Бир кемакыл тас болгон экен. Аны бирөө башка уруп жиберет. Анан экинчи жолу, үчүнчү жолу уруп, башын жарат. Тигил келесоо чыдап туруп берип, качып кеткенди билбейт. Муну көргөндөр:

— Ой, качып кетпейсиңби?! Башка уруп жатса, жалдырап туруп бересиң да, карачы, башыңды?! – дешет. Анда тас:

— Мисалы, аны карагыла, билегине ишенген неме экен. Бирок мээси жок да: башымда чач жок экенин көрүп, таш деп ойлоп алган окшойт. Ташты уруп жатам деп, башты жарып салбадыбы.

— Таза жинди экенсиң да, — дейт жанындагылар, — ой, кантип аны мээси жок деп жатасың? Өзүңдүн мээң болгондо, качып кутулмаксың, башың жарылганча туруп бербей!

Бхикшу (кечилдер) менен да ушундай болот: Алар өздөрү ишенген антты толук сактай алышпай, уккан сөздү гана эшитип, ошону аткарышат. Аны ким айтып жаткадары менен иштери да жок. Жалган эрежелерге жетеленип, өзүнө пайда келишин гана ойлоп калышат. Кудум жанагыл тас келесоодой, башка чапса качып кеткенди билбей, кайра аны мээси жок катары көрүп турат. Бхикшулар көп жагынан ага окшош келишет.

Өкүмдар үчүн олтургуч

Бир жолу бир өкүмдар Эс алуу бакчасына бармай болот. Желдеттерине:

— Олтургучту колуңарга алып, барып бакчага коюп койгула. Мен барып, олтуруп, бир аз эс алайын, — дейт.

Желдет олтургучту колуна көтөргөндөн уялып, өкүмдарга:

— Мен колума эмес, ийиниме көтөрсөм болобу? – деп сурайт.

Ошондо өкүмдар:

— Далысына отуз алты олтургучту койгула, алып барып көрсүн! – деген буйрук берет.

Өз башына балээ үйгөн келесоого хансарайдагыларды бардыгы күлүшөт.

Бул дүйнөдөгү пенделер да ушундай: эгерде жерде аялдын чачы жатса, аны алып койгондун ордуна, “мага болбойт” деп тыюуну эстейт. Кийин азгырыктарга берилип кетип, отуз алты таза эмес нерселерди – чачты, жүндү, тырмакты, тишти, заараны, заңды жана башкаларды жийиркеничтүү катары санабай калышат. Колунда ошол отуз алты таза эмес нерселерди кармап алышып, уялып да коюшпайт, өмүр бою ошол жийикеничтер менен камыр-жумур жашап калышат. Кудум олтургучтарды көтөргөн кемакылдай.

Малай менен дарбаза

Бир киши алыскы саякатка камданып калат. Анан малайына мындай дейт:

— Дарбазаны жакшылап кара. Анан эшек байланган арканды да унутпасаң.

Кожоюн жолго чыгып кеткенден кийин коңшу үйдөн музыка чыга баштайт. Малай аны аябай уккусу келип, өзүнө-өзү ээ болалбай, дарбазанын оозун аркан менен байлап, учун эшектин жонуна ыргытып коет да, музыка укканы коңшу үйгө кетет. Дал ошондо уурулар келип, үйдөгү болгон буюмдун баарын көтөрүп кетишет. Кожоюн саякаттан кайтып келип, малайынан:

— Ой, оокаттар кана, буюмдар кана? – дейт. Анда малай:

— Кожоюн кетип жатып мага эшек менен арканды, анан дарбазаны тапшырган, демек, калганына эч кандай тиешем жок, — дейт. Анда кожоюну:

— Мен сени ошол буюмдар үчүн дарбазаны кайтар дегем. Үй уурдалса, анда мага дарбазанын эмне кереги бар?

Өмүр менен өлүмдүн айлампасында жүргөн кемакылдар да дал ушул малай сыяктуу. Будданын аксанатайлыкка, боорукерликке үйрөткөн накылы — сезим органдарына бу жалгандын чаңынын алты түрү кирип кетпешинен сактайт: форма, добуш, жыт, даам, көрө билүү жана ой. Алар караңгы эшекти кайтарып, азгырыктын, кумардануунун арканын акмалап турушат. Бирок бхикшулар (будда кечилдери) Будданын окуусун үйрөнгөнгө умтулушпайт, алар өздөрүн Будданын чындыгындай таза жана ак көрсөткүлөрү келип, пайда көргөнгө гана умтулушат. Алар тазалануу жайында олтурганы менен, жүрөктөрү беш каалоону канааттандырууга гана каныккан. Аларды сулуулук, дабыштар, жыпар-жыттар, даам-татымдар азгырат. Жүрөктөрүн караңгылык басат. Аларды азгырык, кумардын арканы чырмайт. Дал ошол асманы менен көкүрөгү ачылып, Чоң Билим жөнүндө ойлонуп жатканда, Жолдун бардык баскычтарында тапкан байлыгынан кол жууйт.

Беш кожоюндун бир малай келини

Беш кожо кеңешип туруп, бир малай келин сатып алышат. Бирөөсү:

— Кийимдеримди жууй сал! – дейт.

Экинчи кожо:

— Менин кийимдеримди жуугун, — дейт. Малай кыз экинчисине:

— Мен алгач биринчи кожонукун жууйм, — дейт.

Экинчи кожо жиндене түшөт:

— Мен сени биринчи кожо менен кеңешип туруп сатып алгам. Анан эмнеге сен аныкын гана аткарышың керек? – дейт да, он жолу камчы менен далысына тартып-тартып алат. Калгандары да келинди камчы менен сабашат.

Беш курам (материалдык белгилер, туюу, кабыл алуу, өнөкөттөр же шык жана аң-сезим) менен да дал ошондой. Азгырыктардын, алабармандыктын себептери менен натыйжалары бардык жандыктарды төрөлүү, карылык, оорулар, өлүм жана чексиз азаптар аркылуу камчы менен сабап турат.

Мурунду алмаштыруу

Бир киши болот. Анын чырайлуу аялы болот. Бирок бир гана аялынын мурду жаман эле, башкача айтканда, түрүн бузуп турган. Бир жолу ал киши үйүнөн чыгып, сулуу аялды көрүп калат. Мурду да сонун экен. Ошондо: “Бул аялдын мурдун кесип алып, аялыма тагып койсом эмне болот,ыя? Куп жарашып калат болуш керек” деген ой келет.

Ошол замат бейтааныш аялдын мурдун кесип алып үйүнө келет да, аялын чакырат:

— Бол, келе кал, мен сага сонун мурун алып келдим, — дейт. Аркы бөлмөдөн келген аялынын мурдун дароо кесип жиберет да, жаңы мурунду тагайын десе, тагылбайт. Ошентип аялы өз мурдунан да айрылат. Ошентип келесоо аялын азапка салат.

Жалган дүйнөдөгү кемакылдар да ушундай: кайсыл бир шрамандар менен брахмандар илгери аябай атактуу болушканын, элдин баары таазим этишкенин, аларга ар кандай тартуу кылынып келгенин угушуп: “Мен шрамандар менен брахмандардан эмнем кем? Эч айырмам жок” деп ойлошот. Татыксыз болушса да, өздөрүн көкөлөтүшүп, телегейи тегиз кишидей түр көрсөтүшөт. Анысы менен элге жек көрүндү болушуп, өзүнүн жүрүм-турумун жаман жакка өзгөртүп алышат. Бул бейтааныштын мурдун кесип алып, өз аялына таккысы келгендей, ошентип кемакыл эч нерсеге жетпей, зыян гана келтирет.

Баласынын өлүмү

Бир жолу ата-бала бир иштер менен жолго чыгышат. Жолдон аларды тоногону каракчылар кол салат. Уулунун кулагында таза алтындан сырга бар болот. Каракчылардын кол салганы келатканын көргөн атасы уулу дал ошол сырганы алдырып коерун ойлоп жаман болот. Ал өз колу менен сырганы жулуп алганга аракеттенсе, сыргасы жулунбайт. Ошондо сырганы сактап калыш үчүн баласынын башын кыя чабат.

Чамынып келген каракчылар кыйылган башты көрүп, бат эле кетип калышат. Алар кеткенден кийин атасы уулунун башын ордуна коеюн деп мойнуна такса, тагылбай коет.

Кемакыл ушундай – бүт элге келеке болот. Жалган дүйнөнүн пенделери атак-даңк, пайда үчүн маңызсыз сөз менен алек болушат. Алар экинчи төрөлүүнүн бар экенин да, экинчи төрөлүүнүн жок экенин да; убактылуу жашоо бар экенин да, убактылуу жашоо жок экенин; аң-сезимдин чен-өлчөмү бар экенин, чен-өлчөмү жок экенин, болбогон сөздөр менен Мыйзамдын маңызына жетүү мүмкүн эместигин кеп кылышат.

Алар Мыйзамга ылайык сөз сүйлөп жатып, жанагындай сөздөрдү кеп кылып алып: “Мен антип айткан эмесмин” деп танып чыгышат.

Мындай кемакылдар атак-даңк менен пайда үчүн болбогон сөздөр менен шрамандар жолунун (чыныгы жолдогулардын) жемишин курутушат. Денеси карып, ичер суусу түгөнгөндө, карасанатайлыктын үч жолуна түшүшөт. Бул жанагыл кемакылдай, кичинекей буюм үчүн өз баласынын башын кыя чапкандай.

Тез чоңойткон чөп дары

Бир мамлекеттин өкүмдары кыздуу болот. Өкүмдар дарыгерди чакырып:

— Мага дары бер, аны ичкенде, кызым дароо чоңоюп кеткендей болсун, — дейт.

— Мен сага өзүм даярдаган чөп дары берейин, кызың дароо бойго жеткен сулуу болуп чыга келет, — дейт дарыгер. – Бирок азыр жанымда жок эле, түгөнүп калды. Мен чөп дарыны даяярдаганча, өкүмдар кызын көрбөшү керек. Кызга чөптү бергенден кийин гана таксыр өз кызын көрө алат. Ага чейин кыз менин үйүмдө болуп турсун.

Өкүмдар макул болуп, дарыгер дароо керектүү чөп издеп, алыскы өлкөлөргө жөнөйт. Жыйырма жылдан кийин дарыны жасап, кызга берип, кызын өкүмдарга жетелеп келет. Өкүмдар кызын көрүп кубанып, ичинен: “Бул балээ дарыгер турбайбы: дарысын бере салса эле, кызым минтип чоң кыз болуп олтурат” деп ойлонот. Баалуу буюм-тайымдар менен дарыгерди сыйлап жатып калышат.

Ошондо элдин баары кемчонтой өкүмдарга күлүшөт. Өкүмдардын түшүнбөстүгүн карагыла, канча ай, канча жыл өткөндүгүн эсептей албай, ишенип, дарынын күчү экен деп олтурганын кара.

Бу дүйнөнүн пенделери да ушундай: алар аксанатайлыктын туу чокусуна жеткен кишиге келишип: “Мен да Улуу Жолду басып өткүм келет, ага дароо жетүү үчүн Сиз мага Устат болуңуз” дешет. Аксанатайлыкка жеткен устат андай кишиге накыл айтып, “сүкүт чалып, он эки себеп менен натыйжаларды (себептүү байланыштын түрмөгү, ал жеке өмүрдүн түгөнбөгөн агымын жаратат) карап олтур” дейт. Изгилик, аксанатайлык акырындан чогулуп олтуруп, ал архатка (жогорку эркиндикке жеткен адам баласы) айланат. Ошондо киши сүйнгөнүнөн так секирип: “О, Устат, жыргаттың, кыска мөөнөттө ушундай натыйжага жетиштим” деп бактысы баш жарат.

Сыйрылган тери, кесилген эт

Бир киши өкүмдардын күнөөлөрүн айтып, күнөөлөп:

— Өкүмдар аябай таш боор, ал адилетсиз башкарат, — деп олтурган болот.

Бул сөз өкүмдарга да жетип, абдан ачуусу келет. Бирок бул сөздөрдү ким айтканын билбейт. Айтылган сөзгө ишенип, эң жакын вазирин кармап, “Жонунан жүз лян (3,5 кг) эт кесип алгыла!” деп буйрук берет. Көп өтпөй бул вазир мындай сөз айтпаганын тастыктаган киши да чыгат. Өкүмдар ичинен аябай жаман болуп, азап көргөн вазирине миң лян эт кайра тигип бергиле деген буйрук берет. Тиги байкуш түнү бою онтоп, кыйкырып, азап көрүп чыгат. Анын онтогонун уккан өкүмдар:

— Эмне азап чегип жатасың? Жүз лянды он эсе кайтартып бердим го. Же бул дагы жетишсизби? Айтчы, эмнеге нааразысың? – деп сурайт.

Анда калган вазирлери:

— Улуу урматтуу өкүмдар, эгерде Сиздин башыңызды кыйып туруп, анан кайра миң баш тагып беришсе да, ажалдан кутула алмак эмессиз. Бул байкуш деле ошондой: он эсе көп эт кайтарылса да, азап менен оорудан арылган жок, — дешет.

Кемакылдар да ушундай: алар келечектен коркушпайт. Улунуп-жулунуп азыркы жашоосунан ырахат алгылары келет, бардык жандыктарды азапка салышат, карапайым элди шылдыңдашат, өлбөчүдөй байлык топтошот, ошол эле учурда күнөөлөрдөн арылып, татыктуу бакытка жеткилери (кийинки төрөлүшүндө жогорку иреттеги жандыкка айлангылары) келет. Кудум жогорудагы өкүмдардай: тирүү кишинин терисин сыйрып, этин кестирип, анан кайра башка этти тиктирип, байкушту азапка салгандай.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *