аткарылат деп ишенип жүрөбүз, бирок чындап келсе сени, сен билбеген мыйзамдар менен башкарып жатканы оор эле тиет экен, эй. Мен мыйзамдарды талкуулоого жалпы эл катышпай, анын кээ бир эле өкүлдөрү катышканы, ал талкуулоолордо жаралган ар түркүн пикирлердин коомго тийгизкен залалы жөнүндө айтып жаткан жерим жок. Ал анча деле көп зыян келтирбестир. Анткени мыйзамдар илгертеден эле келе жатпайбы, аларды талкуулоонун үстүндө адамдар кылымдар бою эмгектенип келишти, андыктан мыйзамдарды талкуулоонун өзү мыйзам болуп калган, ошентсе да чектелүү болсо дагы эркин талкуулоого мүмкүнчүлүгүбүз  али да бар.

Аристократия өз кызыкчылыгын коргоп, талкуулоону өз пайдаларына чечип алышты деп ойлоого да эч негиз жок— ансыз деле мыйзамдар башынан ошол аристократиянын таламдарын коргоо үчүн кабыл алынган, ал мыйзамдар аристократия үчүн жазылган эмес, керек болсо алар аны аткарбай деле коюшат,  анткени алар толугу менен аристократиянын  өз колунда болуп жатпайбы, балакеттики.

Чындыгында, мында акылмандуулуктун үлүшү бар— эски мыйзамдардын туура эмес түзүлгөнүнө ким шек санайт экен, а?— биз үчүн ошонун өзү кыйноо болуп жатпайбы, сыягы мындан эч кутула албайт окшойбуз  да.

Бул  мыйзамдардын бар экени— өзү божомол нерсе. Биз көнгөн адат боюнча эле алар бар жана ал аристократияга сыр катары ишенип берилген деп эсептейбиз, аңдап көрсөк бул жөн гана илгертеден көнүмүш болуп калган жаңылыш көз караш, анткени мыйзамдын өзүнүн табигаты мыйзамдардын келип чыгышын сыр катары сактоону талап кылат.

Эгерде биз, карапайым адамдар, бул маселе боюнча ата-бабаларыбыздын калтырган жазмаларына көз жүгүртүп, алардын андан берки  кылгандарын тыкыр изилдеп, аристократиянын атамзамандан берки  аракетин карап көрсөк, көп сандаган фактылардын ичинен тарыхта  кабыл алынган тигил же бул чечимдеринин негизги өзөгүн таап, ошол тандалып алынып, бир системага салынган фактылардын негизинде учурга жана келечекке пайдасы тиер жыйынтыктарды чыгарсак, мунун баары кыялдагы болбогон нерселер болуп калышы мүмкүн, анткени андай мыйзам балким такыр эле болгон эместир.

Аристократиянын жасаганынын баары— бул мыйзам, бардык мыйзамдар ушул максатта кабыл алынышы керек деп чын ниетинен ойлоп, аны далилдөөгө аракет кылган кичинекей партия бар.

Бул партия аристократия орногондон кийин жаралган нерселерди гана кабыл алат, ал эми элдик бийликти четке кагат, алардын ою боюнча анын пайдасынан зыяны көп имиш, анткени ал эл ичинде жалган, алдамчы, жеңил ойлуу ишенимдерди пайда кылат экен.

Албетте, зыяны болушу мүмкүн дечи, бирок биздин элдин көпчүлүгү  анын себебин башкадан көрөт: элдик бийлик бардык  нерселерди эске албайт, аны терең изилдеш керек, ал тургай андагы материалдар канчалык чоң болбосун, баары бир аздык кылат, ал баарын ичине камтыгыча дагы кылымдар өтөт.

Келечекке ишенбөөчүлүктүн кара туманын, ал сөзсүз келет деген ишеничтин жарык нуру гана жарып өтө алат, акыры бир тынымдан кийин, элдик бийликке кайра кайтышып, бардыгы ачык жана тунук болуп, мыйзам элге кызмат кыла баштайт, а  аристократия орду түбү менен жок болот.

Бул айтылган сөз аристократияны жек көргөндүктөн келип чыккан жок, андай ой эч кимде жок. Андан көрө биз өзүбүздү мыйзамдарды алигиче бизге ишенип беришпегендери үчүн, ал ишенимге татыктуу боло албай жатканыбыз үчүн  жек көргөнүбүз оң. Ошондуктан, биз кеп кылып жаткан партия, кандайдыр бир деңгээлде назар салганга арзыйт, чындап келгенде алар эч кандай мыйзамдарга ишенбейт, мындайлар азыр өтө аз калды, анткени аристократияны толук колдойт, анын жашоого укугун тааныйт.

Мындан эми эки ачакей пикир келип чыгып жатпайбы: эгерде бир партия аристократияны биздин мыйзамга болгон ишенич-мишеничибиз менен  кошуп туруп көчүккө тээп кубалап чыгышса, ошол замат эле эл алардын тарабына өтмөк; бирок мындай партиянын жаралышы мүмкүн эмес, анткени эч ким аристократияга каршы чыкканга батына да албайт. Ушундай устаранын мизинде жашап жатабыз. Бир жазуучу муну мындай деп сүрөттөйт: биз баш ийе турган бир эле мыйзам бар— бул аристократия, эми ушул жалгыз мыйзам үчүн баарыбыз жоголуп кетебизби?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.