Маектешибиз — Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын «ТҮРКСОЙдогу» өкүлү Кожогелди Култегин.

— Кожоке, сизди кийинки кездерде фейсбуктан арбын көрө баштадык. Фейсбук дагы алысты жакын кылган жакшы нерсе окшойт?

— Менин те мурда жазган бир таамай сөзүм бар эле: “Ар бир адам өзүнүн баласы менен кошо жетилет…” – деген. Анын сыңарындай, болбосом болбой атып, балдарым жетелеп киргизди. Аргасыз макул болдум. Балдарым менен кошо (бир аз артыраакта) жетилип атам.

Кандай негиздерден улам макул болдуңуз?

— Биринчиден, өзүң билесиң, биздин чыгарган китептерибиздин нускасы аябай аз. Болгону 1000 даана. Кайталап чыгарсаң – 2000. Ал китептердин бир канчасы тууган-уруктарга кетет. Окубайт көпчүлүгү. Бир канчасы дос-жарларга кетет. Алардын деле көбү окубайт. Дагы бир далайы “чоңдорго” кетет. Сыпайычылык үчүн иш-пиш менен кирип калсаң бересиң да. Ачып койбойт алардын дээрлик көбү. Ошентип аз эле китеп өз окурмандарын табат. Гезиттерге чыгасың – алардын деле нускасы аз. Мен китепти арбын чыгарган, гезит-нелерге арбын жарыяланган автормун. Ага карабастан чыгармачылыгым азыраак эле адамдарга жетип атканын сезип-туюп атам. Айрыкча жаштар азыр китеп алышпайт эмеспи. Мына ушул негиздерден улам фейсбук мүмкүнчүлүгүн пайдаланбасак болбойт экен. Балдарым ушуга ынантышты.

– Оп бали, бүгүнкү тапта ушул сиз жеткен түшүнүккө акын-жазуучулардын көбү түшүнө элек. Мен да сизге толук кошулам. Себеби мен да сиз айтканды жонтеримден сезген үчүн адегенде фейсбук аркылуу жеке чыгармачылыгымды окурмандар чөйрөсүнө жайылтканга аракет кылып, акыры сайт аркылуу жалпы адабиятты пропагандалоо түшүнүгүнө келдим. Болбосо мен деле замандан артта калмак экемин. Фейсбукту деле туура пайдаланганды үйрөнүп, аны адабий трибуна кылуу зарылчылыгын бизде көбу түшүнбөй атат. Мен деле саларга кушум, кыларга ишим жогунан фейсбукка отурбайм. Фейсбук аркылуу деле рухий коом агартуу озуйпасын жүргүзсө болоруна толук көзүм жетти.

— Жазуучулардын китептери, чыгармалары кеңири тарабагандыктан “Поэзиянын күнү бүттүбү?”, “Адабияттын жаназасын окуй турган кез келдиби?” – деген сыяктуу баканооз суроолор, башканы кой, сенин «РухЭшиңде» да пайда болуп атпайбы. Мен эл аралаган киши катары, кош колумду көкүрөгүмө коюп туруп айтайын, Кыргыздын поэзиясы, Кыргыздын адабияты, Кыргыздын көркөм өнөрү жан-жака-белдегилердики солуп бүткөндөн кийин… кыйладан кийин барып бөксөрүшү мүмкүн! Башка жагынан болбосо да, рух жагынан, көкүрөк дүйнөсү жагынан, талант жагынан, менин байкоомдо, кыргыз кыйлалардан алдыда турат!

Дагы бир нерсени айта кетким бар. Кыргыздардын бештен бири азыр чет өлкөдө. Мен өзүм чет өлкөдө иштеп-жашагандан улам айрыкча аларга боор тартчу болдум. Кыргызстандын китебине да, гезитине да, теле-радиосуна да жете албай турушпайбы. Аларга руханий азык берүү аракетин көрүшүбүз керек экен баарыдан мурун. Кымынчалык болсо да, ошо сырттагылардын керектөөсүнө жарап калабы деген ниетте дагы фейсбукка поэзиям менен аралашуудамын. Поэзиям менен гана. Саясатына жолобоймун! Жаман эмес, окурмандар табылууда. Байланыш күчөөдө. Кай жактан болсун айрыкча жаштар кардал-дос болуп агылып келип жатат. Суроолорун берип жатат.

— Мына өз мисалымдан айтсам, соңку жылдарда жарыкка чыккан эки китебим тең фейсбук аркылуу сатылып, фейсбук аркылуу рекламаланып, окурман колуна жетти. Болбосо китеп дүкөндү эле карап отурсам, ташжалак калмакмын. Себеби ал жакка барган кардарлар саналуу азыр, баары интернетте отурат. Жазуучу-акындардын тирлиги үчүн азыр соцтармактардан өтөр аянтча жок.

— Бул эми башка маселе. Айрыкча Кыргызстандын фейсбук-талаасы аман эле болсун.

– Айтпаңыз, ушакка, капкайдагы уу кептерге толтуруп ийишти.

– Сасык саясаттын гана боркулдаган кара баткак-сазы го. Башкача айтканда, фейсбуктун жарым-жартылайы оюндагысын оттогондордун, оозуна алы жетпегендердин, колунан коко тыйын иш келбей, колдурап сүйлөмүш эткендердин, сөгүнүп-сагынгандардын, карандай калптардын, каргап-шилегендердин, сабатсыздардын, далдырбай менен галдирбайлардын сайранканасы. Ошонун жака-белине монтойгон жаштар, суйсалган сулуулар, жигердүү жигиттер, апакай аруу дүйнөлөр, татынакай таланттар жайнап келип жатпайбы. Баарын болбосо да, бир даарын алаксытып – таза сактап калыш үчүн көркөм чыгарма чеберлери фейсбукка арбын кириши абзел болуп турат. Өзү ушул тенденция – сасык саясаттын боркулдаган кара баткак-сазына каршы турган күч-аракет фейсбукта жанданып бараткансыйт. Тактап айтканда, саясатка аралашпагандардын блогу! Болбосо кара баткак-саз баарын өзүнө тартып-соруп кеткидей. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен таланттуу акын-жазуучуларды, сүрөтчү-музыканттарды, илимпоз-акылгөйлөрдү жараткан эмгектери аркылуу фейсбук талаасында жолугуп турууга чакырып кетер элем.

Илгери бала кезимде бир накыл сөз уктум эле. Түштүк диалектиси менен айтылган накыл: “Чурулдайдын айлыбыз – чурулдасак майлибиз”. “Майлибиз” деген – “мейлибиз” деген маани. Кыргызстан – кудум ошол Чурулдайдын айылындай. Таң каласың. Бүт-бардык жер – “баатыркана”. Кыргыздын “отункана”, “аткана” деген сөз айкаштары бар го. Ошол сыңары “баатыркана”. Фейсбугун карасаң деле – өзүнчө “баатыркана”, партияларын карасаң деле – өзүнчө “баатыркана”, Парламентин карасаң деле – өзүнчө “баатыркана”, басма-сөзүн карасаң деле – өзүнчө “баатыркана”. Бирок өзү  баатырлардын эмес, сөзү “баатырлардын” каналары. Ооздорунан тимеле ак ит кирип, кара ит чыгат!

Ал эми чыныгы баатырлардын оозунан антип ак ит кирип, кара ит чыкпайт да. Алар баатырдыгын иш менен гана көрсөтүшөт. Болду. Кыргыздын оозеки чыгармаларын карасаңар деле какылдап сүйлөгөн, оозунан чаң чыккан баатырды көрбөйсүң эч жерден. Демек, азыр ким какылдап турса, оозунан чаң чыгара сүйлөсө – ошол шектүү… баатыр эмес… баатыр тургай, баатырдын аткошчусу дагы эмес…

— Ушул маанидеги ырыңызды да окудум эле?

Узунураак ал ыр. Кыскарта чаап окуп койойун:

Кадак толуп калган сымал чатырга,
кашек толуп калган сымал акырга –
кайран өлкө кагырайт да, качырайт
кат-кат толуп жалган-жашык баатырга!

Кадам сайын – жалаң “төшү түктүүлөр”!
Кадам сайын – жалаң ичи күптүүлөр!
Оозу менен оңколотот дүйнөнү,
оозу менен бейиш курат түптүгөл!

Канча бири парламентте карк “баатыр”!
Касиет таап микрофондон – заңк “баатыр”!
Патыраткан бойдон өтөт беш жылда
партиядан партияга – танк “баатыр”!

Гезит, теле жакта канча жанч “баатыр”!
Кейкелектеп кербезденсе – шаңк “баатыр”!
Камчы болуп көчүк тушка чабылып,
кара шалтак терге шуңгуп – шалп “баатыр”!

Баш көтөрүү ниетинде тарп “баатыр”!
Баш көтөрүп кирди кайра шалк “баатыр”!
Ак ит менен кара ит ооздо боржоктоп,
атын жаза албагандар – каңк “баатыр”!

Жалп этсе экен бул өлкөдөн калп баатыр?!
Жарк этсе экен бул өлкөдө алп баатыр?!
Алп баатырды коштоп-ээрчип жабыла,
атаганат, атанса экен калк баатыр!!!

— Жакшы. Сиз бир күндө канча убакыт бөлөсүз фейсбукка.

— Күн сайын карабаймын. Убактым жок андай. Бирок негизгиси, ырларымды, таамай сөздөрүмдү, котормолорумду дамамат берип атам да. Аларды Прагада иштеген уулум Каарманбек койот. Карасаңар дайыма жазылуу  “Опубликовано Ку Ка” – деп. Фейсбукту акын киши көп караса – майдаланып кетет. Менин терең ишенимимде ошондой бир касиети, азгырыгы бар. Биз болсо өзүбүздү майдалабай, формада кармап жүрүшүбүз керек. Фейсбук эле эмес, журналистикадан да окчунураак – формада карманып жүрүшүбүз керек. Бул принципти мен жаш кезимден тутунам. Ал турсун “Азаттык” радиосунда иштеп жүргөн учурумда да аябай этияттанып  турчумун. Көркөм дүйнөңү кемирип-кемитип, кагыратып-катырып таштайт тигилериң.

 — Анда эмне үчүн сиз калемдештериңизди чакырып жатасыз фейсбукка?

— Сен ушул жерин туура жаз. Мен аларды чыгармалары аркылуу фейсбук талаасында жолугуп турууга чакырдым. Чыгармалары аркылуу. Бул өздөрүнө да, окурмандарга да өтө керек. Себептерин айттым го жогоруда.

  — Сиз, демек, көркөм чыгармачылык деген нерсе саясаттан алда канча бийик, алда канча таза дегенди айтып жатасыз, туурабы?

— Алда канча бийик! Алда канча таза! Карап көргүлө, саясатта азыр кимдер гана жок? Баарысы бар. Чоң саясаттын өзүндө. А каалаган кишинин бардыгы эле чыгармачылыктан каалагандай орун таба албайт. Сонун кылып айтып жүрүшпөйбү Абылай-хандын сөзүн. Ырчысын өзүнөн өйдө – төргө олтургузуп жатып: “Мени Хан кылып эл шайлаган, сени болсо акын кылып Кудайым өзү шайлаган…” – деген тура кайран көсөм. Андыктан көркөм дүйнөгө көрөсөн мамиле ар дайыма зарыл.

Ушул жерден мен бир окуяны айткым келип атат. 2012-жылы болуш керек, октябрь айында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барып калдык чакыруу менен. Алардын улуттук майрам күнү эле. Маданият жана маалымат министринин орун басарымын. Ошол күндөрү биздин министрликтин жана  тигилердин Эчилигинин уюштуруусунда Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун ырчы-чоорчулары Бишкекте гастролдо болчу. Барсак, Республиканын Күнүнө арналган салтанатты кытайлар тиги кыргыз өнөрпоздоруна хор түрүндө “Манас” айттыруу менен ачып атпайбы! Мына көркөм дүйнөгө мамиле! Мына кенендик! Мына саясат! Алар майдаланса – Манастын Кытайга каршы күрөшкөнүн эске алышат эле да. Майдаланганы жок. Хор түрүндө “Манас” айттыруу менен кытайлар көркөм дүйнөгө өзгөчө мамилесин да билдирди, кыргызстандыктардын көңүлүн да көкөлөттү, ырчы-чоорчуларын ыктуу да пайдаланышты.

— Сиз азыр Түркияда жашагандыктан, теманы ошол жакка бурайын дедим эле. Түркиянын артыкчылыктары кайсылар? Байкай алдыңызбы? Ошол эле кезде аларга караганда Кыргызстандын артыкчылыктары кайсылар?

— Кыргызстандыкы, кыргыздардыкы – жапырт билимдүүлүгү. Арасында али сабатсыздар аз эмес экенине карабастан. Кыска мезгилде ушунчалык кенен жайылган жана бийик көтөрүлгөн билимге жетиш – космикалык ылдамдык! Ал эми Түрктөрдүкү – мекенчилдиги. Мекендин кызыкчылыгын өздөрүнүн өмүрүнөн алда канча бийик коюшат. Майдаланбайт. Бизде бир окуядан беш киши көз жума турган болсо – беш жүз саясатчы-болумуш, беш жүз журналист-болумуш ошонун айланасында чуру-чуу салып жыргайт эмеспи. Түрктөр мындай пастыкка эгерим барышпайт. “Түркиябыздын башы соо болсун!” – дейт да, токтотот баарысын. Дагы бир жагын айтайын. Түркиядагы 80 миллионго жакын түрктөрдүн 20 пайыздан ашыгы англис жана башка чет тилдерди мыкты билет деген маалымат бар. Бирок Түркиядан түрк тилин билбеген түрктү табыш мүмкүн эмес! Түрк менен түрктүн башка тилде сүйлөшкөнү – шермендечилик сыяктуу. Демек, кыргыздардын алардан уялбай эле үйрөнө турган жактары көп.

 — Кожоке, чыгармачыл адамды, айрыкча сиздей калемгерди дайыма ой басып жүрөт эмеспи.

— Айрыкча мекенден сыртта жүргөн адам ойго, анан Кудайга жакын болот.

 —  Ошо көңүлүңүздөн көптөн бери кетпеген, көкүрөгүңүздү түпөйүл кылган, кези менен кыжырданткан ойлордон бөлүшсөңүз?

— Бир макала жазсамбы деп, кайра чыгынбай калган ой бар эле. Ошону бөлүшсөм бейм сени менен. Бизде, Кара-Кулжада «деңгене» деген түшүнүк бар. Кышындасы он-он беш киши чогулат да, мисалы, бир уй союп, бѳлүп алышат. Ошол деңгенеге кирген киши кийин башка деңгенеге деле кире берет – башка союлган малдан деле үлүш алууга акысы бар. Айтайын дегеним, Жогорку Кеңешке шайлоо алдындагы партиялардын түзүлүшү – ошол жеке курсактары үчүн түзүлө койгон деңгенеге аябай окшоп турат. Белгилүү адамдар, тактап айтканда, акчалуу саясатчылар чогула-чогула калып эле,  кайсы бир партиянын атынан шайлоого кетишет. Ошо дагы болчубу? Ошо дагы партиябы? Партиясы тарап кетсе го – башка иш эле.

Партия деген – эң башкысы, кѳз караштардын, ишенимдердин,  идеялардын биримдиги го. Каратып туруп мурдагүнү тиги партияда (деңгенеде), кечээ ал партияда (деңгенеде), бүгүн бул партияда (деңгенеде) жүрүп атышат. Карапайым калк кашкайта кѳрүп турбайбы баарысын. Көпчүлүк депутаттарга болгон ишеним ошол  кылыктарынан улам эле кетип калган. Болбосо өздөрү суу башында – мыйзам чыгаруу жагын мычкып олтурушат. Партиялар боюнча мыйзамга кайсы бир партияда үч же беш жыл мүчө болгон партиянын мүчөсү гана ошол партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер боло ала тургандыгын бадырайта жазып коюш, эмне, кыйынбы?

Антон Чеховдун «Душечка» деген классикалык аңгемесин билесиң.

— Билем, муну менен эмненин башын кылтыйткыңыз бар?

— Кайран Мурза Гапаров ѳтѳ жакшы кѳрчү ушул аңгемени. Мен Чеховдун «Попрыгунья» деген аңгемесинин айрыкча күйѳрманы элем. Талашчубуз кадимкидей – тигил жакшы, бул жакшы деп. «Душечкада» Оленька Племянникова деген башкы каарман аял бар эмеспи. Ал театр башчысынын аялы болуп турганда жалаң театр жѳнүндѳ сүйлѳйт, театр иштери боюнча күйүп-бышат, токойчунун аялы болуп турганда жалаң гана токой боюнча сүйлѳйт, токой иштери боюнча күйүп-бышат, ветеринардын аялы болуп турганда жалаң ветеринария боюнча сүйлѳйт, ветеринария иштери боюнча куйүп-бышат. Ошол аңгемени Чехов азыркы кыргыздар үчүн жазганбы деп ойлоп кетем. Партиядан партия алмаштырган, мурда тиги партиядан, кечээ ал партиядан, азыр бул партиядан депутат болуп шайлангандар кудум ошол Оленька Племянникованын өзү сыяктуу. Сарказм ушунда – Оленька Племянникованын, көрсө, жеке пикири, принциби, ою жок экен. Жанагы сѳздѳр, жанагы күйүп-бышуулар – жалаң гана жаңы тийген күйѳѳлѳрүнүкү экен… Азыркы бир катар депутаттардын, тактап айтканда, “Акжолдон” баштап партиядан партия алмаштыргандардын да Племянниковадай жеке пикири, принциби, ою жок жок окшобойбу…

— Түшүндүм… түшүндүм… Өлтүрдүңүз эй, түбүнө түшүрө айттыңыз)))).

— Биздин эл ишенимине ээ болгондор Чеховдун ошол «Душечка» аңгемесин окуп коюшса жакшы болмок… Ошондо кабык сыңары калып калбай, кѳп кишилер партиясы куласа – кошо кулап, партиясы жеңсе, кошо желбирейт беле дейм. Ошондо партиялар боюнча мыйзамдарды принципиалдаштырышат беле дейм…

 — Сиз үч, беш жыл кайсы бир партияда мүчө болгондор, башкача айтканда, ошол партияга аздыр-көптүр эмгек сиңиргендер депутаттыкка сунулса деп жатпайсызбы. Жаңы түзүлгөн партиялардыкы кандай болот анда?

— Кандай болмок эле? Партиялар боюнча мыйзам принципиалдашса – так шайлоонун астында партия түзө коюуга бөгөт коюу керек. Кеминде беш-он жылдык ишмердүүлүгү бар партиялар гана депутаттыкка талапкер көрсөтүүгө укуктуу болорун бадырайта жазып коюу керек. Бүттү.

— Бирок партияларга топтоло калышып, парламенттен устукан талашмай Кыргызстандан башка өлкөлөрдө деле болсо керек?

— Манастай баарысын бүктөп сала турган баатыры бар кыргызга, “Манастай” дүйнөдө теңдеши жок эпосу бар кыргызга, манасчылык менен төкмөчүлүктөй өзгөчө өнөр-касиеттери бар кыргызга, ааламда жок Айтматову бар кыргызга, деморкаттык жылдызы жаркырап жанып турган кыргызга (жака-белиндегилерге салыштырмалуу) “тигил мамлекетте деле мыйзам тигиндей”, “бул мамлекетте деле мыйзам мындай” деген – жарашпаган жооп. Чыныгы кыргыздын жообу эмес! Кыргыз үлгү болуш керек жан-жакага! Кыргыз биринчи оңдош керек ошондой алешемдиктерди. Кыргыз башташ керек баарысын!

— Кыргызга кыжынган учурларыңыз бир топ болуш керек алыста жүрсөңүз да.

— Кыргызга дегенде болбойт ко. Кыргыздын атка минерлерине. Бир жолу сырттан  келген делегацияны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине – Кетмен-Төбөгө алпардым. Октябрь айы болуш керек. Суусамырдагы жүздөгөн бозүйлөрдүн (бозүй кармагандардын) баарысы көчүп кетишиптир. Бирок ошол жүздөгөн бозүйлөрдүн (бозүй кармагандардын) ажатканалары калыптыр. Суусамыр кооз жайлоо эмеспи. Меймандар эки жакты тынымсыз карап болбойт! Эки жакта тең ажатканалардын чыпталары шамалга ал-ансайын желбиреп, каалгалары шамалга ал-ансайын кайчылдап-чабылып, кыйраганы кыйрап жатат. Жүздөгөн ажатканалар! Тигилердин алдында кандай акыбалда баратканымды элестете бер. Болбосо ушул – бир телефондук эле иш болгону. Өкмөттүк уюштуруу комитетинин жеткчиси же Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Чүй менен Таластын облус башчыларына “Журттарын ар ким тазалап кетсин, көзөмөлгө алдырыңыз” десе эле, ар кимиси артын жыйнап кетмек. Кетмен-Төбөгө борбордон бара турган жалгыз гана жол Суусамыр аркылуу экенин, эмне, билишпейби. Бизден башка да канча чет өлкөлүктөр, канча аттуу-баштуулар өтпөдү дейсиң ошо жолдон. Баарысына шермендебиз чыкпадыбы…

Буга улай дагы бир кызыкты айтып берейин. Өткөн жылы Түрк дүйнөсүнүн өнөрпоздору Казакстандын Түркистан шаарына Нооруз салтанатына чогулбадыбы. Андан кийин бир нече топко бөлүнүп, бир нече шаарда Нооруз салтанаттарын улантышты. Мен 47 өнөрпозду Чалдовардан тосуп алдым. Кара-Балтада Нооруз концертин бердик. Карабалтанын мейманканалары начар болгондуктан, Бишкекке алып кеттим анан. Автобуста түркиялык жигит-кыздар биздин жолду карап эле бирдемелерди сүйлөшүп атышат. Автобус болсо жолго жараша кайшың-куйшуң болуп акырын баратат. Анан бирөөсү мага кайрылып: “Биз эмне  кичинекей, жаман жолдо баратабыз, трассага түшпөй?” – десе болобу. Трассабызда эле келатканбыз. “Ой, трасса алыс… тетиякта. Биз айыл аралаган кыска жолго түштүк… тез жетебиз…” – дедим муңайбай туруп.

— Кыргызстандын абийрин жаапсыз да. Түрк дүйнөсү демекчи, ушу түрк дүйнөсүндө ТҮРКСОЙдун орду чын эле өзгөчөбү? Көкөлөткөн эле сөздөрдү угам.

— Бул суроону мага бергениң кызык болуп атат. Мен ого бетер көкөлөтөм да. Тамаша. Казактын легендарлуу опера ырчысы Бибигүл Төлөгөнова эже айтат: “Мен СССРдин эл артиси катары СССРдин бүт-бардык аймагын кыдырдым окшойт.  Бирок биз кучакташкан көптөгөн элдер биздин досторубуз эмес – туугандарыбыз экенин дегеле билбепбиз. Мына эми ТҮРКСОЙ аркылуу гана алардын Түрк элдеринен экенин билип, көзүбүз ачылып олтурат…”

Бул сөздө көп маани жатат. Анан калса, ТҮРКСОЙ түрк дүйнөсүнүн биримдигин калыбына келтирген, күчөткөн эл аралык уюмдардын эң аксакалы. Ошол эле кезде өрнөгү. Үстүбүздөгү жыл –  курулгандыгынын 25 жылдык мааракеси. ТҮРКСОЙду өрнөк тутуп Түрк Кеңеши (Стамбулда), ТүркПА (Бакуда), Түрк Академиясы (Астанада), Түрк маданий кору (Бакуда) эл аралык уюмдары ишмердүүлүгүн ийгилик менен улап келүүдө. ТҮРКСОЙдун каражаты аз болгону менен, кайраты, анан кадыры күчтүү. Ошончого жеткирүүдө, албетте, Баш катчыбыз Дүйсен Касеиновдун эмгеги эбегейсиз. Айрыкча Түркия Республикасындагы мекеме-уюмдар колдоп-буттап сүрөөгө алып турушарын белгилей кетейин. Андыктан, жыл сайын өзүнүн бүджетинен кеминде 10-15 эсе көп жумуш аткарат.

— Түрк дүйнөсүнүн аты менен иш жүргүзгөн уюмдар өтө эле көп го?

— Көп. Бирок парадоксу да көп.  Күлөсүң алардын айрымдарын карап туруп. Мисалы, алыс барбай эле, жазуучулар бирликтерин айталы. Түркияда бир нече жазуучулар уюму бар. Демек, бир нечеге бөлүнүп иштешет. Палоо жегенде топтоло калчу саналуу бармактар бар го, кудум ошо бармактардай – активи төртөө-бешөө эле.  Анан аты эле укмуш, аты эле эсти оодарат  “Түрк Дүйнөсү… “ деп башталып. Өй, Түрк дүйнөсүн койо туруп, өзүңөрдү – Түркиянын калемгерлерин бириктирип алгылачы дегенге аргасызсың… Анткени, бири-бири менен анча катышпайт. Сырттан келген бизге да кыйын. Тигинисинин иш-чарасына активдүү катышсаң – мунусу тескери карап калат. Беркинисинин журналына жарыялансаң – аркынысынын саламы салкындай түшөт. Анан ошолор кантип Түрк дүйнөсүн бириктире алмак эле?

Мен дагы бир нерсени таптакыр эле кабыл ала албай койдум. Кабыл алмак тургай – каршымын ага! Мисалы, биз, кыргыздар “кыргыз тили”, “казак тили”, “түрк тили”, “азербайжан тили”, “татар тили” ж.б. деп сүйлөйбүз го.  Ошол эле кезде алардын баары түрк тили тамырынан чыккандыгын унутпайбыз. Түркияда ошо тилдер “кыргыз түркчөсү”, “казак түркчөсү”, “түркия түркчөсү”, “азербайжан түркчөсү”, “татар түркчөсү” ж.б. деп сүйлөнөт. Тигилерди өзүнчө тил эмес, түрк тилинин диалектилери деп карашат.

— Шовинизм жыттанат ко?

— Менимче, так айтылбаган, чаташып калган терминдер. Түрктөрдүкү го түшүнүктүү. Түркиядагы кыргыздар, казактар, азербайжандар, татарлар ж.б. өздөрү жаагын жанып ушул терминдерди колдонушат. Кудайды карашса боло дейсиң, дүйнөдөгү теңдеши жок эпос “Манастын” тили – кантип эле өзүнчө тил эмес, диалект болуп калсын?! Мен, маселен, “Манас” кыргыз тилинен башка тилде ушунчалык “Манас” болоруна дегеле ишенбеймин! Айтайын дегеним, улутка урмат көрсөткөндө – биринчи анын улуттук тилин баалаш зарыл го. Элестетип көргүлө “орус славянчасы”, “немис славянчасы”, “болгар славянчасы” деген тилдик түшүнүктөрдү…

Бирок мен Түрк дүйнөсүнүн эл аралык катнаш тили – азыркы түрк тили болуш керек дегенге толук кошулам. Баарысы бул тилди үйрөнүүгө кызыкдар болуш керек. Бардык түрк тилдүү өлкөлөр азыркы түрк тилин жаштарга үйрөтүү программаларын иштеп чыгууга тийиш. Орус тилин үйрөтүү программалары бар го. Ошол сыяктуу. Бул, биринчиден, 80 миллионго жакын калкы бар түркиялыктар менен, анан, башка өлкөлөрдөгү көптөгөн түрктөр менен, анан, түрк тилине жакын азербайжан, түркмөн сыяктуу калктар менен эркин баарлашууга мүмкүндүк ачат. Экинчиден, кыргыз тилин жакшы билген киши түрк тилин жакшы билсе – калган түркий тилдерди сөзсүз түшүнө аларына өз практикамдан улам көзүм жетти.

Мен азыр “түркий” деген сөздү атайын колдондум. Бул сөздү адамзаттын генийи Чыңгыз Айтматов дайыма колдончу. Ушул сөздү активдештирүүнүн зарылдыгы турат. Ал тургай жалпы түрк дүйнөсүнө чыгарышыбыз керек. Маселен, “Түрк элдери” деген – чаташ түшүнүк да. Ал Түркиянын ичиндеги элдерди дагы түшүндүрөт. Ошон үчүн Түркий эл – Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдер маанисинде, Түркий тил – түрк элдеринин тили маанисинде, Түркий мамлекеттер – калкы Түрк тилдеринде сүйлөгөн мамлекеттер маанисинде колдонулушу лаазим деген ойдомун. Азыркы түрк улутунан ажыратып турган түшүнук болмок.

Кээ бир окумуштуулардын, аттуу-баштуу кишилердин келечекте Түрк дүйнөсү бир тилде сүйлөөгө жетишишибиз керек деген ойлору, көксөөлөрү – бери дегенде оголе опуртал нерсе. Түркий тилдердин ар бири эркин өнүксүн! Ошол эле кезде орток катнашуу тилибиз болсун!

— Ырахмат, агынан жарылган аңгемеңиз үчүн.

Аңгемелешкен Олжобай ШАКИР

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *