Жоомарт БӨКӨНБАЕВ: Чептен эрдин күчү бек

Байыркы бир заманда эл бар экен Өзүнчө эркин, ээн жашап турган. Багында булбул сайрап, гүл жадырап, Башкача сонун жерди мекен кылган. Ар жылы күчтүү жоолор каптап кирип, Талоонго салат экен мүлкүн, малын. Ойрондоп эчен кымбат ордолорду, Олжолоп алып кетип сулууларын. Кордугу душмандардын жанга батып, Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду. Бардык күч, бардык мүлкүн сарып кылып, Жоо өткүс бекем чепти курмак болду. Айлантып кең өлкөсүн дубал куруп, Киришти эмгегине күн өткөрбөй. Көтөрүп бай дубалын келген кезде, Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй… […]

Капар ТОКТОШОВ: Чапай чабыш

Мен төрөлгөн жылы колхозубуз совхозго айланып, ага-туугандарыбыз мага “Совхозбек” атын энчилейт. Атам болсо улуу уулу Айдарбекке уйкаштырып “Капарбек” каттатат. Чоң атам болсо чокуну карап “неберемдин аты Чапай болсун” деп азан айтып салат. Жаза тайып өтүп кетсем кайсы атыма бата багыштайт? Башым маң… Бешинчи-алтынчы каласста окуп жүргөн кезимде кыркынга чакырып калышты. Мен теңдүүлөр мурда барып жүрүшкөн экен, кой сүйрөп, жүн ташыгычтыкка бекип кетишти. Мен ишсиз калдым. “Кол жазмаң жакшы турбайбы, пресске тур” деп жүн таңгактатып коюшту. Жүндү сорт-сорту менен таңгактап, тышына […]

Касым КАИМОВ: Начальниктин кабагы

АҢГЕМЕ Жакшы тилек ар кимде бар. Ууру, кески да оңой олжо табууну өзү үчүн жакшы тилек деп эсептейт. Мен анын баарын жакшы түшүнөмүн. Зыянкечтикти жана кара ниеттикти өлөрчө жек көрөмүн. Менин максатым — эч кимге кара санабай, эч кимдин көңүлүн калтырбай жүрүп, өмүрүмө татырлык күн өткөрүү. Ооба, менин максатым дал ушундай. Аны түшүнгөн да бар, түшүнбөгөндөр да жок эмес. Аны түшүнгөн киши бирөө гана болду. Ал менин мурдагы начальнигим эле. Анын сергектигин, боорукерлигин айтпа. Баарыдан да кишинин ичиндегисин билип турганычы! […]

Асан ЖАКШЫЛЫК: Кодура

АҢГЕМЕ Тынбай аккан суунун добушун тыңшап турса адам кадимкидей эс алып, мээси сергийт; ал эми тынбай сүйлөгөн оозду карап олтурсаң, негедир мээң чарчайт экен; анын үстүнө сөзгө кунт койгон киши да азайып, кепти келиштире айткан нукура чечен кишилер да сейрек тартып бара жатпайбы. Бирок сөз жарыктык дагы эле көп сүйлөнөт, ылганбаганы ылайланып тынбай ага берет экен, эр болсоң, бир эле күн өзүң сүйлөбөй атайы дудук болуп көрчү, чыдабайсың; сүйлөбөсөң бугуң жарылып, шампандын пробкасындай атып кетет, сүйлөбөй кое албайсың, сөз айтпай […]

Дилазык: Жарылган баш

Бир кемакыл тас болгон экен. Аны бирөө башка уруп жиберет. Анан экинчи жолу, үчүнчү жолу уруп, башын жарат. Тигил келесоо чыдап туруп берип, качып кеткенди билбейт. Муну көргөндөр: — Ой, качып кетпейсиңби?! Башка уруп жатса, жалдырап туруп бересиң да, карачы, башыңды?! – дешет. Анда тас: — Мисалы, аны карагыла, билегине ишенген неме экен. Бирок мээси жок да: башымда чач жок экенин көрүп, таш деп ойлоп алган окшойт. Ташты уруп жатам деп, башты жарып салбадыбы. — Таза жинди экенсиң да, — […]

Гүлзина МЫЙЗАНБЕКОВА: Ак седеп

АҢГЕМЕ Толукшуган жайдын күнү. Абасы таза, суусу тунук кадимки  Ак-Сай жайлоосу. Жашыл шибердин үстүндө чалкасынан түшүп жаткан Жылдыз Жараткандын чебер колдорунан жаралган табиятка суктанып жаны жыргап ушунчалык бактылуу. Ушундай жымжырттыкты  аттын жай басып келаткан дабышы бузду. Жылдыз ордунан тура калып ашыгы  Эсендин келатканын көрүп сүйүнүп кетти. Алдынан утурлай баскан Жылдыздын назик колдорунан кармап  Эсен атынан ыргып түштү да, анын саамайынан сылап, чекесинен өөп, кырдан  терип келген атыр жыттуу гүлдөрүн сунду. Жылдыздын көздөрү жайнап, шыңга бойлуу кең далылуу Эсендин кучагында, анын […]