АҢГЕМЕ

— Тоолетная бугама.

— Туалетная бумага деп оку, гелдир.

— Тоолетная бугама эле. Муну эркелетип туа-алетная деп алган тура тимеле.

— Эмне экен окуса. Ызвучит! Керек болсо кыргызча кыраатын келтире даарат кагаз деп окуп койсом эмне кылып аласың?!

— Хе анда мунуңдун чыныгы жүзү менен ишин …өт аарчы деп айтып таштасам өзүң эмне кылып аласың?

— Тфуй ата, оозуң жаман балит ко. Даарат кагаз менен аарчып алчы.

— Былжырап кооз калпты айтканча ушинтип жылаңач чындыкты айткан жакшы.

— Ошол жылаңач чындыкка кооз калпты кийгизип туруп рекламалашат керек болсо.

— Мисалы…

— Мисалы туалетная бумага.

— Тфуй ата, андан башка айтаарың жокпу?!

— Ал деген билсең ата-мекендик өндүрүш чыгарган заты жумшак, аты кооз бирден бир товар.

— Хе… товар деп койгонун. Трактир чыгарсак дүйнөнүн кулагын тундурмак окшойбуз. Ачка отуруп сүйлөгөнүбүз ушул…

— Ачка отуруп деп… Эй бул кагаз эмненин белгиси экенин билесиңби ыя?

— Эмненин белгиси?

— Токчулуктун белгиси.

— Кандайча?

— Момундайча! Тойбосоң муну алып туалетке барасыңбы?!

— Ал үчүн бизде гезит деген кокодон.

— Гезитиң тазаламак тургай кайра кара боёгун жугузат.

— Гезиттин бары эле арттан каралабайт эй, арасында агартуучулары деле бар.

— Дал ошолор актайм-мактайм деп атып жукма аки таштай баарын агала-сагала кылып атышат билсең.

— Каралап атабы, агала кылып атабы дың эткен киши да, натыйжанын изи да жок. Сөз эркиндиги имиш дагы.

— Натыйжа бар.

— Кана аның?

— Мына аным. Туалетная бумага.

— Тфуй ата. Кайра эле көчүк аарчыңды алып чыктыңбы?

— Ушунча көп гезит, толгон программалар, заң-мыйзамдар чыкпаса даарат кагаз да чыкмак эмес.

— Кантип чыкмак эмес? Ушуну чыгарыш үчүн дагы программа түзүп, закон жазыш керекпи?

— Эй келесоо толгон-токой ошол баардыгына макул аа туура деген кагаздар болбосо буга каяктан сырьё келет эле аа?

— Эхе, коё турсаң сырьё демекчи…Бу сенин «туа-алетная бумага өзүбүздүн продукция» деп ооз толтура мактаган немең биздики эмес турбайбы көрсө.

— Кандайча биздики эмес?

— Кагаз сырттан келип атса, кайсыныңа мактанасың дейм да.

— Ооба, сырьё сырттан келип атат, бирок биз аны кайра иштетип атабыз, керек болсо гезит, китеп чыгарып, андан кайра даарат кагаз чыгарып бир эмес, эки жолу кайра иштетип атабыз. Вот экономика!

— Кайра иштетүү деген билсең, мисалы үчүн бадыраң өстүрсөң аны ошол бойдон арзан кармата бербей туздап, банкалап туруп сыртка кымбат сатуу. А бизде болсо тескерисинче, сыртка эндей бойдон арзан беребиз да кайрале ошону банкаланган бойдон эки эсе кымбат сатып алабыз.

— А алардын банкаларычы?

— Эмне банкаларычы?

— Банкаларын биздин катындар кандай пайдаланып атышат?

— Тфуй ата, экономикага болгон түшүнүгүң ушулбу сенин.

— Сага караганда жакшы билем экономиканы.

— Билсең импорт менен экспорттун айырмасын айтчы.

— Айтса айтам, мисалы үчүн сендей колунан эч нерсе келбеген, бизде эч нерсе жок деп оозун куу кагаз менен аарчып атып да ошону көрө албаган гелдирди чет өлкөгө кымбат сатып жиберсек экспорт болот да, алар сени бизге кайра сатса импорт болот.

— Ошентсеңер кана! Четке эптеп жетсем тоолетная бугамадан башка чыгара албаган силерге өлсөм да кайтып келмек эмесмин.

— Туалетная бумага де эй.

— …өт аарчы!

— Тфуй ата…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.