Ооба,  бизге ушундай сезилет.

Коштошуу күнүндө Элмирбек инибиз: “Кээ бирөөлөр Чыкемде, \ арман жок деп ойлошоор,  \ жыргалдар Чыкем көрбөгөн,  \ калган жокдеп ойлошоор…\” – деп төгүп ырдагандай,  чын-чынында эле,  бу жарык дүйнөдө ал киши көрбөгөн сый,  жетпеген зоболо – өз эли,  өз өлкөсү түгүл,  мүлдө жер жүзүнүн мамлекеттери менен эл аралык уюмдардын,  академиялар менен сан түрдүү басылма-коомдордун кадырлап-урматтап ыйгарган өзгөчө артыкчылык белгилери – таланты,  акылы,  коомдук ишмерлигине кол коюп,  таазим жасаган даражанаам баскычтары калбагандай сезилет.

Бир гана шведдин Нобель сыйлыгын албаганы болбосо,  андан башкасы энчисине тийип,  ошол аркылуу уюткулуу кыргыз журтунун мактаныч-сыймыгы артып,  түндүгү бийиктеп,  ат-кабары таанылып, бир сөз менен айтканда,  эли менен аты уйкаш Залкардын касиеттүү Ала-Тоо койнунда туулуп калышы жараткан Теңирдин эркинен маңдайга жазылган улут,  эл таалайындай сезилет. Бирок,  бирок…

Бирок ошол жалпы мүнөздө айтылган “жыргал” деген эмне да, жөнөкөй пенделер шаңкайган чоң тоону көргөндөй таңдана караган атак-даңк “пирамидасы” деген эмне? Эгер бул жагдайда философияга берилсек,  анда дегеле аяк-чеги түгөнбөс көп сөз айтууга туура келээр эле.

Мейли,  кызыкчылык үчүн деле болсун,  убагында устаты — Улуу казак жазуучусу Мухтар Ауэзов Советтер Союзундагы жаш жазуучулардын ичинен “№1-жазуучу” катары баалаган “Бетме-бет”,  “Жамийланын” авторунун ошондой эл билген — тууган жер эс тутумуна катталган сыймыктуу атак-даңк тизмектерин кайра бир “параддан” өткөрүп чыгалычы: чыгармалары дүйнөнүн 176 тилинде,  128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан — улуттун гана эмес, жалпы адамзат үй-бүлөсүнүн генетикалык эс тутумуна кирген, ЮНЕСКО 20-кылымдын эң көп окулган жана китептери эң көп басылган сөз чеберлеринин катарына кошкон гениалдуу жазуучу; Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963); СССР Мамлекеттик сыйлыгынын үч жолку лауреаты (1968, 1977,  1983); Кыргыз эл жазуучусу (1968); Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги (1974); Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1976); Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978); эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени, Элдердин Достугу ордени, СССР Маданият министрлигинин Н.К.Крупская атындагы медалынын лауреаты; Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997); I даражадагы Манас ордени, Россиянын Достук ордени (1998), Казакстандын Отан ордени (2000), Өзбекстандын Дустлик ордени, Венгриянын Өзгөчө эмгеги деген орденинин офицердик крести, Польшанын Жылмаюу ордени, Токионун Чыгыш философиясы институтунун “Тынчтыкты сактоо жана жер жүзүндөгү гүлдөп-өсүүнүн урматында маданият жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн”Ардактуу медалынын ээси; Кубадагы Марк Твен клубунун Ардактуу рыцары (1969); Италиянын “Этрурия” адабий сыйлыгынын лауреаты (1980); советтик жазуучулардан биринчи (!) болуп Париждеги Европа илимдер,  искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (1983); Джавахарлал Неру атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты (1985); “Ысык-Көл форумунун” президенти (1986); Рим клубунун мүчөсү (1987); Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илим жана искусство академиясынын академиги (1987); Европанын адабият сыйлыгынын лауреаты (1993); “Лотос” сыйлыгынын лауреаты; “Огонёк” журналынын сыйлыгынын лауреаты; АКШдагы Калифорния Эл аралык илим,  маалымат,  билим берүү жана искусство академиясынын академиги (1995); диний сыйлыктардан: Американын диний экумендик “Ыйманга чакыруу” фондунун сыйлыгынын жана теолог, богослов,  демократ,  адабият-маданият күйөрманы Александр Мень атындагы сыйлыктын лауреаты; Бавариянын Ф.Рюккерт атындагы сыйлыгынын лауреаты; В.Гюго атындагы маданияттын Ардактуу сыйлыгынын лауреаты; Түркия Өкмөтүнүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку сыйлыгынын лауреаты; Казакстандын Президентинин Тынчтык жана руханий биримдик сыйлыгынын лауреаты; Италиянын маданий демилгелердин Жер ортолук деңиз борборунун Эл аралык сыйлыгынын лауреаты; Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгынын лауреаты ж.б.

Ал эми бул айтылгандарга жазуучубуздун коом атуулу,  өлкө-мамлекет ишмери катары туура 40 жылга – 1966-жылдан 2006-жылга (элчилик кызматтан кеткен жылга) чейин созулган эң жоопкерчиликтүү жана эң ар кыл мүнөздүү аткарган иштеринин толук эмес тизмесин кошумчаласак,  анда ал:

1966-1989-жылдары Кыргыз ССРинен СССР Жогорку Советинин 7-12-чакырылыштарынын депутаты; СССР Жогорку Советинин Улуттар Советинин чет элдик иштер боюнча Комиссиясынын мүчөсү; 1989-1991-жылдары СССРдин эл депутаты; КПСС БКнын мүчөсү; Кыргызстан КП БКнын мүчөсү; Кыргызстан Кинематографисттер союзунун башкармасынын төрагасы; СССР Жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы; СССР Кинематографисттер союзунун секретариатынын мүчөсү; Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештиктин Советтик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы; “Иностранная литература” журналынын башкы редактору; интеллектуалдардын Эл аралык “Ысык-Көл форуму” кыймылын түзүүнүн демилгечиси; 1990-жылдын мартында Михаил Горбачевду СССР Президенти кылып шайлоодо номиналдык сөз алып сүйлөөгө тандалган СССР Жогорку Советинин мүчөсү; СССРдин Президенттик кеңешинин мүчөсү; 1990-жылдан — СССРдин,  1992-жылдан — Россия Федерациясынын Люксембург Улуу Герцогундагы элчиси; 1994-2006-жылдары Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрү – Бельгия,  Люксембург жана Нидерланддардагы элчиси; 2006-жылы тилектеши Фархад Устажалилов менен бирге өз атындагы Эл аралык “Чек арасыз диалог” фондун негиздеп,  анын алкагында “Чек арасыз дүйнө” долбоору жана мурдагы СССР республикаларында орус тилин өнүктүрүү жана колдоого алуу программасы иштелип чыгып,  өмүрү өткөнчө аталган фонддун президенти болбоду беле.

Чындыгында эле,  атак-даңк жана зоболо бийиктиги биздики болсо деп эң көптөр суктанган Айтматов феноменинин ушунча кең алкак аркылуу алыс-жакынга бирдей таанылган өзгөчө көрүнүшү экенинде шек жок. Эгер “Биринчи мугалим”,  “Бетме-бет”,  “Жамийла”,  “Саманчынын жолу”,  “Гүлсарат”,  “Ак кеме”,  “Эрте келген турналар” сыяктуу чыгармаларын мектепте өтүүгө камынган мугалим, сөзүнүн алдында,  анын кантип “адамзат Айтматову” атыкканына далил болуучу сыйлыктар жана даражалар тизмегине эле бир-бирден “жиликтеп” – кеңири токтолсо,  анда ал үчүн канча саат,  канча убакыт талап этилмек да,  дүйнөнү жымжырт класс ичинде кыял менен кыдырган өскүлөң балдар көңүлү канчалык сыймыкка жана аң-таң калууга толмок. Бали,  бали! Дагы кайталап айталы,  баса белгилейли:ушул жаңы көчүн козголткон 21-кылымда өз тили,  өз руху жана өз тарыхынын дем-күүсү бүтпөс дастандай даңк санжырасынан окулуп, көзгө сүрөт да болуп тартылган мындай Улуу мекендешке ээ кыргыз балдардан бактылуу ким бар экен?!

Бири кем дүйнө десең,  ушунча “төлдөп” түшкөн атак-даңк жана зоболо “галереясына” Швед академиясы ыйгарчу престиждүү Нобель сыйлыгы толуктоо болуп кошулганда,  кандай сонун иш болмок. 1901-жылы негизделип,  алгач адабияттан 1913-жылы Индиянын улуу акыны,  жазуучусу жана ойчул-гуманисти Рабиндранат Тагор татыктуу болгон бул аталган сыйлык Чыке дүйнөдөн өткөн 2008-жылга чейинки 95 жыл аралыгында бирөөгө тийсе,  а бирөөгө тийбей,  мындайча айтканда,  кандайдыр “көздөн учкан көк жээк” болуп – анын өзүнө да жазган ар кыл жанрдуу,  ар кыл багыттуу чыгармаларынын начардыгынан эмес,  а,  биринчи кезекте,  мурдагы “советтик” жана “коммунист” деген ат-жөнүн өөндөп,  ага кошумча,  1973-жылдын 31-августунда советтик жазуучулардын тобунда “Правда” гезитинин редакциясына жолдонгон А.И. Солженицын жана А.Д. Сахаров жөнүндө белгилүү Катка кол койгон деген “кеги кайтпаган” саясий жик-түргө бөлүүнүн айынан атайы (!) кыйкымдап берилбей калганын адабият,  искусство,  философия ж.б. жаатында жедеп көк чоку болушкан таанымал интеллектуалдар түгүл,  ошол жөнөкөй мектеп класстарында мадырабаштарга Айтматов ааламын тааныткан адабият мугалимдери да ар дайым айтышат. Болбосо,  “орус жеринин улуу сүрөткери” саналган Лев Толстой баш болгон алп-лөктөр албаган сыйлыктын лауреаттык тасмасын өз өлкөсүнө батпаган ошол А.И.Солженицын,  И.Бродский сыяктуу “мекенсиз” прозаик-акындардын опоңой эле тагынып калганы чыныгы чоң адабият кызыкчылыгын көздөгөн жалпы адамзаттык түшүнүктө таңдана турган окуя эмес бекен?

Бул жерде,  19-кылымда динамитти ойлоп чыгарган инженер-химик Альфред Бернхард Нобелдин 20-кылымда Бакуда өтө зор нефть компаниясын ээлеген мураскорлорунун бири Густав Нобелдин кийин Советтер бийлигин жалаңкычындай көрүп,  аны кулатуу үчүн куралдуу согуш ачууга Парижде туруп миллиондорун оңду-солду чачып,  дегеле Советтер өлкөсүнө жан тарткандарды,  аны “жакшы” деп оозангандарды ушул сыйлык аркылуу да “томсортуп,  четте калтырууга” катуу аракет жасаган “ишмердигин” эске алып койгонубуз оң. Демек,  мурдагы коммунист Ч.Айтматовдун өз заманынын адамдары жана окуяларын сүрөттөө менен таанылган чыгармалары да,  өз өлкөсүнүн ачуу-таттуусун тең бөлүшүп көтөргөн бек атуулдук жана коомдук ишмерлик позициясы да,  жогоруда айткандай,  дегеле “совет”,  “коммунизм” деген сөздөргө аябай тиштигип,  андайды жактаган,  тигил же бул өлчөмдө симпатия билгизген дегенге өмүрү өткөнчө каршылык көрсөтүп,  анан,  не себептендир,  качандыр бир кезде өзү бизнесин жайылткан азербайжан жергесиндеги “таасирден” уламбы,  мүлдө түрк дүйнөсүнө тийиштүү жашоо мүнөзүн гана эмес,  эң бир жаманы — ар башка эл,  ар башка муун болуп түрк насилинен чыккандарды да анчалык жактыра бербеген нефть магнаты Густав Нобелдин тымызын саясат түрүнө айланган “осуяттарын” алиге унутпай сактаган ак чачтуу швед академиктеринин “адилет сынына” туура келе койбогондугу биз баарыбызга бештен белгилүү нерсе эмеспи.

Ушундай өзгөчө жагдай-себептин айынан кыргыз жазуучусун Нобель сыйлыгына көрсөтүү маселеси анын өмүр соңунда гана көтөрүлүп калды. “Азыркы замандагы эң ири түрк тилдүү жазуучу” катары чыгармачылыгын жогору баалагандардын каалоо-талабын эске алган Түркия өкмөтү сыйлыкка көрсөтүү комитетин түзүп, ошол комитет жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгын арттырчу зобололуу сыйлыкка сунуштоонун конкреттүү жол-жобосу ар тараптан колдоого алынган. Бирок  аттиң, бая Алыкул “Жеңишбек” поэмасында жазгандай,  “турмуш канча мол болсо да,  ар дайым бир жеринен толбой” калып,  жазмыш канча бир сонун-сонун тилекти эч ким күтпөгөн кырдаалда мезгилсиз,  негизсиз өксүтүп да,  бөгөттөп да коёт тура – жазуучубуздун өмүр насиби андай кубанычтуу күндү көрүүгө аз-аз гана жетпей — кемчил болуп калды. Балким,  дагы бир-эки эле жыл жашай түшкөндө,  кайран Чыке Нобель сыйлыгын 81 жашында алган араб жазуучусу Нагиб Махфузга окшоп “аксакал лауреат” — бул сыйлык тасмасын тагынган биринчи (!) түрк тилдүү жазуучу болуп калат беле,  ким билет?! Кандай деген күндө да,  өкүнүчтүү жана өкүнүчтүү…

Нобель сыйлыгы тууралуу мынчалык сөз болуп калгандан кийин,  окурманга маалымат иретинде Ч.Айтматов дүйнөдөн өтөөрдөн беш жыл илгери — 2003-жылы эгемендүү Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев баштаган расмий делегациянын курамында Альфред Нобелдин Мекени — Швеция Королдугуна барган унутулгус окуяны да эскере кетүүнүн ыңгайы келип турат. Аны Майрам Акаева ошол эле жылы Москвадан жарык көргөн “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” деген китебинде көздөй күбө катары төмөндөгүдөй баяндаган: “…Жакынкы мезгилде эле Швеция Королдугуна каттаган сапарыбызды эске түшүрбөй коё албайм. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен сүйлөшүүлөрдөн тышкары,  анда бардыгыбыз үчүн маанилүү дагы бир максат болду. Делегациябыздын курамында Чыңгыз Төрөкулович Айтматов да бар эле. Биз Чыңгыз агага анын качандыр бир кезде Нобель сыйлыгынын лауреаты болуп кала тургандыгына ишенген тилегибизди жашырбай сыр кылдык. Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын музейин аралап көргөн учурубузда,  келечекте мындагы алтын тизмеге Чыңгыз Төрөкуловичтин да аты жазылган күндү көз алдыбызга келтирип,  жакшы үмүт отун жандырдык.

Королдук Швед Илимдер академиясы менен таанышкан мезгилде Аскар Акаевич өз тилегин академиянын президенти,  профессор Ян Карлсон жана жолугушууга катышкан академиянын мүчөлөрү менен бөлүштү. Швециянын илимий элитасынын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын Президенти өз өлкөсү жөнүндө,  элибиздин татыктуу уулу — Айтматов жөнүндө кызыктуу аңгеме куруп берди. Өлкөнүн королу Карл Густав ХVI менен жолугушканда Аскар Акаевич ага Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө баяндаган китепти тартуу кылды. Анда ЮНЕСКОнун 1998-жылдагы маалыматтары келтирилген. Ошол маалыматтарда төмөндөгүдөй сөздөр бар эле: “Ч.Айтматов – азыркы замандын китептери эң көп басылып чыккан классиктеринин бири.

Ч.Айтматовдун китептери дүйнөнүн 165 тилинде 830 жолу, 67, 2 миллион нуска менен басылып чыккан”. Муну окуган король биздин улуу жердешибизге болгон суктануусун билдирди. Кечинде Чыңгыз Төрөкулович,  Аскар Акаевич жана мен үчөөбүз достук дасторконго чогулдук. Өткөн нерселерди эске түшүрүп, алган таасирлерибизди бөлүшүп жаттык. Мени Чыңгыз Төрөкуловичтин майда-баратка чейин кылдат баам салып,  жөпжөнөкөй нерсеге да кадимкидей кубана билген артыкчылыгы ар убакта таңгалдыра берет. Мына,  биз азыр башта швед королунун үй-бүлө мүчөлөрү жашаган көркөмү келишкен Хага-палас дворецинин ичинде отурабыз. Бул чакан салынган ыңгайлуу дворец түндүк калкына мүнөздүү аскеттик өзгөчөлүктө жасалгаланып,  бирок ошол эле учурда ийкем сонундукка чөгөрүлүптүр. Биз экинчи кабаттагы меймандар бөлмөсүндө тамактанып жаттык. Ошондо Чыңгыз Төрөкулович мындай деп калды: “Ушул биз көргөн дубалдардын ичинде эмне деген гана окуялар болуп өтпөдү дейсиң,  бул жерде мүлдө Европанын,  дегеле бүтүн дүйнөнүн королдору,  принцтери,  жогорку даражалуу адамдары болуп кетишкен. Эми болсо,  ошол орунда биз, кыргыздар отурабыз”. Ал дворецтин ички жасалгасына кызыгуу менен көз чаптырып,  килемдердин чебер салынган кооз саймаларына,  дубал бооруна илинген живопистик сүрөттөргө чын дилинен эргип кубанды. Мен анын көңүл-маанайын карап туруп: улуу кишилер ар дайым ушунчалык жөнөкөй жана илбериңки болот турбайбы,  балким,  алардын башкаларга окшобос артыкча сапаты да ушунда болсо керек деп ойлодум…”

“Жамийласы” эле Германияда 37,  Францияда 27 жолу жарык көрүп,  сан түрдүү өлкөнүн театрында драма,  опера жана балет түрүндө эсепсиз мертебе коюлган чыгармаларын айтпаганда да,  1961-жылдан 2010-жылга чейинки 49 жылдык аралыкта чыгармалары боюнча жана өзү жөнүндө ар түрдүү өлкөлөрдө 19 фильм (!) тартылган жазуучубуздун сан катышындагы жаркырап көрүнгөн ийгилиги анын Манас-Ата чокусу нур чачып,  Күркүрөө суусу сугарган кутмандуу туулган жеринде жакшы адам сөзүндөй кайра бир эстелип,  бийиктен шаңшыган бүркүттүн үнүндөй сезимге өзгөчө дем кошуп,  көңүлдү кайра бир кубантат. Ананчы,  китептери өзүнчө кызыгы түгөнбөс чоң дүйнө болсо,  аларда айтылган тагдырлар жана ой-сезим баянын көз менен кабылдап түшүнчү көркөм-курч фильмдер түбөлүк жашоочу улуу искусствонун канатын кеңитип,  айдыңын көктөткөн “экинчи Айтматов дүйнөсү” экенинде шек жок. Фильмдер,  фильмдер…

Эгер убагында айрым бирине өзү сценарист же авторлош болуп жаралган фильмдер окурман көңүлүн экранга бурдуруп – көрүүчүгө айлантып,  анан кайра көрүүчү көңүлүн сан суроо катылган китеп бетине бурдуруп – окурманга айланткан күч менен укмуштуу жандүйнө табылгасы болуп калбаганда,  Чыкебиз билимдер дүйнөсүн жакшы таанып биле элек жаш балага да: “Жамийла жеңесин ээрчиген Сейит байкенин жолдошу”,  “токойдо көл жакты күн сайын караган Нургазы деген баланын ак кеме айдаган атасы” же “Акбара көтөрө качкан кичинекей Кенжешти куткарып калмак болуп кыйкыра мылтык көтөрүп жүгүргөн Бостон атанын досу” болуп — балалык таттуу тил менен өзгөчө жомоктолуп,  экран артында сүйкүмдүү купуя “образга” айланып жашоого укуктуу болот беле,  ким билет? Фильмдер,  фильмдер…

Эмесе,  аларды кимдер тарткан,  качан тарткан жана кайда тартылган — ынтызар окурман суроосун утурлаган эмдиги кеп жөнү өзүнчө феноменге айланган ушул атак-даңк санжырасынын эң бир маанилүү, эң бир рекорддуу (!) көрүнүшү жөнүндө болсун дейли да,  ал ата мекендик жана чет элдик кинематографияны байыткан фильмдерди “төрөлүү” тартиби боюнча мына мындайча тааныштыралы:

1961 – “Ашуу” (режиссер — Андрей Сахаров).

1963 – “Аптап” (режиссер — Лариса Шепитько).

1965 – “Биринчи мугалим” (режиссер – Андрей Кончаловский).

1967 – “Саманчынын жолу” (режиссер — Геннадий Базаров,  Кыргызфильм).

1968 – “Жоргонун жүрүшү” (режиссер — Сергей Урусевский).

1968 – “Жамийла” (режиссер — Ирина Поплавская).

1972 – “Мен — Тянь-Шань” (режиссер – Ирина Поплавская).

1976 – “Ак кеме” (режиссер — Болотбек Шамшиев,  Кыргызфильм).

1979 – “Эрте келген турналар” (режиссер — Болотбек Шамшиев,  Ленфильм).

1989 – “Айлампа. Кызыгы бүтпөгөн кең дүйнө” — документалдуу фильм (режиссерлор – В.Виленский,  К.Орозалиев).

1989 – “Акбаранын көз жашы” (режиссер – Дооронбек Садырбаев,  “Кыргызтелефильм”).

1990 – “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” (режиссер – Карен Геворкян,  А.Довженко атындагы киностудия).

1990 – “Кайрылып куштар келгенче” (режиссер – Бакыт Карагулов,  Кыргызфильм).

1990 – “Маңкурт” (режиссер — Хожакули Нарлиев,  СССР, Түркия,  Ливия өндүрүшү,  Түркмөнфильм студиясында тартылган).

1995 – “Бороондуу бекет” (режиссер – Бакыт Карагулов, Катарсис (КНТК) өндүрүшү).

2004 – “Кызыл жоолук жалжалым”,  Түркия.

2008 – “Гүлсарат”,  казак тилинде (режиссер – А.Амиркулов,  Казакфильм).

2009 – “Жер шарынын атуулу” – Чыңгыз Айтматов жөнүндө документалдуу фильм (режиссер – О.Чекалина).

2010 – “Ак булуттун артында” — “Чыңгызхандын ак булуту” повести боюнча (режиссер — С.Тарасов).

Дагы эс тутум эскертет: Шекердин кулунуна өзгөчө сый-урмат катары,  аты өзүнүн көзү тирүүсүндө эле айрым бир окуу жана маданий жайларга коюлуп,  өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдегендер тарабынан Эл аралык коомдук Айтматов академиясы уюштурулуп, алардын базасында эң түрдүү кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүү менен бирге,  рухту,  адабиятты жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымдары үчүн ар башка тармакта иштеген мекендештерге жана чет өлкөлүктөргө Эл аралык Ч.Айтматов атындагы зобололуу сыйлык ыйгарылып келгенин да атайы белгилей кетпесек болбойт. Маселен, ошондой окуу жайлардын бири жазуучунун 70 жылдыгында — 1998-жылы Бишкекте ачылган Кыргыз-Түрк “Себат” мектеби болгон.

“Лицей” деген аталыш алган бул мектепти Чыкебиз өзү келип ачкан. Анан арадан билинбей эле он жыл өтүп,  дал эле 2008-жылы — кайран калемгер дүйнөдөн өткөн жылы лицей биринчи бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруп чыгарган. Тагдырды карабайсыңбы,  “кайра кайтпас” сапарга — Казанга жол тартаар алдында,  дагы тагыраак айтканда,  туура он күн мурда,  “өзүнүн балдары” менен жолугушуу үчүн андай көңүл жаркыткан окуя күүсүнө толкуган Чыкебиз убакыт таап дагы келген. Тилекке каршы,  бул анын өз атына коюлган мектептин окуучуларынын,  мугалимдеринин жана ата-энелердин жүрөгүндө түбөлүк өчкүс болуп сакталган жаш муун менен эң акыркы жолугушуусу болуп калды…

Ч.Айтматов атындагы лицейде өткөн ошол унутулгус окуяга көздөй күбө болгон белгилүү адамдардын бирине сөз берели. Ал — китеп башында “Делбиримдин” авторунун жаш зоотехник-окумуштуу кезинде Долондо болочок шофер каарманына кантип жолукканы жөнүндө кызыктуу аңгеме-эскерүүсүн мисалга тарткан жазуучунун өзүнүн жердеши,  иниси,  грек-рим,  кыргыз күрөшү боюнча республиканын бир нече жолку чемпиону,  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу,  СССРдин Ардактуу донору Атаулда Боронбаев: “…Ошол мектепте кызымдын баласы 10-класста окуучу. Мени да неберем менен чакырышкан. Бардым,  эл көп. Кызылтазыл кийинишкен окуучулар. Чыңгыз саат ондо келем деген экен,  он беш мүнөт кечигип келди. Кучакташып учураштык. Чыкем мага көп деле көңүл бурган жок. Мектептин ичине кирдик. Кенен зал. Кыргызстандагы түрк мектептеринин окуучулары Чыңгыздын чыгармаларындагы урунттуу эпизоддорду театрлаштырып даярдашкан экен. Кыска-кыска эпизоддор… Ошолорду көрдүк.

Чыкем адеп келгенде мени тааныбай калыптыр. Жайланышкандан кийин,  менин “Чүй баяны” газетасында жарыяланган өзү жөнүндөгү интервьюмду бердим. Гезитти алып, кылдат көз жүгүртүп:

– Сен кимсиң,  Атаулдасыңбы? – деди.

– Ооба,  – дедим мен.

– Чачың агарып кетиптир го,  – деп койду. Мени жаш эле бойдон деп ойлосо керек. Балдардын,  кыздардын оюндары көрсөтүлүп жатты. Баласын согушка жөнөткөн эненин,  Толгонайдын,  Танабайдын, Жамийланын,  Даниярдын,  Алимандын,  Сейденин,  Ысмайылдын монологдорун,  ырларын,  кыймыл-аракеттерин көрсөтүштү. Англис,  түрк,  орус тилдеринде сүйлөштү,  ырдашты. Оюндун аягында Чыңгызга сөз берилди.

– Балдар,  айланайын балдарым,  — деди Айтматов. – Мындан он жыл мурда өзүм келип ачтым эле ушул мектепти. Убакыт кандай учкул,  билинбей он жыл өтүп кетиптир. Анда силер мотурайган балдар элеңер. Мына,  быйыл мектепти бүткөнү жатасыңар. Силерге абдан ыраазымын. Азыр көп балдар,  кыздар акчанын артынан түшүп,  акча-акча деп окууну таштап коюшпадыбы. Мына,  силер окуп жатасыңар,  мен ыраазы болуп турам. Келечекте кыргызды башкара турган силерсиңер. Окууну таштабагыла,  китеп окугула,  орус тилин да,  англис тилин да,  түрк тилин да окугула. Бирок,  кыргыз тилин унутпагыла! Булар – силердин болочогуңар,  силер — боло турган балдарсыңар! Мен силерден ушуларды суранаар элем,  — деди.

Ошол салтанатта бир бала туруп,  мындай деди:

– Чыңгыз ата,  сиз мындан он жыл мурда ушул мектептин ачылышына келгенде,  биз биринчи класска кирдик эле,  быйыл он биринчини бүтүп жатабыз. 25-июнда бүтүрүү салтанатыбыз болот. Ошого чакырсак,  келип катышып бересизби?

– Келем,  айланайын. Бул жерди көрүп алдым,  чакыртпай эле өзүм келемин. Азыр мени 80ге чыкты деп Астана,  Баку,  Москва, Татарстан,  Түркия чакырып жатат. Ошолорго барып келгенден кийин келемин,  — деген Айтматов.

Ошол учурда Чыкем абдан кубаттуу,  кыргызча айтканда, күүлүү-күчтүү,  жакшынакай эле болчу. Көп эл чогулган жыйында көп саат бою былк этпей отуруп берген. Эч кандай оорунун белгилери жок болчу…”

Жогоруда айтылган – көзү тирүүсүндө кадырлап,  сый-урмат көрсөткөн тизмектүү иш-чаралардын катарына: Ч.Айтматовго арналып 2007-жылы чыгарылган Кыргызстандын почта маркасынын бүткүл дүйнөгө таратылган жакшы фактысын да кошо кетүү керек. Анан мезгилди бери жылдырып,  Чыкенин экинчи өмүрү башталган 2008-жылдын июнь айынан кийинки атын — жаркын элесин түбөлүк калтыруу максатын көздөп республикалык жана эл аралык алкакта жасалган – тарых каттаган көрүнүктүү иштердин айрымдарына токтолсок,  алар:

2008-жылдын октябрында Чолпон-Атада,  андан соң: туулган мекени — Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адырда, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында эстеликтеринин орнотулушу; Бишкектеги орус драма театрына, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтуна ысымынын ыйгарылышы;

Бишкек,
Казань,
Анкара,
Астана,
Баку шаарларынын бир көчөсүнө ысымынын ыйгарылышы; Бишкектеги паркка, Түркияда эки (!) паркка, Санкт-Петербург шаарындагы аты жок жашыл тилкеге ысымынын ыйгарылышы; Литванын монета сарайы тарабынан,  Кыргыз улуттук банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде,  алты күмүш монетадан – “Чыңгыз Айтматов”,  “Жамийла”,  “Биринчи мугалим”,  “Саманчынын жолу”,  “Гүлсарат” жана “Ак кеме” аттуу монеталардан турган коллекциянын чыгарылышы; Лондондо Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык уюштурулуп,  анын жазуучунун туулган күнүндө,  жазуучу менен узак убакыт бирге иштешкен профессор Рахила

Абдувалиева ошол Лондондо негиздеген Айтматов академиясы тарабынан ыйгарылып турушу; Москвадагы Чет элдик адабият китепканасында Россиянын эл сүрөтчүсү Георгий Франгулян жасаган эстелик-бюстунун коюлушу; 2014-жылдан Россиянын “Аэрофлотуна” таандык Боинг 737-800 деген жаңы лайнердин “Чингиз Айтматов” деген ат менен асманга көтөрүлүшү ж.б.

Лев Толстой дүйнөдөн өткөндө,  анын талантын урматтагандар Ясная Полянага жер жүзүнүн түрдүү бурчунан агылып келип,  анда өскөн дарак-чөптөргө чейин ыйык санашып,  айрым бирлери ошол дарак,  ошол чөптөрдүн жалбырак,  гүлдөрүн орус жеринин улуу сүрөткеринин элеси сыяктуу эң түрдүү континенттерге өздөрү менен көтөрө кетишчү экен. Эң бир сезимтал,  эң бир фанатиктери Лев Николаевич жыңайлак (!) отуруп ойго батууну жана ойлорун жазууну жактырган чоң түп дарактын дүмүрүн адамзат тааныган теңдешсиз атагынан да кымбат көрүшүп,  ага кол тийгизип,  аппак жүз аарчы менен сүртүп,  атүгүл анын жанында,  кожоюн өзү тургандай,  адабият,  философия,  дегеле күндөлүк жашоо-турмуш көйгөйлөрү тууралуу сыр ачып сүйлөшүүгө ынтызар-куштар болушканын аңыз кылып айтышат. Ошонун сыңарындай… Ооба,  ошонун сыңарындай: Шекер,  Көк-Сай,  Аманбаев айылдарын аралай басып,  бир мүнөт токтобос “музыкасы” кулак жаңырткан Күркүрөөнүн жээгинде көңүл сергиткен кездерде,  Л.Н.Толстой жеткен 82 жашка эки жылы кем – 80 жаш менен өмүрү жыйынтыкталган таластык калемгердин дүйнөгө дүң болгон атак-даңкы негедир ой-дилден бөлүнө түшкөндөй болот да,  анын ордуна кадыресе эле жүрөккө орногон пенделик элестер: бала Чыңгыз,  өспүрүм Чыңгыз жана боз улан Чыңгыз баштан кечирген күндөрдүн издери жымжырттынч айыл жолдорун жайпаган топурак,  көркөм-кооз дарыя жээгинде “уктаган” таштар аркылуу бирде караан түрүндө,  а бирде аян-сыр түрүндө “бизбиз” деп тирилип жаткандай таасир жаралат. Бир сөз менен айтканда,  бул чөлкөмдөгү тоо желине ыргалып өскөн эрмен чөп да,  агып-агып келип саздактуу токойго кирип “адашкан” булак да,  алыс дейбизби,  жакын дейбизби — кайсы бир белгисиз тараптан зыпылдап учуп келип,  урчукка отуруп наздана таранган куш да ошол Ясная Полянадагы жалбырак-чөптөрдөй суктанта каратып,  Чыкенин жеринен эстелик,  анын балалык жана жаштык учурун типтирүү сактаган сыйкырдай өзүң менен кошо ала кеткиңди келтирет!..

Мурда нечен айтылып,  нечен жазылган нерселерди кайталабайлы. Окурман окуган ушул бөлүктү “Туулган жериндеги балалык күнүнө “милдеткер” дүйнөлүк атак-даңк” деп атап алган соң,  бул жерде мына ошол атактан мурун,  даңктан мурун көңүлгө келүүчү: ачуусу жан-жүрөктү тилип,  катаал сабагы ойлорго түшүргөн үч гана турмуштук орчундуу эпизодго кезек берели.

Биринчиси — бала Чыңгыздын күндөрүнө таандык — шекерлик жээни Кененбай Мырзанаевдин “Шекердин ак булуту” деген китебине кирген — мындагы “Бото көз булак” – “Чыңгыз булакка” байланыштуу болгон көркөм баяндалыштагы окуя:

“…Мектеп — балалыктын бешиги,  рухий байлыктын ууз эмгеги. Турмуштун оор дөңгөлөгүнө жанчылып,  али мизи кайта элек Чыңгыздын балалык кыялдары алда кайда алып-учуп,  чогуу окуган классташтары менен бүгүн пионерге өтөм деп,  көңүлү көтөрүңкү. Пионерге өтчү балдарды солдаттардай каз-катар тизип,  улам кезеги менен аты-жөнүн айтып,  бир-бирден алдыга чыгарып жатышты. Мойнуна тагылган кызыл жагоого эдирээ түшкөн бала,  “Даяр бол!” — деген буйрукка,  колун чекесине тийгизип,  мурдатан үйрөнүп алган: “Дайым даярмын!” – деген жообун айтып,  чыкчырылат.

– Айтматов Чыңгыз!

Фамилиясы окулганда,  Чыңгыз жерди оё тээп,  эки кадам алдыга чыкты.

– Бул кимдин баласы?

Райондон келген өкүл жанындагы класс жетекчиден сурап калды. Класс жетекчиси бир аз буйдала түшүп:

– Төрөкул Айтматовдун уулу. Мыкты окуйт,  — деп бир нерсеге кабатырлангандай бошоң унчукту.

– Эмне,  саясий сокурсуңарбы? Контрдын баласы экенин унуттуңарбы? Муну пионерге өткөргөндөй,  менин башым экөө эмес. Токтоткула! – деп үрпөңдөп,  өкүл арыраакта турган директорго карады.

Чыңгыз үчүн жер астын-үстү боло түштү. Өзүн бир саамга жоготуп койду. Бирге окуган,  азыр эле чогуу ойноп жүргөн,  катарлаш турган классташтарынын арасынан бөлүнүп чыга албай, башын шылкыйтып,  буттарын араң шилтеп,  артка бурулду…

Мектеп Шекер айылынан бир жарым чакырымдай алыс,  дөңсөө жерде жайгашкан. Ал жер кийинчерээк Чыкем өзү жазган повесттегидей – айтылуу “Дүйшөндүн мектеби” деген атка конгон. Ошол мектептен арыраак булак бар. Булактан төмөн айылга чейин сай. Ушул бир кочуш жердин кооздугун айтпа. “Бото көз булак” деп атап коюшкан. Кийинчерээк “Чыңгыз булак” деп да жүрүшөт. Чыңгыз ошол “Бото көз булакка” бет алды. Булакка жетипжетпей,  буркурап ыйлап жиберди. Баланын бешенесин сылай
турган,  көңүлүн улай турган эч ким жок эле. Мектеп жактан:

– Даяр бол!

– Дайым даярмын! – деген шаңдуу үндөр угулуп жатты.

Ал — ансайын Чыңгыз өпкө-өпкөсүнө батпай өрөпкүп ыйлап, “Бото көз булакка” муңун төгөт. Булактын суусу жерден оргуп чыгып жатса,  Чыңгыздын жашы жүрөгүнөн сызылып чыгып жатты. Суу да,  баланын көз жашы да туптунук эле…

Адамга аткан октон өткөн душман жок. Жаза атсаң – өтүп кетет,  таамай атсаң – тешип кетет да,  ошо бойдон аты-жыты жок дайынсыз жоголот. Тыгыны жок кулактан кирген сөз, биринен кирип,  биринен чыгып кетпей,  эки кулактан тең куюлуп кирип,  өмүр бою жүрөгүндө эн тамга болуп басылып,  дабасыз дартка айланып калаарын,  карагандай өңү жок,  кармагандай боосу жок сөздүн кудуретин,  сөздөн күчтүү эч нерсе жок экенин бала Чыңгыз ошондо биринчи жолу түшүндү. Ал окуучулардын сабактан тараарын күттү. Балдар менен чогуу кантип бармак эле? Күндүн батышын күттү. Күндүз айылга кантип бармак? Кечти күтүп,  сайдан чыккан жок. Апасына да “бүгүн пионерге өтөм” деп айтып койбоду беле. Эми эмне деп жооп берет? Чыңгыз апасын аяп кетти. “Өзү араң жүргөндө… Бекер айтыпмын!.. Байкуш апам…”

Чыңгыз чок үйлөгөн көөрүктөй оор үшкүрүнө,  соолугуп отуруп калды. Көөдөнүнө жык толгон ызасы бошой түшкөнсүдү. Ый да адамга жардам берээрин бала Чыңгыз ошондо сезди. Көрсө,  адамдар бири-бирине сөз менен жеткире албаган арманын ыйдан,  көз жаштан чыгарат тура. Бул убакта кубанычтары койнуна батпай,  жол катары ойношуп,  үйлөрүнө келген балдар:

– Апа,  мен пионерге өтүп келдим! Эми дайыма кызыл жагоо тагынып жүрөм,  — деп,  үй-үйлөрдө ата-энесине сүйүнчүлөп жатышты.

– Айланайын сенден! Мына,  чоңоёт деген ушул. Көлөкөм, берекем! Кудай ак жолуңду ачсын!

– Чыңгызды пионерге өткөрбөй коюшту…

– Ботом,  анчалык эмне болуп кетти?

– Атаң эл душманы деп…

– Балада эмне жазык! Шордуу Нагима,  шору көп экен да!..

Ошол кечте ар үйдө ушундай кептер айтылып жаткан эле… Чыңгыз ордунан туруп,  “Бото көз булакка” бетин жууганы келди. Жомоктогу кырк кулач казандай болуп көмкөрүлүп турган түнкү асманды жерге түшүп кетпесин деп,  чебер уста бөркү чоң алтын мыктар менен жыш кагып чыккандай,  асман толо жылдыздар… Коломтонун чогундай кызарган түнкү жылдыздар “Бото көз булакка” батышынча толуп алыптыр.

– “Бото көз булак”,  эч болбосо,  сен айтчы,  атам кайда? “Кой,  Чыңгыз,  ыйлаба! Ыйлаган — жеңилгендик! Мокобо! Мына, көрүп турасың го,  мен да жер астынан жаңы эле чыктым,  али эч булгана элекмин. Андан көрө,  бетиңди жуу,  тазалан”,  — деп айткан таризде булак түбүндө уюп жаткан жылдыздарды ордунан козгоп албайын дегенсип,  бир калыпта шылдырап агып жатты…

– Ата,  кайдасың?!

Сууда калган кыл аркандай чыйралып,  бала ордунан турду…”

Экинчиси — өспүрүм Чыңгыздын күндөрүнө таандык — жазуучунун өзүнүн Улуу Жеңиштин 40 жылдыгынын алдында — 1985-жылдын 7-майында “Известия” гезитине жарыяланган “Эрдиктин эпосу” деген макаласынын өзөгүнө коюлган “Жеңиш жыттанган” окуя:

“…Согушту мен өз тажрыйбамдан улам,  этек-жеңи жайылган биздин Шекер айылыбызга бул тууралуу сельсоветтин чабарманы (ал алаамат өрт чыккандай шашкалактап,  атын таскактатып,  үймө-үй кирип чабагандап жүрдү) суук кабар айтып келген биринчи күндөн тартып,  Жеңишти биз күн санап эмес, саат санап эсептеп,  согуштун тамам болгону жана Жеңиш күнү жөнүндө жумурай-журтка мына-мына кабар айтылат деп зарыга күтүп турган эң акыркы күнгө чейин – 1945-жылдын 9-майына чейин билемин. Айылга ушундай каңшаар тарап,  элдин баары жетине албай кубанып,  анан бир чети өзүнө-өзү ишене албай жаткансып азыраак абдаарып да турган учур эле. Муну тастыкташ үчүн кепилдик керек болуп турду. Ага чейин биздин СарыКөбөн аймагы жагында райондук борборго азан-казан эл жыйылып,  ал жерде ар бир колхоздон тандалма ат мингизип,  атайы жөнөтүлгөн чабармандар күткөн кабар өкмөттүк закондуу жарнамага айланаар замат аны азап чегип каржалган калайыкка желдей сызып жеткирмекке шайма-шай болуп турушту. Ал кезде айылдарда телефон менен радио жок эле. (Муну мен азыркы жаштар үчүн айтып жатам,  ансыз бул аларга түшүнүксүз болуп калаар). Ошентип,  бул жакшылык кабарды райондук борборго жамаатташ тургандар биртике эртерээк угушту да,  андан саал алысыраактагылар азыраак кечигип билишти. Биздин Шекер райондун эң четинде эле,  андан ары өр тартып,  түбөлүк ак кар,  көк муз жамынган бийик тоолор асман тиреп шаңкайып
жатчу. Майдандан кайтып келгендердин баары тээ алыстан эле ошол тоолорду көрүп,  көрөөр замат көздөрүнө кубанычтан жаш тегеренип,  жашып кеткенин сөздөп калышаар эле.

Ошол күнү биз,  шекерликтер,  кары-жашыбыз дебей,  бүт баарыбыз котолоп,  өзүбүздүн чабармандын жолун акмалап,  айылдагы секиде турдук. Арийне,  ал жерге биз эртелеп,  мерчемдүү мөөнөт келе электе эле жыйналып калдык,  кээ бир зайыптар кез-кезде үйлөрүнө чуркап барып музоолуу уйларын нарыдан-бери саай салышып,  кайра дөбөнү көздөй чуркап келип жатышты. Аңгыча чоң жолдо таскактатып салып уруп келаткан чабармандын карааны алыстан көрүнгөндө жарданып турган эл дуулдай түшүп,  анан ызы-чуу,  кыйкырык-сүрөөн менен чабармандын жолун утурлап сүрдүгүп агылып жөнөдү: бул Жеңиш экенин биз билген элек жана ага кымындай да күмөнүбүз болгон эмес.

Зарыгып күттүргөн Жеңиш келди акыры! Аттуусу – атчан, пиядасы — пияда аламандап кетип баратышты,  биздин мугалим эжейибиздин буту жерге тийбей тызылдап баратканы да эсимде, анын артиллерист уулу согуштун башынан аягына чейин майданда салгылашты,  ал эми жаратынан тыңый элек фронтовиктер болсо,  өз алдынча,  ал тургай,  балдакчан эптеп эрбеңдеп,  жаржоросун,  уул-урпагын сагынган энелер,  жесирлер,  зайыптар менен колуктулар,  баары текши калбай чуркап баратышты; албетте, эң алдыда биз,  өспүрүмдөр,  ошол мүшкүлдүү жылдарда буурсун айдап,  эгин сепкен согуштун балдары кайып учуп тызылдап келаттык… Кийин көп жылдардан соң мен бул туурасында “Эрте жаздагы турналар” повестимде айтып берүүгө аракеттендим, бирок ага чейин али далай мезгил бар эле,  ал эми согуш бүткөн ошол күнү биз Жеңиштин чабарманын утурлап чымын-куюн болуп чуркап бараттык…”

Үчүнчүсү – боз улан Чыңгыздын күндөрүнө таандык — бир топ жыл бир үйдө,  бир квартирада (!) чогуу жашаган досу,  Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Мен билген Чыңгыз” аттуу китебине кирген – башта эч жерде айтылбаган окуя:

“…Нагима апа Чыңгыздын тороло баштаган кезиндеги бир окуяны бизге айтып бергени эсимде. Жамбыл шаарында каалаган адамдарды кара жумушка кабыл алып жаткандыгы жөнүндө кабар жетет да,  ошол жумушка илинип калсам,  минтип мүңкүрөп оокат өткөрүп жаткан үй-бүлөгө пайдам тиет эле деген ой менен башка жигиттерге кошулуп Чыңгыз да Жамбылга барат. Жумушка кабыл алуучу мекеменин комиссиясынан өтүү үчүн узун кезекке жакшы үмүтү менен турган Чыңгыздын буту ооруп,  өзү чаалыгат. Комиссия көрөт да,  Чыңгызды: “Сен али жаш экенсиң, денең чабал экен”,  — деп ишке албай коёт. Жамбылдан капа болуп үйгө кайтып келген Чыңгыз буулугуп,  ызасы кайнап,  колуна темир күрөк алып,  короодогу жерди каза берет,  каза берет. Андан жерди эмне үчүн казып жатканын сурашса: “Алтын табам!” — деп бурк этип жооп берип,  жерди казганын улантат. Боюнан кара тер кетип,  абдан чарчаганда,  тамак ичпей,  суй жыгылып уйкуга кетет. Казган жерден эле алтын чыга бермек беле! Ал өзүнүн мүнөзүнүн өжөр экендигин ошондо бир көрсөттү да. Оюндагы үмүтүнө,  максатына жетүүнү көздөгөн өктөм пейилдүү Чыңгыз, анда болбосо да,  кийин байлыкка,  дөөлөткө,  атакка күрөк менен эмес,  калеми аркылуу жеткендигин баарыбыз билебиз…”

Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун Чыңгыз Айтматовду  көргөнсүңбү?» китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *